Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Рух... Кудайдын терең сырларын да изилдейт»

«Рух... Кудайдын терең сырларын да изилдейт»

«Рух... Кудайдын терең сырларын да изилдейт»

«Рух баарын, атүгүл Кудайдын терең сырларын да изилдейт» (1 КОР. 2:10).

1. Пабыл 1 Корунттуктар 2:10до ыйык рухтун кайсы ролун баса белгилеген жана кандай суроолор туулат?

БИЗ Жахабанын ыйык рухунун иш-аракетине канчалык ыраазы болушубуз керек! Жазмада рухтун жардамчы, белек, күбөлөндүрүүчү экени жана биз үчүн арачылык кылары айтылат (Жкн. 14:16; Элч. 2:38; Рим. 8:16, 26, 27). Элчи Пабыл ыйык рухтун дагы башка маанилүү ролун баса белгилеп: «Рух баарын, атүгүл Кудайдын терең сырларын да изилдейт»,— деп айткан (1 Кор. 2:10). Ооба, Жахаба ыйык рухун терең рухий чындыктарды ачып берүү үчүн колдонот. Рухтун жардамы болбосо, биз Жахабанын ой-ниетин түшүнө алат белек? (Оку: 1 Корунттуктар 2:9—12). Бирок буга байланыштуу төмөнкүдөй суроолор туулат: рух кандайча «Кудайдын терең сырларын... изилдейт»? Б.з. 1-кылымында Жахаба ал сырларды ким аркылуу ачып берген? Рух Кудайдын терең сырларын азыркы учурда кантип жана ким аркылуу изилдейт?

2. Рух кайсы эки жол менен иш-аракет кылмак?

2 Иса рухтун эки жол менен иш-аракет кыларын көрсөткөн. Өлөр алдында ал элчилерине: «Кийин менин атыман Атам жибере турган жардамчы, ыйык рух, силерге баарын үйрөтүп, айткандарымдын бардыгын эсиңерге салат»,— деген (Жкн. 14:26). Демек, ыйык рух үйрөтүүчү жана эске салуучу болмок. Үйрөтүүчү катары ал Исанын жолдоочуларына түшүнбөгөн нерселерди түшүнүүгө жардам бермек. Ал эми эске салуучу катары ал ачылып берилген нерселерди эстөөгө жана иш жүзүндө туура колдонууга көмөк кылмак.

Биринчи кылымда

3. Исанын кайсы сөздөрү «Кудайдын терең сырларынын» бара-бара ачылып берилмектигин көрсөтүп турат?

3 Иса шакирттерин алар үчүн жаңы болгон көптөгөн чындыктарга окуткан. Бирок алар дагы көп нерсени билиши керек эле. Иса элчилерине мындай деген: «Силерге айта турган сөзүм көп, бирок азыр анын баарын түшүнө албайсыңар. Ал эми жардамчы — чындык руху — келгенде, чындыкты толук түшүнүшүңөр үчүн, ал силерди жетектейт» (Жкн. 16:12, 13). Ошентип, Иса ыйык рух аркылуу бара-бара терең рухий чындыктардын ачылып берилерин көрсөткөн.

4. Б.з. 33-жылынын Элүүнчү күн майрамында ыйык рух кандайча үйрөтүүчү жана эске салуучу катары кызмат кылган?

4 Б.з. 33-жылынын Элүүнчү күн майрамында «чындык руху» келип, Исанын Иерусалимде чогулган 120дай жолдоочусуна төгүлгөн. Ал жактагылар мунун далилин өз көзү менен көрүп, өз кулагы менен угушкан (Элч. 1:4, 5, 15; 2:1—4). Андан соң шакирттер «Кудайдын улуу иштери жөнүндө» ар башка тилдерде жар сала башташкан (Элч. 2:5—11). Ошондо дагы бир жаңы нерсенин ачылышына убакыт келип жеткен. Жоел бул тууралуу алдын ала пайгамбарлык кылган (Жоел 2:28—32). Ал окуяга күбө болгондор ошол пайгамбарлыктын өздөрү күтпөгөндөй жол менен аткарылганын көрүшкөн жана элчи Петир аны чечмелеп берген (Оку: Элчилер 2:14—18). Ошол учурда ыйык рух үйрөтүүчү катары кызмат кылып, Петирге шакирттер менен болгон окуя байыркы пайгамбарлыктын аткарылышы болгонун ачып берген. Андан сырткары, ал эске салуучу катары да кызмат кылган, себеби Петир Жоелдин сөздөрүн эле эмес, Дөөтүнүн эки забурун да цитата кылган (Заб. 15:8—11; 109:1; Элч. 2:25—28, 34, 35). Чынында, ошол жерге чогулган кишилердин уккан-көргөндөрү Кудайдын терең сырлары болгон.

5, 6. а) Элүүнчү күн майрамынан кийин жаңы келишимге байланыштуу кандай маанилүү суроолор көтөрүлгөн? б) Ал суроолорду ким талкууга алган жана чечим кантип чыгарылган?

5 Бирок Исанын биринчи кылымдагы жолдоочуларына дагы көп нерселер ачылып берилиши керек эле. Алсак, аларда Элүүнчү күн майрамында күчүнө кирген жаңы келишимге байланыштуу суроолор пайда болгон. Жаңы келишим жүйүттөргө жана алардын динин кабыл алгандарга эле тиешелүү болгонбу? «Башка улуттагы адамдар» да ал келишимге туруп, ыйык рух менен майлана алат беле? (Элч. 10:45). Башка улуттагы эркектердин сүннөткө отургузулушу жана Мусанын мыйзамына баш ийиши керек беле? (Элч. 15:1, 5). Жахабанын руху ушул маанилүү суроолорду, башкача айтканда, терең сырларды изилдеши керек болчу. Рух ким аркылуу иш-аракет кылмак?

6 Ал суроолордун ар бирин жооптуу эркек бир туугандар талкууга алышкан. Петир, Пабыл жана Барнаба жетектөөчү кеңештин ошол кеңешмесине катышып, Жахабанын сүннөткө отургузулбаган башка улуттагы адамдарга кандайча назарын бурганын айтып беришкен (Элч. 15:7—12). Жетектөөчү кеңеш муну Эврей Жазмаларындагы далилдердин негизинде жана ыйык рухтун жардамы менен карап чыккандан кийин чечим чыгарган. Анан алар ал чечимин кат аркылуу жыйналыштарга билдиришкен (Оку: Элчилер 15:25—30; 16:4, 5; Эф. 3:5, 6).

7. Терең чындыктар эмне аркылуу ачылып берилген?

7 Жакандын, Петирдин, Жакыптын жана Пабылдын рухтун жетеги менен жазылган каттары аркылуу да көптөгөн чындыктар ачылып берилген. Бирок Ыйык Жазма жазылып бүткөндөн кийин, пайгамбарлык кылуу, керемет жолу менен билимге ээ болуу сыяктуу жөндөмдүүлүктөр берилбей калган (1 Кор. 13:8). Рух дагы деле үйрөтүүчү жана эске салуучу катары кызмат кыла берет беле? Ал Исанын жолдоочуларына Кудайдын терең сырларын изилдөөгө жардам бере берет беле? Пайгамбарлыктар ошондой болорун көрсөтүп турган.

Акыркы мезгилде

8, 9. Акыркы мезгилде кимдер рухий түшүнүккө ээ болуп, «жаркырашмак»?

8 Бир периште акыркы мезгил жөнүндө алдын ала мындай деген: «Акылдуулар [«түшүнүккө ээ болгондор», «ЖД»] асман чырактарындай жаркырашат, көп адамдарды чындыкка бургандар кылымдан кылымга, түбөлүккө жылдыздай жаркырашат... Билим көбөйөт» (Дан. 12:3, 4). Кимдер түшүнүккө ээ болуп, жаркырашмак? Иса буудай жана отоо чөптөр жөнүндөгү мисалында мунун маанисин чечмелеп берген. «Дүйнө түзүлүшүнүн аяк чени» тууралуу айтып, ал: «Ошол убакта адил адамдар асмандагы Атасынын падышалыгында күн сыяктуу жаркырашат»,— деген (Мт. 13:39, 43). Ал «адил адамдарды» «падышалыктын уулдары» деп атаган; алар Исанын майланган жолдоочуларын билдирет (Мт. 13:38).

9 Исанын майланган жолдоочуларынын баары «жаркырашат» беле? Ооба, кандайдыр бир мааниде жаркырашмак, анткени алардын баары кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине катышып, жыйналыштарда бири-бирин бекемдешмек. Ошентип, алар Исанын башка жолдоочуларына үлгү көрсөтүшмөк (Зах. 8:23). Бирок терең сырлар акыркы мезгилде гана ачылмак. Даниелдин ошол пайгамбарлыгы да акыркы мезгил келгенге чейин ачылмак эмес, анткени ага «мөөр басылган» болчу (Дан. 12:9). Рух ушул терең сырларды кантип жана ким аркылуу изилдемек?

10. а) Рух акыркы күндөрдө терең чындыктарды ким аркылуу ачып берүүдө? б) Жахабанын улуу рухий ибадатканасына байланышкан чындык кандайча ачылганын түшүндүргүлө.

10 Биздин күндөрдө рухий чындыктардын ачылышына убакыт келип жеткенде, ыйык рух «ишенимдүү жана акылдуу кулдун» башкы башкармалыктагы жооптуу өкүлдөрүнө мурда айкын болбогон терең чындыктарды түшүнүүгө жардам берет (Мт. 24:45; 1 Кор. 2:13). Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрүнүн баары айрым түшүнүктөрдү өзгөртүү керекпи, жокпу, карап чыгышат (Элч. 15:6). Анан чечим чыгаргандан кийин аны, баары пайда алышы үчүн, адабияттарга чыгарышат (Мт. 10:27). Убакыттын өтүшү менен ал түшүнүктөрдү дагы айкыныраак ачып берүү талап кылынышы мүмкүн. Андай түшүнүктөр да чынчылдык менен түшүндүрүлүп берилет. («Рухий ибадаткананын маанисин рух кандайча ачып берген?» деген кутучаны карагыла.)

Рухтун бүгүнкү күндөгү ролунан пайда алуу

11. Ыйык рухтун Кудайдын терең сырларын ачып берүүдөгү ролунан кандайча Исанын жолдоочуларынын баары пайда алып жатышат?

11 Ыйык рухтун Кудайдын терең сырларын ачып берүүдөгү аткарган ролунан Исанын ишенимдүү жолдоочуларынын баары пайда алышат. Исанын биринчи кылымдагы жолдоочуларындай болуп, биз кайсы бир маалыматты изилдеп, ыйык рухтун жардамы менен түшүнөбүз, кийин эстейбиз жана иш жүзүндө колдонобуз (Лк. 12:11, 12). Адабияттарга басылып чыгып жаткан терең чындыктарды түшүнүү үчүн өзгөчө бир билимге ээ болуу талап кылынбайт (Элч. 4:13). Анда канткенде Кудайдын терең сырларын дагы тереңирээк түшүнө алабыз? Буга байланыштуу бир нече кеңешти карап чыгалы.

12. Качан ыйык рух сурап тиленишибиз керек?

12 Ыйык рух сурап тилен. Жазмага негизделген материалды карап чыгарда биз алгач тиленип, ыйык рухтун жетекчилигин сурашыбыз керек. Жалгыз болгондо же окуп-изилдөөгө аз эле убакыт бөлгөнүбүздө да ошенткенибиз маанилүү. Момундук менен айтылган мындай өтүнүчтөр асмандагы Атабыздын жүрөгүн жылытары шексиз. Иса айткандай, чын жүрөктөн сурасак, Жахаба ыйык рухун берешендик менен берет (Лк. 11:13).

13, 14. Кудайдын терең сырларын түшүнүүдө жолугушууларга даярдануу кандай роль ойнойт?

13 Жыйналыштарга даярдан. Ишенимдүү кул бизге рухий тамакты өз убагында белендеп берүүдө. Жазмага негизделген материалдарды даярдап, изилдөөнүн жана жолугушуулардын программасын түзүү менен ал өзүнө тапшырылган ишти аткарууда. Ишенимдүү кул олуттуу себептерден улам «бир туугандардын баарын» белгилүү бир маалыматты карап чыгууга чакырат (1 Пет. 2:17; Кол. 4:16; Жүй. 3). Берилген кеңештерге колдон келишинче тыгыз карманганыбызда ыйык рух менен кызматташкан болобуз (Аян 2:29).

14 Жыйналыш жолугушууларына даярданып жатканда Жазмадан келтирилген аяттарды ачып, алардын ар биринин каралып жаткан тема менен кандай байланышы бар экенин баамдоого аракет кылганыбыз оң. Ошондо Ыйык Китепти барган сайын тереңирээк түшүнө беребиз (Элч. 17:11, 12). Аяттарды ачып окуганыбызда алар эсибизде сакталып калат да, кийин ыйык рух аларды эстөөгө жардам берет. Андан тышкары, аятты Ыйык Китеп бетинен окуганыбызда анын жайгашкан жерин эстеп калып, керек болгондо, издеп таба алабыз.

15. Эмне үчүн адабияттардан артта калбашыбыз керек жана муну сен кантип кыла аласың?

15 Адабияттардан артта калба. Айрым адабияттар жолугушууларыбызда талкууланбаса да, алардын баары биздин пайдабыз үчүн даярдалат. Атүгүл журналдардын жалпыга арналган сандары да биздин муктаждыктарыбыз эске алынып беленделет. Бул татаал дүйнөдө бизге көп учурда кимдир бирөөнү же бир нерсени күтүүгө туура келет. Эгер жаныбызга окуй элек же жарым-жартылай окуган адабияттарды ала жүрсөк, ошондой жагдайларда аларды окууга мүмкүнчүлүгүбүз болушу ыктымал. Айрымдар адабияттардан артта калбаш үчүн жөө жүргөндө же унаада баратканда алардын аудио жаздырууларын угушат. Жалпы окурмандарга арналса да, кылдат изилденип даярдалган ал адабияттар баарыбыздын рухий чындыктарга болгон ыраазычылыгыбызды жана түшүнүгүбүздү тереңдетет (Хаб. 2:2).

16. Пайда болгон суроолорду белгилеп, аларга жооп издөө эмнеси менен пайдалуу?

16 Ой жүгүрт. Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды окуп жатканда терең ой жүгүртүүгө убакыт бөл. Ойдун өрчүшүнө кылдат көңүл бурсаң, суроолор пайда болушу мүмкүн. Ошол суроолорду белгилеп алып, кийинчерээк тереңирээк изилдеп чыксаң болот. Кайсы бир нерсе бизди өзгөчө кызыктырса, адатта, ал жөнүндө казып изилдейбиз. Ошонун аркасында алган билимибиз рухий казынабызга түшөт да, зарыл болгондо, ал кенчти колдоно алабыз (Мт. 13:52).

17. Силер үй-бүлөлүк же өздүк изилдөөнүн кандай программасына карманасыңар?

17 Үй-бүлөлүк сыйынууга убакыт бөл. Жетектөөчү Кеңеш баарыбызды өздүк же үй-бүлөлүк изилдөөгө жума сайын бир кечти же башка убакытты бөлүүгө үндөп келет. Жолугушууларга байланыштуу өзгөрүүлөр бул кеңешке карманууга жакшы мүмкүнчүлүк берди. Силер үй-бүлөлүк сыйынуу кечинде эмнелерди изилдейсиңер? Айрымдар Ыйык Китепти окуп, суроо туудурган аяттарды изилдешет жана өздөрүнүн Ыйык Китебине алардын кыскача түшүндүрмөсүн жазып алышат. Көптөгөн үй-бүлөлөр болсо берилген материалды үй-бүлөдө кантип колдонсо болорун талкуулоого убакыт бөлүшөт. Ал эми кээ бир үй-бүлө башчылары үй-бүлөсү үчүн зарыл деп эсептеген же үйүндөгүлөр талкуулоону сунуш кылган суроого же темага байланышкан материалды тандашат. Убакыттын өтүшү менен дагы башка темаларды карап чыгууну туура көрөрүңөр шексиз *.

18. Эмне үчүн Кудайдын Сөзүндөгү терең чындыктарды изилдөөдөн качпашыбыз керек?

18 Иса ыйык рухтун жардамчы катары кызмат кыларын айткан. Ошондуктан Кудайдын Сөзүндөгү терең чындыктарды изилдөөдөн качпашыбыз керек. Андай чындыктар Кудай жөнүндөгү асыл билимдин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет; биз аларды изилдөөгө чакырылабыз (Оку: Накыл сөздөр 2:1—5). Алар «Кудай Өзүн сүйгөндөр үчүн эмнелерди даярдап койгону» жөнүндө көп нерсе ачып берет. Ырас, Жахабанын Сөзүн тереңирээк билүүгө аракет кыла берсек, ыйык рух бизге сөзсүз жардам берет, «анткени рух баарын, атүгүл Кудайдын терең сырларын да изилдейт» (1 Кор. 2:9, 10).

[Шилтемелер]

^ 17-абз. 2008-жылдын октябрь айындагы «Падышалык кызматыбыздын» 8-бетин карагыла.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Рух бизге «Кудайдын терең сырларын» изилдөөгө кайсы эки жол менен жардам берет?

• Ыйык рух биринчи кылымда терең чындыктарды ким аркылуу ачып берген?

• Ыйык рух биздин күндөрдө чындыктарды кандайча ачып берет?

• Ыйык рухтун ролунан канткенде пайда ала аласың?

[Изилдөө суроолору]

[22-беттеги кутуча]

Рухий ибадаткананын маанисин рух кандайча ачып берген?

Биринчи кылымда «Кудайдын терең сырларынын» дагы бири, жыйын чатырдын жана ибадатканалардын зор рухий түзүлүштүн прообразы болгону, ачылып берилген. Пабыл ал түзүлүштү «адам баласы эмес, Жахаба тургузган чыныгы чатыр» деп атаган (Эвр. 8:2). Ал улуу рухий ибадаткана — Иса Машаяктын курмандыгынын жана дин кызматчылыгынын негизинде Кудайга жакындоого жол ачкан чара.

«Чыныгы чатыр» б.з. 29-жылы Иса чөмүлтүлгөндө жана Жахаба аны жеткилең курмандык катары кабыл алганда пайда болгон (Эвр. 10:5—10). Тирилтилгенден кийин Иса рухий ибадаткананын Ыйыктын ыйыгына кирип, курмандыгынын баасын Кудайга тапшырган (Эвр. 9:11, 12, 24).

Элчи Пабыл башка катында Исанын майланган жолдоочуларын «Жахабанын ыйык ибадатканасы болуу үчүн бийиктеп бараткандар» катары сүрөттөгөн (Эф. 2:20—22). Ал «ыйык ибадаткана» менен кийинчерээк эврейлерге жазылган каттагы «чыныгы чатыр» бир эле нерсени билдиреби? Ондогон жылдар бою Жахабанын кызматчылары ошентип ойлоп келишкен. Аларга Исанын майланган жолдоочуларынын жерде Жахабанын асмандагы ибадатканасынын «таштары» болууга даярдалып жаткандай сезилген (1 Пет. 2:5).

Бирок 1971-жылы кул тобунун жооптуу мүчөлөрү Пабылдын Эфестиктерге жазган катындагы ибадаткананын Жахабанын улуу ибадатканасы эмес экенин түшүнө башташкан. Эгер «чыныгы чатырды» Исанын тирилтилген майланган жолдоочулары түзө турган болсо, ал чатыр «Мырзабыздын катышуусунун» убагында башталган майлангандардын тирилтилүүсүнөн кийин гана пайда болмок (1 Тес. 4:15—17). Бирок Пабыл жыйын чатыры жөнүндө айтып жатып: «Бул чатыр белгиленген убак үчүн — азыркы убак үчүн — мисал болуп саналат»,— деп жазган (Эвр. 9:9).

Ушул жана башка аяттарды кылдат салыштыруунун аркасында рухий ибадаткананын курулбай турганы жана Исанын майланган жолдоочуларынын ал ибадаткананын жерде даярдалып жаткан «таштары» эмес экени айкын болгон. Чынында, Исанын майланган жолдоочулары рухий ибадаткананын ички короосунда жана Ыйык жайында кызмат кылып, күн сайын «Кудайга мактоо курмандыгын» алып келишүүдө (Эвр. 13:15).

[23-беттеги сүрөт]

Канткенде «Кудайдын терең сырларын» тереңирээк түшүнө алабыз?