Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Улуу оруп-жыюу ишине толук кандуу катыш

Улуу оруп-жыюу ишине толук кандуу катыш

Улуу оруп-жыюу ишине толук кандуу катыш

«Теңирдин ишин аткарууда дайыма көп эмгектенгиле» (1 КОР. 15:58).

1. Иса шакирттерин эмне кылууга чакырган?

БИЗДИН ЗАМАНДЫН 30-жылы аяктап калган. Иса Самария чөлкөмүндө жүрүп, Сихар шаарчасынан анча алыс эмес жердеги кудуктун жанына эс алып отуруп калат. Ошондо шакирттерине: «Башыңарды көтөрүп, талаага көз чаптыргылачы; эгин орууга даяр болуп, бышып калды»,— деп айтат (Жкн. 4:35). Ал кадимки оруп-жыюу жөнүндө эмес, анын жолдоочусу боло турган жүрөгү таза адамдарды рухий мааниде оруп-жыюу жөнүндө сөз кылган. Чынында, ошол сөздөрү менен Иса шакирттерин оруп-жыюу ишине катышууга чакырган. Анткени алдыда аябай көп иш аткарылышы керек эле жана аны бүтүрүүгө убакыт аз болчу!

2, 3. а) Оруп-жыюу маалында жашап жатканыбыз эмнеден көрүнүп турат? б) Бул макалада эмнелер каралат?

2 Исанын оруп-жыюу жөнүндө айткандары биздин күндөрдө өзгөчө мааниге ээ. Анткени биз адамзат талаасы «орууга даяр болуп, бышып калган» маалда жашап жатабыз. Жыл сайын миллиондогондор өмүргө ээ кыла турган чындыктарды кабыл алууда, миң-миңдеген жаңы шакирттер чөмүлтүлүүдө. Ооба, биз оруп-жыюунун Кожоюну Жахаба Кудайдын көзөмөлү астында жүргүзүлүп жаткан тарыхтагы эң улуу оруп-жыюу ишине катышуу сыймыгына ээбиз. Сен бул иште «көп эмгектенип» жатасыңбы? (1 Кор. 15:58).

3 Жерде үч жарым жыл кызмат кылган учурда Иса шакирттерин орокчу болууга даярдаган. Бул макалада Исанын өзүнүн шакирттерине үйрөткөн маанилүү сабактарынын үчөө каралат. Ар бир сабакта биз үчүн абдан маанилүү болгон бирден сапат баса белгиленет. Ал сапаттар бизге бүгүнкү күндө жүргүзүлүп жаткан рухий оруп-жыюу ишинде бүт күч-аракетибизди жумшоого жардам берет. Келгиле, аларды өз-өзүнчө карап чыгалы.

Момундуктун маанилүүлүгү

4. Иса момундуктун маанилүүлүгүн кантип көрсөткөн?

4 Көз алдыңарга төмөнкү окуянын элесин тартсаңар: шакирттер кимиси чоң экени жөнүндө жаңы эле талашып бүтүштү. Бири-биринен шек санап, бирин бири жактырбаганы алардын жүзүнө чыгып турду. Ошо себептен Иса бир кичинекей баланы чакырып, алардын ортосуна тургузат. Анан шакирттеринин көңүлүн ага буруп: «Ким өзүн ушул кичинекей баладай төмөн койсо, ал асман падышалыгында чоң болот»,— деп айтат (Оку: Матай 18:1—4). Шакирттер адамга бийлигине, байлыгына жана ээлеген абалына жараша баа берген дүйнөнүн ой жүгүртүүсүн чагылдырбай, алардын улуктугу башкалардын көз алдында өзүн «төмөн коюудан» көз каранды экенин түшүнүшү керек болчу. Алар чындап момун болгондо гана, Жахаба батасын бермек жана аларды колдонмок.

5, 6. Оруп-жыюу ишине толук катышуу үчүн эмне себептен момун болуу керек? Түшүндүргүлө.

5 Бүгүнкү күндө көптөр бийликке, байлыкка жана көрүнүктүү абалга умтулуп, бүт өмүрүн ошого арнашат. Жыйынтыгында алардын рухий нерселерге убактысы деле калбай калат (Мт. 13:22). Алардан айырмаланып, Жахабанын кызматчылары оруп-жыюунун Кожоюнунун батасына жана ырайымына ээ болуу үчүн өздөрүн башкалардан «төмөн коюудан» кубаныч табышат (Мт. 6:24; 2 Кор. 11:7; Флп. 3:8).

6 Түштүк Америкада аксакал болуп кызмат кылган Францисконун мисалына токтололу. Жаш кезинде ал пионер болуу үчүн университеттеги окуусун таштаган. «Кийин болочок жубайым менен убадалашканда,— деп эскерет ал,— менде келинчегим экөөбүзгө бардар жашоого кепилдик берген жумушта иштөөгө мүмкүнчүлүк болгон. Бирок биз жашообузду жөнөкөйлөтүп, чогуу толук убакыттуу кызматты уланта берүүнү чечтик. Кийинчерээк бала-чакалуу болуп, түйшүгүбүз көбөйдү. Анткен менен Жахаба чечимибизге бек турууга жардам берди». Франциско сөзүн мындай деп корутундулайт: «Мен 30 жылдан ашуун убакыттан бери аксакал болуп кызмат кылуу сыймыгына жана башка өзгөчө жоопкерчиликтерге ээ болуп келем. Биз жөнөкөй жашоо өткөрүп келгенибизге кымындай да өкүнбөйбүз».

7. Римдиктер 12:16дагы кеңешти колдонуу үчүн кандай аракет кылып келесиң?

7 Эгер бул дүйнөдө «жогору» деп эсептелген нерселерди четке кагып, «момундукка умтулсаң», сен да оруп-жыюу ишинде көптөгөн баталарга жана сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ боло аласың (Рим. 12:16; Мт. 4:19, 20; Лк. 18:28—30).

Мээнеткечтиктин үзүрү

8, 9. а) Исанын таланттар жөнүндөгү мисалын кыскача айтып бергиле. б) Ал мисал өзгөчө кимдер үчүн бекемдээрлик?

8 Оруп-жыюу ишине толук катышуу үчүн зарыл болгон дагы бир сапат — мээнеткечтик. Иса муну таланттар жөнүндөгү мисалында түшүндүргөн *. Мисалда башка өлкөгө кетерде акча-каражатын үч кулуна тапшырып кеткен киши тууралуу айтылат. Биринчи кулга — беш, экинчисине — эки, үчүнчүсүнө бир талант берилет. Кожоюну кеткенден кийин, биринчи эки кул мээнеткечтик менен таланттарын дароо «айландыра» баштайт. Ал эми үчүнчү кул «жалкоо» болгондуктан, талантын жерге көмүп коёт. Кайтып келгенден кийин кожоюну биринчи эки кулга сыйлык катары «чоң нерсени ишенип тапшырат». Ал эми үчүнчү кулдан берген талантын кайтарып алып, үйүнөн кууп жиберет (Мт. 25:14—30).

9 Сенин, Исанын мисалындагы мээнеткеч кулдарды туурап, шакирт даярдоо ишине мүмкүн болушунча толук катышууну каалаарың шексиз. Бирок жагдай-шартың мүмкүнчүлүктөрүңдү чектеп жатсачы? Балким, экономикалык оор абалдан улам үй-бүлөңө кам көрүү үчүн көп иштөөгө мажбур болуп жаткандырсың. Же жаш кездегидей ден соолугуң чың, күүлүү-күчтүү болбой калгандырсың. Эгер ошондой болсо, Исанын таланттар жөнүндөгү мисалында сен үчүн бекемдээрлик ойлор камтылган.

10. Мисалдагы кожоюн кантип эстүүлүк көрсөткөн жана бул сен үчүн эмне себептен бекемдээрлик?

10 Мисалдагы кожоюндун ар бир кулунун мүмкүнчүлүктөрү ар кандай экенин эске алганына көңүл бурсаң. Бул анын таланттарды «ар биринин жөндөмдүүлүгүнө жараша» бергенинен көрүнүп турат (Мт. 25:15). Кожоюн күткөндөй эле, биринчи кул экинчисине караганда көбүрөөк киреше алып келген. Бирок кожоюн ал эки кулдун тең аракетин баалап, аларды «ишенимдүү, жакшы кул» деп атаган жана экөөнө бирдей сыйлык берген (Мт. 25:21, 23). Ошо сыңары, оруп-жыюунун Кожоюну Жахаба Кудай канча кызмат кыла аларың жагдай-шартыңдан көз каранды экенин билет. Ал сенин ага кызмат кылууда жан-дилден жумшаган аракеттериңди көз жаздымында калтырбайт жана ошого жараша сыйлыгын берет (Мр. 14:3—9; оку: Лука 21:1—4).

11. Оор жагдай-шарттарда да мээнеткеч болуу кандайча мол батага ээ кыларын мисал менен бышыктагыла.

11 Бразилияда жашаган Селмира деген ишенимдешибиздин мисалы Кудайга кызмат кылууда мээнеткеч болуу жашоодо жагдай-шарттын жакшы болушунан көз каранды эмес экенин көрсөтүп турат. Жыйырма жыл мурун күйөөсү талап-тоноочулардын огунан каза тапкандыктан, Селмира үч баласы менен жалгыз калган. Ал үй жыйнап иштечү; жумушу көп убактысын алгандан тышкары, ага жумушуна барып-келүү үчүн элге жык толгон шаардык унаа менен шайды оодарган жолду басып өтүүгө туура келчү. Бирок бул кыйынчылыктарга карабай ал өзүнүн иштерин жалпы пионер болуп кызмат кыла алгыдай кылып уюштурган. Кийинчерээк үч баласынын экөө да аны менен кошо пионер болуп кызмат кыла баштаган. Ал мындай деп ой бөлүшөт: «Ошол жылдары 20дан ашык киши менен Ыйык Китепти изилдегем. Алар менин „үй-бүлөмдүн“ мүчөсү болуп калышты. Бүгүнкү күндө алардын сүйүүсү, достугу мени кубанычка бөлөйт. Бул — акчага сатып алууга мүмкүн болбогон кенч». Ооба, оруп-жыюунун Кожоюну Селмиранын мээнеткечтигине батасын мол берген!

12. Кабар айтуу ишинде кантип мээнеткеч боло алабыз?

12 Эгер азыркы жагдай-шартыңдан улам кызматка көп катыша албай жатсаң, кызматыңды жемиштүүрөөк аткарууга аракет кылуу менен оруп-жыюу ишине көбүрөөк салым кошо аласың. Кызмат жолугушуусундагы жума сайын берилген сунуштоолорду кылдат колдонсоң, кабар айтуу ишинде такшаласың жана күбөлөндүрүүнүн жаңы ыкмаларын татып көрөсүң (2 Тим. 2:15). Жыйналыштын кабар айтуу чараларына үзгүлтүксүз катышуу үчүн, мүмкүн, графигиңди кайра карап чыгаттырсың же анча маанилүү эмес иштерден баш тартаттырсың (Кол. 4:5).

13. Мээнеткеч болууга эмне жардам берет?

13 Мээнеткеч болууга Кудайга болгон сүйүү жана ыраазычылык сезими түрткү берерин унутпа (Заб. 39:9). Исанын мисалындагы үчүнчү кул өзүнүн кожоюнун талапты катуу койгон, катаал киши катары көрүп, андан корккон. Ошондуктан ал талантын кожоюнунун акча-каражатын көбөйтүүгө пайдалангандын ордуна, көмүп салган. Бизге тапшырылган ишке салкын мамиле кылып калбашыбыз үчүн оруп-жыюунун Кожоюну Жахаба менен ынак мамиле өрчүтүшүбүз жана аны сакташыбыз керек. Андыктан анын сүйүү, чыдамдуулук жана ырайымдуулук сыяктуу сонун сапаттарын изилдөөгө, алар жөнүндө ой жүгүртүүгө убакыт бөл. Ошентсең, жүрөгүң ага кызмат кылууда колуңдан келгендин баарын кылууга түрткү берет (Лк. 6:45; Флп. 1:9—11).

«Ыйык болгула»

14. Оруп-жыюу ишине катышууну каалагандар кайсы маанилүү талапка жооп бериши керек?

14 Элчи Петир Эврей Жазмаларынан цитата кылып, Кудайдын өзүнүн жердеги кызматчыларынан эмнени талап кыларын көрсөткөн. Ал мындай деген: «Силерди чакырган Кудай ыйык болгондой эле, силер да бардык жагынан ыйык болгула. Себеби Ыйык Жазмада: „Ыйык болгула, анткени мен ыйыкмын“,— деп жазылган» (1 Пет. 1:15, 16; Леб. 19:2; Мыйз. 18:13). Бул сөздөр оруп-жыюу ишине катышкандардын адеп-ахлактык жана рухий жактан таза болушу керектигин баса белгилеп турат. Бул маанилүү талапка жооп берүү үчүн биз каймана мааниде жуулуп-тазаланышыбыз керек. Кантип? Кудайдын чындык сөзүнүн жардамы менен.

15. Кудайдын чындык сөзү кандай күчкө ээ?

15 Кудайдын чындык сөзү тазалоочу касиетке ээ сууга салыштырылат. Мисалы, элчи Пабыл Исанын майланган жолдоочуларынын жыйналышын Кудайдын көз алдында таза экенин жана анын Машаяк үчүн даярдалган таза колукту катары «ыйык жана кемтиксиз болушу» үчүн «сөз аркылуу суу менен» жуулуп-тазаланганын айткан (Эф. 5:25—27). Ага чейин Иса да өзү жарыялаган Кудай сөзүнүн тазалоочу касиети жөнүндө сөз кылган. Ал шакирттерине: «Силер мен айткан сөз аркылуу тазаландыңар»,— деген (Жкн. 15:3). Демек, Кудайдын чындык сөзү адеп-ахлактык жана рухий жактан тазалай турган күчкө ээ. Кудайдын чындык сөзүнүн бизди ушул жактардан тазалашына жол бергенибизде гана сыйынуубуз ага жагат.

16. Канткенде өзүбүздү рухий жана адеп-ахлактык жактан таза сактай алабыз?

16 Ошондуктан оруп-жыюу ишине катыша алышыбыз үчүн, эң алды, адеп-ахлактык жана рухий жактан ыпылас иштердин баарынан тазаланышыбыз керек. Андан сырткары, оруп-жыюу ишине катышуу сыймыгынан ажырабашыбыз үчүн Жахабанын адеп-ахлактыкка, рухийликке байланыштуу бийик нормаларына карманууда үлгүлүү болушубуз зарыл (Оку: 1 Петир 1:14—16). Тулку-боюбуздун тазалыгына дайыма көңүл бурганыбыздай эле, Кудайдын тазалай турган касиетке ээ чындык сөзүнүн бизге дайыма таасир этишине жол беришибиз керек. Бул Ыйык Китепти окууну, жыйналыш жолугушууларына катышууну жана Кудайдын эскертүүлөрүнө кулак кагууга чын жүрөктөн умтулууну билдирет. Ошентсек, күнөө кылууга болгон жакындыгыбыз менен ийгиликтүү күрөшүп, дүйнөнүн жугуштуу таасирине каршы тура алабыз (Заб. 118:9; Жкп. 1:21—25). Кудайдын чындык сөзүнүн жардамы менен атүгүл олуттуу күнөөлөрүбүздөн да тазалана аларыбызды билүү кандай гана жубатарлык! (1 Кор. 6:9—11).

17. Таза бойдон калуу үчүн ыйык китептик кайсы кеңештерге кулак кагышыбыз керек?

17 Кудайдын тазалоочу касиетке ээ чындык сөзүнүн жашооңо таасир этишине жол берип жатасыңбы? Мисалы, бул дүйнөнүн адамды буза турган көңүл ачуулары канчалык кооптуу экенине байланыштуу эскертүүлөргө кандай жооп кайтарасың? (Заб. 100:3). Сен ишенген нерселерге ишенбеген классташтарың же чогуу иштешкендериң менен жакын мамилелешүүдөн качасыңбы? (1 Кор. 15:33). Жахабанын көз алдында сени таза эмес кыла турган алсыздыктарыңды жеңүү үчүн чын ыкластан аракет кылып жатасыңбы? (Кол. 3:5). Бул дүйнөнүн саясий талашып-тартышууларынан жана көптөгөн спорттук мелдештерде чагылдырылган улутчулдук рухунан оолак болуп жатасыңбы? (Жкп. 4:4).

18. Адеп-ахлактык жана рухий жактан таза болуу кандайча бизге оруп-жыюуда жемиштүү болууга жардам берет?

18 Ушул маселелерде ишенимдүүлүк, тил алчаактык көрсөткөнүңдүн натыйжасы жакшы болот. Иса майланган жолдоочуларын жүзүм сабагынын бутагына салыштырып: «Мендеги жемиш бербеген ар бир бутакты [Атам] кыйып салат, ал эми жемиш бергенин, дагы көбүрөөк жемиш бериши үчүн, тазалап, бутайт»,— деген (Жкн. 15:2). Ыйык Китептеги чындык суусунун сени тазалашына жол берүү менен дагы көбүрөөк жемиш бересиң.

Учурдагы жана келечектеги баталар

19. Исанын шакирттери оруп-жыюу ишинде кылган аракеттери үчүн кандай баталарга ээ болушкан?

19 Исанын сөздөрүн көңүлүнө бек түйгөн ишенимдүү шакирттер кийинчерээк б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында «жердин учу-кыйырына чейин» күбөлөндүрүү үчүн ыйык рух алышкан (Элч. 1:8). Алар жетектөөчү кеңештин мүчөлөрү, миссионерлер, кыдыруу ишин жүргүзгөн аксакалдар катары кызмат кылып, «асман астындагы бардык жаратылгандарга» жакшы кабар айтууда маанилүү роль ойношкон (Кол. 1:23). Алар кандай сонун баталарды алышкан жана башкаларга канча кубаныч тартуулашкан!

20. а) Рухий оруп-жыюу ишине толук катышуудан кандай баталарды алып жатасың? б) Эмне кылууга чечкиндүүсүң?

20 Ооба, момун, мээнеткеч болуу жана Кудай Сөзүндөгү бийик нормаларга кармануу менен биз кызуу жүрүп жаткан улуу оруп-жыюу ишине мындан ары да толук кандуу жана натыйжалуу катыша алабыз. Бул дүйнөдөгү көп адамдар байлыкка жана ырахатка умтулуп жашагандыктан жан дүйнөсү кыйналып, көңүл кайттыкка учурап жатышса, биз чыныгы кубаныч жана канааттануу алып жатабыз (Заб. 125:6). Андан да маанилүүсү, «Теңирдин алдында эмгегибиз» текке кетпейт (1 Кор. 15:58). Оруп-жыюунун Кожоюну Жахаба Кудай «анын ысмына көрсөткөн сүйүүбүз» жана «эмгегибиз» үчүн бизге түбөлүккө батасын төгө берет (Эвр. 6:10—12).

[Шилтеме]

^ 8-абз. Таланттар жөнүндөгү мисалда негизинен Исанын өзүнүн майланган жолдоочуларына кандай мамиле кылары көрсөтүлсө да, андагы принциптер Исанын жолдоочуларынын баарына тиешелүү.

Эсиңердеби?

• Оруп-жыюу ишине толук катышуу үчүн момундук көрсөтүү эмне үчүн маанилүү?

• Канткенде оруп-жыюу ишинде мээнеткеч боло аласың?

• Оруп-жыюу ишине толук катыша берүү үчүн адеп-ахлактык жана рухий тазалыкты сактоо эмне себептен маанилүү?

[Изилдөө суроолору]

[17-беттеги сүрөт]

Момундук Падышалыкты биринчи орунга коюуга, жөнөкөй жашоо өткөрүүгө жардам берет