Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Үйрөткөнүңдү тырышчаактык менен уланта бер»

«Үйрөткөнүңдү тырышчаактык менен уланта бер»

«Үйрөткөнүңдү тырышчаактык менен уланта бер»

«МЕНИ „Устат“, „Мырза“ дейсиңер. Мунуңар туура, анткени, чынында эле, ошолмун» (Жкн. 13:13). Иса ушул сөздөр менен, чынында эле, окутуучу экенин баса белгилеген. Ал асманга көтөрүлүп кетерде жолдоочуларына: «Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла. Аларды... силерге буйруганымдын баарын аткарууга үйрөткүлө»,— деген буйрук берген (Мт. 28:19, 20). Кийинчерээк элчи Пабыл да башкаларды Кудай Сөзүнө окутуу канчалык маанилүү экенин баса белгилеген. Ал Тиметейге: «Эл алдында окуганыңды, насаат айтканыңды, үйрөткөнүңдү тырышчаактык менен уланта бер... Ушулар тууралуу ой жүгүрт; ийгиликтериң баарына айкын болушу үчүн, өзүңдү ушуларга арна»,— деген кеңеш берген (1 Тим. 4:13—15).

Бүгүн, 1-кылымдагыдай эле, окутуу кызматыбыздын жана жыйналыш жолугушууларынын маанилүү бөлүгүн ээлейт. Үйрөткөнүбүздү тырышчаактык менен улантуу үчүн эмне кылышыбыз керек жана бул бизге Кудай Сөзүн жарыялоодо ийгиликке жетүүгө кандайча жардам берет?

Улуу Окутуучуну туура

Иса эң мыкты окутуучу болгон. Анын сөздөрү Назареттеги синагогада чогулгандарга кандай таасир эткенине көңүл бурсаң. Ал окуя тууралуу Лука: «Ал жердегилердин баары аны өз ара мактап, жагымдуу сөздөрүнө таң калып жатышты»,— деп жазган (Лк. 4:22). Исанын шакирттери кабар айтууда аны туурашчу. Ошол себептүү элчи Пабыл ишенимдештерине: «Мен Машаяктан үлгү алгандай, силер да менден үлгү алгыла»,— деп айта алган (1 Кор. 11:1). Пабыл кызматта Исаны туурагандыктан «эл алдында жана үймө-үй кыдырып окутууда» чоң ийгиликтерге жеткен (Элч. 20:20).

«Базар аянтында» окутуу

Пабылдын эл алдында окутууга жөндөмдүү болгону Элчилер китебинин 17-бөлүмүндө эң сонун баяндалат. Ал бөлүмдөн Пабылдын Грециядагы Афин шаарына барганын окуйбуз. Пабыл шаардын көчөлөрү да, эл көп жерлер да буркандарга жык толгонун көргөн. Андыктан анын кыжырданганы таң калыштуу эмес. Бирок ал сезимге алдырбай, «синагогадагы... адамдар менен, ошондой эле күн сайын базар аянтынан кезиккендер менен талкуу жүргүзгөн» (Элч. 17:16, 17). Ооба, Пабыл мыкты үлгү калтырган. Биз да ар кандай тектеги адамдарга кабар айтууда аларды соттобостон, урмат-сый менен мамиле кылсак, айрымдар жакшы кабарга кулак кагып, акыры, жалган диндин кишенинен бошонушу мүмкүн (Элч. 10:34, 35; Аян 18:4).

Пабылдын кабарын базар аянтындагылардын баары эле уга берген эмес. Элдин арасында чындыкка каршы келген көз карашка карманган философтор болгон. Алардын пикири Пабылдын айткандарына карама-каршы келген. Ошентсе да Пабыл маектешүүдө алардын көз карашын эске алган. Айрымдар Пабылды «келжирек» деп аташса, башкалары: «Бул бөтөн жерлик кудайлардын кабарчысы окшойт»,— дешкен (Элч. 17:18).

Бирок Пабыл афиндиктердин басмырлаган сөздөрүнө териккен эмес. Тескерисинче, андан эмне жөнүндө окутуп жатканын түшүндүрүп беришин сурагандарга, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, эң сонун күбөлөндүрүү берген. Пабылдын ошондо айткан сөздөрүнөн мыкты окутуучу болгонун көрүүгө болот (Элч. 17:19—22; 1 Пет. 3:15). Келгиле, анын сөздөрүнө тереңирээк токтололу. Бул бизге окутуу чеберчилигибизди жакшыртууга жардам берет.

Жалпылыкты табууга умтул

Пабыл сөзүн мындай деп баштаган: «Афиндиктер! Башкаларга караганда силер, сыягы, бардык жагынан кудайлардан көбүрөөк коркот окшойсуңар. Мисалы, ыйык нерселериңерди карап өтүп баратып „Белгисиз Кудайга“ деген жазуусу бар курмандык жайын көрдүм. Мен силерге өзүңөр билбесеңер да берилгендик менен урматтап жүргөн ошол Кудай жөнүндө жарыялап жүрөм» (Элч. 17:22, 23).

Пабыл айлана-тегерегиндеги нерселерге көңүл буруп, баамчыл болгон. Ошонун аркасында ал угуучулары тууралуу көп нерселерди биле алган. Биз да баамчыл болсок, үй ээси жөнүндө көп нерселерди биле алабыз. Маселен, короодогу оюнчуктардан же эшикке илинген буюмдардан үй ээси тууралуу көп нерсени билүүгө болот. Ушундай нерселерге маани берсек, эмне жөнүндө айтууну эле эмес, кантип айтуу керектигин да түшүнөбүз (Кол. 4:6).

Пабыл башкаларды соттоп жаткандай сүйлөчү эмес. Ал афиндиктердин ишеними так билимге негизделбегенин түшүнгөндүктөн, аларга чыныгы Кудайга кантип сыйынуу керектигин айткан (1 Кор. 14:8). Ооба, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды так-даана айтканыбыз, ошондой эле башкаларды соттоодон качканыбыз маанилүү.

Сылык жана калыс бол

Пабыл сөзүн мындай деп улаган: «Дүйнөнү жана андагынын баарын жараткан Кудай, асман-жердин Теңири, кол менен курулган ибадатканаларда жашабайт. Ал, бир нерсеге муктаж болгондой, адам баласынын колунун кызматын талап кылбайт, анткени өзү бардыгына өмүр, дем жана бүт баарын берет» (Элч. 17:24, 25).

Пабыл Жахабаны «асман-жердин Теңири» деп атап, анын Өмүр берүүчү экенин баса белгилеген. Ар кандай динди туткан, маданияты ар башка жүрөгү таза адамдарга жандуу-жансыздын баарын жараткан Жахаба жөнүндө билүүгө жардам берүү кандай чоң сыймык! (Заб. 35:10).

Андан ары Пабыл мындай деген: «Ал [Кудай] бир кишиден бардык элдерди жараткан. Ошондой эле белгиленген убакыттарды жана адамдар жашай турган жерлердин чегин аныктап койгон. Анткени Кудай адамдардын аны издешин, сезип көрүшүн жана табышын каалайт. Бирок, чынында, ал ар бирибизге жакын» (Элч. 17:26, 27).

Кабар айтууда биз Жахабанын кандай Кудай экенин ачып бере алабыз. Жахаба бет карамалык кылбайт: ал бардык улуттагы адамдардын аны «сезип көрүшүн жана табышын каалайт». Биз да бет карамалык кылбай, жолуккан адамдардын баарына кабар айтабыз. Жараткан Кудайга ишенгендерге ага жакындоого жардам беребиз, анткени бул алардын түбөлүккө созулган баталарды алышына жол ачат (Жкп. 4:8). Ал эми Кудайдын бар экенине шектенгендерге кантип жардам бере алабыз? Анда да Пабылды туурасак болот. Анын төмөндөгү сөздөрүнө көңүл бурсаң.

«„Биз баарыбыз анын тукумубуз“,— деп айрым акындарыңар айткандай, биз Анын аркасы менен жашап, кыймылдап, тирүү жүрөбүз. Кудайдын тукуму болгондуктан биз Аны алтынга, күмүшкө же ташка... окшош деп ойлобошубуз керек» (Элч. 17:28, 29).

Пабыл афиндиктердин кызыгуусун туудуруу үчүн алардын акындарынын чыгармаларынан цитата келтирген. Биз дагы адамдарга жакшы маалым болгон нерселер тууралуу сөз кылып, жалпылыкты издешибиз керек. Мисалы, Пабылдын Эврейлерге жазган катындагы: «Ар бир үй кимдир бирөө тарабынан курулат, ал эми бардыгын курган — Кудай»,— деген сөздөрү бүгүнкү күндө деле кызматта колдонорлук (Эвр. 3:4). Үй ээсине ушул жөнөкөй мисалдын үстүнөн ой жүгүртүүгө жардам берсек, ал айткан кабарыбыздын чындык экенине ынанышы мүмкүн. Эми, келгиле, Пабылдын афиндиктерге айткан кабарынын натыйжалуу болгонунун дагы башка жагына токтололу.

Убакыттын тар экенин баса белгиле

Пабыл афиндиктерге мындай деп айткан: «Кудай белгилүү бир мезгилдер аралыгында ушундай билбестикке көңүл бурган эмес. Бирок азыр бардык жерде адамдарга өкүнүү керектигин билдирип жатат. Анткени ал өзү дайындаган киши аркылуу жер жүзүн адилдик менен соттой турган күндү белгилеп койгон» (Элч. 17:30, 31).

Кудайдын жамандыкка убактылуу жол берип жатканы жүрөгүбүздө чынында эмне бар экенин көрсөтөт. Андыктан кабарда убакыттын тар экенин баса белгилегенибиз жана жакында бийликти толугу менен колго ала турган Кудайдын Падышалыгынын башкаруусу астында боло турган баталар жөнүндө ишенимдүүлүк менен айтканыбыз маанилүү (2 Тим. 3:1—5).

Ар ким ар кандай кабыл алат

«Тирилүү жөнүндө укканда айрымдары шылдыңдап күлүштү, башкалары болсо: „Бул тууралуу сенден башка жолу угалы“,— дешти. Ошондо Пабыл алардын арасынан чыгып, кетип калды. Бирок кээ бирлери Пабыл менен кетип, ишенимди кабыл алышты» (Элч. 17:32—34).

Айрымдар жакшы кабарды дароо кабыл алат, ал эми башкаларга көбүрөөк убакыт керек болушу мүмкүн. Кудай Сөзүн так-айкын жана жөнөкөй түшүндүрүүнүн аркасында чындыкты, жок дегенде, бир киши кабыл алса, башкаларды Уулуна жакындатуу үчүн бизди колдонгону үчүн Кудайга кандай гана ыраазы болобуз (Жкн. 6:44).

Эмнеге үйрөнсөк болот?

Пабылдын жогоруда айткан сөздөрү тууралуу ой жүгүртсөк, ыйык китептик чындыктарды кантип ачып берүү керектигин айкыныраак түшүнөбүз. Эгер жыйналыштарда баяндама менен чыга турган болсоң, Кудайга ишенбегендер чындыкты түшүнүп, аны кабыл ала алышы үчүн, Пабылдай болуп, алардын сезимдерин эске алганың маанилүү. Биз ыйык китептик чындыктарды так-айкын түшүндүрүүгө умтулабыз. Бирок залда Кудайга ишенбегендер да болушу мүмкүн болгондуктан, аларды соттоп жаткандай сүйлөөдөн качышыбыз керек. Ошондой эле кабар айтуу кызматында ынанымдуу сүйлөөгө, ошол эле учурда сылык болгонго аракет кылабыз. Ушундай кылуу менен Пабылдын: «Үйрөткөнүңдү тырышчаактык менен уланта бер»,— деген кеңешине ылайык иш кылган болобуз.

[30-беттеги сүрөт]

Пабыл башкалардын көз карашын эске алып, так-айкын жана жөнөкөй окуткан

[31-беттеги сүрөт]

Кабар айтууда башкалардын сезимдерин эске алуу менен Пабылды туурайбыз