Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иса Кудайдын адилдигин кантип даңазалаган?

Иса Кудайдын адилдигин кантип даңазалаган?

Иса Кудайдын адилдигин кантип даңазалаган?

«Өзүнүн адилдигин көрсөтүү үчүн Кудай Машаякты анын канына болгон ишенимдин негизинде бизди өзү менен элдештирүүчү курмандык катары берди» (РИМ. 3:25).

1, 2. а) Ыйык Китепте адамзаттын абалы жөнүндө эмне делет? б) Бул макалада кайсы суроолор талкууланат?

ЭЙДЕН багындагы козголоң жөнүндөгү ыйык китептик билдирүү көпчүлүккө маалым. Баарыбыз Адам атанын күнөөсүнүн кесепетин тартып келебиз. Муну төмөнкү сөздөрдөн көрүүгө болот: «Бир киши аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген, өлүм болсо бардык адамдарга өткөн, себеби баары күнөө кетирген» (Рим. 5:12). Туура иш кылууга канчалык аракет кылбайлы, баары бир ката кетиребиз, ошондуктан Кудайдын бизди кечиришине зарбыз. Элчи Пабыл да: «Кылгым келген жакшы нерсени кылбайм да, кылгым келбеген жаман нерсени кайра-кайра кылам. Мен бир байкуш адаммын!» — деп сыздаган (Рим. 7:19, 24).

2 Бул макалада биз төмөнкү маанилүү суроолорго жооп алабыз: адамдардын баары табиятынан эле күнөөлүү болсо, назареттик Исага кандайча күнөө тукум кууп өткөн эмес? Ал эмне үчүн чөмүлтүлгөн? Исанын жашоосу кандайча Жахабанын адилдигин даңазалаган? Машаяктын өлүмүнүн аркасында эмнелер ишке ашкан?

Кудайдын адилдигине шек келтирилиши

3. Шайтан Обону кантип алдаган?

3 Түпкү ата-энебиз Адам менен Обо акылсыздык кылып, Кудайдын эгедерлигин четке кагышкан жана «Ибилис жана Шайтан деп аталган» «байыркы жыландын» башкаруусуна моюн сунушкан (Аян 12:9). Кандайча? Шайтан Жахаба Кудайдын адилеттүүлүк менен бийлик жүргүзөрүнө шек келтирип, Ободон: «Кудай чын эле: „Бейиштеги эч бир дарактын жемишинен жебегиле“,— деп айтты беле?» — деп сураган. Обо Кудайдын: «Өлүп калбашыңар үчүн... бир гана дарактын жемишинен жебегиле»,— деп тыюу салганын айткан. Ошондо Шайтан: «Жок, өлбөйсүңөр»,— деп айтуу менен Кудайды жалганчы катары көрсөткөн. Ал Обону алдап, Кудай алардан кандайдыр бир жакшы нерсени жашырып жатат, эгер ошол жемиштен жесеңер, Кудайдай болуп, эмне жакшы, эмне жаман экенин өзүңөр чечип каласыңар деп ырастаган (Башт. 3:1—5).

4. Адамзат Шайтандын бийлигине кантип баш ийип калган?

4 Мындайча айтканда, Шайтан адамзат Кудайдан көз карандысыз болсо, бактылуураак болот деген ойду айткан. Адам ата Кудайдын эгедерлигинин адилеттүүлүгүн жактагандын ордуна, аялынын тилине кирип, тыюу салынган жемиштен жеген. Ошентип, ал Жахабанын көз алдында адил болбой калган жана бизге күнөө менен өлүмдүн жан кыйнаган оор жүгүн артып кеткен. Ал эле эмес, бүткүл адамзатты «бул дүйнөнүн кудайы» Шайтандын бийлигине баш ийдирген (2 Кор. 4:4; Рим. 7:14).

5. а) Жахаба кандайча сөзүнө турган? б) Кудай Адам менен Обонун урпактарына кандай үмүт берген?

5 Жахаба сөзүнө туруп, Адам менен Обого өлүм өкүмүн жарыялаган (Башт. 3:16—19). Бул Кудайдын ой-ниетинин аткарылбай каларын билдиргенби? Түк да! Адам менен Обого өкүм чыгарганда Жахаба алардын болочок урпактарына жаркын келечекке үмүттөнүүгө бекем негиз берген. Ал «тукум» чыгарууга байланыштуу ой-ниетин жарыялаган. Шайтан «тукумдун» согончогун чакмак, бирок ал айыгып, Шайтандын башын жанчымак (Башт. 3:15). Ыйык Китептеги Иса Машаякка карата айтылган: «Кудайдын Уулу Ибилистин иштерин кыйратуу үчүн келген»,— деген сөздөр бул пайгамбарлыкты тереңирээк ачып берет (1 Жкн. 3:8). Бирок Иса кандайча жүрүм-туруму жана өлүмү менен Кудайдын адилдигин даңазалаган?

Исанын чөмүлтүлүүсүнүн мааниси

6. Исага Адам атадан күнөө тукум кууп өтпөгөнүн кайдан билебиз?

6 Баралына жеткенде Иса бир учурда жеткилең болгон Адамга тете болмок (Рим. 5:14; 1 Кор. 15:45). Ан үчүн ал жеткилең болуп төрөлүшү керек эле. Бул кандайча мүмкүн болгон? Жебирейил периште муну Исанын энеси Мариямга так-даана түшүндүрүп мындай деген: «Үстүңө ыйык рух түшөт. Сени Эң Жогоркунун күчү каптайт. Ошондуктан төрөлө турган бала Кудайдын Уулу, ыйык деп аталат» (Лк. 1:35). Исанын кичинекей чагында Мариям ага анын кантип төрөлгөнүн айтып берген көрүнөт. Ошондуктан Мариям менен Исанын асырап алган атасы Жусуп аны Кудайдын ибадатканасынан табышканда, ал: «Атамдын үйүндө болушум керектигин билген эмес белеңер?» — деген (Лк. 2:49). Ооба, Иса бала кезинен эле Кудайдын Уулу экенин билген. Ошо себептен Кудайдын адилдигин даңазалоо ал үчүн баарынан маанилүү болгон.

7. Иса кандай баалуу нерселерге ээ болгон?

7 Иса сыйынуу үчүн караштырылган жолугушууларга үзгүлтүксүз катышуу менен рухий нерселерге терең кызыгарын көрсөткөн. Жеткилең акылы менен ал уккандарынын жана Эврей Жазмаларынан окуган нерселеринин баарын сиңирип алса керек (Лк. 4:16). Ал дагы бир баалуу нерсеге — адамзат үчүн курмандыкка чалууга жарактуу жеткилең денеге — ээ болгон. Чөмүлтүлгөндөн кийин тиленип жатканда Иса Забур 39:7—9-аяттарда жазылган пайгамбарлык сөздөр тууралуу ой жүгүрткөн болушу керек (Лк. 3:21; оку: Эврейлер 10:5—10 *).

8. Чөмүлдүрүүчү Жакан эмне себептен Исаны чөмүлдүрүүгө каршы болгон?

8 Чөмүлдүрүүчү Жакан алгач Исаны чөмүлдүрүүгө каршы болгон. Эмне үчүн? Себеп дегенде Жакан Мыйзамды бузуу менен күнөө кетиргени үчүн өкүнгөнүн көрсөткүсү келген жүйүттөрдү чөмүлдүргөн. Исанын жакын тууганы катары ал анын адил экенин, ошондуктан ага өкүнүүнүн зарылдыгы жок экенин билген көрүнөт. Иса Жаканга анын чөмүлтүлүшү орундуу болорун айтып, себебин: «Азыр ушундай болсун, анткени адил иштердин баарын ушинтип аткарышыбыз керек»,— деп түшүндүргөн (Мт. 3:15).

9. Исанын чөмүлтүлүүсү эмнени символдоштурган?

9 Иса жеткилең киши болгондуктан, Адам атадай эле, жеткилең адамзат тукумунун атасы болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Бирок ал мындай келечекти эч качан эңсеген эмес, анткени бул Жахабанын ага байланыштуу эркине карама-каршы келмек. Кудай Исаны жерге убадаланган Тукум, башкача айтканда, Машаяк катары ролун аткарууга жиберген. Ан үчүн ал жеткилең өмүрүн курмандыкка чалышы керек эле (Оку: Ышайа 53:5, 6, 12). Албетте, Исанын чөмүлтүлүүсүнүн мааниси биздикинен айырмаланган. Ал анын Жахабага арналганын билдирген эмес, себеби Иса Кудайга арналган ысрайыл элинин мүчөсү болгон. Исанын чөмүлтүлүүсү, Жазмадагы Машаякка карата айтылган пайгамбарлыктарга ылайык, өзүн Кудайдын эркин аткарууга тартуулаганын символдоштурган.

10. Кудайдын эркине ылайык, Машаяктын ролуна эмнелер кирген жана буга Иса кандай караган?

10 Жахабанын Исага байланыштуу эркине Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жакшы кабар айтуу, шакирт даярдоо жана аларды алдыда боло турган шакирт даярдоо ишине камдоо кирген. Жахабанын эркине ылайык, Иса анын адилеттүү эгедерлигин жактоо үчүн куугунтуктоолорду жана азаптуу өлүмдү баштан кечирүүгө да даяр болушу керек эле. Асмандагы Атасын чындап сүйгөндүктөн Иса анын эркин аткаруудан ырахат алган жана денесин курмандык катары берүүдөн терең канааттануу алган (Жкн. 14:31). Ошондой эле жеткилең өмүрүнүн баасы Кудайга бизди күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошотуу үчүн кун катары төлөнөрүн билүү аны абдан кубандырган. Исанын ушундай оор жоопкерчиликтерди аткарууга өзүн тартуулаганы Кудайга жакканбы? Албетте!

11. Жахаба Исаны убадаланган Машаяк катары кабыл алганын кантип көрсөткөн?

11 Инжилдин төрт жазуучусу тең жазып кеткендей, Иса Иордан дарыясында чөмүлтүлгөндөн кийин, Жахаба аны колдоорун көрсөткөн. Чөмүлдүрүүчү Жакан: «Рухтун асмандан көгүчкөн сыяктуу түшүп, ага конгонун көрдүм... Мен муну көрүп, анын Кудай Уулу экенин күбөлөндүрдүм»,— деп айткан (Жкн. 1:32—34). Иса чөмүлтүлгөндөн кийин, Жахаба: «Бул — менин сүйүктүү Уулум, мен аны колдойм»,— деген (Мт. 3:17; Мр. 1:11; Лк. 3:22).

Өлгөнгө чейин ишенимдүү болгон

12. Иса чөмүлтүлгөндөн кийин үч жарым жыл бою эмне кылган?

12 Кийинки үч жарым жыл бою Иса өзүн толугу менен элди Атасы жана анын эгедерлигинин адилеттүүлүгү жөнүндө окутууга арнаган. Ал чарчап-чаалыкканына жана башка кыйынчылыктарга карабай Убадаланган жерди баштан-аяк жөө кыдырып, чындык жөнүндө күбөлөндүргөн (Жкн. 4:6, 34; 18:37). Иса адамдарды Кудайдын Падышалыгы жөнүндө окуткан. Ошондой эле керемет жолу менен оорулууларды айыктыруу, ачка элди тойгузуу, атүгүл өлгөндөрдү тирилтүү менен Падышалыктын адамзат үчүн эмнелерди кыларын көрсөтүп кеткен (Мт. 11:4, 5).

13. Иса тиленүүлөр жөнүндө эмнеге окуткан?

13 Иса элди окутканы, айыктырганы үчүн даңкты өзүнө ыйгарбастан, момундук көрсөтүп, Жахабага ыйгаруу менен мыкты үлгү калтырган (Жкн. 5:19; 11:41—44). Андан тышкары, ал кайсы эң маанилүү нерселер жөнүндө тиленишибиз керектигин көрсөткөн. Биз тиленгенде Кудайдын ысмынын ыйыкталышын жана эрки «асмандагыдай эле, жерде да» аткарылышы үчүн, Шайтандын каардуу бийлигинин ордуна анын адилеттүү эгедерлигинин орношун суранышыбыз керек (Мт. 6:9, 10). Ошондой эле Иса бизди «биринчи кезекте Кудайдын падышалыгын жана адилдигин издөө» менен ошол тиленүүлөрүбүзгө ылайык иш кылууга үндөгөн (Мт. 6:33).

14. Жеткилең болсо да, Иса Кудайдын ой-ниетиндеги ролун аткаруу үчүн эмне себептен күч-аракет жумшашы керек эле?

14 Өмүрүн курмандыкка бере турган күн жакындаган сайын, Иса тапшырмасынын канчалык оор экенин сезген. Атасынын аброю жана ой-ниетинин аткарылышы Исанын оор сыноолордо, өмүрү мыкаачылык менен кыйылганга чейин туруктуу болор-болбосунан көз каранды болгон. Өлөрүнө беш күн калганда Иса: «Жаным кыйналып турат. Эмне дейин? Ата, мени ушул сааттан куткара көр. Бирок мен ушул саат үчүн келгем»,— деп тиленген. Ушундай табигый эле сезимдерди чагылдыргандан кийин Иса өзү жөнүндө ойлобостон, ал үчүн эң маанилүү нерсе жөнүндө тиленип: «Ата, өз ысмыңды даңкта»,— деген. Ошондо Жахаба дароо: «Даңктадым, дагы да даңктайм»,— деп жооп берген (Жкн. 12:27, 28). Арийне, Иса актыгын сакташ үчүн бир да киши туш болбогон сыноолорду башынан кечирүүгө даяр болгон. Ал эми асмандагы Атасынын жогорудагы сөздөрү Исаны Анын эгедерлигин актап-даңазалоодо сөзсүз ийгиликке жетерине ынандырганы шексиз. Ооба, ал чынында эле ийгиликке жеткен!

Исанын өлүмүнүн аркасында эмнелер ишке ашкан?

15. Иса өлөр алдында эмне үчүн: «Аткарылды!» — деп айткан?

15 Жаза устунунда кадалып турганда Иса акыркы жолу оор дем алып: «Аткарылды!» — деп жан берген (Жкн. 19:30). Чөмүлтүлгөндөн өлүмгө кыйылганга чейин Иса Кудайдын жардамы менен үч жарым жылдын ичинде кандай гана зор иштерди аткарган! Иса өлгөндө, катуу жер титирөө болуп, аны жазалоону жетектеген рим аскер башы: «Бул, чын эле, Кудайдын Уулу болгон экен»,— деп айткан (Мт. 27:54). Ал аскер башы Исанын Кудайдын Уулумун деп айтканы үчүн шылдыңга алынганын көрсө керек. Туш болгон бардык кыйынчылыктарга карабай Иса актыгын сактап, Шайтандын жеткен жалганчы экенин далилдеген. Шайтан Кудайдын эгедерлигин жактагандардын баары тууралуу: «Адам өз жаны үчүн колунда эмне болсо, ошонун бардыгын берет»,— деп ырастаган (Аюб 2:4). Ишенимдүү бойдон калуу менен Иса Адам менен Обонун алда канча оңой сыноодо ишенимдүүлүгүн сактай алышмактыгын айгинелеген. Баарынан маанилүүсү, Иса өзүнүн өмүрү жана өлүмү менен Жахабанын эгедерлигинин адилеттүүлүгүн жактап, даңазалаган (Оку: Накыл сөздөр 27:11). Исанын өлүмүнүн аркасында дагы эмне ишке ашкан?

16, 17. а) Иса жерге келгенге чейин жашаган Күбөлөр эмне себептен адил деп эсептелишкен? б) Жахаба Уулуна ишенимдүүлүгү үчүн кандай сыйлык берген жана Мырзабыз Иса Машаяк дагы деле эмне кылууда?

16 Жахабанын көптөгөн кызматчылары Иса жерге келгенге чейин жашашкан. Кудай аларды адил деп эсептеп, аларга тирилүүгө үмүт берген (Ыш. 25:8; Дан. 12:13). Бирок ыйык Кудай Жахаба күнөөлүү адамдарга ошондой сонун баталарды эмненин негизинде бере алган? Бул Ыйык Китепте мындайча түшүндүрүлөт: «Өзүнүн адилдигин көрсөтүү үчүн Кудай Машаякты анын канына болгон ишенимдин негизинде бизди өзү менен элдештирүүчү курмандык катары берди. Анткени Ал өзү сабырдуулук көрсөтүп келген убакта жасалган мурунку күнөөлөрдү кечирди. Ал муну өзүнүн адилдигин азыркы убакта да, Исага ишенгендерди адил деп жарыялай турган убакта да көрсөтүү үчүн кылды» (Рим. 3:25, 26) *.

17 Жахаба Исаны тирилтип, жерге келгенге чейин ээлеген абалынан да жогорку абалга ээ кылуу менен ага сыйлык ыйгарган. Эми Иса даңктуу рухий жаратуу катары өлбөстүккө ээ болгон (Эвр. 1:3). Башкы дин кызматчы жана Падыша катары Мырзабыз Иса Машаяк дагы деле өзүнүн жолдоочуларына Кудайдын адилдигин даңазалоого жардам берүүдө. Асмандагы Атабыз Жахаба анын адилдигин даңазалаган жана ага Исадай болуп ишенимдүү кызмат кылгандардын баарына сыйлык берет. Биз ага кандай гана ыраазыбыз! (Забур 33:3; Эврейлер 11:6).

18. Эмки макалада эмне талкууланат?

18 Тээ Абылдан тартып эле ишенимдүү кишилердин баары Жахабага ишеним арткандыктан жана убадаланган Тукумдун келерине эч шектенбегендиктен аны менен ынак мамиледе боло алышкан. Анткени Жахаба Уулунун актыгын сактаарына жана өзүнүн өлүмү менен «дүйнөнү күнөөдөн арылтарына» кымындай да күмөн санаган эмес (Жкн. 1:29). Исанын өлүмүнөн бүгүнкү күндө жашап жаткан адамдар да пайда алышат (Рим. 3:26). Анда Машаяктын курмандыгынан сен кандай пайда ала аласың? Бул эмки макалада талкууланат.

[Шилтемелер]

^ 7-абз. Элчи Пабыл бул жерде Забур 39:7—9-аяттарды Грек Септуагинта котормосунан цитата келтирген. Анда «мага дене даярдап койдуң» деген сөздөр да бар. Бул сөздөр байыркы Эврей Жазмаларынын бүгүнкү күндө колдо бар көчүрмөлөрүндө кездешпейт.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Кудайдын адилдигине кандайча шек келтирилген?

• Исанын чөмүлтүлүүсү эмнени символдоштурган?

• Исанын өлүмүнүн аркасында эмнелер ишке ашкан?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

Исанын чөмүлтүлүүсү эмнени символдоштурганын билесиңби?