Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кош келиңиздер!

Кош келиңиздер!

Кош келиңиздер!

КАЯККА? Жахабанын Күбөлөрүнүн негизинен Бейтел деп аталган филиалдарынын бирине. Дүйнө жүзү боюнча ар кайсы өлкөлөрдө 118 Бейтел бар. Бейтелге баргандар көп учурда ал жактан көргөндөрүнө чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришет.

Ыйык Китепти изилдеп жаткан бир жигит Мексикадагы филиалда Жахабага кубаныч менен кызмат кылган көптөгөн күжүрмөн эмгектенген бир туугандарды көрүп ушунчалык таасирленгендиктен: «Ушул жерде кызмат кылыш үчүн эмне кылышым керек?» — деп сураган. Ага: «Сен алгач чөмүлтүлүшүң керек. Анан пионер, Падышалыктын толук убактагы жарчысы, болгонуң дурус»,— деп жооп беришкен. Ал жигит берилген кеңештерге ылайык иш кылып, эки жылдан кийин Мексикадагы Бейтелге чакырылган жана ал жакта 20 жылдан бери кызмат кылууда.

Бейтел деген эмне?

Эврей тилинде «Бейтел» деген сөз «Кудайдын үйү» дегенди билдирет (Башт. 28:19, шилтеме). Ар кайсы филиалдардагы жабдуулар Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды басып чыгаруу, таратуу үчүн жана Жахабанын Күбөлөрүнүн дүйнө жүзү боюнча 100 000ден ашуун жыйналыштарына рухий жактан колдоо көрсөтүү үчүн колдонулат. 20 000ге жакын бейтелдик кызматчылар — тек-тамыры, маданияты ар кандай эркек-аялдар — Жахабага жана рухий бир туугандарына толук убакытта жан аябастык менен кызмат кылышат. Бейтелде көптөгөн жылдар бою кызмат кылып келгендер күүлүү-күчтүү жаштар менен ийиндеш эмгектенишет. Кечинде жана дем алыш күндөрү Бейтел үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү Жахабанын Күбөлөрүнүн жакыныраак жайгашкан жыйналыш жолугушууларына катышуудан жана кабар айтуудан кубаныч алышат. Ошондой эле бош убактысында алар Ыйык Китепти изилдешет, эс алышат жана жеке иштери менен алек болушат.

Бейтелдик үй-бүлөнүн мүчөлөрүнө эң зарыл болгон нерселерин сатып алышы үчүн, чакан материалдык жардам көрсөтүлүп турат. Алар даамдуу, пайдалуу тамактарды жешет жана таза, ыңгайлуу бөлмөлөрдө жашашат. Бейтел үйлөрү укмуштуудай кооз болуп салынбайт, ошентсе да алар ыңгайлуу. Бейтелди көргөнү баргандар имараттардын жана бакчалардын жакшы каралганына, уюмдун уюшкандык менен иш алып барганына эле эмес, ал жерде өкүм сүргөн жылуу маанайды, бир туугандардын биримдикте кызматташканын көрүп терең таасирленишет. Ар бир кызматчы күжүрмөн эмгектенсе да, башкаларга көңүл бурууга сөзсүз убакыт табат. Ал жерде эч ким дайындоосунан улам кандайдыр бир абалды ээлебейт жана өзүн башкалардан жогору сезбейт. Бейтелде тазалоо, бакчага кам көрүү, тамак жасоо, басмаканада же офисте иштөө болобу, ар бир жумуш абдан маанилүү. Бейтелдиктер, башкача айтканда, Бейтелде кызмат кылгандар Жахабанын Күбөлөрүнүн кызматына колдоо көрсөтүү үчүн биргелешип иштешет (Кол. 3:23).

Айрым бейтелдиктердин ою

Келгиле, бул эл аралык үй-бүлөнүн айрым мүчөлөрү менен жакыныраак таанышалы. Аларга Бейтелде кызмат кылууга эмне түрткү берген? Мисалга Мариону алалы. Ал Жахабанын Күбөсү болгондо беделдүү немис автоунаа компаниясында кирешелүү жумушта иштечү жана жумушу боюнча жогорулоого мүмкүнчүлүгү бар болчу. Чөмүлтүлгөнүнөн көп өтпөй ал өзүнүн өлкөсүндөгү Бейтелде өз ыктыяры менен бир жума иштеген. Ал адабияттарды басуу ишине жардам берүүгө дайындалган. Марио бейтелдиктер менен дүйнөлүк жумушундагы иштешкен адамдардын ортосундагы айырманы байкабай койгон эмес. Ошондуктан ал Бейтелде толук убакыт кызмат кылууга арыз жазган. Анын туугандарынын көбү, бирге иштешкендери бул чечимин түшүнүшпөсө да, Марио учурда Германиядагы Бейтелде кубанычтуу кызмат кылууда.

Көптөр Бейтелге атайын билими же тажрыйбасы жок эле келишет. Буга Мексиканын Бейтелинде 15 жылдан бери кызмат кылып келаткан Абел мисал боло алат. Ал мындай дейт: «Бейтел мен үчүн эң мыкты мектеп. Мен бул жактан абдан татаал басма машиналарда иштөөнү үйрөндүм. Мындай билимим менен башка жерде иштесем, көп акча тапмакмын. Бирок анда бул жактан алган жан дүйнө бейкуттугуна, канааттанууга ээ болмок эмесмин, себеби көптөгөн жумуштарда тынчсыздануу, атаандаштык руху өкүм сүрөт. Бейтелден мен эң сонун билим алдым, ал билим мага рухий жактан өсүүгө да, акылдуу болууга да жардам берип келет. Мындай рухий пайдаларды эң мыкты деп эсептелген университеттен да ала албайт болчумун».

Бейтелге баруу бекемдейт

Бейтелге баруу адамдын рухийлигине жакшы таасир этиши мүмкүн. Муну Мексикадагы Омардын мисалы тастыктайт. Апасы аны ыйык китептик чындыктарга окуткан. Бирок 17ге келгенде Омар жыйналыш жолугушууларына барбай, кабар айтуу кызматына катышпай калган. Акыры жаман жолго түшүп, байлык топтоону көздөп калган. Кийинчерээк Омар маалымат компаниясында иштеп жүргөндө, компаниянын өкүлдөрү айрым жабдыктарды көрсөтүү үчүн Мексикадагы Бейтелге барышкан, алардын арасында Омар да бар эле. Ал мындай деп эскерет: «Жабдыктарыбызды көрсөткөндөн кийин, бейтелдиктер бизге экскурсия өткөрүштү. Көрүп-билгендерим жана алардын жылуу мамилеси өткөргөн жашоом, Жахабадан алыстап кеткеним жөнүндө ойлонууга түрткү берди. Мен дароо жолугушууларга барып, Ыйык Китепти изилдей баштадым. Бейтелге барып кеткенден жарым жыл өткөн соң чөмүлтүлдүм. Бейтелге баруунун аркасында ошондой түрткү алганыма Жахабага миң мертебе ыраазымын».

Жапонияда жашаган Масахико да Жахабанын Күбөлөрүнүн үй-бүлөсүндө чоңоюп-өскөн. Бирок ал Исанын жолун жолдоп жашоо эркиндикти чектейт деп ойлой баштаган. Ал мектеп иштерине баш оту менен кирип, жыйналышка барбай, кабар айтпай калган. Масахико мындай дейт: «Бир күнү үй-бүлөм жана Исаны жолдогон досторум Бейтелди көрүп келүүнү чечишти. Үй-бүлөм аябай сурангандыктан, алар менен барууга макул болдум. Бейтелди кыдырып жүрүп болуп көрбөгөндөй сергидим. Ал эми саякат учурунда Күбөлөр менен пикир алышуудан Күбө эмес досторум менен пикирлешүүдөн эч качан албаган кубаныч, канааттануу алдым. Ошондо Кудайдын жолунда жүрүүгө болгон каалоом өсүп, Күбөлөрдүн мени менен Ыйык Китепти изилдешин сурандым». Масахико азыр өзүнүн жыйналышында толук убакыт кызмат кылат.

Франциялык бир Күбө иштегени Москвага көчүп барат. Ал жактан Жахабанын эли менен байланышы үзүлүп, рухий жактан алсырап калат. Ал жаман ишке иришип кетет да, акыры Жахабанын Күбөсү болбогон кишиге турмушка чыгат. Бир күнү Франциядан бир ишенимдеши аны көргөнү келип, экөө Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жайгашкан Бейтелге барышат. Ал мындай деп жазган: «Бейтелде бизди жылуу тосуп алышты, бул менин жүрөгүмдү козгоду. Ошол жерден бейкуттукту, Жахабанын рухун сездим. Жахабанын уюмунан алыстап, кантип ушундай ката кетирдим? Бейтелге барып келгенден кийин Жахабадан жардам сурап тиленип, кайрадан жалындап, балдарым менен Ыйык Китепти изилдей баштадым». Мурда рухий жактан алсыз болгон бул Күбө ишенимдештеринен рухий жардам алгандан тышкары, Бейтелге баруу менен бекемделип, ийгиликтерди жасаган.

Ал эми Бейтелге баруу Жахабанын Күбөлөрүн билбегендерге кандай таасир этет? Саясатка аралашып келген Алберту 1988-жылы Бразилиядагы Бейтелге барган. Ал жердеги тазалык, тартип жана иштердин ачык-айкын аткарылып жатканы аны өзгөчө таасирленткен. Экскурсияга барардан бир аз мурун Алберту өзүнүн күйөө баласы дин кызматчы болуп кызмат кылган бир диний окуу жайга барган. Ошондо Албертуга эки жактын айырмасы айдан ачык болгон. «Ал диний окуу жайда иштердин баары жашыруун жасалат экен»,— деген ал. Бейтелге барганынан көп өтпөй ал Ыйык Китепти изилдөөгө макул болуп, саясатка кийлигишпей калган. Учурда ал жыйналышта аксакал болуп кызмат кылат.

Бейтелге кош келиңиздер!

Көптөр өздөрүнүн өлкөсүндөгү филиалга баруу үчүн көп күч-аракет жумшашат. Мисалы, Бразилиядагы Паулу менен Южиния 3 000 километр алыс жайгашкан Бейтелге баруу үчүн төрт жыл бою акча чогултуп, автобус менен эки күн жол жүрүшкөн. Алар мындай деп ой бөлүшөт: «Жумшаган бардык күч-аракетибиздин акыбети кайтты. Жахабанын уюмуна болгон көз карашыбыз бир топ кеңейди. Ыйык Китепти изилдеп жаткан адамдарга Бейтелде аткарылып жаткан иштер жөнүндө айтып бергенибизде, алар кээде: „Силер ошол жерге бардыңар беле?“ — деп сурап калышат. Эми биз „ооба“ деп жооп бере алабыз».

Силердин өлкөдө же кошуна өлкөдө Бейтел барбы? Биз силерди аны көрүп келүүгө чакырабыз. Бейтелде силерди жылуу тосуп алышат. Ал жакка барганда рухий жактан сергип, бекемделериңер шексиз.

[18-беттеги сүрөт]

Марио

Абел

Германия

Жапония

Бразилия