Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кун бизди кандайча куткарат?

Кун бизди кандайча куткарат?

Кун бизди кандайча куткарат?

«Ким Кудайдын Уулуна ишенсе, түбөлүк өмүргө ээ болот. Ал эми ким ага баш ийбесе, өмүргө ээ болбойт; ал Кудайдын каарына калат» (ЖКН. 3:36).

1, 2. «Сион күзөт мунарасынын» басыла баштаганынын бир себеби эмнеде болгон?

«ЫЙЫК КИТЕПТИ кылдат изилдебеген киши Машаяктын өлүмүнүн түп-маңызын баамдабай калышы мүмкүн»,— деп жазылган ушул журналдын 1879-жылдын октябрь айында чыккан төртүнчү санында. Ошол макала төмөнкүдөй олуттуу сөздөр менен корутундуланган: «Машаяктын өлүмүнүн маанисин кемите турган, атап айтканда, аны күнөөнү жууй турган элдештирүүчү курмандык катары кабыл алууга бөгөт болгон нерселердин баарынан сак бололу» (Оку: 1 Жакан 2:1, 2).

2 1879-жылдын июль айында «Сион күзөт мунарасынын» басыла баштаганынын себептеринин бири кун жөнүндөгү ыйык китептик окууну жактоо болгон. Ал журнал аркылуу өз убагында рухий тамак берилип турган, анткени 1800-жылдардын аяк ченинде өзүн Исанын жолдоочусумун деп ырастагандар Исанын өлүмүнүн күнөөлөрдү жууй турган курмандык экенине шек туудура башташкан (Мт. 24:45). Ошол убакта көптөр эволюция теориясынын, адам жеткилеңдигинен айрылган деген чындыкка карама-каршы келген түшүнүктүн, кылтагына илинип калышкан. Эволюция теориясынын жактоочулары адам баласы табигый жол менен өзүнөн өзү эле өрчүп-жетилип жакшыра берет, андыктан ал кунга муктаж эмес деп окутушат. Ошондуктан элчи Пабылдын Тиметейге берген кеңешине кулак кагуу ошол учурда өзгөчө маанилүү болгон. Ал мындай деген: «Өзүңө ишенип тапшырылганды сакта жана ыйык нерселерди арамдаган куру сөздөрдөн, жалган билимдин карама-каршылыктарынан алыс бол. Себеби айрымдар ошондой билим менен мактанып, ишенимден четтеп кетишти» (1 Тим. 6:20, 21).

3. Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

3 Сенин «ишенимден четтебөөгө» чечкиндүү экениң шексиз. Андыктан ишенимиңди бекем сактоо үчүн төмөнкү суроолорго жооп алганың дурус: мен эмне үчүн кунга муктажмын? Ал канчалык кымбатка турган? Кудайдын каарынан сактай турган ал кымбат баалуу чарадан кандай пайда ала алам?

Кудайдын каарынан качуу

4, 5. Бул ыймансыз дүйнө түзүлүшүнө Кудайдын каары кайнап жатканы эмнеден көрүнүп турат?

4 Ыйык Китепте жана тарых барактарында камтылган төгүндөлгүс далилдер тастыктап тургандай, Адам ата күнөө кетиргенден тартып, адамзат тукуму Кудайдын каарына калган (Жкн. 3:36). Ар бир адамдын өлүмдөн качып кутула албастыгы муну далилдеп турат. Кудайдын бийлигине каршы чыккан Шайтандын башкаруусу адамзатты каргашалардан коргоого таптакыр жөндөмсүз экенин көрсөттү; адамдык өкмөттөрдүн бири да жарандарынын баарынын эң негизги муктаждыктарын канааттандыра алган жок (1 Жкн. 5:19). Ошондуктан адамзат согуштан, кылмыштуулуктан жана жакырчылыктан азап чегип келет.

5 Мындан бул ыймансыз дүйнө түзүлүшүнүн Жахабанын ырайымынан айрылганы көрүнүп турат. Пабыл: «Адамдардын бардык ыймансыз... иштерине асмандан Кудайдын каары төгүлүүдө»,— деген (Рим. 1:18—20). Демек, эч өкүнбөй Кудайга жакпаган жашоо өткөргөндөрдүн баары жүрүм-турумунун кесепетин сөзсүз тартышат. Шайтандын дүйнөсүнө Кудайдын каары кайнап жатканы ага чыгарган сот өкүмүнөн көрүнүп турат. Анын сот өкүмү Ыйык Китепке негизделген адабияттар аркылуу бул дүйнөгө балээ сыяктуу «төгүлүүдө», башкача айтканда, жарыяланууда (Аян 16:1).

6, 7. Исанын майланган жолдоочулары кайсы иште жетекчиликти колго алышкан жана Шайтандын дүйнөсүндөгү адамдарга дагы деле кандай мүмкүнчүлүк берилүүдө?

6 Анда бул Шайтандын бийлигинен бошонууга жана Кудайдын ырайымына ээ болууга өтө эле кеч болуп калганын билдиреби? Жок, анткени Жахаба менен элдешүүгө эшик дагы деле ачык. «Машаяктын атынан жиберилген падышалыктын элчилери» болгон Исанын майланган жолдоочулары кабар айтуу кызматында жетекчиликти колго алып, бардык адамдарды «Кудай менен элдешүүгө» чакырып жатышат (2 Кор. 5:20, 21).

7 Элчи Пабыл Исанын адамдарды «келечектеги каардан куткара турганын» айткан (1 Тес. 1:10). Жахаба ошондо каарын акыркы жолу төгүп, өкүнбөгөн күнөөкөрлөрдү түбөлүккө жок кылат (2 Тес. 1:6—9). Ал эми ким аман калат? Ыйык Китепте: «Ким Кудайдын Уулуна ишенсе, түбөлүк өмүргө ээ болот. Ал эми ким ага баш ийбесе, өмүргө ээ болбойт; ал Кудайдын каарына калат»,— деп айтылат (Жкн. 3:36). Ооба, бул дүйнө түзүлүшүнүн аягы келип, Кудайдын каары акыркы ирет төгүлгөндө, Исага жана анын курмандыгына ишеним көрсөткөн адамдардын баары аман калышат.

Кун кандайча колдонулат?

8. а) Адам менен Ободо кандай сонун мүмкүнчүлүк бар эле? б) Жахаба өзүнүн жеткилең адилеттүүлүктүн Кудайы экенин кантип көрсөткөн?

8 Адам менен Обо жеткилең болуп жаратылган. Эгер алар Кудайга берилгендигинен жазбаса, урпактары менен жер бетиндеги Бейиште бактылуу өмүр сүрө алышмак. Өкүнүчтүүсү, түпкү ата-энебиз билип туруп Кудайдын осуятын бузган. Анын кесепетинде аларга түбөлүккө жок болуу өкүмү жарыяланып, алар Бейиштен куулуп чыгарылышкан. Адам менен Обо балалуу болгондо, күнөө адамзатка өткөн. Биринчи түгөй карып, акыры өлүмгө моюн сунган. Бул Жахабанын өзүнүн сөзүнө бек турарын көрсөтүп турат. Андан сырткары, Жахаба — жеткилең адилеттүүлүктүн Кудайы. Ал Адам атага тыюу салынган жемиштен жесе, өлөрүн эскерткен; анан так ошондой болгон.

9, 10. а) Адам атанын урпактары эмне себептен өлүшөт? б) Түбөлүккө жок болуу жазасынан куткарылуу үчүн эмне кылышыбыз керек?

9 Биз Адамдын урпактары болгондуктан күнөө кылууга ийкемдүү, өлүмгө дуушар боло турган жеткилең эмес денени мурастаганбыз. Адам ата күнөө кетиргенде, биз, мындайча айтканда, анын белинде болчубуз. Ошондуктан өлүм өкүмү бизге да тиешелүү болгон. Эгер Жахаба кун караштырбай туруп эле бизди өлүмдөн куткара турган болсо, өзүнүн сөзүнө турбай калмак. Пабыл бардыгыбызга тиешелүү сөздөрдү айтып: «Биз билгендей, Мыйзамды Кудай берген, мен болсо күнөөгө кулчулукка сатылган пендемин. Мен бир байкуш адаммын! Өлүмгө дуушар кылып жаткан ушул денеден мени ким куткарат?» — деген (Рим. 7:14, 24).

10 Жахаба гана биздин күнөөлөрүбүз адилеттүү түрдө кечирилип, түбөлүккө жок болуу жазасынан куткарылышыбызга мыйзамдуу негиз боло турган чара караштыра алмак. Ал, өзүнүн сүйүктүү Уулу жеткилең адам болуп төрөлүп, биз үчүн өмүрүн курмандыкка бериши үчүн, аны асмандан жерге жиберүү менен ошондой чара караштырган. Адам атадан айырмаланып, Иса жеткилең бойдон калган. Ооба, «ал эч күнөө кылган эмес» (1 Пет. 2:22). Ошондуктан Иса жеткилең адамзат тукумунун атасы боло алмак. Бирок ал, Кудай Адамдын күнөөлүү урпактарын асырап алышы үчүн жана ага ишеним көрсөткөндөр түбөлүк өмүргө ээ болушу үчүн, душмандарына аны өлтүрүүгө жол берген. Жазмада мындай делет: «Бир Кудай жана Кудай менен адамдардын ортосунда бир арачы бар. Ал — адам Машаяк Иса. Ал өзүнүн өмүрүн бардыгы үчүн ылайыктуу кун катары берген» (1 Тим. 2:5, 6).

11. а) Кундун кандай пайда алып келерин кайсы мисал менен түшүндүрүүгө болот? б) Кундан кимдер пайда алат?

11 Кундун кандайча колдонуларын төмөнкү мисал менен түшүндүрүүгө болот. Бир банк мыйзамсыз иш жүргүзгөндүктөн, ага акча салган адамдар каражатынын баарынан кол жууп, карызга батышат. Банк жетекчилери тийиштүү жазасын алып, бир канча жылга кесилишет. Ал эми бейкүнөө салым ээлери жөнүндө эмне айтууга болот? Алар тапкан-тергенинен айрылып, жакырчылыктын азабын тартууга мажбур болушат. Бирок бир боорукер, бай киши банкты өз колуна алат да, салым ээлерине жоготкон каражаттарынын баарын кайтарып берип, карыздарынан арылтат. Ошо сыяктуу эле, Жахаба Кудай менен анын сүйүктүү Уулу Исанын төгүлгөн канынын негизинде Адам атанын урпактары үчүн кун төлөп, күнөөнүн карызынан арылткан. Ошондуктан Чөмүлдүрүүчү Жакан Иса жөнүндө: «Мына, Кудайдын Козусу! Ал бул дүйнөнү күнөөдөн арылтат»,— деп айткан (Жкн. 1:29). Күнөөдөн арыла турган «дүйнөгө», адамзат дүйнөсүнө, тирүүлөр эле эмес, өлгөн адамдар да кирет.

Кун канчалык кымбатка турган?

12, 13. Ыбрайымдын Ыскакты курмандыкка чаларда кандай сезимде болгонунан эмнени билүүгө болот?

12 Асмандагы Атабыз менен анын сүйүктүү Уулуна кун төлөө канчалык кымбатка турганын толугу менен түшүнө албайбыз. Ошентсе да Ыйык Китепте камтылган окуялар бул жөнүндө тереңирээк ой жүгүртүүгө көмөк кылат. Мисалы, Ыбрайым Кудайдын: «Жакшы көргөн жалгыз уулуң Ыскакты алып, Мориа жерине бар. Мен сага ал жердеги тоолордун бирин айтам, ошол жерде аны бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чал»,— деген буйругуна баш ийип, Мориа жерине сапар тартып баратканда үч күн бою кандай сезимде болгонун элестетсеңер (Башт. 22:2—4).

13 Ыбрайым акыры белгиленген жерге жетип, Ыскактын колу-бутун байлап, аны өз колу менен тургузган курмандык жайга жаткырганда жүрөгү канчалык ачышканын ойлоп көрсөңөр. Уулун мууздаш үчүн бычакты колуна алганда анын сай-сөөгү сыздап, каңырыгы түтөгөндүр! Курмандык жайында жатканда өткүр бычактын мизине алынып, жаны кыйналып өлөрүн элестеткен Ыскактын сезимдерин туюп көрсөңөр. Жахабанын периштеси Ыбрайымды өз убагында токтотуп калган. Ыбрайым менен Ыскактын ошондогу иш-аракеттери Жахабага Шайтандын таламдаштарынын Уулун мыкаачылык менен өлтүрүшүнө жол берүү канчалык оор болгонун түшүнүүгө жардам берет. Ал эми Ыскактын Ыбрайымга даярдуулук менен баш ийгени Исанын биз үчүн азап чегип, өлүмгө баш байлоого даяр болгонун таамай сүрөттөп турат (Эвр. 11:17—19).

14. Кундун канчалык кымбатка турганын Жакыптын башынан өткөн кайсы окуя көрсөтүп турат?

14 Кундун канчалык кымбатка турганын Жакыптын башынан өткөн окуядан да көрүүгө болот. Жакып уулдарынын баарынан Жусупту көбүрөөк жакшы көрчү. Өкүнүчтүүсү, бир туугандары Жусупка ичи күйүп, аны жек көрүшчү. Ошентсе да атасы аны агаларынын ал-жайын билип келүүгө жибергенде, ал анын сөзүн эки кылган эмес. Агалары болсо Хеброндогу үйүнөн түндүккө карай жүз чакырым алыстыкта жайгашкан жерде атасынын малын жайып жүрүшкөн. Алар Жусуптун канга боёлгон кийимин атасына алып келишкенде, Жакыпты кандай сезимдер чулгаганын элестетсеңер! Ал: «Бул — уулумдун кийими. Ал жырткычка жем болуптур, аны жырткыч жара тартып кеткен турбайбы»,— деп боздоп жиберген. Бул Жакыптын өзөгүн өрттөп, чоң кайгыга салгандыктан, ал Жусупту жоктоп көп күн ыйлаган (Башт. 37:33, 34). Албетте, мындай жагдайларда Жахаба так эле жеткилеңсиз адамдардыкындай сезимде болбойт. Бирок Жакыптын жашоосунда болуп өткөн ошол окуя тууралуу тереңирээк ой жүгүртүү Жахабанын жанындай көргөн Уулунун кордук көрүп, ырайымсыздык менен өлтүрүлгөндө кандай сезимде болгонун кандайдыр бир деңгээлде түшүнүүгө жардам берет.

Кундан пайда алуу

15, 16. а) Жахаба кунду кабыл алганын кантип көрсөткөн? б) Кундан сен кандай пайда алып жатасың?

15 Жахаба Кудай өзүнүн ишенимдүү Уулун даңктуу рухий жаратуу катары тирилткен (1 Пет. 3:18). Тирилгенден кийин Иса 40 күн бою шакирттерине көрүнүп, алардын ишенимин бекемдеп, алдыда чоң масштабда жүргүзүлө турган кабар айтуу ишине даярдаган. Анан асманга көтөрүлгөн. Ал жактан өзүнүн төгүлгөн канынын баасын анын куткаруу курмандыгына ишеним көрсөткөн чыныгы шакирттеринин жыргалчылыгына колдонуу үчүн Кудайга тапшырган. Жахаба Кудай Машаякты б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында Иерусалимде чогулган шакирттерине ыйык рухту төгүүгө дайындоо менен анын курмандыгын кабыл алганын көрсөткөн (Элч. 2:33).

16 Машаяктын майланган жолдоочулары ошол замат башкаларды Кудайдын каарына калбаш үчүн Иса Машаяктын ысмынан чөмүлтүлүүгө үндөшкөн (Оку: Элчилер 2:38—40). Ошол тарыхый мааниге ээ болгон күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин ар улуттагы миллиондогон адамдар Исанын куткаруу курмандыгынын негизинде Кудай менен тыгыз мамиле түзүүдө (Жкн. 6:44). Эми биз эки маанилүү суроону карап чыгышыбыз керек: түбөлүк өмүр сүрүү үмүтүнө жакшы иштерибиздин негизинде ээ болдук беле? Ушул сонун үмүтүбүздү жоготуп алышыбыз мүмкүнбү?

17. Кудайдын досу болуу сыймыгына кандай карашың керек?

17 Чынында, биз кунга татыктуу эмеспиз. Ошентсе да бүгүнкү күндө миллиондогондор ага ишеним көрсөтүп, Кудай менен достук мамиле өрчүтүүдө жана бейишке айланган жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүү үмүтүнө ээ болууда. Жахабанын досу болгонубуз аны менен дайыма достук мамиледе болорубузга кепилдик бербейт. Кудайдын каары төгүлө турган күнү куткарылуу үчүн биз «Иса Машаяк төлөгөн кунга» дайыма терең ыраазычылык көрсөтүшүбүз керек (Рим. 3:24; оку: Филипиликтер 2:12).

Кунга дайыма ишеним көрсөт

18. Кунга ишеним көрсөтүү эмнени билдирет?

18 Бул макаланын негизги аяты Жакан 3:36дан көрүнүп тургандай, Мырзабыз Иса Машаякка ишеним көрсөтүү ага баш ийүүнү да билдирет. Кунга болгон ыраазычылык сезими бизди Исанын окутууларына, анын ичинде адеп-ахлактыкка байланыштуу үйрөткөндөрүнө ылайык жашоого түрткү бериши керек (Мр. 7:21—23). Эч өкүнбөй «бузуктук кылгандар», «адепсиз тамаша» айткандар, «ар кандай ыпыластыкка» баргандар, анын ичинде порнография көргөнүн койбогондор «Кудайдын каарына калышат» (Эф. 5:3—6).

19. Кунга болгон ишенимибизди кандай жолдор менен көрсөтсөк болот?

19 Кунга ыраазы болгонубуз Кудайга болгон берилгендигибизди көрсөткөн иштер менен алек болууга түрткү бериши зарыл (2 Пет. 3:11). Андыктан, келгиле, үзгүлтүксүз жана жалындуу тиленүүгө, Ыйык Китепти өз алдынча изилдөөгө, жыйналыш жолугушууларына катышууга, үй-бүлөлүк сыйынууну өткөрүүгө жана Падышалык жөнүндө кабар айтуу ишине ынталуу катышууга жетиштүү убакыт бөлөлү. «Ошондой эле жакшылык кылууну жана башкалар менен бөлүшүүнү унутпайлы», «анткени мындай курмандыктар Кудайга жагат» (Эвр. 13:15, 16).

20. Кунга дайыма ишеним көрсөткөндөрдүн баарын кандай баталар күтүп турат?

20 Бул ыймансыз дүйнөгө Жахабанын каары төгүлгөндө, биз кунга дайыма ишеним жана ыраазычылык көрсөткөнүбүз үчүн кандай гана кубанычта болобуз! Ал эми Кудайдын жаңы дүйнөсүндө Анын каарынан сактап калган бул чарага чексиз ыраазы болорубуз шексиз (Оку: Жакан 3:16; Аян 7:9, 10, 13, 14).

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Биз эмне үчүн кунга муктажбыз?

• Кун канчалык кымбатка турган?

• Кун кандай пайда алып келүүдө?

• Канткенде Исанын куткаруу курмандыгына ишеним көрсөткөн болобуз?

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги сүрөт]

Жахаба менен элдешүүгө эшик кенен ачык

[15-беттеги сүрөт]

Ыбрайым, Ыскак жана Жакып менен болгон окуялар кундун канчалык кымбатка турганын түшүнүүгө жардам берет