Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Иса эмне үчүн күнөөкөр катары таанымал болгон аялга: «Күнөөлөрүң кечирилди»,— деп айта алган? (Лука 7:37, 48).

Иса Симон деген фарисейдин үйүндө дасторконго жакын жамбаштап жатканда, бир аял анын бут жагына барып, буттарына көз жашын төгүп, чачы менен сүртөт. Анан буттарын назик өпкүлөп, жыпар жыттуу май менен майлайт. Инжилде айтылгандай, ал аял «ошол шаардагыларга күнөөкөр катары таанымал болгон». Албетте, жеткилеңсиз адамдардын баары күнөөкөр, бирок Жазмада «күнөөкөр» деген сөз көбүнесе күнөөгө баткан, жаман атка ээ болгон кишиге карата айтылат. Кыязы, ал аял сойку болгон. Так ошол аялга Иса: «Күнөөлөрүң кечирилди»,— деген (Лк. 7:36—38, 48). Муну менен Иса эмнени айткысы келген? Ошондо куткаруу курмандыгы али чалына элек болсо, кантип анын күнөөлөрү кечирилмек?

Аял Исанын бутун жууп, майлагандан кийин, бирок анын күнөөлөрү кечирилгенге чейин, Иса үйдүн кожоюну Симонго бир маанилүү ойду түшүндүрүш үчүн бир мисал айтып берген. Ал күнөөнү чоң карызга салыштырып, Симонго мындай деген: «Бир карыз берүүчүгө эки киши карыз болуп калат: бири беш жүз динар, экинчиси элүү динар. Алардын төлөп берүүгө эч нерсеси жок болгондуктан, карыз берүүчү экөөнүн тең карызын айкөлдүк менен кечип коёт. Эми экөөнүн кимиси аны көбүрөөк жакшы көрөт?» Симон: «Кимисинин карызын көбүрөөк кечсе, ошонусу деп ойлойм»,— деп жооп берет. «Туура айттың»,— дейт Иса (Лк. 7:41—43). Баарыбыз Кудайга тил алууга милдеттүүбүз, ошондуктан анын тилин албай, күнөө кетиргенибизде биз ага беришибиз керек болгон нерсени бере албай калган болобуз. Ошентип, карызыбыз топтоло берет. Бирок Жахаба карыздарды айкөлдүк менен кечирген карыз берүүчүдөй. Ошо себептен Иса өзүнүн жолдоочуларын Кудайга: «Биз башкалардын карыздарын кечиргенибиздей эле, биздин да карыздарыбызды кечире көр»,— деп тиленүүгө үндөгөн (Мт. 6:12, шилтеме). Лука 11:4тө ал карыздардын күнөө экени айтылат.

Кудай байыркы убакта күнөөлөрдү эмненин негизинде кечирчү? Анын жеткилең адилеттүүлүгү күнөө үчүн жаза өлүм болушун талап кылган. Ошо себептен Адам ата күнөөсү үчүн өмүрүнөн айрылган. Бирок Кудайдын ысрайыл элине берген Мыйзамы боюнча, күнөө кетирген киши Жахабага жаныбарларды курмандыкка чалуу менен андан кечирим ала алган. Элчи Пабыл: «Мыйзам боюнча, дээрлик бардык нерсе кан менен тазартылат. Кан төгүлмөйүнчө, кечирим болбойт»,— деген (Эвр. 9:22). Жүйүттөр муну Кудайдан кечирим алуунун жалгыз жолу деп билишкен. Ошондуктан Исанын күндөрүндө адамдардын анын күнөөкөр аялга айткан сөздөрүн сынга алганы таң калыштуу эмес. Иса менен бирге дасторкондо отургандар өз ара: «Күнөөлөрдү да кечиргидей бул ким өзү?» — дешкен (Лк. 7:49). Анда күнөөгө баткан аялдын күнөөлөрү эмненин негизинде кечирилген?

Түпкү ата-энебиз Жахабага каршы чыккандан кийин айтылган эң биринчи пайгамбарлыкта Жахабанын «тукумга» байланыштуу ой-ниети камтылган. Шайтан менен анын «тукуму» ошол «тукумдун» согончогун чакмак (Башт. 3:15). Кудайдын душмандары Исаны өлүмгө кыйганда, «тукумдун» согончогу чагылган (Гал. 3:13, 16). Машаяктын төгүлгөн каны адамзатты күнөө менен өлүмдөн куткара турган кун болгон. Жахабанын ой-ниетинин ишке ашышына эч нерсе бөгөт боло албай тургандыктан, Башталыш 3:15теги сөздөр айтылгандан кийин эле, Кудайдын көз алдында кун төлөнгөндөй болгон. Ошондуктан Кудай анын убадасына ишеним арткандарды кечире алган.

Жахаба Кудай Машаяк келгенге чейин жашаган көптөгөн кишилерди адил деп эсептеген. Алардын катарына Энох, Нух, Ыбрайым, Рахап жана Аюб кирет. Алар Кудайдын убадаларына бекем ишенип, ал убакытты чыдамсыздык менен күтүшкөн. «Ыбрайым Жахабага ишенди. Ошон үчүн адил деп табылды»,— деп жазган шакирт Жакып. Ал эми Рахап жөнүндө ал: «Анын сыңарындай, бузулган аял Рахап да... иштеринин негизинде адил деп жарыяланган эмес беле?» — деген (Жкп. 2:21—25).

Байыркы Ысрайылдын падышасы Дөөтү бир катар олуттуу күнөөлөрдү кетирген. Ошентсе да ар бир учурда ал чыныгы Кудайга бекем ишеним көрсөтүп, чын жүрөктөн өкүнгөнүн айгинелеген. Андан тышкары, Жазмада мындай делет: «Өзүнүн адилдигин көрсөтүү үчүн Кудай Машаякты анын канына болгон ишенимдин негизинде бизди өзү менен элдештирүүчү курмандык катары берди. Анткени Ал өзү сабырдуулук көрсөтүп келген убакта жасалган мурунку күнөөлөрдү кечирди. Ал муну өзүнүн адилдигин азыркы убакта да, Исага ишенгендерди адил деп жарыялай турган убакта да көрсөтүү үчүн кылды» (Рим. 3:25, 26). Жахаба келечекте чалына турган Исанын куткаруу курмандыгынын негизинде Дөөтүнүн күнөөлөрүн өзүнүн адилеттүүлүгүнүн талаптарын бузбай эле кечире алган.

Калыбы, Исанын бутун майлаган аялдын жагдайы да ошондой болгон. Ал адеп-ахлаксыз жашоо өткөрүп келсе да, чындап өкүнгөн. Ошондой эле ал күнөөлөрүнүн кечирилишине муктаж экенин түшүнгөн жана анын иштеринен көрүнүп тургандай, Жахаба адамзаттын күнөөсүн жууш үчүн колдонгон адамды чындап баалаган. Кун төлөнө элек болсо да, анын төлөнөрүнө эч кандай шек жок болгондуктан, анын баасы ошол аял сыяктуу адамдарга колдонула берген. Ошо себептен Иса ага: «Күнөөлөрүң кечирилди»,— деп айткан.

Бул окуядан көрүнүп тургандай, Иса күнөөкөр адамдарды четке каккан эмес. Тескерисинче, аларга жакшылык кылган. Арийне, Жахаба өкүнгөн күнөөкөрлөрдү кечирүүгө даяр. Бул биз үчүн, жеткилеңсиз адамдар үчүн, жүрөк жылытарлык кандай гана сонун жубатуу!

[7-беттеги сүрөт]

Булар адил деп эсептелген