Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сөзүңдөн мээримдүүлүк чагылдырылып турсун

Сөзүңдөн мээримдүүлүк чагылдырылып турсун

Сөзүңдөн мээримдүүлүк чагылдырылып турсун

«Оозунда акылмандык, тилинде мээримдүүлүктүн мыйзамы бар» (НАКЫЛ 31:26, «ЖД»).

1, 2. а) Жахабанын кызматчылары кайсы сапатты өрчүтүүгө чакырылат? б) Бул макалада эмне талкууланат?

БАЙЫРКЫ убакта жашаган Лемуел падышанын энеси ага көптөгөн нуска кептерди, анын ичинде жакшы аял кандай болоруна байланыштуу акыл-насааттарды айткан. Ал андай аялдын «оозунда акылмандык, тилинде мээримдүүлүктүн мыйзамы» болорун айтып өткөн (Накыл 31:1, 10, 26, «ЖД»). Акылдуу аялдын, дегеле Жахаба Кудайга жагууну каалагандардын баарынын тилинен мээримдүүлүк чагылдырылып турганы дурус (Оку: Накыл сөздөр 19:22 *). Ырас, чыныгы Кудайдын бардык кызматчыларынын сүйлөгөн сөзүнөн мээримдүүлүк айкын болуп турушу керек.

2 Мээримдүүлүк деген эмне? Ал кимге карата көрсөтүлөт? Тилибизде «мээримдүүлүктүн мыйзамы» болушу үчүн, эмне кылышыбыз керек? Сүйлөгөн сөзүбүздө мээримдүүлүктү чагылдыруу үй-бүлөбүз, ишенимдештерибиз менен болгон мамилебизге кандай таасир этет?

Мээримдүүлүк деген эмне?

3, 4. а) Мээримдүүлүк деген эмне? б) Мээримдүүлүк боорукердиктен же адамгерчиликтен эмнеси менен айырмаланат?

3 Мээримдүүлүк өз ичине сүйүүнү жана боорукердикти камтыйт. Боорукердик башкалардын жыргалчылыгына кызыкдар болуп, аларга кам көрүүнү билдирет — ал жакшы иштер, жылуу сөздөр менен көрсөтүлөт. Мээримдүүлүккө сүйүү да киргендиктен, ал сапат сүйүүдөн улам башкалардын камын ойлоону туюнтат. Бирок түп нускадагы мээримдүүлүк деп которулган сөз сүйүүдөн улам боорукердик көрсөтүүдөн да көптү билдирет. Мээримдүүлүк — бул кимдир бирөөгө, жакшы бир максат менен, ошол максатка жетмейин, даярдуулук жана берилгендик менен көрсөтүлө берилүүчү боорукердик.

4 Мээримдүүлүк боорукердиктен дагы бир жагынан айырмаланат. Боорукердик же адамгерчилик чоочун адамдарга да көрсөтүлүшү мүмкүн. Элчи Пабыл менен 275 киши кеме кыйроого учураганда, Мальта аралынын тургундары, аларды тааныбаган эле кишилер, аларга боорукердик көрсөтүшкөн (Элч. 27:37—28:2). Ал эми мээримдүүлүк жакын мамиледеги адамдардын бири бирине болгон берилгендиги менен тыгыз байланышта *. Буга кейниликтердин Мисирден келаткан ысрайылдыктарга жасаган мамилеси мисал боло алат (1 Шем. 15:6).

Мээримдүүлүк көрсөтүү үчүн ой жүгүртүү жана тиленүү маанилүү

5. Тилибизди ооздуктоого эмне жардам берет?

5 Сүйлөгөн сөзүбүздө мээримдүүлүктү чагылдыруу оңойго турбайт. Шакирт Жакып тил жөнүндө: «Тилди эч бир адам багындыра албайт. Тил — ээ-жаа бербеген жамандык. Ал өлүмгө дуушар кылуучу ууга толгон»,— деп жазган (Жкп. 3:8). Анда башкарууга оңой болбогон бул дене мүчөсүн ооздуктоого эмне жардам берет? Исанын ошол учурдагы диний жетекчилерге айткан сөздөрүнөн буга жооп алууга болот. Ал: «Адамдын жүрөгү эмнеге толсо, оозу ошону сүйлөйт»,— деген (Мт. 12:34). Ооба, тилибиз «мээримдүүлүктүн мыйзамына» баш ийиши үчүн, биз ал сапатты жүрөгүбүзгө — ички дүйнөбүзгө — уялатышыбыз керек. Буга ой жүгүртүү жана тиленүү кандайча жардам берерин карап көрөлү.

6. Эмне үчүн Жахабанын мээримдүүлүгүн чагылдырган иштери жөнүндө ыраазычылык менен ой жүгүртүшүбүз керек?

6 Ыйык Китепте Жахабанын чексиз мээримдүү Кудай экени айтылат (Чыг. 34:6, «ЖД»). Забурчу: «Жер бети Сенин ырайымыңа [«мээримдүүлүгүңө», «ЖД»] толгон, Теңирим»,— деп ырдаган (Заб. 118:64). Жазмада Жахабанын өзүнүн кызматчыларына кантип мээримдүүлүк көрсөткөнү жөнүндөгү билдирүүлөр арбын. Жахабанын иштери жөнүндө ыраазычылык менен ой жүгүртүүгө убакыт бөлүү бизге Кудайдын ошол асыл сапатын өрчүтүүгө көмөк кылат (Оку: Забур 76:13).

7, 8. а) Жахаба Лот менен анын үй-бүлөсүнө кантип мээримдүүлүк көрсөткөн? б) Дөөтү Кудайдын мээримдүүлүк көрсөткөнүнө карата кандай сезимде болгон?

7 Мисалы, Жахабанын Содомду кыйратарда Ыбрайымдын ал шаарда жашаган иниси Лотту үй-бүлөсү менен кантип куткарганы тууралуу ойлонуп көрөлү. Шаардын таш-талканы чыгар сааты жакындап калганда, периште Лотко келип, аны үй-бүлөсү менен тезинен ал шаардан чыгып кетүүгө шаштырат. «Лот шашпагандыктан,— делет Ыйык Китепте,— [периштелер] Теңирдин ага болгон ырайымынан улам аны, аялын, эки кызын колдорунан алып, шаардын сыртына алып чыгышты». Кудайдын аларды куткарып, мээримдүүлүк көрсөткөнү тууралуу ойлонгонубузда жүрөгүбүз козголбойбу? (Башт. 19:16, 19).

8 Байыркы Ысрайылдын падышасы Дөөтүнүн мисалын да карап көрөлү. «[Жахаба] сенин бардык мыйзамсыз иштериңди кечирет, сенин бүт ооруларыңды айыктырат»,— деп ырдаган ал. Бат-Шеба менен кылган күнөөсүн кечиргени үчүн Дөөтү Жахабага миң мертебе ыраазы болсо керек. Ал Жахабаны даңазалап: «Асман жерден кандай бийик болсо, Теңирден корккондорго Анын ырайымы [«мээримдүүлүгү», «ЖД»] ошондой зор»,— деген (Заб. 102:3, 11). Жазмадагы ушул жана башка билдирүүлөр жөнүндө ой жүгүртүү жүрөгүбүздү Жахабанын мээримдүүлүгүнө болгон ыраазычылык сезимине толтуруп, аны даңктап-даңазалоого түрткү берет. Чынында эле, жүрөгүбүздө Жахабанын мээримдүүлүгүнө канчалык ыраазы болсок, чыныгы Кудайды тууроого ошончолук ынтызар болобуз (Эф. 5:1).

9. Жахабанын кызматчыларында күнүмдүк жашоосунда мээримдүүлүктү чагылдырууга кандай орчундуу себеп бар?

9 Жазмадагы мисалдар айгинелеп тургандай, Жахаба мээримдүүлүгүн — берилгендик менен көрсөтүлүүчү сүйүүсүн — өзү менен ынак мамиле өрчүткөндөргө көрсөтөт. Ал эми тирүү Кудай менен тыгыз мамиледе болбогондор жөнүндө эмне айтууга болот? Жахаба аларга ырайымсыз же катаал мамиле кылабы? Албетте, жок! Лука 6:35те: «[Кудай] жакшылыкты билбегендер менен жамандарга да жакшылык кылат»,— делет. «Ал күнүн жаманга да, жакшыга да тийгизип, жамгырын адилге да, адил эмеске да жаадырат» (Мт. 5:45). Чындыкты таанып-билип, ага ылайык жашай баштаганыбызга чейин, Кудай бизге боорукердигин көрсөтүп келген. Бирок анын кызматчылары болгонубуздан тартып, ал бизди туруктуу мээримдүүлүгүнө — берилгендик менен көрсөтүлүүчү сүйүүсүнө — бөлөп келет (Оку: Ышайа 54:10 *). Биз буга кандай гана ыраазыбыз! Бул сүйлөгөн сөзүбүздө, дегеле күнүмдүк жашообуздун бардык тармагында мээримдүүлүктү чагылдырууга орчундуу себеп эмеспи?!

10. Мээримдүүлүк жан дүйнөбүздүн ажырагыс бөлүгү болушу үчүн эмне себептен тиленүү маанилүү?

10 Мээримдүүлүктү өрчүтүүгө жардам берген эң маанилүү нерселердин бири — тиленүү. Анткени мээримдүүлүктүн курамына кирген сүйүү менен боорукердик Жахабанын ыйык рухунун жемиши болуп эсептелет (Гал. 5:22). Ал рухтун бизге таасир этишине жол берсек, жүрөгүбүздө мээримдүүлүк сапаты өрчүйт. Ал эми Жахабанын ыйык рухуна ээ болуунун негизги жолу — аны сурап тиленүү (Лк. 11:13). Андыктан Кудайдан рухун сурап кайра-кайра тиленишибиз жана ага жетектелишибиз керек. Арийне, тилибизде «мээримдүүлүктүн мыйзамы» болушу үчүн, ой жүгүртүү жана тиленүү абдан маанилүү.

Жубайлар канткенде сүйлөгөн сөзүндө мээримдүүлүктү чагылдыра алышат?

11. а) Жахабанын күйөөлөрдөн зайыбына мээримдүүлүк көрсөтүшүн талап кыларын кайдан билебиз? б) Мээримдүүлүк күйөөлөргө тилин ооздуктоого кандайча жардам берет?

11 Элчи Пабыл күйөөлөргө: «Аялыңарга болгон сүйүүңөрдү муздатпагыла. Машаяк да жыйналышты сүйүп, ал үчүн өмүрүн берген»,— деген (Эф. 5:25). Ошондой эле аларга Жахабанын Адам менен Обого айткан сөздөрүн эскертип: «Адам өзүнүн ата-энесин калтырып, аялы менен биригет да, экөө бир дене болот»,— деп жазган (Эф. 5:31). Ооба, Жахаба күйөөлөрдөн аялына берилгендигин сактап, ар дайым мээримдүүлүк көрсөтүшүн талап кылат. Сүйлөгөн сөзүндө берилгендик менен көрсөтүлүүчү сүйүүнү чагылдырган күйөө элдин көзүнчө аялынын кемчилик-каталарын айтпайт, басынтып, кадыр-баркын түшүрбөйт. Тескерисинче, ал жубайын мактоодон кубаныч алат (Накыл 31:28). Экөөнүн ортосунда келишпестик пайда болсо, мээримдүүлүк күйөөнү зайыбына кемсинтерлик сөздөрдү айтуудан сактайт.

12. Тили «мээримдүүлүктүн мыйзамына» жетектелерин зайып кантип көрсөтө алат?

12 Зайыптын тили да «мээримдүүлүктүн мыйзамына» жетектелиши зарыл. Анын сөзү бул дүйнөнүн рухун чагылдырбашы керек. Мээримдүү аял жолдошун «терең урматтайт» жана башкалардын алдында ал жөнүндө жакшы сөздөрдү айтып, кадыр-баркын көтөрөт (Эф. 5:33). Ошондой эле балдардын көз алдында атасынын аброюн түшүргүсү келбегендиктен алардын көзүнчө аны менен талашып-тартышуудан же оюнун тууралыгына шек келтирүүдөн качат. Ал андай нерселер жөнүндө аны менен өзүнчө сүйлөшөт. «Акылдуу аял үйүн курат»,— делет Ыйык Китепте (Накыл 14:1). Мындай аялдын үйү бүт үй-бүлөсүнө бейкуттук тартуулаган жагымдуу жай болот.

13. Мээримдүүлүк өзгөчө кайсы жерде чагылдырылышы керек жана муну кантип кылууга болот?

13 Жубайлар үйдө өздөрүнчө калышканда да алардын сүйлөгөн сөзүнөн бири-бирин урматтап-сыйлаары айкын болушу керек. Пабыл: «Булардын баарынан: каардан, ачуудан, жамандыктан, кемсинтерлик сөздөрдөн арылгыла; оозуңардан эч кандай адепсиз сөздөр чыкпасын»,— деп жазган. Анан мындай деп кошумчалаган: «Назиктик менен көрсөтүлүүчү боорукердикти, аккөңүлдүктү, момундукту, жумшактыкты жана чыдамкайлыкты кийгиле... Сүйүүнү кийгиле, анткени ал жеткилең түрдө бириктирет» (Кол. 3:8, 12—14). Балдар үйдө мээримдүүлүктү чагылдырган жылуу-жумшак сөздөрдү дайыма угушса, алар бардык жагынан гүлдөп-өсүшөт, ал эле эмес, ата-энесинин сүйлөө адебин тууроого түрткү алышат.

14. Үй-бүлө башчылары канткенде тилин жакындарын сооротуу үчүн колдоно алышат?

14 Забурчу Жахабага: «Мээримдүүлүгүң мага сооронуч болсо экен»,— деп тиленген (Заб. 118:76, «ЖД»). Жахаба өз элин, негизинен, акыл-насаат айтып, жетекчилик берүү менен сооротот (Заб. 118:105). Үй-бүлө башчылары канткенде асмандагы Атабыздын үлгүсүнө карманып, тилин жакындарын сооротуу үчүн колдоно алышат? Муну алар үй-бүлөсүнө зарыл жетекчилик берип, бекемдеп-колдоо менен кыла алышат. Үй-бүлө менен сыйынуу кечи рухий кенчтерди табууга кандай сонун мүмкүнчүлүк берет! (Накыл 24:4).

Ишенимдештериңе берилгендик менен сүйүү көрсөт

15. Аксакалдар жана рухий жактан жетилген башка бир туугандар тилин жыйналыштагыларды коргоо үчүн кантип колдоно алышат?

15 Дөөтү падыша: «Сенин ырайымың [«мээримдүүлүгүң», «ЖД»] менен чындыгың мени дайыма коргоп жүрсүн»,— деп тиленген (Заб. 39:12). Жыйналыштагы аксакалдар жана рухий жактан жетилген башка бир туугандар Жахабаны бул жагынан кантип туурай алышат? Тилин бир туугандардын көңүлүн Жазмадагы маалыматка буруу үчүн колдонуу менен. Анткени бул мээримдүүлүк көрсөткөндүккө жатат (Накыл 17:17).

16, 17. Тилибиз мээримдүүлүктүн мыйзамына жетектелерин кантип көрсөтсөк болот?

16 Ишенимдешибиздин ыйык китептик принциптерди бузуп жатканын байкасак, эмне кылышыбыз керек? Мээримдүүлүк бизге аны оңдоп-түзөөгө түрткү бериши керек эмеспи? (Заб. 140:5). Ал эми ишенимдешибиздин олуттуу күнөө кетиргенин билсек, берилгендик менен көрсөтүлүүчү сүйүүбүздөн улам аны «жыйналыштын аксакалдарын чакырууга» үндөйбүз. Анткени алар «Жахабанын атынан май менен майлап, ал үчүн тиленишет» (Жкп. 5:14). Эгер күнөө кетирген киши аксакалдар менен байланышпай жатса, ал жөнүндө аксакалдарга билдирбегенибиз сүйүүгө да, боорукердикке да жатпай калмак. Айрым бир туугандарыбыз көңүл чөгөттүккө, көңүл кайттыкка учурашы, өзүн жалгыз же эч нерсеге татыксыз сезиши мүмкүн. Андайда «көңүлү чөккөндөрдү сооротуу» менен тилибизде мээримдүүлүктүн мыйзамы бар экенин айгинелейбиз (1 Тес. 5:14).

17 Кудайдын душмандары ишенимдештерибиз жөнүндө ушак-айың айтса, эмне кылышыбыз керек? Бир туугандарыбыздын актыгына шек санагандын ордуна, унчукпай эле андай сөздөрдү кулактын сыртынан өткөрүп жиберишибиз керек же ишенимдештерибизди каралап жаткан киши акыл-эстүү болсо, айткандарынын негиздүү экенине көзү жетер-жетпесин сурасак болот. Кудайдын элинин душмандары бизден бир туугандарыбызга зыян келтирүү үчүн алардын каякта экенин айтууну талап кылса, берилгендик менен көрсөтүлүүчү сүйүү эч кандай маалымат бербөөгө түрткү берет (Накыл 18:24).

Мээримдүү киши өмүр табат

18, 19. Эмне себептен ишенимдештерибиз менен болгон мамилебизде «мээримдүүлүктүн мыйзамы» дайыма айкын болушу керек?

18 Жахабанын кызматчылары менен болгон мамилебизде берилгендик менен көрсөтүлүүчү сүйүүбүз дайым айкын болуп турушу керек. Жадагалса оор жагдайларда да тилибизден «мээримдүүлүктүн мыйзамы» кетпеши керек. Жахаба Ысрайыл уулдарынын мээримдүүлүгү «эрте жок болуп кетүүчү шүүдүрүмдөй» болгон учурда кайгырган (Ош. 6:4, 6). Бирок кызматчыларынын мээримдүүлүктү туруктуулук менен көрсөткөнү анын жүрөгүн кубантат. Анда Жахаба мээримдүүлүккө умтулгандарга кандай бата берет?

19 Накыл сөздөр 21:21де: «Акыйкаттык менен кайрымдуулукту сактаган [«мээримдүүлүккө умтулган», «ЖД»] адам өмүрдү, чындыкты, атак-даңкты табат»,— делет. Андай адам мол бата алат, анын ичинде өмүр табат. Ал ээ боло турган өмүр — көз ирмемде сызып өткөн тирилик эмес, чексиз өмүр. Жахаба ага «чыныгы жашоого бекем карманууга» жардам берет (1 Тим. 6:12, 19). Эмесе, келгиле, бири-бирибизге мээримдүүлүк көрсөтүүгө бүт күч-аракетибизди жумшай берели! (Зах. 7:9).

[Шилтемелер]

^ 1-абз. Накыл сөздөр 19:22 («ЖД»): «Адамдагы баалуу сапат — анын мээримдүүлүгү. Жакыр киши жалганчыдан артык».

^ 4-абз. Мээримдүүлүктүн берилгендиктен, сүйүүдөн жана боорукердиктен эмнеси менен айырмаланары жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн 2002-жылдын 1-июнундагы «Күзөт мунарасынын» 8, 9, 14, 15-беттерин карагыла.

^ 9-абз. Ышайа 54:10 («ЖД»): «„Тоолор алысташы мүмкүн, адырлар солкулдашы мүмкүн, бирок менин мээримдүүлүгүм сенден алыстабайт, тынчтык келишимим туруксуз болбойт“,— дейт сага кайрымдуулук көрсөткөн Жахаба».

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Мээримдүүлүккө кандай аныктама берет элеңер?

• Тилибизде «мээримдүүлүктүн мыйзамы» болушу үчүн, эмне кылышыбыз керек?

• Жубайлар сүйлөгөн сөзүндө берилгендик менен көрсөтүлүүчү сүйүүнү кантип чагылдыра алышат?

• Ишенимдештерибиз менен мамилелешүүдө тилибизде мээримдүүлүктүн мыйзамы бар экени эмнеден айкын болот?

[Изилдөө суроолору]

[23-беттеги сүрөт]

Дөөтү Жахабанын мээримдүүлүгүн даңазалаган

[24-беттеги сүрөт]

Үй-бүлө менен сыйынуу кечин үзгүлтүксүз өткөрөсүңөрбү?