Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Так болуу эмне үчүн маанилүү?

Так болуу эмне үчүн маанилүү?

Так болуу эмне үчүн маанилүү?

ТАК болуу, башкача айтканда, кечикпей жүрүү дайыма эле оңойго турбайт. Буга жолдун алыстыгы, жол тыгыны же тыгыз график сыяктуу нерселер тоскоолдук кылышы мүмкүн. Анткен менен так болуу абдан маанилүү. Маселен, жумушта так жүргөн, кечикпеген жумушчу ишеничтүү, аракетчил киши катары каралат. Ал эми кечиккен киши башкалардын жумушуна, өндүрүштүн жана тейлөө кызматынын сапатына терс таасир тийгизиши ыктымал. Көп кечиккен окуучулар, студенттер сабакты калтыргандыктан программадан артта калып, жакшы билим албай калышат. Дарыгерге же тиш доктурга кечигип баруу дарылануунун сапатына кедергисин тийгизбей койбойт.

Бирок айрым жерлерде тактыкка анча деле маани берилбейт. Андай чөйрөдө кечигүү оңой эле адатка айланып калышы мүмкүн. Эгер ошондой болсо, дайыма так жүрүүгө болгон каалоо өрчүтүшүбүз керек. Кечикпөөнүн маанилүүлүгүн түшүнүү бизге так жүрүүгө жардам берет. Эмне себептен так болушубуз керек? Канткенде так болууга үйрөнө алабыз? Так жүрүүнүн аркасында кандай пайда алабыз?

Жахаба — так Кудай

Так болгубуз келгенинин эң негизги себеби биз Кудайыбызды туурагыбыз келет (Эф. 5:1). Жахаба так болуу жагынан эң мыкты үлгү көрсөтөт. Ал эч качан кечикпейт. Ал ой-ниетин жүзөгө ашырууда белгилеп койгон мөөнөтүнө тыгыз карманат. Мисалы, Жахаба ыймансыз дүйнөнү Топон суу менен жок кылууну чечкенде Нухка: «Сен өзүңө гофер жыгачынан туюк кеме жаса»,— деген. Алааматтын убакыт-сааты жакындап калганда Жахаба Нухка кемеге кирүүнү буйруп: «Жети күндөн кийин Мен жер бетине кырк күн, кырк түн жамгыр төгүп, Өзүм жараткан тирүү жандардын баарын жер бетинен жок кылам»,— деген. Анан так ошол убакта, «жети күн өткөндөн кийин жер бетин топон суу каптаган» (Башт. 6:14; 7:4, 10). Нух үй-бүлөсү менен кемеге өз убагында кирбей калса, эмне болмоктугун элестетсеңер. Ырас, алар, өздөрү сыйынган Кудайды туурап, так болушу керек эле.

Топон суудан 450 жылдай убакыт өткөндө Жахаба уруу аксакалы Ыбрайымга уулдуу болорун жана андан убадаланган Тукум чыгарын билдирген (Башт. 17:15—17). Кудай Ыскактын «келерки жылы ушул маалда» төрөлөрүн айткан. Чынында эле ошондой болду беле? Жазмада: «Сааранын боюна бүтүп, Кудай айткан мезгилде... [Ыбрайымга] уул төрөп берди»,— делет (Башт. 17:21; 21:2).

Ыйык Китепте Кудайдын так экенин көрсөткөн билдирүүлөр көп (Жер. 25:11—13; Дан. 4:20—25; 9:25). Анда Жахабанын келечекте боло турган сот күнүн күтүшүбүз керектиги айтылат. Адамдык көз караш менен караганда «создуктурулуп» жаткандай сезилсе да, ал күн «кечикпей келет» (Хаб. 2:3, «ЖД»).

Сыйынууда тактыктын маанилүүлүгү

Ысрайылдын эркектеринен «Теңирдин... майрамдары» өткөрүлчү жерге белгиленген убакта келип туруу талап кылынган (Леб. 23:2, 4). Андан сырткары, Кудай кайсы курмандыкты качан чалуу керектигине байланыштуу белгилүү бир убакытты бекиткен (Чыг. 29:38, 39; Леб. 23:37, 38). Бул Кудайдын өзүнүн кызматчыларынын сыйынууда так болушун каалаарын көрсөтүп турган жокпу?

Биринчи кылымда элчи Пабыл корунттуктарга жыйналыш жолугушууларын кандайча өткөрүү керектигине байланыштуу көрсөтмө берип: «Бардыгы өз орду, өз тартиби менен болсун»,— деген (1 Кор. 14:40). Мындан көрүнүп тургандай, Исанын жолдоочуларынын сыйынууга арналган жолугушуулары өз убагында башталышы керек эле. Жахабанын тактыкка байланыштуу көз карашы өзгөргөн жок (Мал. 3:6). Анда биз жыйналыш жолугушууларына өз убагында баруу үчүн эмне кылсак болот?

Так болууга эмне жардам берет?

Айрымдар алдын ала пландаштыруунун чоң жардам берерин байкашкан (Накыл 21:5). Мисалы, кайсы бир жерге белгилүү бир убакытта барып калыш керек болсо, араң жетишип баргыдай болуп кеч чыгуу акылдуулукка жатабы? Убагында баруу үчүн күтүлбөгөн жагдайлар болуп кетишин эске алып, бир канча мүнөт эртерээк камына баштоо дурус эмеспи? (Нас. 9:11, «ЖД»). «Жолго канча убакыт кетерин жакшылап ойлонуштуруп алуу кечикпөөгө жардам берет»,— дейт дайыма так жүргөн Хосэ * деген жигит.

Кээ бирөөлөргө жумуштан эртерээк чыгып, жыйналыш жолугушууларына өз убагында баруу үчүн айрым чараларды көрүү зарыл болушу мүмкүн. Эфиопиядагы бир Күбө дал ошондой кылган. Ал жыйналышка жумушунан графиги боюнча иштеп бүткөндөн кийин чыкса, 45 мүнөт кечигип бармак. Ошондуктан кезектешинен жыйналыш күндөрү жумушка эртерээк келишин суранган. Өзү болсо анын ордуна жети саат иштеп берип турууга макулдашкан.

Эгер үй-бүлөдө балдар бар болсо, жыйналышка өз убагында баруу оңой болбошу мүмкүн. Балдарды кийинтип-даярдоого негизинен эне жооптуу болсо да, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү да ага жардам бере алышат жана жардам бериши керек. Мексикалык Эсперанза аттуу эне жалгыз сегиз баланы тарбиялайт. Алардын жашы 5тен 23кө чейин. Эсперанза үй-бүлөсүнүн кечикпөө үчүн кандай иш-аракет кыларын айтып мындай дейт: «Улуу кыздарым кичүүлөрүн камдашат. Бул мага үй жумуштарын бүтүрүп, өзүм даяр болуп, жыйналышка белгиленген убакта чыгып кетүүгө өбөлгө түзөт». Бул үй-бүлө үйдөн чыгууга бир убакытты белгилеп койгон жана ар бири ошого карманууга аракет жасайт.

Сыйынууда так болуунун пайдасы

Жыйналыш жолугушууларына өз убагында баруунун пайдасы жөнүндө ой жүгүртүү так болууга болгон каалообузду өрчүтүп, буга колдон келишинче аракет кылууга түрткү берет. Жолугушууларга эртерээк барууну адат кылып алган Сандра деген кыз мындай деп ой бөлүшөт: «Жыйналышка эрте барганды жакшы көрөм. Себеби бул мага бир туугандар менен учурашууга, пикирлешүүгө жана алар менен жакыныраак таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт». Падышалык залына эртерээк барсак, ишенимдештерибиздин туруктуулугу, ишенимдүү кызматы жөнүндө билип, бекемделебиз. Жыйналышка катышуу жана бекемдээрлик пикир алышуу менен биз бир туугандарга жакшы таасир этип, аларды «сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөй» алабыз (Эвр. 10:24, 25).

Ар бир жолугушууну ачкан ыр жана тиленүү сыйынуубуздун маанилүү бөлүгү болуп эсептелет (Заб. 149:1). Ырдоо менен биз Жахабаны даңктайбыз, кайсы сапаттарды өрчүтүшүбүз керектигин эсибизге салабыз, кубаныч менен кызмат кылууга түрткү алабыз. Ал эми жолугушуунун башындагы тиленүү жөнүндө эмне айтууга болот? Байыркы убакта Жахаба ибадаткананы «сыйынуу үйүм» деп атаган (Ыш. 56:7). Бүгүнкү күндө да биз жыйналышка Кудайга тиленип-сыйынуу үчүн барабыз. Алгачкы тиленүү менен Жахабадан жетекчилик жана ыйык рух сураганыбыздан тышкары, жүрөгүбүз менен акылыбызды бериле турган маалыматты кабыл алууга даярдайбыз. Ошондуктан алгачкы ыр менен тиленүүгө катышуу үчүн жолугушууларга өз убагында барууга чечкиндүү болушубуз керек.

23 жаштагы Хелен жолугушууларга эмне себептен дайыма эрте барарын минтип түшүндүрөт: «Жыйналышта берилген бардык маалыматты, анын ичинде ырлар менен алгачкы тиленүүнү Жахаба караштыргандыктан, жыйналышка эрте баруу менен Ага болгон сүйүүмдү көрсөтө алам». Биз да ушундай көз карашта болушубуз керек эмеспи? Андыктан, келгиле, бардык иштерде, айрыкча, чыныгы Кудайга сыйынуубузга байланыштуу иштерде так болууну адат кылып алууга бүт күчүбүздү жумшайлы.

[Шилтемелер]

^ 12-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.

[26-беттеги сүрөт]

Алдын ала жакшылап даярдан

Күтүлбөгөн жагдайларды эске ал

Жыйналышка эрте барсаң, көп пайда аласың