Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Биримдик — чыныгы сыйынуунун белгиси

Биримдик — чыныгы сыйынуунун белгиси

Биримдик — чыныгы сыйынуунун белгиси

«Аларды... бир короодогу койлордой... чогултам» (МИХ. 2:12).

1. Жаратуулар кандайча Кудайдын акылмандыгын чагылдырып турат?

«СЕНИН иштериң кандай көп, Теңир! Сен баарын даанышмандык менен жасагансың. Жер Сен жараткан нерселерге толгон»,— деп ырдаган забурчу (Заб. 103:24). Жердин укмуштуудай татаал экосистемасындагы өсүмдүктөрдүн, курт-кумурскалардын, жан-жаныбарлардын жана бактериялардын миллиондогон түрлөрүнүн бири-бирин толуктагыдай болуп жаратылганы Кудайдын акылмандыгын чагылдырып турат. Ошондой эле денебиздеги миңдеген түрдүү механизмдердин баары, салыштырмалуу чоң органдардан тартып клеткаларыбыздагы кыпкымындай молекулярдык бөлүктөргө чейин, бүтүндөй бир денени түзүп, эриш-аркак иштейт.

2. 13-бетте көрсөтүлгөндөй, Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларынын биримдиги керемет болгон деп эмне үчүн айтууга болот?

2 Жахаба адамдарды сырткы көрүнүшү, кулк-мүнөзү жана шык-жөндөмдүүлүктөрү жагынан ар кандай кылып, бири-бирин толуктагыдай кылып жараткан. Андан тышкары, ал адамдарга бири-бири менен кызматташууга жана бири бирине көмөк көрсөтүүгө өбөлгө түзгөн өзүнүкүндөй сапаттарды берген (Башт. 1:27; 2:18). Анткен менен адамзат дүйнөсү жалпысынан Кудайдан алыстап кеткен жана такыр биримдикте жашай албай келет (1 Жкн. 5:19). Андыктан Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларынын жыйналышы ар кандай адамдардан, алсак, эфестик кулдардан, таасирдүү грек аялдардан, илим-билимдүү жүйүт эркектерден жана мурда бурканга сыйынган кишилерден турганын эске алсак, алардын биримдиги башкалар үчүн керемет болсо керек (Элч. 13:1; 17:4; 1 Тес. 1:9; 1 Тим. 6:1).

3. Ыйык Китепте Исанын жолдоочуларынын биримдиги кандай сүрөттөлөт жана бул макалада эмнени карап чыгабыз?

3 Чыныгы сыйынуу адамдарга, бир дененин мүчөлөрүндөй болуп, шайкеш иш-аракет кылууга өбөлгө түзөт (Оку: 1 Корунттуктар 12:12, 13). Бул макалада буга байланыштуу бир нече суроону карап чыгабыз: чыныгы сыйынуу адамдарды кандайча бириктирет? Эмне үчүн бир гана Жахаба бардык улуттагы миллиондогон адамдарды бириктире алат? Жахаба бизге ынтымакты ыдырата турган кайсы кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берет? Биримдик жагынан Исанын чыныгы жолдоочулары христиан дүйнөсүнөн кандай айырмаланат?

Чыныгы сыйынуу адамдарды кандайча бириктирет?

4. Чыныгы сыйынуу адамдарды кандайча бириктирет?

4 Жахаба — бардык нерсени жараткандыктан, ааламдын толук укуктуу Эгедери. Чыныгы сыйынууну туткан адамдар муну жакшы түшүнүшөт (Аян 4:11). Ошо себептен Исанын чыныгы жолдоочулары ар кандай коомдо, ар кандай жагдай-шартта жашашса да, баары Кудайдын бир мыйзамдарына баш ийип, ыйык китептик бир принциптерге жетектелишет. Чыныгы сыйынуучулардын баары Жахабага «Ата» деп кайрылышат (Ыш. 64:8; Мт. 6:9). Ошондуктан алар рухий бир туугандар болуп эсептелишет жана забурчу сүрөттөгөн сонун биримдиктен ырахат алышат. Ал: «Бир туугандардын чогуу жашаганы кандай жакшы, кандай сонун!» — деген (Заб. 132:1).

5. Кайсы сапат чыныгы сыйынуучулардын биримдигине өбөлгө түзөт?

5 Исанын чыныгы жолдоочулары жеткилеңсиз болушса да, бири-бирин сүйүүгө үйрөнгөндүктөн биримдикте сыйынышат. Буга аларды Жахаба үйрөтүүдө. Сүйүү өрчүтүүгө андан артык эч ким үйрөтө албайт (Оку: 1 Жакан 4:7, 8). Анын Сөзүндө мындай делет: «Назиктик менен көрсөтүлүүчү боорукердикти, аккөңүлдүктү, момундукту, жумшактыкты жана чыдамкайлыкты кийгиле. Кимдир бирөөңөрдүн башка бирөөгө нааразы болушуна себеп бар болсо, көтөрүмдүү болуп, бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле. Жахаба силерди айкөлдүк менен кечиргендей, силер да кечиргиле. Булардан сырткары, сүйүүнү кийгиле, анткени ал жеткилең түрдө бириктирет» (Кол. 3:12—14). Сүйүү — биримдиктин жеткилең түйүнү — Исанын чыныгы жолдоочуларын айырмалап турган негизги сапат. Чыныгы сыйынууну биримдик өзгөчөлөп турарына күбө болуп жаткан жоксуңбу? (Жкн. 13:35).

6. Падышалыкка болгон үмүт кандайча биримдикке өбөлгө түзөт?

6 Чыныгы сыйынуучулар Кудайдын Падышалыгынын адамзат үмүт артса боло турган жападан жалгыз өкмөт экенин билишет. Ошо себептен да алардын арасында биримдик өкүм сүрөт. Алар Кудайдын Падышалыгынын жакын арада адамдык өкмөттөрдүн ордуна бийлик кылып, тил алчаак адамзатты түбөлүккө созула турган нагыз тынчтыкка бөлөөрүн билишет (Ыш. 11:4—9; Дан. 2:44). Андыктан Исанын чыныгы жолдоочулары анын: «Мен дүйнөгө таандык болбогондой эле, алар да дүйнөгө таандык эмес»,— деген сөздөрүнө олуттуу маани беришет (Жкн. 17:16). Алар бул дүйнөдөгү кагылышууларда бейтараптуулук сакташкандыктан, тегерегиндегилер согушуп жатышса да, ынтымакта жашап келишет.

Бир булактан келген рухий жетекчилик

7, 8. Ыйык Китепке негизделген жетекчилик кандайча биримдикке шарт түзүүдө?

7 Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларынын баары бир булактан жетекчилик алгандыктан да биримдиктен кубаныч алышкан. Алар Исанын жыйналышты Иерусалимдеги элчилерден жана аксакалдардан турган жетектөөчү кеңеш аркылуу окутуп-үйрөтүп, жетекчилик берерин билишкен. Ал ишенимдүү эркектер Кудай Сөзүнүн негизинде чечим чыгарышчу, ал эми кыдыруучу көзөмөлчүлөр алардын көрсөтмөлөрүн ар кайсы жерлерде жайгашкан жыйналыштарга жеткиришчү. Андай көзөмөлчүлөрдүн айрымдары тууралуу Ыйык Китепте мындай делет: «Алар шаарларды кыдырып, биртуугандарга Иерусалимдеги элчилер менен аксакалдар чыгарган чечимдерди сактоо керектигин айтып жүрүштү» (Элч. 15:6, 19—22; 16:4).

8 Ошол сыңары, бүгүнкү күндө Исанын майланган жолдоочуларынан турган бир Жетектөөчү Кеңештин болгону бүткүл дүйнө жүзүндөгү жыйналыштардын биримдигине шарт түзүүдө. Жетектөөчү Кеңеш рухий жактан бекемдеген адабияттарды көптөгөн тилдерде басып чыгарат. Бул рухий тамак Кудай Сөзүнө негизделет. Демек, берилип жаткан билим адамдардан эмес, Жахабадан келет (Ыш. 54:13).

9. Кудай тапшырган иш биримдигибизге кандайча өбөлгө түзөт?

9 Жыйналыштагы көзөмөлчүлөр да кабар айтуу ишинде жетекчиликти колго алуу менен биримдикке салым кошушат. Кудайга ийиндеш туруп кызмат кылгандардын ортосундагы тыгыз мамиле бул дүйнөдөгү кандайдыр бир карым-катнашта болгон адамдардын ортосундагы мамиледен алда канча бекем. Исанын жолдоочуларынын жыйналышы кандайдыр бир алака-мамилелерди түзүү үчүн эмес, Жахабаны даңктоо үчүн, ошондой эле жакшы кабарды жарыялоо, шакирт даярдоо жана анын элин кубаттап-бекемдөө үчүн уюшулган (Рим. 1:11, 12; 1 Тес. 5:11; Эвр. 10:24, 25). Ошондуктан элчи Пабыл Исанын жолдоочуларынын «жакшы кабарга негизделген ишеним үчүн ийиндеш туруп, бир кишидей күрөшүшүнө», «бир ойдо бекем турушуна» тилектеш болгон (Флп. 1:27).

10. Кудайдын эли катары биз эмненин аркасында бириккенбиз?

10 Ырас, Жахабанын эли катары биз анын эгедерлигин кабыл алгандыктан, бир туугандарыбызды сүйгөндүктөн, Кудайдын Падышалыгына үмүттөнгөндүктөн жана Ал бизди жетектөө үчүн колдонгон адамдарды урматтагандыктан биримдиктебиз. Андан тышкары, Жахаба жеткилеңсиздигибизден улам пайда болгон жана арабызга жарака түшүрүп, ыркыбызды кетире турган терс сапаттарды жеңүүгө жардам берет (Рим. 12:2).

Текебердикти жана көрө албастыкты жеңүү

11. Эмне себептен текебердик адамдарды бөлүп-жарат жана Жахаба бизге аны жеңүүгө кантип жардам берет?

11 Текебердик адамдарды бөлүп-жарат. Менменсинген киши өзүн башкалардан жогору койгонду жакшы көрөт, мактанып кумарын кандырат. Бирок бул көп учурда биримдиктин жолун бөгөйт. Кимдир бирөөнүн мактанганын уккан кишинин жүрөгүндө көрө албастык уялай башташы мүмкүн. Шакирт Жакып: «Менменсингендиктин баары — жаман нерсе»,— деп ачык эле айткан (Жкп. 4:16). Башкаларды төмөн эсептөө сүйүү көрсөтүүгө жатпайт. Арийне, Жахаба биздей жеткилеңсиз адамдар менен мамилелешүүдө момундуктун мыкты үлгүсүн көрсөтөт. Дөөтү Жахаба жөнүндө: «Сенин ырайымың [«момундугуң», «ЖД»] мени жогору көтөрөт»,— деп жазган (2 Шем. 22:36). Кудай өзүнүн Сөзү аркылуу бизди туура ой жүгүртүүгө үйрөтүү менен текебердикти жеңүүгө жардам берет. Пабыл рухтун жетеги менен мындай суроолорду берген: «Сен кимдин аркасы менен башкалардан өзгөчөлөнүп турасың? Баарын Кудайдан алган жок белең? Эгер алган болсоң, анда эмнеге албагансып мактанып жатасың?» (1 Кор. 4:7).

12, 13. а) Эмне себептен башкаларга оңой эле көз арта башташыбыз мүмкүн? б) Башкаларга карата Жахабаныкындай көз карашта болууга үйрөнүү кандай натыйжа берет?

12 Биримдикке бөгөт боло турган дагы бир нерсе — көрө албастык. Жеткилеңсиздик тукум кууп өткөндүктөн, баарыбыз «көз артууга» ийкемдүү келебиз. Атүгүл көп жылдардан бери Кудайга кызмат кылып келгендер да кээде башка бирөөлөрдүн жагдай-шартына, колунда болгон нерселерине, сыймыктуу жоопкерчиликтерине же шык-жөндөмдүүлүктөрүнө көз артышы ыктымал (Жкп. 4:5). Мисалы, үй-бүлөлүү бир тууган толук убакыт кызмат кылган бойдок бир туугандын сыймыктуу жоопкерчиликтерине көз артса, толук убакыт кызмат кылган бир тууган бала-чакалуу үй-бүлө башчысына көз артышы мүмкүн. Биримдигибиздин негизине доо кетире турган мындай көрө албастыкты жеңүүгө эмне жардам берет?

13 Ыйык Китепте Исанын майланган жолдоочуларынын кишинин дене мүчөлөрүнө салыштырылганын эске алуу көрө албастыктан арылууга жардам берет (Оку: 1 Корунттуктар 12:14—18). Мисалы, көзүбүз жүрөгүбүзгө караганда көрүнүктүү жерде жайгашса да, биз үчүн экөө тең маанилүү эмеспи? Анын сыңарындай, айрым бир туугандар кайсы бир убакка башкаларга караганда көрүнүктүү абалды ээлесе да, Жахаба жыйналыштын ар бир мүчөсүн баалайт. Андыктан бир туугандарыбызга карата Жахабаныкындай көз карашта болууга үйрөнөлү. Аларга көз артпай, тескерисинче, алардын камын ойлоп, чын дилден көңүл бөлөлү. Ошентүү менен биз Исанын чыныгы жолдоочуларынын христиан дүйнөсүнүн чиркөөлөрүнөн айырмаланып турушуна салым кошобуз.

Бөлүнүп-жарылуучулук христиан дүйнөсүнүн ажырагыс бөлүгү

14, 15. Исанын чындыктан четтеген жолдоочулары кантип ич ара бөлүнүп кетишкен?

14 Христиан дүйнөсүнүн чиркөөлөрүндөгү чыр-чатакка салыштыра келгенде, Исанын чыныгы жолдоочуларынын биримдиги аттын кашкасындай айырмаланып турат. Мезгил санагы 4-кылымга таяганда, Исанын чындыктан четтеген жолдоочулары ушунчалык кеңири тарагандыктан, Римдин бутпарас императору аларга өз укуругун салып, христиан дүйнөсүнүн өркүндөп-өсүшүнө шарт түзгөн. Ал эми кийинчерээк көптөгөн падышалыктар Римден бөлүнүп, өздөрүнүн мамлекеттик чиркөөлөрүн түзүшкөн.

15 Ошол падышалыктардын көбүнүн ортосунда согуш оту кылымдар бою өчпөй келген. 17, 18-кылымдар аралыгында Улуу Британиядагы, Франциядагы жана Кошмо Штаттардагы адамдар өз мамлекетине берилгендик көрсөтүүгө өзгөчө басым жасашкан. Мунун аркасында улутчулдук дин сыяктуу эле болуп калган. Ал эми 19, 20-кылымдарда улутчулдук адамзаттын басымдуу бөлүгүнүн акыл-оюн ээлеп алган. Натыйжада христиан дүйнөсүнүн чиркөөлөрү жайнаган секталарга бөлүнүп кеткен; алардын көбү улутчулдукка көз жумду мамиле кылышат. Чиркөөгө баргандар атүгүл башка өлкөдөгү өздөрүнүн эле ишенимдештерине каршы согушуп келишет. Ошентип, бүгүн христиан дүйнөсү сектанттык окуулардын жана улутчулдуктун айынан ич ара бөлүнүүдө.

16. Кайсы маселелер христиан дүйнөсүндөгүлөрдү бөлүп келет?

16 20-кылымда христиан дүйнөсүндөгү жүздөп саналган секталардын айрымдары ар башка чиркөөлөрдүн башын кошуу максатында бүткүл дүйнөлүк кыймыл уюштурушкан. Бирок алар ондогон жылдар бою аракет кылышса да, чиркөөлөрдүн бир канчасы эле бириккен жана чиркөөгө баргандар дагы деле эволюция теориясына, бойдон алдырууга, гомосексуализмге жана аялдардын чиркөөдө жогорку абалды ээлешине байланыштуу маселелерде бир пикирге келе албай келишет. Христиан дүйнөсүнүн айрым агымдарында чиркөө башчылары кайчы пикирлерди пайда кылган окуулардын маанилүүлүгүн басаңдатуу менен ар кыл секталардагы адамдарды бириктирүүгө далалат кылышат. Анткен менен диний окуулардын маанилүүлүгүн төмөндөтүү адамдардын ишенимин алсыратып, бөлүнгөн христиан дүйнөсүн бириктире алган жок.

Чыныгы сыйынуу улутчулдуктан жогору турат

17. Чыныгы сыйынуунун «акыркы күндөрдө» адамдарды бириктирери жөнүндө кандай пайгамбарлык айтылган?

17 Адамзаттын бүгүнкү тапта мурда болуп көрбөгөндөй бөлүнүп-жарылып жатканына карабай, Кудайдын чыныгы кызматчыларынын биримдиги таңкы чолпон жылдыздай дагы деле айкын болуп турат. Кудайдын Михей аттуу пайгамбары: «Аларды... бир короодогу койлордой... чогултам»,— деп пайгамбарлык кылган (Мих. 2:12). Михей чыныгы сыйынуунун сыйынуулардын бардык түрүнөн, жалган кудайларга табынуудан болобу же мамлекетти кудай тутуп, ага сыйынуудан болобу, жогору турарын алдын ала айткан. Ал мындай деп жазган: «Акыркы күндөрдө мындай болот: Теңир үйү турган тоо тоолордун башына коюлат, ал адырлардан жогору көтөрүлөт, элдер ага агылып келишет. Анткени бардык элдер, ар бири өз кудайынын аты үчүн жашайт. Биз болсо... өзүбүздүн Кудай-Теңирибиздин аты үчүн жашайбыз» (Мих. 4:1, 5).

18. Чыныгы сыйынуу бизге кандай өзгөрүүлөрдү жасоого жардам берди?

18 Михей чыныгы сыйынуунун мурда касташып келгендерди кандайча бириктирерин да сүрөттөп кеткен. Ал мындай деген: «Көп элдер келип: „Келгиле, Теңирдин тоосуна чыгып, Жакыптын Кудайынын үйүнө кирели, Ал бизге Өзүнүн жолдорун үйрөтөт, ошондо биз Анын жолдору менен жүрөбүз...“,— дешет... [Алар] кылычтарын соко кылып, найзаларын орок кылып кайра согуп иштеп чыгышат. Бир эл бир элге кылыч көтөрбөйт, ошондон кийин согушууга үйрөнүшпөйт» (Мих. 4:2, 3). Адамдын колунан бүткөн кудайларга же кайсы бир элге табынганын токтотуп, Жахабага сыйына баштагандар бүткүл дүйнөлүк биримдиктен ырахат алышат. Кудай аларды сүйүүсүнө бөлөп, көрсөтмөлөрүн берет.

19. Миллиондогон адамдардын чыныгы Кудайга сыйынуу үчүн биригип жатканы эмнени көрсөтүп турат?

19 Бүгүнкү күндө Исанын чыныгы жолдоочуларыныкындай бүткүл дүйнөлүк биримдик башка эч бир жерде жок. Ооба, Жахабанын дагы деле өз элин руху аркылуу жетектеп жатканы айдан ачык. Учурда бардык улуттагы адамдар тарыхта эч качан болбогон деңгээлде биригип жатышат. Бул Аян 7:9, 14-аяттарда айтылган сөздөрдүн эң сонун түрдө аткарылып жатканын жана Кудайдын периштелеринин жакын арада бул бузулган дүйнө түзүлүшүн жок кыла турган «шамалдарды» коё берерин көрсөтүп турат (Оку: Аян 7:1—4, 9, 10, 14). Бүткүл дүйнө жүзүндөгү бир туугандар менен биримдикте болуу зор сыймык эмеспи? Анда ал биримдикти чыңдоого ар бирибиз кантип салым кошо алабыз? Бул эмки макалада талкууланат.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Чыныгы сыйынуу адамдарды кандайча бириктирет?

• Биримдигибизге доо кетире турган көрө албастыкты жеңүүгө эмне жардам берет?

• Эмне себептен улутчулдук чыныгы сыйынуучуларды бөлө албайт?

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги сүрөт]

Исанын алгачкы жолдоочуларынын тек-жайы ар кандай болгон

[15-беттеги сүрөт]

Падышалык залына байланышкан иштерге катышуу менен биримдикке кантип салым кошо аласың?