Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Болгариядагы өнөктүк ийгиликтүү болду

Болгариядагы өнөктүк ийгиликтүү болду

Болгариядагы өнөктүк ийгиликтүү болду

«Түшүм көп, ал эми жумушчулар аз. Ошондуктан оруп-жыюуга жумушчуларды жибериши үчүн, оруп-жыюу ишинин Кожоюнуна жалынгыла» (МТ. 9:37, 38).

ИСАНЫН бул сөздөрү Европанын түштүк-чыгышынан орун алган ажайып кооз Балкан өлкөсү Болгариядагы жагдайды кандай гана таамай сүрөттөйт! Жакшы кабарды ал өлкөнүн жети миллиондон ашуун тургундарына жеткирүү үчүн жумушчулар чынында эле аябай керек. Болгарияда 1 700гө чукул жарчы бар, бирок алар бүт аймакты иштете алышпайт. Ошондуктан Жетектөөчү Кеңеш 2009-жылы Болгариядагы жооптуу бир туугандарга бир нече Европа өлкөлөрүнөн болгар тилинде сүйлөгөн Күбөлөрдү чакырып, атайын өнөктүк өткөрүүгө макулдугун берген. Өнөктүктү жайында жети жума аралыгында өткөрүп, 2009-жылдын 14—16-августунда София шаарында өткөрүлгөн «Сергек болгула!» аттуу облустук жыйын менен соңуна чыгаруу пландаштырылган.

Көптөрдүн даярдуулук менен жооп кайтарышы

Софияда жайгашкан филиалдагы жооптуу бир туугандарга Франциядан, Германиядан, Грециядан, Италиядан, Польшадан жана Испаниядан канча киши келери кызык болгон. Болгарияга келе турган Күбөлөр жолун өздөрү төлөп, өргүү убагын кабар айтууга арнашы керек эле. Келе тургандардын саны жума сайын өсүп отуруп, 292ге жеткени бир туугандарды кандай кубанткан! Чакырыкка ушунча көп киши жооп кайтаргандыктан, өз ыктыяры менен келген ал бир туугандарды Болгариянын Казанлык, Сандански, Силистра деген үч шаарына жөнөтүшкөн. Ал өлкөдөгү райондук көзөмөлчүлөр жергиликтүү пионерлер менен жарчыларды да өнөктүктү колдоого чакырышкан. Ошентип, 382 ыктыярдуу кызматчы чындык сөзү сейрек айтылчу аймактарда ынталуу кабар айтууга киришкен.

Ыктыярдуу кызматчылар бара турган жерлерге жакын жайгашкан жыйналыштагы бир туугандар алдын ала түнөк жай камдоого жөнөтүлүшкөн. Алар батирлерди ижарага алып, арзаныраак мейманканалардан бөлмөлөрдү ээлеп коюшкан. Ал жергиликтүү бир туугандар ыктыярдуу кызматчыларды жайланыштыруу үчүн жана алардын муктаждыктарына кам көрүү үчүн талыкпай эмгектенишкен. Үч шаарда тең жыйналыш жолугушууларын өткөрүүгө жайлар ижарага алынган. Ошондой эле жолугушууларды келе турган эркек бир туугандар өткөрүшүнө чара көрүлгөн. Бир да Күбө жашабаган аймакта 50 жарчынын Жахабаны даңктоо үчүн чогулганын көрүү кандай жүрөк козгоорлук болгон!

Өнөктүккө салым кошуу үчүн башка өлкөлөрдөн келгендер алоолонгон оттой күйүп-жанып турушкан. Жай айларында Болгарияда абанын температурасы 40 градуска чейин ысыйт. Бирок ал ынталуу бир туугандарды эч нерсе токтото алган жок. Дунай дарыясынын жээгиндеги 50 000ден ашуун киши жашаган Силистра шаарында биринчи үч жуманын ичинде кылдат күбөлөндүрүү берилген. Натыйжада Күбөлөр Силистранын чет-жакасындагы айыл-кыштактарда да кабар айтып, атүгүл ал шаардан батышка карай 55 километр алыстыкта жайгашкан Тутракан шаарчасына чейин жетишкен. Адатта, алар кызматты 9.30да башташчу, анан түштө тамактанып алып, көбүнчө 19.00гө же андан кечке чейин кызмат кылышкан. Казанлыкка жана Санданскиге жөнөтүлгөн ыктыярдуу кызматчылар да абдан ынталуу болгондуктан ал шаарларга жакын жайгашкан айылдар менен шаарларга дейре кабар айтышкан.

Натыйжасы кандай болгон?

Ошол жети жуманын ичинде зор күбөлөндүрүү берилген. Элчилердин учурундагыдай эле, ал шаарлардын тургундары: «Силер болсо окутууңарды... [шаарыбызга] жайылтып жибердиңер»,— деп айткыдай эле болгон (Элч. 5:28). Өнөктүккө катышкан Күбөлөр 50 000дей журнал таратып, 482 ыйык китептик изилдөө башташкан. Кубанычтуусу, 2009-жылдын 1-сентябрында Силистрада жаңы жыйналыш ачылып, Казанлыкта жана Санданскиде топтор уюшулган. Ошол өнөктүк учурунда жакшы кабарды биринчи жолу уккан кишилердин рухий жактан сонун ийгиликтерди жасап жатканын көрүү кандай гана жүрөк жылытарлык!

Болгар тилинде сүйлөгөн испаниялык атайын пионер эже өнөктүктүн биринчи жумасында көчөдө гезит сатып иштеген силистралык Карина аттуу айымга кабар айткан. Карина кызыгып калып, жыйналышка келген. Ал Ыйык Китепти изилдөөгө шак эле макул болгон. Жолдошу атеист болгондуктан, Карина Ыйык Китепти сейил бакта изилдөөнү суранган. Изилдөөгө анын эки кызы да катышкан. Улуусу Даниэла ыйык китептик чындыкты чын жүрөктөн кабыл алып, «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китебин бир жумада эле окуп бүткөн жана сыйынууда сөлөкөттөрдү колдонбоого байланыштуу Ыйык Китепте айтылгандарды дароо колдонгон. Анан досторуна кабар айта баштаган. Жыйналыш жолугушуусуна биринчи жолу катышканынан үч жума өткөндөн кийин эле ал аны менен изилдеген эжеге: «Мен өзүмдү Жахабанын Күбөсүндөй эле сезип жатам. Кабар айта башташым үчүн эмне кылышым керек?» — деген. Учурда Даниэла апасы, сиңдиси менен бирге жакшы ийгиликтерди кылып жатат.

Өнөктүккө катышуу үчүн Италиядан Казанлыкка келген Орлин аттуу болгар бир тууган кабардан кийин жашаган жерине кайтып келаткан. Жолдо келатып ал сейил бактагы отургучта отурган эки балага кабар айтып калат. Ал аларга «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китебин таштап, эртеси кайра жолугууга макулдашат. Кайра жолукканда Орлин алардын бири Светомир менен ыйык китептик изилдөө баштап, изилдөөнү анын эртеси да өткөрөт. Тогуз күндүн ичинде Орлин аны менен сегиз жолу изилдейт. Светомир Орлинге мындай деген: «Сага жолуккандан эки күн мурда мен Кудайга аны таанып-билүүгө жардам беришин сурап тиленгем. Анан эгер ал мага жардам берсе, өмүрүмдү ага арнайм деп сөз бергем». Орлин Италияга кайткандан кийин, жергиликтүү бир туугандар Светомир менен изилдөөнү улантышкан. Азыр ал чындыкка ылайык жашап жатат.

Курмандыкка баргандардын мол бата алышы

Башка өлкөдө жакшы кабар айтуу үчүн жол чыгымдарын өздөрү төлөп, өргүүсүн берешендик менен колдонгон бир туугандар кандай сезимде болушкан? Испанияда кызмат кылган бир аксакал: «Өнөктүк Испаниядагы болгар талаасында кызмат кылган бир туугандарды бири бирине ого бетер жакындатты. Ага катышкан бир туугандар чоң таасир алышты»,— деп жазган. Ал эми италиялык бир жубайлар: «Бул жашообуздагы эң эле сонун ай болду!» — деп жазган. Анан: «Өнөктүк жашообузду өзгөрттү! Азыр биз такыр башка адамдарбыз»,— деп кошумчалаган. Бул жубайлар муктаждык көп жерде кызмат кылуу үчүн Болгарияга биротоло көчүп баруу жөнүндө олуттуу ойлоно башташты. Испанияда жалпы пионер болуп кызмат кылган турмушка чыга элек Карина да Силистрада өткөрүлгөн өнөктүккө көмөк көрсөткөн. Ошондон кийин ал Испаниядагы жумушунан чыгып, Силистрада жаңы уюшулган жыйналышка жардам берүү үчүн Болгарияга көчүп барган. Ал Болгарияда бир жыл жашаганга жеткидей акча топтоп алган болчу. Карина чечими жөнүндө мындай дейт: «Мен Жахабанын мага Болгарияда кызмат кылууга мүмкүнчүлүк берип жатканына аябай кубанам жана бул жерде көпкө чейин калам деп үмүттөнөм. Азыр мен беш киши менен ыйык китептик изилдөө өткөрөм, алардын үчөө жолугушууларга келип жатат».

Италиялык бир эже өнөктүккө катышкысы келген, бирок жумушка жаңы эле орношкондуктан, анын өргүү күндөрү жок эле. Ошентсе да ал жетекчисинен бир ай айлыксыз өргүү беришин сураган жана суранычы орундалбай турган болсо, жумушунан кетүүгө даяр болгон. Аны таң калтырып, жумуш берүүчүсү: «Макул болоюн, бирок бир шартты аткарышың зарыл: мага Болгариядан открытка жиберип жиберишиң керек»,— деген. Бул бир тууганыбыз Жахабанын анын тиленүүлөрүнө жооп бергенин сезгени шексиз.

Болгариянын Варна шаарында жашаган, маянасы жакшы толук күндүк жумушта иштеген Станислава аттуу жаш ишенимдешибиз Силистрада өнөктүккө катышуу үчүн өргүү алат. Анын өлкөсүндө кабар айтуу үчүн алыс жерлерден келген көптөгөн пионерлердин кызматтан зор кубаныч алып жатканын көргөндө жүрөгү козголуп, көзүнө жаш алат. Ошондо ал мансапка умтулуп өмүрүн текке кетирип жатканы жөнүндө ойлоно баштайт. Эки жумадан кийин үйүнө кайтып келгенде ал жумушун таштап, жалпы пионер болуп кызмат кыла баштайт. Азыр ал жаш кезинде Жаратканын эсинен чыгарбагандыктан өзүн чындап бактылуу сезет (Нас. 12:1).

Жахабага ынталуу кызмат кылуу кандай сонун! Убактыңды жана күчүңдү арноого арзый турган жакшы кабар айтуу жана окутуу ишинен маанилүү иш барбы? Бул өмүр куткаруучу кызматка көбүрөөк катышуу үчүн эмне кылсаң болот? Балким, өз өлкөңдө муктаждык чоң жерлер бардыр. Андай жерлерге көчүп бара аласыңбы? Же өз өлкөңдөгү ыйык китептик чындыкка чаңкап жаткан адамдарга жардам берүү үчүн башка тил үйрөнүү жөнүндө ойлонуп көрсөң болоттур. Кызматыңды кеңейтүү үчүн кандай өзгөрүүлөрдү жасаба, Жахабанын сага батасын мол берерине бекем ишенсең болот (Накыл 10:22).

[32-беттеги кутуча]

Унутулгус күн

Болгариядагы атайын өнөктүккө катышуу үчүн Европа өлкөлөрүнөн келген бир туугандардын көбү Софияда өткөн «Сергек болгула!» аттуу облустук жыйынга катышууну пландаштырышкан. Жергиликтүү бир туугандарга ар кайсы өлкөлөрдөн келген көптөгөн коноктор менен жолугушуу абдан бекемдээрлик болду. Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Жэффри Жэксон «Ыйык Жазманын Жаңы дүйнө котормосунун» болгар тилинде жарык көргөнүн кулактандырганда, жыйынга катышкан 2039 киши кубанычы койнуна батпай сүйүндү! Ошондо катышуучулардын баары жүрөгүнөн оргуп чыккан ыраазычылыгын билдирип, көпкө чейин дүркүрөтө кол чабышты. Көптөрдүн көзүнөн кубанычтын көз жашы акты. Бул так жана түшүнүүгө оңой котормонун ак ниет болгарлыктарга Жахабаны таанып-билүүгө жардам берери күмөнсүз.

[31-беттеги сүрөт]

БОЛГАРИЯ

Силистра

Казанлык

Сандански

СОФИЯ

Жети жуманын ичинде зор күбөлөндүрүү берилген