Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жигердүү иш-аракет кылып жаткан жол башчыбыз

Жигердүү иш-аракет кылып жаткан жол башчыбыз

Жигердүү иш-аракет кылып жаткан жол башчыбыз

«Жеңиш артынан жеңишке ээ болуп, акыркы жеңишке жетүү үчүн чыкты» (АЯН 6:2).

1, 2. а) Ыйык Китепте Машаяк кандай Падыша катары сүрөттөлөт? б) Такка отургандан кийин Машаяк эмнелерди кылган?

МАШАЯК 1914-жылы Жахабанын Падышалыгынын Падышасы катары такка отурган. Аны биз кандай элестетебиз? Жердеги жыйналышында болуп жаткандарга анда-санда көз чаптырып коюп, тактыда бейкапар отурган падыша катарыбы? Ошондой болсо, көз карашыбызды өзгөртүшүбүз керек. Забур жана Аян китебинде ал «жеңиш артынан жеңишке ээ болуп, акыркы жеңишке жетүү үчүн» алдыга карай бет алган жигердүү жана күч-кубаттуу атчан падыша катары сүрөттөлөт (Аян 6:2; Заб. 2:6—9; 44:2—5).

2 Машаяк падышалык такка отургандан кийин эле «ажыдаар менен... [анын] периштелерин» жеңген. Ал башкы периште Микеил катары өзүнүн периштелерин баштап, Шайтанды жана анын жин-перилерин ыйык асмандан жердин айланасына кууп түшүргөн (Аян 12:7—9). Ошондон кийин Иса Жахабанын «келишим периштеси» катары, Атасы менен бирге рухий ибадаткананы текшерүүдөн өткөрүү үчүн келген (Мал. 3:1). Ал «Улуу Бабылдын» эң эле күнөөлүү бөлүгү христиан дүйнөсүн соттоп, анын канга забын экенин жана бул дүйнөнүн саясий түзүлүшү менен рухий бузуктук кылганын ашкерелеген (Аян 18:2, 3, 24).

Жердеги кулун тазалашы

3, 4. а) Машаяк Жахабанын «периштеси» катары кандай иштерди аткарган? б) Ибадаткана текшерилгенде, эмне айкын болгон жана жыйналыштын Башчысы катары Иса кимди эмнеге дайындаган?

3 Жахаба менен анын «периштеси» рухий ибадаткананы текшергенде, анын короосунда христиан дүйнөсүнүн чиркөөлөрүнө кирбеген Исанын чыныгы жолдоочуларынын тобу бар экени айкын болгон. Бирок Исанын ал майланган жолдоочулары да, «Леби уулдары», тазаланышы керек эле. Бул тууралуу Малахия пайгамбар алдын ала мындай деген: «[Жахаба] күмүштү кайрадан эритип тазалоо үчүн отурат, Леби уулдарын тазалайт, алтын менен күмүштү эриткендей, аларды кайрадан эритет, ошондо алар Теңирге адилдик менен курмандык чалышат» (Мал. 3:3). Жахаба ошол рухий ысрайылдыктарды тазалоо үчүн өзүнүн «келишим периштесин» — Иса Машаякты — колдонгон.

4 Иса өзүнүн ишенимдүү майланган жолдоочуларынын анын «үйүндөгүлөрүнө» өз убагында рухий тамак берүү үчүн бүт күч-аракет жумшап жатканын байкаган. Алар 1879-жылдан тартып, турмуштун ысык-суугуна карабай, ушул журналдын барактарына Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү ыйык китептик чындыктарды басып чыгарып келишет. Иса «дүйнө түзүлүшүнүн аягында» өзүнүн үйүндөгүлөрүн текшерүү үчүн «кайтып келгенде», «өз убагында тамак берип турган» кулдун болорун пайгамбарлык кылган. Ал ошол кулду бактылуу деп жарыялап, аны жердеги «бүт мүлкүнө кам көрүүгө дайындамак» (Мт. 24:3, 45—47). Машаяк өзүнүн жолдоочуларынан турган жыйналыштын Башчысы катары ошол «ишенимдүү жана акылдуу кулду» Падышалыктын жердеги мүлкүнө жана иштерине көзөмөл кылуу үчүн колдонот. Ал Жетектөөчү Кеңеш аркылуу рух менен майланган «үйүндөгүлөрүнө» жана алардын шериги «башка койлорго» жетекчилик берет (Жкн. 10:16).

Жердеги түшүмдү оруп-жыйышы

5. Элчи Жакан көрүнүш аркылуу Падышанын эмне кыларын көргөн?

5 Элчи Жакан көрүнүш аркылуу Падышанын 1914-жылы такка отургандан кийин «Мырзабыздын күнүндө» дагы бир нерсени кыларын көргөн. Ал мындай деп жазган: «Карап, ак булутту көрдүм. Анын үстүндө адам уулуна окшогон бирөө отуруптур. Башында алтын таажы, колунда курч орок бар экен» (Аян 1:10; 14:14). Жакан Жахабанын периштесинин ал Орокчуга, «жердеги түшүм бышып жетилип» калгандыктан, орогун шилтөөгө көрсөтмө бергенин уккан (Аян 14:15, 16).

6. Иса орок маалына чейин окуялардын кандай өрчүй турганын айткан?

6 Жердеги түшүмдү «оруп-жыюу» Исанын буудай жана отоо чөп жөнүндөгү мисалын эсибизге салат. Ал мисалында Иса өзүн мол түшүм алуу үчүн талаасына буудайдын жакшы үрөнүн сепкен кишиге салыштырган; буудай «падышалыктын уулдарын», анын Падышалыгында аны менен бирге башкара турган майланган жолдоочуларын, билдирет. Бирок душман, Ибилис, түн жамынып келип, талаага отоо чөптөрдү, «Карөзгөйдүн уулдарын», сээп кеткен. Себүүчү жумушчуларына орок маалына, «дүйнө түзүлүшүнүн аяк ченине», чейин буудай да, отоо чөп да чогуу өсө берсин деп көрсөтмө берген. Ошол маал келгенде, ал өзүнүн периштелерин жиберип, буудайды отоо чөптөрдөн ажыратмак (Мт. 13:24—30, 36—41).

7. Машаяк кандайча «жердеги түшүмдү» оруп-жыюуда?

7 Иса Жаканга берилген көрүнүштү аткарып, дүйнө жүзү боюнча оруп-жыюу ишин жүргүзүп келет. «Жердеги түшүмдү» оруп-жыюу иши Исанын мисалындагы «буудайды», падышалыктын 144 000 уулунун калдыгын, чогултуу менен башталган. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Исанын чыныгы жолдоочулары менен жалган жолдоочуларынын ортосундагы айырма болуп көрбөгөндөй айкын болгондуктан, «жердеги түшүмдүн» экинчи даражадагы бөлүгүн, башка койлорду, чогултууга шарт түзүлгөн. Алар — «падышалыктын уулдары» эмес, Падышалыктын бийлиги алдында жашай турган «эбегейсиз көп адамдар». Алар «ар бир улуттан, уруудан, элден, тилден» орулуп-жыйылууда. Эбегейсиз көп адамдар Иса Машаяк менен анын 144 000 кошо башкаруучусу, «ыйыктар», бийлик кылган Кудайдын Падышалыгынын бийлигине баш ийишет (Аян 7:9, 10; Дан. 7:13, 14, 18).

Жыйналыштарга башчылык кылышы

8, 9. а) Машаяктын жалпы жыйналыштын жүрүм-турумун эле эмес, анын ар бир мүчөсүнүн жашоо мүнөзүн байкап турарын эмнеден көрүүгө болот? б) 26-бетте көрсөтүлгөндөй, Шайтандын кайсы «терең сырларынан» оолак болушубуз керек?

8 Өткөн макалада карап чыкканыбыздай, Машаяк б.з. 1-кылымындагы ар бир жыйналыштын рухий абалына кылдат көңүл бурган. Биздин күндөрдө «асмандагы жана жердеги бийликтин баарын» колуна алган Падыша катары Жол башчыбыз Машаяк дүйнө жүзүндөгү жыйналыштарга жана алардын көзөмөлчүлөрүнө жигердүүлүк менен башчылык кылат (Мт. 28:18; Кол. 1:18). Жахаба аны майланган жолдоочуларынан турган «жыйналыштын пайдасы үчүн... баарына башчы кылып койгон» (Эф. 1:22). Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрүнүн 100 000ден ашуун жыйналышынын ар биринде болгон бир да нерсе Исанын көз жаздымында калбайт.

9 Байыркы Тиатирадагы жыйналышка Иса: «Көздөрү оттун жалынындай... болгон Кудай Уулу мындай дейт: „Мен сенин иштериңди... билем“»,— деген (Аян 2:18, 19). Ал ошол жыйналыштын мүчөлөрүн адеп-ахлаксыз, өзүмчүл жашоо өткөргөнү үчүн айыптап: «[Мен] бөйрөктөрдү жана жүрөктөрдү изилдөөчү[мүн]... Ар бириңерге иштериңерге жараша тиешеңерди берем»,— деп айткан (Аян 2:23). Бул сөздөр Машаяктын ар бир жыйналыштын жүрүм-турумуна жалпы жонунан эле көз салбастан, анын ар бир мүчөсүнүн жашоо мүнөзүн кылдат байкаарын көрсөтүп турат. Иса Тиатирадагы «„Шайтандын терең сырлары“ деп аталган нерселерди үйрөнбөгөн» жолдоочуларын мактаган (Аян 2:24). Ошо сыяктуу эле, бүгүнкү күндө Иса Интернет, зомбулукту камтыган видео оюндары же баарына жол берүүчүлүктү, ашкере эркиндикти жактаган адамдардын ой-толгоолору аркылуу «Шайтандын терең сырларын» изилдөөдөн оолак болгон жаштарды да, карыларды да жогору баалайт. Иса өзүнүн көптөгөн жолдоочуларынын жашоосунун бардык тармагында анын жетекчилигине ылайык иш кылуу үчүн колунан келгендин баарын кылып, ар кандай курмандыктарга барып жатканын көрүп кандай гана кубанат!

10. Жыйналыш аксакалдарын Иса жетектээри кантип сүрөттөлгөн, бирок алар эмнени жакшы билиши зарыл?

10 Машаяк жердеги жыйналыштарды дайындалган аксакалдар аркылуу мээримдүүлүк менен көзөмөлдөйт (Эф. 4:8, 11, 12). 1-кылымда көзөмөлчүлөрдүн баары ыйык рух менен майлангандар болчу. Алар Аян китебинде Машаяктын оң колундагы жылдыздар катары сүрөттөлгөн (Аян 1:16, 20). Бүгүн жыйналыш аксакалдарынын көбү — башка койлор. Алар тиленүүлөрдөн кийин жана ыйык рухтун жетеги менен дайындалышат, ошондуктан аларды да Машаяк жетектеген адамдар катары көрүшүбүз керек (Элч. 20:28). Бирок аксакалдар Машаяктын өзүнүн жердеги жолдоочуларын жетектөө үчүн майлангандардын чакан тобун, Жетектөөчү Кеңешти, колдонорун жакшы билишет (Оку: Элчилер 15:6, 28—30).

«Кел, Мырзам Иса»

11. Эмне үчүн Жол башчыбыздын жакын арада келишин көрүүгө дилгирбиз?

11 Жаканга берилген аянда Иса бир нече ирет: «Жакын арада келем»,— деп айткан (Аян 2:16; 3:11; 22:7, 20). Анын Улуу Бабылга жана Шайтандын бузулган дүйнө түзүлүшүнүн калган бөлүгүнө чыгарылган сот өкүмүн ишке ашыруу үчүн келери күмөнсүз (2 Тес. 1:7, 8). Күн мурун айтылган укмуштуудай окуялардын аткарылышын көрүүгө куштар болгон элчи Жакан: «Оомийин! Кел, Мырзам Иса»,— деген. Бул ыймансыз дүйнө түзүлүшүнүн акыркы күндөрүндө жашап жаткан биз да падышалык бийликке ээ Жол башчыбыздын жана Падышабыздын Атасынын ысмын ыйыктап, эгедерлигин акташ үчүн келишин көрүүгө дилгирбиз.

12. Кыйратуучу шамалдар коё берилгенге чейин, Машаяк кайсы ишти аягына чыгарат?

12 Иса Шайтандын көзгө көрүнгөн уюмунун таш-талканын чыгарар алдында, рухий Ысрайылдын 144 000 мүчөсүнүн калдыгына акыркы мөөр басылат. Ыйык Китепте айкын көрсөтүлгөндөй, 144 000ге мөөр басылып бүтмөйүнчө, Шайтандын дүйнө түзүлүшүн кыйрата турган шамалдар коё берилбейт (Аян 7:1—4).

13. Машаяк «улуу алааматтын» биринчи баскычында өзүнүн катышуусун кантип айкын кылат?

13 Машаяктын 1914-жылы башталган «катышуусун» жер тургундарынын көбү байкабай келет (2 Пет. 3:3, 4). Бирок ал жакын арада Шайтандын дүйнө түзүлүшүнүн ар кандай бөлүктөрүнө Жахабанын сот өкүмүн ишке ашыруу менен өзүнүн катышуусун баарына айкын кылат. «Мыйзамсыз киши», христиан дүйнөсүнүн диний жетекчилери, жок кылынганда, анын «катышуусу» айдан ачык болору талашсыз (Оку: 2 Тесалоникалыктар 2:3, 8). Бул Машаяктын Жахаба дайындаган Сот катары иш-аракет кылып жатканынын төгүндөлгүс далили болот (Оку: 2 Тиметей 4:1). Алгач Улуу Бабылдын ал эң эле күнөөлүү бөлүгү жок кылынгандан кийин, жалган диндин бузулган дүйнөсү толугу менен талкаланат. Ал рухий сойкуну талап-тоноп, жок кылууну Жахаба саясий жетекчилердин жүрөгүнө салат (Аян 17:15—18). Бул «улуу алааматтын» биринчи баскычы болот (Мт. 24:21).

14. а) Улуу алааматтын биринчи баскычы эмне себептен кыскартылат? б) «Адам Уулунун жышаанын» көргөндө Жахабанын эли эмне кылат?

14 Иса улуу алааматтын күндөрү «тандалгандар», атап айтканда, анын майланган жолдоочуларынын жердеги калдыгы үчүн кыскартыларын айткан (Мт. 24:22). Жахаба жалган динди бүлгүнгө учурата турган чабуулдан улам Исанын майланган жолдоочуларынын жана алардын шериктери башка койлордун жок болушуна жол бербейт. Иса айткандай, «ошол күндөрдөгү алааматтан кийин» «күндө, айда, жылдыздарда ар кандай жышаандар болот» жана «асмандан адам Уулунун жышааны көрүнөт». Ошондо «жердеги бардык уруулар төшүн ургулап боздошот». Бирок асманда жашоого үмүттөнгөн майлангандар жана алардын жерде жашоого үмүттөнгөн шериктери тууралуу минтип айтууга болбойт. Алар, куткарылуусу аз калгандыктан, боюн түзөп, башын көтөрүшөт (Мт. 24:29, 30; Лк. 21:25—28).

15. Машаяк «келгенде» эмне кылат?

15 Адам Уулу акыркы жеңишке ээ болгонго чейин дагы бир нерсе кылуу үчүн «келет». Ал мындай деп пайгамбарлык кылган: «Адам Уулу өзүнүн даңкы жана бүт периштелери менен келип, даңктуу тактысына отурат. Ошондо анын алдына бүт элдер чогултулат жана койчу койлорду эчкилерден бөлгөндөй, ал да адамдарды экиге бөлөт. Койлорду оң жагына, эчкилерди сол жагына топтойт» (Мт. 25:31—33). Мындан көрүнүп тургандай, Машаяк Сот катары «бүт элдерди» эки топко: «койлорго» жана «эчкилерге» бөлөт. «Койлор» — Исанын рухий бир туугандарына (жердеги майланган жолдоочуларына) колдоо көрсөткөндөрдү, ал эми «эчкилер» «Мырзабыз Иса жөнүндөгү жакшы кабарга баш ийбегендерди» билдирет (2 Тес. 1:7, 8). Койлор, «адил адамдар», жер бетинде «түбөлүк өмүр» сүрүшөт, ал эми эчкилер «түбөлүккө жок кылынат» (Мт. 25:34, 40, 41, 45, 46).

Исанын акыркы жеңишке жетиши

16. Жол башчыбыз Машаяк кантип толугу менен жеңишке жетет?

16 Машаяк менен дин кызматчы боло тургандардын баарына мөөр басылганда жана башка койлор аныкталып, куткарылуу үчүн анын оң жагына коюлганда, ал «акыркы жеңишке жетүү үчүн чыгат» (Аян 5:9, 10; 6:2). Кубаттуу периштелерден жана кыязы, тирилтилген бир туугандарынан турган аскер кошуунунун Башчысы катары Иса Шайтандын жердеги саясий, аскердик жана коммерциялык түзүлүшүн орду-түбү менен талкалайт (Аян 2:26, 27; 19:11—21). Машаяк Шайтандын бузулган түзүлүшүн жок кылганда толугу менен жеңишке жеткен болот. Андан кийин Шайтан менен анын жин-перилерин миң жылга түпсүз туңгуюкка камайт (Аян 20:1—3).

17. Машаяк Миң жылдык башкаруусунда башка койлорду каякка алып барат жана биз эмне кылууга чечкиндүүбүз?

17 Элчи Жакан улуу алааматтан аман өтө турган башка койлорду, «эбегейсиз көп адамдарды», «тактынын ортосунда турган Козу кайтарып, өмүр суусунун башаттарына алып барарын» пайгамбарлык кылган (Аян 7:9, 17). Ооба, Машаяк Миң жылдык башкаруусунун учурунда да чын жүрөктөн анын тилин алган башка койлорду жетектей берет жана аларды түбөлүк өмүргө ээ кылат (Оку: Жакан 10:16, 26—28). Эмесе келгиле, азыр да, Жахаба убадалаган жаңы дүйнөдө да берилгендик менен Жол башчыбыздын жолун жолдой берели!

Кайталоо үчүн суроолор

• Машаяк падышалык такка отургандан кийин эмне кылган?

• Жыйналыштарды жетектөө үчүн Машаяк кимдерди колдонууда?

• Жол башчыбыз Машаяк дагы эмне кылуу үчүн «келет»?

• Машаяк бизди жаңы дүйнөдө да жетектей берет деп эмне үчүн айта алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[29-беттеги сүрөт]

Шайтандын бузулган дүйнөсүнүн талкаланышы Машаяктын катышуусун айкын кылат