Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Актанууга Жахаба кандай карайт?

Актанууга Жахаба кандай карайт?

Актанууга Жахаба кандай карайт?

«СЕН берген аял мага дарактын жемишинен берди, мен жедим»,— деген Адам ата. Аялы болсо: «Мени жылан азгырды, ошондуктан жедим»,— деп айткан. Эчен кылымдарды карыткан актануунун башаты түпкү ата-энебиз Адам менен Обонун Кудайга айткан мына ушул сөздөрүндө жатат (Башт. 3:12, 13).

Жахабанын Адам менен Обого билип туруп тил албай койгону үчүн өкүм чыгарганынан көрүнүп тургандай, ал алардын актануусун кабыл алган эмес (Башт. 3:16—19). Анда Жахаба актануулардын баарын кабыл албайт деп бүтүм чыгарууга болобу? Же айрымдарын негиздүү деп эсептейби? Ошондой болсо, негиздүү менен негизсиз актанууну кантип айырмалоого болот? Бул суроолорго жооп алуу үчүн алгач актануу деген эмне экенин карап көрөлү.

Актануу кайсы бир иштин эмне себептен кылынганын, кылынбаганын же кылынбай турганын түшүндүрүүнү билдирет. Ал кайсы бир нерсенин аткарылбай калганынын негиздүү экенин түшүндүрүп берүүнү туюнтушу жана чын ниеттен кечирим суроону камтышы ыктымал. Бул болсо башкалардын түшүнүү менен мамиле кылышына жана кечиришине өбөлгө түзөт. Бирок Адам менен Обонун жагдайынан көрүнүп тургандай, актануу жөн эле шылтоо айтууну, башкача айтканда, чыныгы себепти жаап-жашыруу үчүн жок нерсени себеп кылып калп айтууну да билдириши мүмкүн. Адамдар көбүнесе ушундай ниет менен актангандыктан, адатта, бул башкалардын шек саноосун туудурат.

Актанганыбызда, өзгөчө, бул Кудайга кылган кызматыбызга байланыштуу болсо, өзүбүздү «жаңылыш ойлор менен алдабаш» үчүн сак болушубуз керек (Жкп. 1:22). Андыктан, келгиле, «Теңирге эмне жагарын баамдап билүүгө» жардам берген ыйык китептик айрым мисалдарды жана принциптерди карап чыгалы (Эф. 5:10).

Кудай бизден эмнени күтөт?

Кудай Сөзүндө Жахабанын эли катары аткарышыбыз керек болгон так көрсөтмөлөр берилген. Мисалы, Машаяктын: «Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла»,— деген буйругу анын чыныгы жолдоочуларынын баарына тиешелүү (Мт. 28:19, 20). Бул буйрукту аткаруу аябагандай маанилүү болгондуктан, элчи Пабыл: «Жакшы кабар жарыялабасам, мага кайгы!» — деген (1 Кор. 9:16).

Ошентсе да биз менен көптөн бери Ыйык Китепти изилдеп жаткандардын айрымдары дагы деле Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жакшы кабар айтуудан тартынышат (Мт. 24:14). Кабар айтуу ишине катышып жүрүп, токтотуп койгондор да бар. Кабар айтуу ишине катышпагандар өзүн эмне деп акташы мүмкүн? Жахаба анын так көрсөтмөлөрүн аткарууга чечкиндүү болбой жаткандарга кандай карайт?

Кудайга жакпаган актануулар

«Бул өтө эле оор». Айрыкча табиятынан уялчаактарга кабар айтуу аябай кыйын сезилиши ыктымал. Бирок бул жагынан Жунустан эмнеге үйрөнсөк болоруна токтолуп көрөлү. Жахабанын Нинебиге алаамат түшүрөрүн жарыялоону буйруганы ага өтө эле оор туюлган. Ал тапшырманын эмне себептен Жунустун жүрөгүн калтыратканын түшүнүү кыйын эмес. Анткени Нинеби Ашурдун баш калаасы болчу, ал эми ашурлуктар барып турган мыкаачылыгы менен атагы жер жарган эл эле. Жунус: «Аларга кантип барам? Алар мени жөн коюшмак беле?» — деп түпөйүлдөнсө керек. Ошондуктан тапшырма алгандан көп өтпөй, ал теңирден тескери тарапка качып жөнөгөн. Канткен менен Жахаба Жунустун актануусун жаратпай, ага кайрадан нинебиликтерге кабар айтууну буйруган. Бул жолкусунда Жунус Жахабанын тапшырмасын эр жүрөктүк менен аткарып, анын батасына ээ болгон (Жун. 1:1—3; 3:3, 4, 10).

Эгер сага жакшы кабар айтуу тапшырмасы өтө эле оор сезилип жатса, «Кудай үчүн баары мүмкүн» экенин эсиңен чыгарба (Мр. 10:27). Жахабадан талыкпай жардам сураганыңда анын сени колдооруна жана кызматыңды кайраттуулук менен аткаруу үчүн жумшаган аракеттериңе батасын берерине кымындай да шектенбесең болот (Лк. 11:9—13).

«Каалоом жок». Жүрөгүңдө Кудай тапшырган кызматыңды аткарууга каалоо жок болуп жатсачы? Анда Жахабанын сенин жан дүйнөңө таасир этип, каалоо пайда кыла аларын унутпа. Пабыл: «Кудай, өзүнүн эркине ылайык, силерде каалоо пайда кылып, иш-аракет кылууга түрткү берет»,— деп айткан (Флп. 2:13). Ошондуктан Жахабадан анын эркин аткарууга каалоо өрчүтүшүн сурасаң болот. Дөөтү падыша так ушундай кылган. Ал Жахабадан: «Мени Өз чындыгыңа багытта»,— деп өтүнгөн (Заб. 24:4, 5). Сен да Жахабадан ага жакканды кылууга ынтызар болууга жардам беришин көптөн-көп сура.

Айта кетчү нерсе, кээде чарчаганыбызда же көңүлүбүз чөккөндө Падышалык залында өткөрүлгөн жолугушууга баруу же кабарга чыгуу үчүн өзүбүздү желкеден алып мажбурлоого туура келиши мүмкүн. Эгер ошондой болсо, бул биздин Жахабаны чындап жакшы көрбөй турганыбызды билдиреби? Албетте, билдирбейт. Кудайдын байыркы убактагы кызматчыларына да анын эркин аткаруу кээде оңой болгон эмес. Маселен, Пабыл Кудайдын осуяттарын аткарышы үчүн, мындайча айтканда, денесин муштагылаганын айткан (1 Кор. 9:26, 27). Ошондуктан кызматыбызды аткарууга өзүбүздү мажбурласак да, Жахабанын бизге батасын берерине эч күмөн санабасак болот. Эмне себептен? Анткени биз өзүбүздү Кудайдын эркин аткарууга туура ниет менен — ага болгон сүйүүбүздөн улам — мажбурлаган болобуз. Ошентүү менен Кудайдын кызматчылары сыноо учурунда андан баш тартып кетет деп ырастаган Шайтандын сөздөрүнүн карандай калп экенин далилдейбиз (Аюб 2:4).

«Такыр бош эмесмин». Такыр колуң бошобой жаткандай сезилгендиктен, кызматка катышпай жатсаң, жашооңдо эмне алдыңкы орунда турушу керектигин кайрадан карап чыкканың абдан маанилүү. Иса: «Биринчи кезекте Кудайдын падышалыгын... издегиле»,— деген (Мт. 6:33). Ушул принципке жетектелүү үчүн, балким, жашооңду жөнөкөйлөтүү же көңүл ачууга сарптаган убактыңды кызматка жумшоо зарылдыр. Көңүл ачууга жана жеке иштерге убакыт бөлүү керек дечи, бирок кызматка салкын мамиле кылууну муну менен актоого болбойт. Кудайдын кызматчысы Падышалыктын кызыкчылыктарын жашоосунда биринчи орунга коёт.

«Мен кабарды жакшы айта албайм». Балким, сен өзүңдү жакшы кабар айтууга жөндөмсүз сезеттирсиң. Илгерки убакта Жахабанын айрым ишенимдүү кызматчылары өздөрүн ал тапшырган ишти жакшы аткара албачудай сезишкен. Мисалга Мусаны алалы. Жахаба ага өзгөчө тапшырма бергенде, ал: «О, Теңир! Мен мурун эле сөзгө чечен эмес болчумун. Сен Өзүңдүн кулуң — мени менен сүйлөшүп жаткан учурда да, мен ошондой элемин. Мен кыйналып сүйлөйм, мен кекечмин»,— деген. Кудай аны кайраттандырса да, ал: «Теңир, менден башканы жибер»,— деп жооп кайтарган (Чыг. 4:10—13). Жахаба буга кандай караган?

Ал Мусаны ошол тапшырманы аткаруудан бошоткон эмес. Ошентсе да Арунду ага жардамчы кылып дайындаган (Чыг. 4:14—17). Андан сырткары, ошондон кийинки жылдары Жахаба Мусаны колдоп, аны тапшырмаларын ийгиликтүү аткарышы үчүн зарыл болгон бардык нерселер менен камсыз кылган. Бүгүнкү күндө да Жахабанын кызматыңды аркалап кетишиң үчүн тажрыйбалуу бир туугандарга сага көмөк көрсөтүүгө түрткү берерине толук ишенсең болот. Анын үстүнө, Ыйык Китепте анын бизди өзү осуяттаган ишти аткарууга жөндөмдүү кылары айтылат (2 Кор. 3:5). («Жашоомдогу эң кубанычтуу жылдар» деген кутучаны кара.)

«Бирөө көңүлүмдү оорутту». Айрымдар кызматка чыкпай же жыйналыш жолугушууларына барбай калганын кимдир бирөө алардын көңүлүн оорутканы менен акташат жана Жахаба мындай актанууну кабыл алат деп ойлошот. Албетте, кимдир бирөө жүрөгүбүздү оорутканда, капа болбой койбойбуз. Анткен менен бул рухий иштерге катышпай калганыбызды актоого негиз болуп эсептелеби? Пабыл менен анын ишенимдеши Барнаба пикири келишпей, «катуу талашып-тартыша кетишкенде» бири-биринин көңүлүн оорутса керек (Элч. 15:39). Бирок алар ушуну шылтоо кылып кызматын токтотуп коюшту беле? Албетте, жок.

Ошо сыяктуу эле, кайсы бир ишенимдешиң көңүлүңдү оорутса, душманың жеткилеңсиз бир тууганың эмес, сени жутуп жиберүүнү көздөгөн Шайтан экенин эсиңен чыгарба. Бирок ишенимиңди бекем сактап, Ибилиске каршы турсаң, ал ийгиликке жетпейт (1 Пет. 5:8, 9; Гал. 5:15). Ооба, бекем ишенимге ээ болсоң, эч качан көңүлүң калбайт (Рим. 9:33).

Мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү болсочу?

Жогоруда келтирилген мисалдардан көрүнүп тургандай, Жахабанын осуяттарын, анын ичинде жакшы кабар айтуу тапшырмасын аткарбоону Жазмага негиздеп актоого болбойт. Бирок айрым нерселер чындап эле мүмкүнчүлүктөрүбүздү чектегендиктен, кызматка ойдогудай катыша албай калышыбыз ыктымал. Алсак, Кудайдын кызматчысы катары аткарышыбыз керек болгон жоопкерчиликтерибиз кабар айтууга жумшай турган убактыбыздын көбүн алышы мүмкүн. Мындан тышкары, кээде биз аябай чарчаганда же ооруп калганда Жахабага өзүбүз каалагандай кызмат кыла албай калышыбыз этимал. Ошентсе да Ыйык Китеп бизди Жахабанын жүрөгүбүздөгү каалоону көрүп турарына жана мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенин эске аларына ынандырат (Заб. 102:14; 2 Кор. 8:12).

Андыктан ушул нерселерде өзүбүздү же башкаларды айыптабашыбыз керек. Элчи Пабыл: «Бирөөнүн кулун айыптагыдай сен кимсиң? Ал туруп турабы же жыгылабы, кожоюну каалагандай болот»,— деп жазган (Рим. 14:4). Өзүбүздүн жагдай-шартыбызды башкалардыкына салыштырбай, «ар бирибиз өзүбүз үчүн Кудай алдында жооп берерибизди» унутпашыбыз кажет (Рим. 14:12; Гал. 6:4, 5). Ал эми Жахабага тиленүү аркылуу кайрылып, бир нерсенин себебин түшүндүргөнүбүздө, ар бирибиз муну таза абийир менен кылгыбыз келет (Эвр. 13:18).

Жахабага кызмат кылуу эмне үчүн кубаныч берет?

Жагдай-шартыбыз кандай болбосун, баарыбыз Жахабага кубаныч менен кызмат кыла алабыз, анткени ал дайыма аткара алгыдай жана акылга сыярлык талаптарды коёт. Эмне үчүн минтип айтууга болот?

Кудай Сөзүндө: «Жакшылык кылууга мүмкүнчүлүгүң бар болуп турганда, муктаж болгон адамга жакшылык кылуудан баш тартпа»,— деп айтылат (Накыл 3:27). Бул накыл сөздөн Кудайдын талаптарына байланыштуу эмнени байкадың? Жахаба сенден бир тууганыңа теңелип эмес, өз мүмкүнчүлүгүңө жараша кызмат кылышыңды каалайт. Ооба, ар бирибиз, мүмкүнчүлүгүбүз кандай болбосун, Жахабага жан-дилден кызмат кыла алабыз (Лк. 10:27; Кол. 3:23).

[14-беттеги сүрөт/кутуча]

«Жашоомдогу эң кубанычтуу жылдар»

Эгер денелик же эмоциялык кыйынчылыктар мүмкүнчүлүктөрүбүздү чектеп жатса, кызматка толук кандуу катыша албайм деп жыйынтык чыгарууга шашылбашыбыз керек. Муну канадалык Эрнест деген ишенимдешибиздин мисалы ырастап турат.

Эрнест бир тууган кыйналып сүйлөчү жана аябай уялчаак эле. Белин катуу кокустатып алгандан кийин, ага куруучулук кесибин таштоого туура келген. Майып болуп калса да Эрнест жаңы жагдайына кызматка көбүрөөк катышууга мүмкүнчүлүк катары караган. Көмөкчү пионердик кызматты баштоо жөнүндөгү жыйналыш жолугушууларында айтылган чакырык анын жүрөгүн козгоп, каалоосун ойготкон. Бирок Эрнесттин бул кызматты аркалап кете аларына көзү жеткен эмес.

Көмөкчү пионер болуп кызмат кыла алар-албасын текшерүү үчүн ал бир айга көмөкчү пионердик кызматка арыз жазган. Эрнест кызматын ийгиликтүү аткарып, буга өзү да таң калган. Бирок ал: «Муну мен экинчи кыла албайм»,— деп ойлогон. Буга көзү жетиши үчүн, экинчи айга да арыз алган — бул жолкусунда да кызматын ийгиликтүү аткарган.

Эрнест көмөкчү пионер болуп бир жыл кызмат кылган, бирок ичинен: «Мен эч качан жалпы пионер боло албайм»,— деп ойлогон. Кайрадан буга ынануу үчүн ал жалпы пионердик кызматка арыз жазган. Бир жыл жалпы пионер болуп кызмат кыла алганына ал өзү да таң калган. Эрнест пионердик кызматын уланта берүүгө бел байлап, оорусу күчөп кетип каза болгонго чейин, эки жыл жалпы пионердик кызматтан кубаныч алган. Өлөр алдында Эрнест аны көргөнү келгендерге көзүнүн жашын кылгыртып: «Жахабага пионер болуп кызмат кылган жылдарым жашоомдогу эң кубанычтуу жылдар болду»,— деп көп айта турган.

[13-беттеги сүрөт]

Кызматыбызга жолтоо болгон тоскоолдуктардын баарынан ашып өтө алабыз

[15-беттеги сүрөт]

Шартыбызга жараша колубуздан келгендин баарын кылып, жан-дилден кызмат кылганыбыз Жахабага жагат