Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Ал мага адамдардын... жүрөгүн козгоого жардам берет»

«Ал мага адамдардын... жүрөгүн козгоого жардам берет»

«Ал мага адамдардын... жүрөгүн козгоого жардам берет»

БРАЗИЛИЯНЫН түштүгүндөгү Порту-Алегри деген шаарда бир нече жыл мурун коомдук маселелер боюнча эл аралык конференция болуп өткөн. Ага 135 өлкөдөн он миңдеген киши келген. Тыныгуу маалында Порту-Алегридеги жыйналыштагы Күбөлөрдүн тобу көптөгөн делегаттарга Падышалык жөнүндөгү ыйык китептик кабарды айтышкан. Алар кантип сүйлөшүшкөн?

«Биз „Ар улуттагы адамдар үчүн жакшы кабар“ деген китепчени колдондук»,— дейт Элизабет деген пионер. Ал мындай деп кошумчалайт: «Делегаттардын көбү Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды такыр уга элек экен, бирок алар кабарыбызды жакшы кабыл алышты. Биз Боливиядан, Кытайдан, Франциядан, Индиядан, Израилден, Нигериядан келген кишилер менен маектештик. Айрым делегаттарга алардын тилиндеги ыйык китептик адабияттарды берсек, кубанып алышты».

Мексикада жашаган Рауль деген пионер да ал китепчени колдонуп, жакшы натыйжага жеткен. Бир нече убакыт мурун ал жакында эле байбичеси каза болгон 80 жаштагы араб кишиге жолуккан. Ал киши китепчеден Падышалык жөнүндөгү кабарды араб тилинде окуганда кубанганынан көзүнө жаш алган. Эмне үчүн? Кудайдын өлүм жок болоруна байланыштуу Аян 21:3, 4-аяттарда жазылган убадасын эне тилинде окуганы ага терең таасир эткен. Дагы бир жолу Рауль расмий эмес кабар айтып жүрүп, португал тилинде сүйлөгөн кишиге жолугуп калат. Ал киши да жакын адамынан, уулунан, айрылыптыр. Рауль ал кишиге китепченин жакшы кабар португал тилинде жазылган бетин ачып берген. Аны окуп чыккандан кийин ал Ыйык Китеп жөнүндө көбүрөөк билгиси келерин көрсөтүп, изилдөөгө макул болгон.

Рауль «Ар улуттагы адамдар үчүн жакшы кабар» деген китепчени колдонуп, армян, кытай, англис, француз, немис, хинди, корей, михе, фарс, орус жана сапотек тилинде сүйлөгөн кишилерге күбөлөндүрүү берген. Ал мындай дейт: «Кызматымда бул китепчени колдонуу канчалык маанилүү экенине ынанып келем. Ал мага адамдардын, алардын тилин билбесем да, жүрөгүн козгоого жардам берет».

Бүгүнкү күндө саякат жасаган, чет өлкөдө жашаган адамдардын саны көбөйгөндөн көбөйүүдө. Андыктан бизде башка тилде сүйлөгөндөрдү жолуктурууга көп мүмкүнчүлүктөр бар. «Ар улуттагы адамдар үчүн жакшы кабар» деген китепчени колдонуу менен аларга Падышалык жөнүндөгү кабарды жеткире алабыз. Сен аны дайыма жаныңа ала жүрөсүңбү?

[32-беттеги сүрөт]

Рауль адамдардын жүрөгүн козгоого жардам берген китепче менен