Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Балдарга Жахабанын уюмун жакшы билүүгө жардам бергиле

Балдарга Жахабанын уюмун жакшы билүүгө жардам бергиле

Балдарга Жахабанын уюмун жакшы билүүгө жардам бергиле

БАЛДАР баарын билгиси келет. Мисирдеги ысрайылдык балдардын алгачкы Пасах түнү: «Козуну эмнеге сойдуңар? Атам эмне үчүн эшиктин кашегине кан сүйкөп жатат? Биз каякка барганы жатабыз?» — деген сыяктуу суроолорду бергенин элестетсеңер. Балдардын андай суроолорду бергени Жахабага жаккан. Муну анын Ысрайылдагы аталарга берген көрсөтмөсүнөн билүүгө болот. Ал ысрайылдыктарга Пасах майрамын майрамдоого байланыштуу мындай деген: «Балдарыңар силерден: „Бул эмне деген ийбадат?“— деп сурашса, „Бул — Теңирге арналган Пасах курмандыгы. Ал мисирликтерди кыйратып жатканда, Мисирдеги Ысрайыл уулдарынын үйлөрүнөн кыя өтүп кеткен, биздин үйлөрүбүздү куткарып калган“,— дегиле» (Чыг. 12:24—27). Кийинчерээк Жахаба ысрайылдык ата-энелерге балдарынын Анын мыйзамдары менен көрсөтмөлөрүнө байланышкан суроолоруна жооп бериши маанилүү экенин эскерткен (Мыйз. 6:20—25).

Ооба, Жахаба балдардын чыныгы сыйынууга байланыштуу суроолоруна канааттандырарлык жооп табышын каалаган. Анткени ал жооптор аларды Жахабаны өздөрүнүн Кудайы жана Куткаруучусу катары жакшы көрүүгө түрткү бермек. Жахаба бүгүнкү күндөгү балдардын да андай суроолорго көкүрөккө толумдуу жооп табышын каалайт. Анда ата-энелер балдарын Жахаба Кудайды жана анын элин чын жүрөктөн сүйүүгө кантип үйрөтө алышат? Мунун бир жолу — аларга Жахабанын уюмун жана ал уюмдун биз үчүн эмнелерди кылып жатканын жакшы билүүгө жардам берүү. Анда балдарга Кудайдын уюму жөнүндө кененирээк түшүнүк алууга кантип жардам берсе болорун карап көрөлү.

Жергиликтүү жыйналыш

Балдарыңар үй-бүлөңөр барган жыйналышты жакшы билиши зарыл. Ан үчүн силер, ата-энелер, аларды жыйналыш жолугушууларынын баарына алып барганыңар дурус. Ошентүү менен Жахабанын ысрайылдыктарга берген төмөнкү осуятына ылайык иш кылган болосуңар: «Элиңди: эркектер менен аялдарды, балдарды... чогултуп кел. Алар бул мыйзамды угуп, Кудай-Теңирден коркууну үйрөнүшсүн, мыйзамдын бардык сөздөрүн аткарууга аракет кылышсын. Бул мыйзамды билбеген алардын балдары да... аны угуп, Теңирден коркууну үйрөнүшсүн» (Мыйз. 31:12, 13).

Балдар ымыркай кезинен тартып эле Жахабанын Сөзүнөн билим ала алышат. Элчи Пабыл Тиметейге: «Ыйык жазмаларды ымыркай кезиңен билесиң»,— деп айткан (2 Тим. 3:15). Падышалык залында өткөрүлгөн жолугушууларда атүгүл тырмактай балдар да берилген маалыматты түшүнүп, Падышалык ырларын үйрөнө алышат. Ал жактан алар Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды колдонууга, жогору баалоого үйрөнүшөт. Андан тышкары, жолугушууларыбыздан балдар Исанын чыныгы жолдоочуларын айырмалап турган белгини — нагыз сүйүүнү — сезишет. Иса мындай деген: «Силерге жаңы осуят берем: бири-бириңерди сүйгүлө. Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири-бириңерди сүйгүлө. Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет» (Жкн. 13:34, 35). Падышалык залында айкын көрүнгөн күчтүү сүйүү жана чыныгы коопсуздук балдарга аябай жагымдуу болот. Бул аларга жыйналыш жолугушууларына катышууну жашоосунун ажырагыс бөлүгү кылып алууга көмөк кылат.

Падышалык залына эртерээк барууну жана жолугушуудан кийин бир нече убакытка калууну адат кылып алсаңар, балдарыңарга досторду табууга жакшы шарт түзөсүңөр. Алар ал убакытты өзү теңдүүлөр менен эле өткөрбөшү үчүн, ар кандай курактагы бир туугандар менен тааныштырууга эмне үчүн болбосун? Балдарыңар улуулар менен жакыныраак таанышышса, алардын көптөгөн кызыктуу окуяларды башынан өткөргөнүн жана тажрыйбага, акылмандыкка бай экенин баамдашат. Захария Жүйүттүн жаш падышасы Узияга «Кудайдан коркууну үйрөтүп», жакшы таасир эткендей эле, бүгүнкү күндө Жахабага көп жылдардан бери ишенимдүүлүк менен кызмат кылып келаткан бир туугандар жаштарга оң таасир этишет (2 Жылн. 26:1, 4, 5). Мындан сырткары, балдарыңарга Падышалык залындагы китепкананын, маалымат тактасынын жана башка нерселердин максатын, ролун түшүндүрүп бергиле.

Бүткүл дүйнөлүк уюм

Балдар жергиликтүү жыйналыштын 100 000ден ашуун жыйналыштан турган бүткүл дүйнөлүк уюмдун бөлүгү экенин билиши керек. Андыктан аларга уюмдун өзгөчөлүктөрүн, кандайча иш жүргүзөрүн жана алардын аны колдоого кандай салым кошо аларын түшүндүрүп бергиле. Ошондой эле райондук, облустук жыйындарды, райондук көзөмөлчүнүн келишин эмне себептен чыдамсыздык менен күтөрүңөрдү айтып бергиле. (28-беттеги «Үй-бүлөлүк сыйынууда эмнелерди талкууласа болот?» деген кутучаны карагыла.)

Мүмкүнчүлүгүңөр болгондо, кыдыруучу көзөмөлчүлөрдү, миссионерлерди, Бейтел үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүн жана толук убакыт кызмат кылган башка бир туугандарды конокко чакыргыла. Алардын балдарга убактысы жок деп ойлобогула. Толук убакыт кызмат кылган ал бир туугандар балдарды дайыма жылуу кабыл алып, алар менен пикирлешкен Исаны тууроого аракет кылышат (Мр. 10:13—16). Жахабанын андай кызматчыларынын башынан өткөн окуяларын айтып бергенин укканда жана ыйык кызматтан кубаныч алып жатканын көргөндө балдарыңар да толук убакыт кызмат кылууга максат коюшу мүмкүн.

Балдарыңарга Жахабанын уюмун жакшыраак билүүгө дагы кантип жардам берсеңер болот? Төмөндө буга байланыштуу бир нече кеңеш берилди: үй-бүлөңөр менен «Жахабанын Күбөлөрү — Кудайдын Падышалыгынын жарчылары» (ор.) деген китепти окуп чыгууну максат кылып койгула. Ошол китепте айтылган Күбөлөрдүн берилгендикти, момундукту жана ишенимдүүлүктү кантип чагылдырганын баса белгилегиле. Жакшы кабарды жердин учу-кыйырына чейин жеткирүү үчүн Жахабанын аларды кантип колдонгонун көрсөткүлө. Байыркы учурдагы жана бүгүнкү күндөгү окуялардын негизинде балдарды маанилүү нерселерге үйрөтүү үчүн Жахабанын уюму тарабынан чыгарылган видео тасмаларды колдонгула. Колдон келсе, өзүңөрдүн өлкөңөрдөгү же башка өлкөдөгү Бейтелди көрүп кеткиле. Бул балдарыңарга Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгү, б.з. 1-кылымындагыдай эле, ишенимдүү кул тобунун көзөмөлү астында бүткүл дүйнөлүк бир туугандыкка рухий тамак жана жетекчилик берүү үчүн кандайча уюшулганын түшүнүүгө жардам берет (Мт. 24:45—47; Элч. 15:22—31).

Маалыматты ар бир балага ылайыкташтыргыла

Балдарыңарды окутуп-үйрөтүүдө Исанын элчилерин кантип окутканын эске алгыла. Ал бир жолу аларга: «Силерге айта турган сөзүм көп, бирок азыр анын баарын түшүнө албайсыңар»,— деген (Жкн. 16:12). Иса шакирттерин маалымат менен көмүп салбастан, алар маанилүү чындыктарды туура түшүнүшү үчүн, акырындык менен окуткан. Ошол сыяктуу эле, балдарыңарга бир учурда өтө көп маалымат бербегиле. Уюм жөнүндө маалыматты аз-аздан, бирок үзгүлтүксүз берүү менен алардын кызыгуусун өрчүтүп, жыйналыш жөнүндө билүүнү жагымдуу нерсеге айлантасыңар. Ал эми балдарыңардын муктаждыктары өзгөргөнүнө жараша, окуп-үйрөнгөндөрүн кайталасаңар жана дагы көбүрөөк маалымат берсеңер болот.

Жыйналыш жолугушуулары рухий күч-кубаттын булагы болуп эсептелет жана рухий иштерге жигердүү катышкан жаштар Шайтандын дүйнөсүнүн таасирине ийгиликтүү каршы тура алышат (Рим. 12:2). Ата-энелер, биз силердин балдарыңарга Жахабанын уюмун жакшы билүүгө жардам берүүдөн чоң кубаныч аларыңарга шектенбейбиз. Балдарыңар биз кызмат кылган мээримдүү Кудайыбыздын жардамы менен Ага жана анын уюмуна берилгендигин сактай беришсин!

Үй-бүлөлүк сыйынууда эмнелерди талкууласа болот?

Төмөндө үй-бүлө менен сыйынуу кечинде Жахабанын уюмуна байланыштуу эмнелерди талкууласаңар болору көрсөтүлдү.

▪ Жергиликтүү жыйналыштын тарыхын изилдеп көргүлө. Ал качан жана кантип уюшулган? Жыйналышыңар кайсы Падышалык залдарында чогулуп келген? Буларды талкуулоо үчүн жана балдарыңардын суроолоруна жооп берүү үчүн үйүңөргө жыйналышыңарда көптөн бери кызмат кылган бир тууганды чакырууга эмне үчүн болбосун?

▪ Жыйналыштын ар кандай жолугушууларынын, чоң жыйындардын максатын жана балдардын алардан кандай пайда ала аларын түшүндүргүлө.

▪ Жахабанын уюму тарабынан негизделген мектептердин максатын карап чыккыла. Ошол мектептердин бүтүрүүчүлөрү кандай жакшы натыйжаларга жеткени жөнүндөгү окуяларды айтып бергиле.

▪ Балдарыңарга жакшы кабардын үзгүлтүксүз жарчысы болуунун маанилүүлүгүн түшүнүүгө көмөк кылгыла. «Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китебине» (ор.) чыга турган бүткүл дүйнөлүк отчётко алар кантип салым кошо аларын көрсөткүлө.

▪ Жахабанын уюмунда жаштар аркалай ала турган толук убакыттагы кызматтын түрлөрүн карап чыккыла. «Жахабанын эркин аткаруу үчүн уюшулганбыз» китебинин 10-бөлүмүнөн буга байланыштуу жакшы маалымат табууга болот.

▪ Балдарга жыйналышта эмне себептен белгилүү бир тартипке карманарыбызды түшүнүүгө жардам бергиле. Аларга эмне үчүн атүгүл майда-чүйдө иштерде да Жахабанын уюмуна баш ийбестик көрсөтпөшү керектигин түшүндүргүлө. Аксакалдардын жетекчилигине баш ийүү менен алардын жыйналышта тартиптин сакталышына кандайча өбөлгө түзөрүн көрсөткүлө.

[26-беттеги сүрөт]

Байыркы ысрайылдыктардай болуп, ата-энелер балдарынын Жахабанын уюму жөнүндөгү суроолоруна канааттандырарлык жооп берүүгө умтулушат

[28-беттеги сүрөт]

Балдарыңар көптөн бери кызмат кылып келаткан бир туугандар менен достошуудан чоң пайда алышат