Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын «акылын ким таанып-билген?»

Жахабанын «акылын ким таанып-билген?»

Жахабанын «акылын ким таанып-билген?»

«„Жахабаны үйрөткүдөй, анын акылын ким таанып-билген?“ Биз болсо Машаяктын акылына ээбиз» (1 КОР. 2:16).

1, 2. а) Көптөр кандай кыйынчылыкка кабылышат? б) Биздин ой жүгүртүүбүз менен Жахабанын ой жүгүртүүсүнө байланыштуу эмнени унутпашыбыз керек?

КИМДИР бирөөнүн көз карашын же ой жүгүртүүсүн түшүнүү кыйынга турган учуруң болду беле? Балким, жаңы эле үй-бүлө куруп, жарыңдын ой жүгүртүүсүн толук түшүнө албай жаткандырсың. Чынында, эркек менен аял ар башкача ойлонот, атүгүл ой-пикирин ар башкача билдирет. Айрым маданияттарда эркектер менен аялдар жадагалса бир эле тилдин эки башка диалектисинде сүйлөшөт! Андан тышкары, маданияттагы жана тилдеги өзгөчөлүктөрдөн улам адамдардын ой жүгүртүүсү, жүрүм-туруму бири-бириникинен айырмаланат. Ошентсе да башкаларды канчалык жакшы билген сайын, алардын ой жүгүртүүсүн ошончолук жакшы түшүнө баштайсың.

2 Ошондуктан ой жүгүртүүбүздүн Жахабаныкынан кескин айырмаланары бизди таң калтырбашы керек. Жахаба Ышая пайгамбар аркылуу ысрайылдыктарга мындай деген: «Менин ойлорум силердин ойлоруңар эмес, Менин жолдорум силердин жолдоруңар эмес». Анан муну баса белгилеп: «Асман жерден канчалык бийик болсо, Менин жолдорум силердин жолдоруңардан ошончолук бийик, Менин ойлорум силердин ойлоруңардан бийик»,— деген (Ыш. 55:8, 9).

3. Кайсы эки нерсе Жахаба менен «ынак мамиледе» болууга жардам берет?

3 Бирок бул Жахабанын ой жүгүртүүсүн түшүнүүгө аракет кылбашыбыз керектигин билдиреби? Жок. Жахабанын ойлорунун баарын эч качан толук түшүнө албасак да, Ыйык Китеп бизди Аны менен «ынак мамиледе» болууга чакырат (Оку: Забур 24:14 *). Жахабага жакындоонун бир жолу — анын Сөзү Ыйык Китепте жазылган иштерине кылдат көңүл буруу (Заб. 27:5). Жахаба менен ынак мамиледе болууга жардам берген дагы бир нерсе — «көрүнбөс Кудайдын бейнеси» «Машаяктын акылына» ээ болуу (1 Кор. 2:16; Кол. 1:15). Ооба, ыйык китептик билдирүүлөрдү изилдөөгө, алар жөнүндө ой жүгүртүүгө убакыт бөлүү менен Жахабанын сапаттарын жана ой жүгүртүүсүн тереңирээк түшүнө алабыз.

Туура эмес көз карашты жоюу

4, 5. а) Кандай туура эмес ой жүгүртүүдөн качышыбыз керек? Түшүндүргүлө. б) Ысрайылдыктар кандай жаңылыш ойдо болушкан?

4 Жахабанын иштери жөнүндө ой жүгүрткөнүбүздө аларга адамдык көз караш боюнча баа берүүдөн качышыбыз керек. Адамдардын буга жакын келери Забур 49:21де айкын көрсөтүлгөн. Ал жерде Жахабанын өз элине: «Өзүң кандай болсоң, Мени да ошондой ойлодуң»,— деп айтканы жазылат. Мындан 175 жылдан ашуун убакыт мурун ыйык китептик бир окумуштуу: «Адамдар Кудайды өздөрүнө карап айыптоого жана аны өздөрү карманышы керек болгон мыйзамдар менен чектөөгө жакын келишет»,— деген.

5 Биз Жахаба жөнүндө өз нормаларыбыздын жана каалоолорубуздун негизинде жыйынтык чыгаруудан сак болушубуз керек. Бул эмне үчүн маанилүү? Себеби Ыйык Жазманы изилдегенибизде Жахабанын айрым иштери биздин чектелген, жеткилеңсиз көз карашыбыз боюнча анча туура эместей сезилиши мүмкүн. Байыркы ысрайылдыктар ушундай ойдо болуп, Жахабанын аларга жасаган мамилесине карата жаңылыш жыйынтык чыгарып алышкан. Жахабанын аларга эмне дегенине көңүл бурсаңар: «Силер: „Теңирдин жолу туура эмес!“ — деп айтып жатасыңар. Ысрайыл эли, ук! Менин жолум туура эмеспи же силердин жолуңар туура эмеспи?» (Жез. 18:25).

6. Аюб эмнени түшүнгөн жана мындан кандай сабак алсак болот?

6 Көз карашыбыздын чектелүү экенин жана кээде туура эмес болорун билүү Жахабаны өзүбүздүн түшүнүктөрүбүздүн негизинде айыптоодон качууга жардам берет. Аюб ушуну түшүнүшү керек болгон. Азап тарткан учурда ал ындыны өчүп, өзү жөнүндө көбүрөөк ойлой баштагандыктан, алда канча маанилүү маселени капарына албай калган. Бирок Жахаба мээримдүүлүк менен ага жагдайга кененирээк көз караш менен кароого жардам берген. Жахаба Аюбга ал бирине да жооп бере албаган 70тен ашык суроо берүү менен анын түшүнүгүнүн канчалык чектелүү экенин баса белгилеген. Ошондо Аюб момундук менен оюн өзгөрткөн (Оку: Аюб 42:1—6).

«Машаяктын акылына» ээ болуу

7. Эмне үчүн Исанын иш-аракеттерин изилдөө Жахабанын ой жүгүртүүсүн түшүнүүгө жардам берет?

7 Иса сүйлөгөн сөзүндө, кылган ишинде дайыма Атасын жеткилең түрдө туураган (Жкн. 14:9). Андыктан Исанын иш-аракеттерин изилдөө бизге Жахабанын ой жүгүртүүсүн түшүнүүгө жардам берет (Рим. 15:5; Флп. 2:5). Анда Инжилдеги эки билдирүүгө токтололу.

8, 9. Жакан 6:1—5-аяттарда жазылгандай, кандай жагдайдан улам Иса Филипке суроо берген жана эмне максат менен?

8 Көз алдыңарга бул окуяны элестетсеңер. Б.з. 32-жылынын Пасах майрамынын алды. Исанын элчилери бүт Галилеяны кыдырып кабар айтуудан жаңы эле кайтып келишет. Алар чарчагандыктан, Иса аларды Галилея деңизинин түндүк-чыгыш жээгиндеги ээн жерге алып барат. Бирок миңдеген кишилер аларды ээрчип алышат. Иса бир топ кишини айыктырып, көп нерсеге окутат. Бирок бир кыйынчылык пайда болот. Ошончо көп эл андай ээн жерде тамак-ашты кайдан тапмак? Элдин ачка экенин билгендиктен Иса ошол жерлик Филиптен: «Бул элге нанды кайдан сатып алсак болот?» — деп сурайт (Жкн. 6:1—5).

9 Эмне үчүн Иса Филипке мындай суроо берген? Ал эмне кылуу керектигин билбей, тынчсызданып жатты беле? Жок. Алар менен ошол жерде болгон Жакан анын эмне максат менен андай суроо бергенин түшүндүрүп: «Муну [Иса] Филипти сынаш үчүн айтты, анткени өзү эмне кыларын билип турган»,— деген (Жкн. 6:6). Ырас, Иса шакирттеринин рухий жактан канчалык өскөнүн текшерип жаткан. Ал суроону берүү менен Иса аларды элди кантип тойгузуу керектиги жөнүндө ойлондуруп, ага ишеним көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген. Бирок шакирттер мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып, чынында көз карашы чектелүү экенин көрсөтүшкөн (Оку: Жакан 6:7—9). Ошондо Иса алар элестете да албаган нерсени кыла аларын көрсөтүп, кереметтүү түрдө миңдеген ачка кишини тойгузган (Жкн. 6:10—13).

10—12. а) Эмне себептен Иса грек аялдын өтүнүчүн дароо орундаткан эмес? Түшүндүргүлө. б) Азыр эмнени карап чыгабыз?

10 Бул билдирүү дагы башка жагдайда Исанын ой жүгүртүүсү кандай болгонун түшүнүүгө жардам берет. Ошол миңдеген кишини тойгузгандан көп өтпөй Иса элчилери менен түндүктү көздөй жол тартып, Ысрайылдын чек арасынан ары Тир, Сидон аймактарына барат. Ал жерден бир грек аял Исадан кызын айыктырышын сурап жалбарат. Башында Иса ал аялдын өтүнүчүнө маани бербей коёт. Бирок ал көшөрүп суранып туруп алганда, Иса ага: «Адегенде балдар тойсун. Анткени балдардан нанды алып, күчүктөргө таштаган жакшы эмес»,— дейт (Мр. 7:24—27; Мт. 15:21—26).

11 Иса эмне себептен аялга дароо жардам берген эмес? Ал ага ишенимин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берип, анын эмне кыларын көрүш үчүн, Филипти сынагандай сынаганбы? Исанын үнүнүн тону, Жазмада айкын көрсөтүлбөсө да, анын көңүлүн чөгөргөн эмес. Ал эми «күчүктөр» деген сөздү колдонгону анын салыштыруусун жумшартып сыпайылаган. Балким, Иса баласынын өтүнүчүн орундаткысы келген, бирок анын чечкиндүүлүгүн сынаш үчүн муну сыртынан көрсөтпөгөн ата-энедей иш-аракет кылгандыр. Кандай болбосун, аял ишенимин көрсөткөндө, Иса анын өтүнүчүн даярдуулук менен аткарган (Оку: Марк 7:28—30).

12 Инжилдеги бул эки билдирүү «Машаяктын акылын» тереңирээк түшүнүүгө жардам берет. Эми бул билдирүүлөрдүн Жахабанын акылын түшүнүүгө кандайча көмөк кыларын карап көрөлү.

Жахабанын Мусага кылган мамилеси

13. Исанын ой жүгүртүүсүн түшүнүү бизге кандайча жардам берет?

13 Исанын ой жүгүртүүсүн түшүнүп-билүү Жазмадагы түшүнүү кыйынга турушу мүмкүн болгон билдирүүлөрдүн маанисин аңдоого жардам берет. Мисалы, ысрайыл эли сыйынуу үчүн алтын музоо жасап алганда Жахабанын Мусага айткан сөздөрүнө токтололу. Ал мындай деген: «Мен бул элди көрүп турам, бул эл — тоң моюн эл. Ошондуктан Мени Өз жайыма кой, алар Менин каарыма калышсын. Аларды жок кылып, сенден көп сандаган эл чыгарам» (Чыг. 32:9, 10).

14. Муса Жахабанын сөздөрүнө кандай жооп кайтарган?

14 Жазмада мындай делет: «Муса өз Кудай-Теңирине мындай деп жалына баштады: „О Теңирим, Мисир жеринен кудуреттүү күчүң, кубаттуу колуң менен Өзүң алып чыккан Өз элиңдин үстүнө каарың от болуп жаабаса экен. Мисирликтер: “Кудай аларды өлтүрүү үчүн тоого алып кеткен тура, аларды жер үстүнөн жок кылгысы келген тура”,— деп айтышпасын. Теңир, жалындаган каарыңды баса көр! Чечимиңди өзгөрт, Өз элиңди өлтүрө көрбө! Өз кулдарың Ыбрайымга, Ыскакка жана Ысрайылга Өз ысымың менен берген антыңды эстей көр. Сен аларга: “Силердин тукумуңарды көктөгү жылдыздардай көбөйтөм, Өзүм убада кылган жерди силердин укум-тукумуңарга берем, алар аны түбөлүккө ээлешет”,— деп айтпадың беле“. Ошондо Теңир Өз элине төгө турган каарын кайт кылды» (Чыг. 32:11—14) *.

15, 16. а) Жахабанын сөздөрүнөн Мусага кандай мүмкүнчүлүк берилгени көрүнүп турат? б) Жахаба эмне кылбоону чечкен?

15 Жахаба Мусанын анын ой жүгүртүүсүн тууралашына муктаж беле? Албетте, жок! Кудай ага эмне кылууга ниеттенип жатканын айтса да, бул анын акыркы чечими эмес болчу. Чынында, Жахаба, Иса кийинчерээк Филипти жана грек аялды сынагандай эле, Мусаны сынап жаткан. Ал Мусага өзүнүн көз карашын билдирүүгө мүмкүнчүлүк берген *. Эмнеге дегенде, Жахаба өзү менен ысрайыл элинин ортосуна Мусаны арачы кылып дайындаганына жараша аны арачы катары урматтаган. Муса көңүл кайттыкка жеңдирип коёт беле? Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Жахабаны ысрайыл элин унутууга жана өзүнүн урпактарынан күчтүү эл чыгарууга үндөйт беле?

16 Мусанын жообу анын ишенимин жана Жахабанын адилеттүүлүгүнө таянарын айгинелеген. Ошондой эле анын керт башынын жыргалчылыгына эмес, Жахабанын ысмынын ыйыкталышына кызыкдар болгонун көрсөткөн. Ал Кудайдын ысмына тил тийишин каалаган эмес. Ошентип, Муса ушул маселеге карата Жахабанын акыл-оюн түшүнөрүн көрсөткөн (1 Кор. 2:16). Ал окуя эмне болуп бүткөн? Жахаба тигиндей же мындай кылам деп алдын ала бек чечип албагандыктан, Жазмада айтылгандай, бүтүндөй элге төгөйүн деп ниеттенген «каарын кайт кылган».

Жахабанын Ыбрайымга кылган мамилеси

17. Жахаба Ыбрайымга кылган мамилесинде кантип зор чыдамдуулук көрсөткөн?

17 Жахабанын өз кызматчыларына ага болгон ишенимин, ага таянарын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берерине Ыбрайымдын Содомго байланыштуу суранычы да мисал боло алат. Билдирүүдө айтылгандай, Жахаба зор чыдамдуулук көрсөтүп, Ыбрайымдын ага сегиз суроо беришине уруксат берген. Суроо берип жатканда Ыбрайым туталанып мындай деген: «Мыйзамсызга эмне болсо, адилге да ошол болбошу үчүн, Сен адилди мыйзамсыз менен бирге жок кылбайсың, Сен эч качан андай кылбайсың! Бүт жер жүзүнүн Соту адилетсиз сот жүргүзмөк беле?» (Башт. 18:22—33).

18. Жахабанын Ыбрайымга кылган мамилесинен эмнени билүүгө болот?

18 Бул билдирүүдөн Жахабанын ой жүгүртүүсү жөнүндө эмнени билебиз? Ал туура чечим чыгаруу үчүн Ыбрайымдын кеңешине муктаж беле? Жок. Албетте, Жахаба сөзүнүн башында эле чыгарган чечиминин себебин айтып коё алмак. Бирок Ыбрайымга суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк берүү менен ал ага анын чечимин кабыл алууга, ой жүгүртүүсүн түшүнүүгө убакыт берген. Ошондой эле бул Ыбрайымга Жахабанын канчалык боорукер жана адилеттүү экенин баамдоого өбөлгө түзгөн. Ооба, Жахаба Ыбрайымга досундай мамиле кылган (Ыш. 41:8; Жкп. 2:23).

Биз үчүн сабак

19. Аюбду кантип туурай алабыз?

19 Жахабанын акыл-ою жөнүндө эмнелерди билдик? Биз Кудайдын Сөзү аркылуу акылыбызды Жахабанын ой жүгүртүүсүнө ылайык калыпташыбыз керек. Андан тышкары, Жахабанын ойлорунун чектелүү көз карашыбыздан алда канча жогору турарын унутпашыбыз жана аны өзүбүздүн нормаларыбыздын, түшүнүктөрүбүздүн негизинде айыптоодон качышыбыз кажет. Аюб: «Мен Ага жооп бере тургандай, Аны менен бирге сотко баргыдай, [Кудай] мен сыяктуу адам эмес»,— деп жазган (Аюб 9:32). Жахабанын акыл-оюн баамдап-биле баштаганда биз, Аюбдай болуп: «Анын жолдорунун бир бөлүгү — мына ушул. Биз Ал тууралуу кандай аз укканбыз! Анын кудуретинин жаңырыгын ким түшүнө алат?» — деп айтууга түрткү алабыз (Аюб 26:14).

20. Жазмадан түшүнүүгө кыйын болгон жерлерди кезиктирсек, эмне кылышыбыз керек?

20 Ыйык Жазманы окуп жатканда түшүнүүгө кыйын болгон, айрыкча, Жахабанын ой жүгүртүүсү анча айкын болбогон жерлерди кезиктирсек, эмне кылышыбыз керек? Эгер кошумча изилдөө жүргүзгөндөн кийин деле так жооп албасак, муну Жахабага канчалык таянарыбызды сынаган нерсе катары көрсөк болот. Кээде кайсы бир билдирүүлөрдүн Жахабанын сапаттарына болгон ишенимибизди көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берерин эстен чыгарбаганыбыз дурус. Ошондой эле анын иштеринин баарын түшүнө албай турганыбызды момундук менен моюнга алышыбыз зарыл (Нас. 11:5). Ошондо элчи Пабылдын төмөнкү сөздөрүнө үн кошкон болобуз: «Оо, Кудайдын байлыгы кандай түгөнгүс, акылмандыгы, билими кандай терең! Сот өкүмдөрү акыл жеткис, жолдору изилденгис! „Жахабанын акылын ким таанып-билген же ага ким кеңешчи болгон?“ Же „ал кайрып бергидей, ким ага биринчи болуп берген?“ Анткени бардык нерсени ал берет, бардыгы ал аркылуу жана ал үчүн бар болуп турат. Ал түбөлүккө даңкталсын. Оомийин» (Рим. 11:33—36).

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Забур 24:14 («ЖД» [25:14]): «Жахаба Өзүнөн корккондор менен ынак мамиледе, аларга келишимин ачып берет».

^ 14-абз. Ушу сыяктуу билдирүүнү Сандар 14:11—20-аяттардан табууга болот.

^ 15-абз. Айрым окумуштуулардын пикиринде, Чыгуу 32:10догу «Мени Өз жайыма кой» деп берилген эврей идиомасын Мусага, «асканын жаракасына тура калгандай», Жахаба менен анын элинин ортосуна арачылык кылууга мүмкүнчүлүк берген чакырык катары кароого болот (Заб. 105:23; Жез. 22:30). Кандай болбосун, Мусанын Жахабага өз оюн эркин билдире алганы айкын.

Эсиңердеби?

• Жахаба жөнүндө өз түшүнүктөрүбүздүн негизинде жыйынтык чыгаруудан качууга эмне жардам берет?

• Исанын иш-аракеттерин түшүнүү Жахаба менен «ынак мамиледе» болууга кандайча жардам берет?

• Жахабанын Муса жана Ыбрайым менен сүйлөшкөнүнөн кандай сабак алдың?

[Изилдөө суроолору]

[5-беттеги сүрөт]

Жахабанын Мусага жана Ыбрайымга жасаган мамилесинен Анын ой жүгүртүүсү жөнүндө эмнени билебиз?