Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын уюмунда күжүрмөн эмгектенишим

Жахабанын уюмунда күжүрмөн эмгектенишим

Жахабанын уюмунда күжүрмөн эмгектенишим

Айтып берген: Вернэн Зубко

МЕН Канаданын Саскачеван провинциясындагы Стинен кыштагынан анча алыс эмес жайгашкан фермада чоңоюп-өскөм. Ата-энем Фред менен Адела эжем Аурелияга, мага, инилерим Элвин менен Дэрилге жана карындашым Алеграга рухий жана материалдык жактан кам көрүү үчүн талыкпай эмгектенишчү. Ата-энебизге бизди чындык жолунда тарбиялаганына чексиз ыраазыбыз.

Атам, Исанын майланган жолдоочусу, Падышалыктын кайраттуу жарчысы эле. Ал бизди багыш үчүн тыным көрбөй мээнеттенчү, ошондой эле баары анын Жахабанын Күбөсү экенин билиши үчүн аябай аракет кылчу. Атам дайыма башкаларга чындык жөнүндө айта турган. Анын ынталуулугун, тайманбастыгын эч унутпайм. Ал мага: «Жахабанын уюмунда дайыма күжүрмөн эмгектен, ошондо көп кыйынчылыктардан алыс болосуң»,— деп көп айтар эле.

Биз Стинендеги жана коңшулаш аймактардагы көчөлөрдө көп кабар айтчубуз. Мен үчүн бул дайыма эле оңойго турчу эмес. Ар бир шаарда бизди, жаш балдарды, шылдыңдап-мазактаган бейбаш балдар бар болчу. Бир жолу 8 жашымда «Күзөт мунарасы» менен «Ойгонгула!» журналдарын кармап алып, көчөнүн бир бурчунда турсам, топ бала мени курчап алды. Алар жаңы шапкемди башыман жулуп алып, жанымдагы устунга илип коюшту. Дагы жакшы, мага көз салып турган улуураак бир тууган эмне болуп жатканын байкап калды. Ал басып келип: «Верн, баары жакшы элеби?» — деп сураганда, балдар бир заматта туш-тарапка качып кетишти. Бул окуя бир аз көңүлүмдү чөктүрсө да, көчөдө кабар айтып жүргөндө кагылган казыктай бир орунда тура бербеш керектигин түшүндүм. Калыптанып, өсүп-жетилип келаткан жылдарымда алган мындай сабактар мени үймө-үй кабар айтуу үчүн зарыл кайраттуулукка ээ кылды.

Элвин экөөбүз 1951-жылы майда чөмүлтүлдүк, анда мен 13тө элем. Ошондо чөмүлтүлө тургандарга арналган баяндаманы сүйлөгөн Жэк Нейтан бир туугандын бир да айды Жахаба жөнүндө айтпай өткөрбөгүлө деп үндөгөнү али эсимде *. Биздин үй-бүлөдө пионердик кызмат умтулууга арзыган эң мыкты максат деп эсептелчү. Ошондуктан 1958-жылы мектепти бүтүргөндөн кийин пионер болуп кызмат кылуу үчүн Виннипегге (Манитоба) көчүп бардым. Тактайдын бетин сүрүп-жылмалап, үй-бүлөлүк ишибизге салым кошконума атам аябай ыраазы болсо да, апам экөө тең мага толук убакыт кызматты баштоого түрткү берип, ошол жакка көчүп барышыма көмөк көрсөтүштү.

Жаңы үй жана жаңы шерик

Квебекте жарчыларга муктаждык чоң болгондуктан, 1959-жылы филиал мүмкүнчүлүгү барлардын баарын ошол жерге көчүп барууга чакырды. Мен Монреалда пионер болуп кызмат кылыш үчүн ошол жакка жөнөдүм. Кандай гана чукул өзгөрүү! Мен үчүн жашоомдун жаңы барагы ачылгандай эле болду: француз тилин үйрөнүп, бөлөк маданиятты өздөштүрө баштадым. Ошондо райондук көзөмөлчүбүз мага: «Эч качан: „Биз мындай же тигиндей кылып көнүп калганбыз“,— дебе»,— деп жакшы кеңеш берди (1 Кор. 9:22, 23).

Квебекке көчүп барганымда пионер шеригим жок эле. Бирок 1961-жылдын февралында мурунураак Виннипегде жолуктурган Тэркот Шерлиге үйлөнүп, өмүрлүк жан шерикке ээ болдум. Ал да Жахабаны сүйгөн үй-бүлөдө чоңойгон. Ал убакта жубайымдын мен үчүн жылдар бою бекемдөөнүн, дем-күчтүн соолгус булагы болуп берерин элестеткен да эмесмин.

Гаспедеги сапар

Баш кошконубуздан эки жыл өткөндөн кийин Римускийге (Квебек) атайын пионер болуп дайындалдык. Кийинки жазда филиал бизден Гаспе жарым аралын Канаданын чыгыш жээгин бойлой кыдырып кабар айтып чыгышыбызды суранды. Биз чындыктын үрөнүн мүмкүн болушунча көп себүүгө чакырылганбыз (Нас. 11:6). Ошентип, машинебизге 1 000ден ашык журнал, 400гө чукул китеп, тамак-аш, кийим-кечек жүктөп алып, бир айлык кабар айтуу сапарына аттандык. Биз белгилүү бир тартип менен Гаспедеги чакан айыл-кыштактардын баарын иштетип чыктык. Жергиликтүү радио түйүнүнөн Күбөлөрдүн келгени жана алардан адабияттарды албоо керектиги жарыяланган. Бирок тургундардын көбү биздин адабияттарды жарнамалап жатышат деп ал билдирүүнү тескери түшүнүп алышкандыктан, адабияттарды ала беришкен.

Ошол жылдары Квебектин кээ бир жерлеринде жаңыдан эле ээн-эркин кабар айтыла баштагандыктан, полиция кызматкерлери кабар айтып жүргөндөрдү көп токтото турган. Бир шаарда дээрлик ар бир үйгө адабият калтырып жүргөнүбүздө, бизди бир полиция кызматкери токтотуп, аны менен полиция участогуна барышыбызды суранды, биз айтканындай кылдык. Сураштырып-билсем, шаардын юристи кабар айтуу ишибизди токтотууга буйрук бериптир. Ошол күнү полиция башчысы жумушунда жок болгондуктан, мен ал юристке Торонтодогу филиалдан алган катты тапшырдым. Ал кабар айтууга болгон укугубузга байланышкан кылдат даярдалган документтерди камтыган кат болчу. Катты окуп чыккандан кийин юрист: «Мен башыма балээ үйүп алгым келбейт. Силерге тыюу сал деп мага чиркөө башчысы айткан»,— деди шашыла. Биз кабар айтып жүргөн аймагыбыздагы адамдарга ишибиздин мыйзамсыз эмес экенин көрсөтүш үчүн, полиция кызматкери токтоткон аймакка дароо барып, кызматыбызды уланттык.

Эртеси эртең менен полиция башчысына жолукканы барсак, ал биздин кабар айтышыбызга тыюу салынганына ачууланып жатыптыр. Ал баягы юристке телефон чалып, ойда бир урушту дейсиң! Полиция башчысы, эгер кандайдыр бир көйгөйлөр пайда болсо, жеке ага кайрылсак болорун жана колунан келген жардамын аябай турганын айтты. Ырас, келгин болсок да, француз тилин жакшы билбесек да, бизге жылуу мамиле кылып, меймандостук көрсөткөн адамдар болбой койгон жок. Бирок биз: «Алар чындыкты таанып кетер бекен?» — деп тынчсызданар элек. Бир нече жылдан кийин Гаспенин ар кайсы жерлерине Падышалык залдарын куруу үчүн барганыбызда бул суроого жооп алдык: бизден кабар уккан адамдардын көбү биздин бир тууган болуптур. Арийне, өстүргөн Жахаба өзү (1 Кор. 3:6, 7).

Мураска ээ болушубуз

1970-жылы кыздуу болуп, атын Лиза койдук. Жахабадан алган бул мурасыбыз жашообуздагы кубанычка кубаныч кошту. Шерли менен Лиза мени менен чогуу көптөгөн Падышалык залдарын куруу долбоорлоруна катышышты. Лиза мектепти бүтүргөндөн кийин: «Апа, ата, учурунда силер мен үчүн бир нече убакытка пионердик кызматыңарды токтотконсуңар, андыктан мен пионер болуп, ошонун ордун толтурууга аракет кылам»,— деген. Анын пионер болуп кызмат кылганына 20 жылдын жүзү болду, азыр болсо бул кызматты жолдошу Силван менен бирге аркалап жатат. Ал экөө бир нече эл аралык курулуш долбоорлорунда кызмат кылуу сыймыгына ээ болушту. Биздин максат — дайыма жөнөкөй жашоо өткөрүп, өзүбүздү Жахабага кызмат кылууга толугу менен арноо. Лизанын пионердик кызматты баштаарда айткан ошол сөздөрүн эч унутпайм. Ал мага 2001-жылы кайрадан толук убакыт кызмат кылууга түрткү берди, ошондон бери пионердик кызматтан кубаныч алып келем. Пионердик кызмат мени бардык нерседе Жахабага таянууга жана жөнөкөй, бирок канааттануу, бакыт тартуулаган жашоо өткөрүүгө үйрөтүп келет.

Курулушка катышуу сүйүүнү, берилгендикти жана ишенимдүүлүктү талап кылат

Жахабанын, эгер өзүңдү ага кызмат кылууга толугу менен арнасаң жана ал кандай кызмат тапшырбасын, даярдуулук менен кабыл алсаң, мол баталарды берерине ынандым. Региондук курулуш комитетинде кызмат кылып, Квебектин ар кайсы тарабында жана башка жерлерде жүргүзүлгөн курулуш ишинде бир туугандарым менен ийиндеш эмгектенүү мен үчүн зор сыймык.

Айрым ыктыярдуу кызматчылар баяндамаларды мыкты сүйлөй албаса да, Падышалык залын курууда иштин көзүн таап, майын чыгара аткарышат. Бул кымбаттуу бир туугандар жүрөгү менен берилип иштеп, таланттарга бай экенин айгинелеп жатышат. Натыйжада Жахабага сыйынууда колдонула турган сонун имараттар тургузулууда.

Башкалар менден: «Падышалык залын куруу ишине катышкан ыктыярдуу кызматчы кайсы сапаттарга ээ болушу керек?» — деп сурап калышат. Өз тажрыйбаман андай кызматчы, биринчиден, Жахабаны, анын Уулун жана бир туугандарды сүйүшү керек деп айта алам (1 Кор. 16:14). Экинчиден, ал берилген жана ишенимдүү болушу керек. Берилген кызматчы, иш ал каалагандай жүрбөй жатса да, теократиялык жетекчиликке баш ие берет, анткени иш дайыма эле ал каалагандай жүрө бербейт. Ал эми ишенимдүүлүк ага кийинки куруу иштерине катыша берүүгө түрткү берет.

Жахабага миң мертебе ыраазыбыз

Атам 1985-жылы каза болсо да, анын: «Жахабанын уюмунда дайыма күжүрмөн эмгектен»,— деген кеңеши ташка тамга баскандай эси-көөнүмөн кетпейт. Жахабанын уюмунун асмандагы бөлүгүндө дайындоосун алган башка майлангандар сыяктуу эле, анын да күжүрмөн эмгектенип жатканы шексиз (Аян 14:13). Апам азыр 97де. Инсульттун айынан жакшы сүйлөй албай калса да, ал дагы деле Ыйык Китепти жакшы билет. Бизге жазган каттарында ал аяттардан цитата келтирип, Жахабага берилгендик менен кызмат кыла берүүгө үндөп келет. Ушундай мээримдүү ата-энеге ээ болгонубузга биз, балдарынын баары, кандай гана ыраазыбыз!

Мен Жахабага ишенимдүү өмүрлүк жарым жана жан шеригим Шерли үчүн да ыраазымын. Ал апасынын: «Верн чындык жолунда көп иштерди аткарат, ошондуктан аны башкалар менен бөлүшүүгө үйрөнүшүң керек»,— деген насаат сөзүн жүрөгүндө бек сактап жүрөт. 49 жыл мурун баш кошконубузда дайыма Жахабага чогуу кызмат кылабыз, чогуу карыйбыз жана эгер бул дүйнө түзүлүшү кыйратылганда аман калсак, чогуу жашарып, Ага түбөлүккө кызмат кыла беребиз деп чечкенбиз. Ооба, биз «Теңирдин ишин аткарууда дайыма көп эмгектендик» (1 Кор. 15:58). Ал эми Жахаба бизге бардык жагынан чындап кам көрүп келди жана жакшы нерседен эч качан кур калтырган жок.

[Шилтемелер]

^ 6-абз. Жэк Хэллидей Нейтандын өмүр баянын 1990-жылдын 1-сентябрындагы «Күзөт мунарасынын» 10—14-беттеринен окусаңар болот, ор.

[31-беттеги сүрөт]

«Биздин максат — дайыма жөнөкөй жашоо өткөрүп, өзүбүздү Жахабага кызмат кылууга толугу менен арноо»