Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ишенимдештериңди урматтоодо демилгени колго аласыңбы?

Ишенимдештериңди урматтоодо демилгени колго аласыңбы?

Ишенимдештериңди урматтоодо демилгени колго аласыңбы?

«Биртуугандык сүйүүңөрдү назиктик менен көрсөткүлө. Бири-бириңерге урмат көрсөтүүдө демилгени колго алгыла» (РИМ. 12:10).

1, 2. а) Римдиктерге жазган катында Пабыл эмнеге үндөгөн? б) Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

ЭЛЧИ Пабыл римдиктерге жазган катында Исанын жолдоочулары катары жыйналышта сүйүү көрсөтүшүбүз маанилүү экенин баса белгилеген. Ал «эки жүздүүлөнбөй сүйүшүбүз» керектигин айткан. Ошондой эле «биртуугандык сүйүү» тууралуу жана ал сүйүү «назиктик» менен көрсөтүлүшү керектигин белгилеген (Рим. 12:9, 10а).

2 Албетте, бир туугандарды сүйүү аларга карата жылуу сезимдерди туюуну эле билдирбейт. Мындай сезимдер иштер менен көрсөтүлүшү кажет. Анткени иш жүзүндө көрсөтпөсөк, бир туугандарыбыз аларга болгон сүйүүбүздү, ынактыгыбызды кантип биле алышат? Ошондуктан Пабыл: «Бири-бириңерге урмат көрсөтүүдө демилгени колго алгыла»,— деп үндөгөн (Рим. 12:10б). Урмат көрсөтүү эмнени билдирет? Ишенимдештерибизге урмат көрсөтүүдө демилгени колго алуу эмне үчүн маанилүү? Муну кантип кылсак болот?

Урмат көрсөтүү эмнени билдирет?

3. Ыйык Китеп жазылган тилдерде «урмат» деген сөз кандай мааниге ээ?

3 «Урмат» деп которулган негизги эврей сөзү сөзмө-сөз «салмак» дегенди билдирет. Ал сөздүн маанисине ылайык, урматталган киши салмактуу же барктуу киши катары каралат. Ошол эле эврей сөзү Жазмада көбүнчө «атак-даңк» деп да которулат. Бул да урмат көрсөтүлгөн кишинин жогору бааланып-баркталарын баса көрсөтүп турат (Башт. 45:13). Ыйык Китепте «урматтоо» деп берилген грек сөзү болсо ардактоону, барктоону, жогору баалоону туюнтат (Лк. 14:10). Ооба, биз урматтаган адамдарыбызды жогору баалап-барктайбыз.

4, 5. Кимдир бирөөнү урматтоо деген эмнени билдирет? Мисал менен түшүндүргүлө.

4 Кимдир бирөөнү урматтоо деген эмнени билдирет? Ал жүрөктөн башталат. Анткени жүрөгүбүздө башкаларды кандай көрсөк, аларга ошого жараша мамиле кылабыз. Башкача айтканда, алгач бир туугандарыбызды жүрөгүбүздө урматташыбыз керек, ошондо аларга иш жүзүндө урмат көрсөтө алабыз.

5 Ооба, Исанын жолдоочусу ишенимдештерин жүрөгүндө урматтабаса, аларга кантип чындап урмат көрсөтө алат? (3 Жкн. 9, 10). Өсүмдүк жакшы жерге тамыр жайганда гана көпкө дейре гүлдөп-өскөн сыяктуу, урмат-сый жүрөгүбүздө тамыр алганда гана чын ыкластан жана узакка көрсөтүлөт. Жасалма урмат жүрөктөн чыкпагандыктан, тез эле «куурап» калат (Элч. 5:1—5). Ошо себептен урмат көрсөтүүгө байланыштуу кеңеш берердин алдында Пабылдын: «Бири-бириңерди эки жүздүүлөнбөй сүйгүлө»,— деп айтканы таң калыштуу эмес (Рим. 12:9; оку: 1 Петир 1:22).

«Кудайдын бейнеси боюнча» жаратылгандарды урматта

6, 7. Эмне себептен бардык адамдарды урматташыбыз керек?

6 Кимдир бирөөгө чындап урмат көрсөтүү үчүн аны жүрөгүбүздө сыйлашыбыз керек болгондуктан, бардык бир туугандарыбызды сыйлоо керектигине байланыштуу Жазмада айтылган себептерди көңүлүбүзгө түйүп алышыбыз керек. Анда мунун эки себебин карап чыгалы.

7 Жердеги башка жаратуулардан айырмаланып, адам баласы «Кудайдын бейнеси боюнча» жаратылган (Жкп. 3:9). Ошондуктан биз Кудайга таандык сүйүү, акылмандык жана адилеттүүлүк сыяктуу сапаттарга ээбиз. Жаратканыбыздын бизге дагы эмнени ыйгарганына көңүл бурсаңар. Забурчу мындай деген: «Теңирибиз, Кудайыбыз!.. Сенин даңкың асмандан да алыс кетти!.. Сен [адам баласын] периштелерден бир аз төмөн койдуң: ага урмат менен атак-даңкты таажы кылып кийгиздиң» (Заб. 8:2, 5, 6, «Синодалдык котормо»; 103:1) *. Кудай адамдарга кандайдыр бир деңгээлде кадыр-баркты, атак-даңкты жана урматты таажы кылып кийгизген, башкача айтканда, алар менен жасалгалаган. Демек, адамдардын кадыр-баркын сыйлаганыбызда, чындап келгенде, адам баласына кадыр-баркты ыйгарган Жахаба Кудайды урматтаган болобуз. Эгер бардык адамдарды урматтоого орчундуу себеп бар болсо, анда ишенимдештерибизге ого бетер урмат көрсөтүшүбүз керек эмеспи?! (Жкн. 3:16; Гал. 6:10).

Биз бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүбүз

8, 9. Пабыл ишенимдештерибизге урмат көрсөтүүгө байланыштуу кандай орчундуу себеп келтирген?

8 Пабыл бири-бирибизди эмне үчүн урматташыбыз керектигинин дагы бир себебин айтып өткөн. Ызаат көрсөтүүгө карата кеңеш берерден мурун ал: «Биртуугандык сүйүүңөрдү назиктик менен көрсөткүлө»,— деген. «Назиктик» деп которулган грек сөзү бири-бирин жакшы көргөн, бири бирине жөлөк-таяк болгон үй-бүлө мүчөлөрүн бириктирип турган бекем түйүнгө карата колдонулат. Бул сөздү колдонуу менен Пабыл жыйналыштагылардын мамилелери биримдик өкүм сүргөн үй-бүлөдөгүдөй бекем жана ынак болушу керектигин баса белгилеген (Рим. 12:5). Андан сырткары, Пабыл бул сөздөрдү Исанын майланган жолдоочуларына — Жахабанын, бир эле Атанын, асырап алган балдарына — жазганын эстен чыгарбайлы. Демек, алар, мындайча айтканда, ынтымактуу бир үй-бүлөнү түзүшкөн. Ушул олуттуу себептен улам Пабылдын убагында жашаган майланган жолдоочулар бири-бирин сыйлашы керек эле. Бүгүнкү күндөгү майлангандар тууралуу да ушуну айтууга болот.

9 Ал эми «башка койлор» жөнүндө эмне дешке болот? (Жкн. 10:16). Кудай аларды асырап ала элек болсо да, алар бүткүл дүйнөлүк рухий үй-бүлөнү түзүшөт, ошондуктан бири бирине негиздүү түрдө «бир тууган» деп кайрыла алышат (1 Пет. 2:17; 5:9). Демек, эгер башка койлор «бир тууган» деген сөздү колдонгондо анын мааниси тууралуу терең ойлонуп көрүшсө, аларда да ишенимдештерин чын жүрөктөн урматтоого орчундуу себеп бар экенин түшүнүшөт (Оку: 1 Петир 3:8).

Урмат көрсөтүү эмне үчүн абдан маанилүү?

10, 11. Чын жүрөктөн урмат көрсөтүү эмне себептен маанилүү?

10 Чын жүрөктөн урмат көрсөтүү эмне себептен маанилүү? Себеби бир туугандарыбызга урмат көрсөтүү менен биз бүтүндөй жыйналыштын жыргалчылыгына жана биримдигине чоң салым кошобуз.

11 Албетте, Жахаба менен болгон ынак мамилебиз жана анын рухунун көмөгү биз үчүн күч-кубаттын эң чоң булагы болуп эсептелет (Заб. 35:8; Жкн. 14:26). Бирок ишенимдештерибиздин бизди баалаарын көрсөткөнү да бизди бекемдейт (Накыл 25:11). Чынында эле, кимдир бирөө бизди чын дилден кадырлап-сыйлаарын көрсөтсө, көңүлүбүз көккө көтөрүлөт. Бул болсо өмүр жолунан тайбай, кубаныч жана чечкиндүүлүк менен алга кадам шилтей берүүгө кошумча дем-кубат берет. Сенин буга өз тажрыйбаңан ынанып жатканың шексиз.

12. Жыйналышта ынактык, сүйүү өкүм сүрүшүнө ар бирибиз кантип салым кошо алабыз?

12 Жахаба төрөлгөнүбүздөн эле урмат-сыйга муктаж экенибизди билгендиктен өзүнүн Сөзү аркылуу бизди: «Бири-бириңерге урмат көрсөтүүгө ынтызар болгула»,— деп үндөйт (Рим. 12:10, «Бүгүнкү англис котормосу»; оку: Матай 7:12). Бул эч качан эскирбеген кеңешти жүрөгүндө бек сактаган Исанын жолдоочуларынын баары Кудайдын кызматчыларынан турган бир туугандыктын арасында ынактык, сүйүү өкүм сүрүшүнө салым кошушат. Андыктан бир саамга токтоп: «Жыйналыштагы бир туугандарыма сөздөрүм же иштерим аркылуу аларды чын көңүлдөн урматтаарымды акыркы жолу качан көрсөттүм эле?» — деп ойлонуп көргөнүбүз дурус (Рим. 13:8).

Баарыбыз демилгени колго алышыбыз керек

13. а) Башкаларга урмат көрсөтүүдө демилгени ким колго алышы керек? б) Пабылдын Римдиктер 1:7деги сөздөрү эмнени көрсөтүп турат?

13 Башкаларга урмат көрсөтүүдө демилгени ким колго алышы керек? Ыйык Китепте аксакалдардын жыйналышка «үлгү көрсөтүшү» керектиги айтылат (1 Пет. 5:3). Ооба, аксакалдар көп иштерди аткарууда башкаларга үлгү көрсөтүшөт. Отордун койчусу катары алар ишенимдештерине, алардын ичинде башка аксакалдарга урмат көрсөтүүдө демилгени колго алуу жагынан да үлгү көрсөтүшү зарыл. Мисалы, аксакалдар жыйналыштын рухий муктаждыктары тууралуу сүйлөшүү үчүн чогулганда, кимиси сүйлөбөсүн, кунт коюп угуу менен бири-бирин урматтаган болушат. Ошондой эле чечим чыгарууда ар бир аксакалдын оюн жана айткандарын эске алуу менен бири бирине сый көрсөтүшөт (Элч. 15:6—15). Бирок Пабылдын римдиктерге жазган катынын жеке эле аксакалдарга эмес, бүтүндөй жыйналышка жолдонгонун эстен чыгарбашыбыз абзел (Рим. 1:7). Демек, анын урмат көрсөтүүдө демилгени колго алууга байланыштуу чакырыгы жалпы жонунан баарыбызга тиешелүү.

14. а) Урмат көрсөтүү менен урмат көрсөтүүдө демилгени колго алуунун айырмасын мисал менен түшүндүргүлө. б) Өзүбүзгө кандай суроо берип көрсөк болот?

14 Эми Пабылдын кеңешинин дагы бир жагына токтололу. Ал Римдеги ишенимдештерин урмат көрсөтүүгө эле эмес, урмат көрсөтүүдө демилгени колго алууга үндөгөн. Булардын кандай айырмасы бар? Төмөнкү мисал жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Мугалим сабаттуу окуучуларды окуганды үйрөнүүгө үндөйт беле? Жок, анткени алар окуганды билишет. Анын ордуна мугалим аларга дагы жакшыраак окууга жардам берүүгө умтулмак. Ошол сыңары, Исанын чыныгы жолдоочуларын айырмалап турган сүйүү бизге бири-бирибизге урмат көрсөтүүгө түрткү берип келет (Жкн. 13:35). Бирок сабаттуу окуучулар окуу жөндөмүн жакшыртуу менен дагы да ийгиликке жете бергендей эле, биз да урмат көрсөтүүдө демилгени колго алуу менен көбүрөөк ийгилик кыла алабыз (1 Тес. 4:9, 10). Буга ар бирибиз чакырылганбыз. Ошондуктан: «Жыйналыштагыларга урмат көрсөтүүдө демилгени колго алып жатамбы?» — деп ойлонуп көрсөк болот.

«Бей-бечараларды» урматта

15, 16. а) Жыйналыштагыларга урмат көрсөтүүдө кимдерди көз жаздымда калтырбашыбыз керек жана эмне үчүн? б) Башкаларга канчалык деңгээлде чын ыкластан урмат көрсөтүп жатканыбызды текшерүүгө эмне жардам берет?

15 Жыйналыштагыларга урмат көрсөтүүдө кимдерди көз жаздымда калтырбашыбыз керек? Кудай Сөзүндө: «Бей-бечарага жакшылык кылган Жахабага карыз берет, ал анын жакшылыгынын акыбетин кайтарат»,— деп айтылат (Накыл 19:17, «ЖД»). Бул сөздөрдөгү принципти урмат көрсөтүүдө демилгени колго алууга карата кантип колдонууга болот?

16 Көптөрдүн өздөрүнөн жогорураак абалды ээлегендерге урмат-сый менен мамиле кылып, ал эми өздөрүнөн төмөнүрөөк тургандарга көп деле же такыр урмат көрсөтпөсүнө кошулат чыгарсың. Бирок Жахаба андай эмес. Ал: «Мени урматтаганды урматтайм»,— деген (1 Шем. 2:30, «ЖД»). Жахаба ага кызмат кылгандардын жана аны урматтап-сыйлагандардын баарына сый көрсөтөт. Ал бей-бечараларды четке какпайт (Оку: Забур 112:5—7; 2 Жылн. 16:9). Албетте, биз Жахабаны туурагыбыз келет. Ошондуктан башкаларга сый-урматты чын ниеттен көрсөтүп жаткан-жатпаганыбызды текшерүү үчүн: «Жыйналыштагы көрүнүктүү же жоопкерчиликтүү абалды ээлебегендерге кандай мамиле кылам?» — деп ойлонуп көргөнүбүз жакшы (Жкн. 13:14, 15). Бул суроонун жообу башкаларга канчалык деңгээлде чын ыкластан урмат көрсөтүп жатканыбызды айкын кылат (Оку: Филипиликтер 2:3, 4).

Убактыңды бөлүү менен урмат көрсөт

17. Бир туугандарга демилгени колго алып урмат көрсөтүүнүн негизги жолу кайсы жана эмне үчүн минтип айтууга болот?

17 Бир туугандардын баарына демилгени колго алып урмат көрсөтүүнүн негизги жолу кайсы? Аларга убакыт бөлүү. Эмне үчүн минтип айтууга болот? Исанын жолдоочулары катары биз тыгыз күн тартип менен жашайбыз жана убактыбыздын көбүн маанилүү рухий иштерге арнайбыз. Ошондуктан биз убакытты аябай баалайбыз. Ошондой эле бир туугандарыбыздан бизге көп убакыт бөлүшүн талап кылбашыбыз керектигин түшүнөбүз жана бир туугандардын бизден аларга убакыт бөлүшүбүздү талап кылбашы керектигин түшүнгөнүн баалайбыз.

18. 18-беттеги сүрөттө көрсөтүлгөндөй, ишенимдештерибизге убакыт бөлүүгө даяр экенибизди кантип көрсөтсөк болот?

18 Анткен менен биз (айрыкча, жыйналышта койчу болуп кызмат кылгандарыбыз) ишенимдештерибизге убакыт бөлүү үчүн иштерибизди токтото турууга даяр болуу менен аларды урматтаарыбызды көрсөтөбүз. Кандайча? Бир тууганыбызга убакыт бөлүү үчүн ишибизди токтоткондо биз, мындайча айтканда: «Сен мен үчүн аябай баалуусуң, ошондуктан кылып жаткан ишимден да, сага убакыт бөлгөнүм маанилүүрөөк»,— деген болобуз (Мр. 6:30—34). Бирок тескерисинче да болушу мүмкүн. Эгер андайда ишибизди коё турууга көңүлүбүз келбей жатса, ал: «Мени баалабайт турбайбы»,— деп ойлоп калышы ыктымал. Албетте, кээде кайсы бир ишти кийинкиге калтырбай аткаруу керек дечи. Ошентсе да бир туугандарыбызга убакыт бөлүүгө даяр болгонубуз же көңүлдөнбөгөнүбүз жүрөгүбүздө аларды канчалык терең урматтаарыбызды айгинелейт (1 Кор. 10:24).

Демилгени колго алууга чечкиндүү бол

19. Башкаларга убакыт бөлгөндөн тышкары, кантип урмат көрсөтө алабыз?

19 Ишенимдештерибизге урмат көрсөтүүнүн башка да маанилүү жолдору бар. Алсак, аларга убактыбызды арнагандан тышкары, көңүлүбүздү да бөлүшүбүз зарыл. Жахаба бул жагынан да үлгү көрсөтөт. Забурчу Дөөтү: «Теңирдин көздөрү адил адамдарды көрүп турат, кулагы алардын зар-муңун угат»,— деген (Заб. 33:16). Биз Жахабаны туурап, бир туугандарыбызга, өзгөчө, жардам сурап кайрылгандарга кулагыбызды, көзүбүздү бурууга, башкача айтканда, бүт көңүлүбүздү бөлүүгө аракет кылабыз. Ошентүү менен аларга урмат көрсөтөбүз.

20. Урмат көрсөтүүгө байланыштуу эмнелерди эстен чыгарбаганыбыз дурус?

20 Жогоруда карап чыкканыбыздай, биз ишенимдештерибизди эмне үчүн чын жүрөктөн урматташыбыз керектигин дайыма эстеп жүргүбүз келет. Андан тышкары, баарына, анын ичинде бей-бечараларга биринчи болуп урмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк издейбиз. Ошентүү менен жыйналыштагы бир туугандык сүйүүнүн жана биримдиктин түйүнүн чыңдайбыз. Андыктан баарыбыз бири-бирибизге урмат көрсөтүүгө эле эмес, урмат көрсөтүүдө демилгени колго алууга умтула берели. Сен буга чечкиндүүсүңбү?

[Шилтемелер]

^ 7-абз. Дөөтүнүн 8-забурдагы сөздөрү пайгамбарлык мааниге да ээ, ал жеткилең адам Иса Машаякка карата айтылган (Эвр. 2:6—9).

Эсиңердеби?

• Кимдир бирөөнү урматтоо деген эмнени билдирет?

• Кайсы себептерден улам ишенимдештерибизди урматташыбыз керек?

• Бири-бирибизге урмат көрсөтүү эмне үчүн маанилүү?

• Ишенимдештерибизге кандай жолдор менен урмат көрсөтсөк болот?

[Изилдөө суроолору]

[18-беттеги сүрөт]

Ишенимдештерибизге кантип урмат көрсөтсөк болот?