Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба жүрөгү жаралангандардын зар-муңун угат

Жахаба жүрөгү жаралангандардын зар-муңун угат

Жахаба жүрөгү жаралангандардын зар-муңун угат

БАЙЫРКЫ Ысрайылдын даанышман падышасы Сулайман айткандай, «каргашалуу убакыт менен кокустукка баары кабылат» (Нас. 9:11, «ЖД»). Каргашалуу окуя же башыбызга түшкөн оор сыноо жашообузга бүлгүн түшүрүшү мүмкүн. Мисалы, жаныбызга кымбат адамыбыз мезгилсиз өлүмгө дуушар болгондо, өзөгүбүз өрттөнүп, катуу күйүт тартышыбыз этимал. Күн артынан күн, апта артынан апта, ай артынан ай өтсө да, күйүт, кайгы-муң жан дүйнөнү кыйнай бериши ыктымал. Андайда адам ушунчалык кайгыга баткандыктан, жадагалса өзүн Жахабага тиленүүгө татыксыз сезиши мүмкүн.

Мындайда киши бекемдөөгө, көңүлгө жана сүйүүгө муктаж. Забурчу Дөөтү жубатарлык сөздөрдү айтып: «Теңир жыгылып бараткандарды сүйөйт, кулагандардын баарын тургузат»,— деп ырдаган (Заб. 144:14). Жазмада Жахабанын «Өзүнө жүрөгүн толугу менен берген адамдарды колдош үчүн, бүт жер жүзүн карап турары» айтылат (2 Жылн. 16:9). «Ал жүрөгү жаралангандарды айыктырат, аларды кайгысынан арылтат» (Заб. 146:3). Жахаба жүрөгү жараланган адамды кантип жубатып, колдойт?

«Өз убагында айтылган сөз»

Мисалы, Жахаба кызматчыларына өз убагындагы жардамды жыйналыштагы бир туугандар аркылуу көрсөтөт. Исанын жолдоочулары «көңүлү чөккөндөрдү сооротууга» чакырылышат (1 Тес. 5:14). Боорукер ишенимдештердин камкордугу жана сүйүүсү азап чегип, күйүт тартып жаткан кишиге кайрат берип, көңүлүн жубатат. Атүгүл эки ооз жылуу сөз мүңкүрөп, бүк түшкөн кишиге жан киргизет. Кыйынчылыкка туш болгон бир тууганга көкүрөк дартына даба боло турган сөздөрдү аныкындай кайгыны өз башынан кечирген ишенимдеши же абалды терең түшүнө билген, тажрыйбалуу досу айтышы этимал. Жахаба ушундай жол менен жүрөгү жаралангандарды айыктырат.

Үйлөнгөнүнөн көп өтпөй жубайы күтүлбөгөн жерден айыккыс дарттан каза болуп калган Алекс аттуу аксакалды мисалга алалы. Бир жароокер кыдыруучу көзөмөлчү Алекстин кайгысын тең бөлүшүп, кайрат айткан. Ал да зайыбынан айрылыптыр, бирок кийинчерээк кайра үйлөнгөн экен. Кыдыруучу көзөмөлчү ага жан кыйнаган терс сезимдер чулгаганда кандай сезимде болгонун айтып берген. Ал кызматта жана жыйналыш жолугушууларында башкалар менен болгондо өзүн жакшы сезип, бирок үйүнө келип, эшикти жапкандан кийин аябай жалгызсырачу экен. «Меникиндей сезимдер башкаларда да болорун жана бул табигый эле нерсе экенин билгенде кадимкидей жеңилдей түштүм»,— дейт Алекс. Ырас, «өз убагында айтылган сөз» кыйынчылыкка кабылган кишинин көңүлүнө жөлөк болот (Накыл 15:23).

Өмүрлүк жарынан ажыраган бир нече бир тууганды билген дагы бир аксакал Алекске көңүл айтып, бекемдеген. Ал Алекстин сезимдерин терең түшүнүп, Жахабанын биздин кандай сезимде болуп жатканыбызды жана эмнеге муктаж экенибизди жакшы билерин баса белгилеген. «Айлар, жылдар оошкондон кийин жан шерикке муктаж экениңди сезсең,— деген ал,— кайра турмуш курууну Жахабанын сүйүү менен караштырган чарасы катары көрсөң болот». Албетте, жубайынан айрылып, кийин кайра үй-бүлө кургусу келгендердин баары эле ошенте алышпайт. Бирок Алекс ал бир туугандын сөздөрү жөнүндө ой жүгүртүп, мындай деген: «Ал бир тууган кайра турмуш куруу Жахабанын чарасы экенин эсиме салганда, кайра үйлөнүү өмүрлүк жарыңа же Жахабанын нике түзүлүшүнө ишенимсиздик көрсөткөндүккө жатат деген сыяктуу терс ойлордон арылдым» (1 Кор. 7:8, 9, 39).

Нечен ирет турмуштун ысыгына күйүп, суугуна тоңгон забурчу Дөөтү: «Теңирдин көздөрү адил адамдарды көрүп турат, кулагы алардын зар-муңун угат»,— деп жазган (Заб. 33:16). Арийне, Жахаба жүрөгү жаралангандардын зар-муңуна кулак төшөп, алардын ал-акыбалын, сезимдерин түшүнгөн кайрымдуу жана жетилген бир туугандардын жанга жагымдуу сөздөрү аркылуу өз убагында жооп берет. Мындай жардам абдан баалуу жана пайдалуу.

Жолугушуулар аркылуу көрсөтүлгөн жардам

Кайгыга баткан киши ар кандай терс ойлорго чырмалып, башкалардан обочолоно башташы мүмкүн. Бирок Накыл сөздөр 18:1де («ЖД»): «Башкалардан бөлүнгөн өзүмчүл каалоолоруна жетеленет, акылмандыктын баарына каршы чыгат»,— делет. «Жубайыңан айрылганда сени жаман ойлор чоң толкундай эле басып кирет экен»,— дейт Алекс. Анан мындай деп эскерет: «Ошол учурда: „Кайсы бир нерсени башкача кылсам болмок беле? Жубайыма көбүрөөк кам көрүп, түшүнүү менен мамиле кылышым керек беле?“ — деп санаам тынбады. Такыр жалгыз болгум келген жок, бойдок жүргүм келген жок. Ар бир күн жалгыз экениңди эскертип тургандыктан, мындай ойлордон арылуу абдан кыйын экен».

Жан дүйнөсү жабыркаган киши жакшы чөйрөгө болуп көрбөгөндөй муктаж. Ал эми андай чөйрөнү жыйналыш жолугушууларынан табууга болот. Ал жерден акылыбыз Кудайдын кубаныч тартуулаган, дем-күч берерлик ойлоруна толот.

Жыйналыш жолугушуулары жагдайыбызга карата тең салмактуу көз карашта болууга жардам берет. Ыйык китептик аяттарды угуп, ой жүгүрткөнүбүздө көңүлүбүздү өзүбүздүн көйгөйгө эмес, чындап маанилүү маселеге — Жахабанын эгедерлигинин акталышына жана ысмынын ыйыкталышына — топтойбуз. Андан тышкары, жыйналыштан рухий акыл-насаат алганыбызда башкалар кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканыбызды билбесе да, кандай сезимде болуп жатканыбызды түшүнбөсө да, Жахабанын баарын көрүп-түшүнүп турарын билип бекемделебиз. Ал «жүрөктөгү кайгы көңүлдү чөгөрөрүн» билет (Накыл 15:13). Чыныгы Кудай бизге көмөк көрсөтүүгө ынтызар. Бул бизге алга илгерилей берүүгө дем-шык берет (Заб. 26:14).

Бөрү этектен, жоо жакадан алып турган кезде Дөөтү падыша Кудайга: «Ындыным өчүп калды, жүрөгүм сенейип катып калды»,— деп сыздаган (Заб. 142:4). Ооба, азап-кайгынын айынан адам денелик жактан да, эмоциялык жактан да алдан-күчтөн тайып, атүгүл жүрөгү сенейип сезимсиз болуп калышы мүмкүн. Ал эми азап-кайгыга оору-сыркоо же өнөкөт оору себеп болушу ыктымал. Бирок биз Жахабанын кыйынчылыктарыбызды көтөрүп кетүүгө жардам берерине эч шектенбесек болот (Заб. 40:2—4). Кудай бүгүнкү күндө эч кимди керемет жолу менен айыктырбаса да, кыйналып жаткан кишиге кыйынчылыгын көтөрүп кетүүгө зарыл акылмандык жана күч-кайрат берүүнү убадалайт. Сыноолор башына мүшкүл түшүргөндө, Дөөтү Жахабага кайрылган. «Байыркы күндөрдү эстеп, Сенин бардык иштериң жөнүндө ойлоном, колуңдун иштери жөнүндө ой жүгүртөм»,— деп ырдаган ал (Заб. 142:5).

Кудайдын Сөзүнө рухтун жетеги менен мындай сөздөрдүн жазылганы Жахабанын биздин кандай сезимде болуп жатканыбызды жакшы түшүнөрүн көрсөтүп турат жана анын зар-муңубузду угарына кепилдик берет. Жахабанын жардамын кабыл алсак, ал бизди колдойт (Заб. 54:23).

«Үзгүлтүксүз тиленгиле»

Жакып 4:8де: «Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт»,— деп жазылган. Кудайга жакындоонун бир жолу — тиленүү. Элчи Пабыл бизди «үзгүлтүксүз тиленүүгө» чакырган (1 Тес. 5:17). Сезимдерибизди сөз менен айтып жеткире албай кыйналсак да, «рух биз үчүн арачылык кылат» (Рим. 8:26, 27). Ооба, Жахаба сезимдерибизди жакшы түшүнөт.

Жахаба менен ынак мамиледе болгон Моника мындай дейт: «Тиленүү, Ыйык Китепти окуу жана өздүк изилдөө аркылуу Жахабанын менин эң жакын Досум болуп калганын сездим. Ал мен үчүн ушунчалык реалдуу болгондуктан, жашоомдо мага дайыма кам көрүп жатканын көрөм. Кээде кандай сезимде болуп жатканымды айтууга тилим жетпесе да, анын мени түшүнөрүн билүү жубатат. Мен анын жакшылыгынын жана баталарынын чеги жок экенин билем».

Эмесе, бир туугандарыбыздын жылуу, жубатарлык сөздөрүн кабыл алалы, жыйналыш жолугушууларында айтылган кеп-кеңештерге, ишенимди бекемдеген эскертүүлөргө кулак кагалы жана тиленүү аркылуу Жахабага жүрөгүбүздөгүнү төгөлү. Өз убагында берилген мындай жардам — Жахабанын бизге кам көрүп жатканынын белгиси. Алекс өз тажрыйбасынан ынанганын айтып мындай дейт: «Жахаба Кудайдын рухий жактан бекем болушубуз үчүн караштырган чараларынын баарын колдонсок, кандай кыйынчылыкка туш болбойлу, аны көтөрүп кетүү үчүн „адаттан тышкаркы күчкө“ ээ болобуз» (2 Кор. 4:7).

[18-беттеги кутуча]

Жүрөгү жаралангандарды жубат

Забурларда адамдардын сезимдерин чагылдырган жана Жахабанын жүрөгү жаралангандардын зар-муңуна кулак төшөөрүн көрсөткөн билдирүүлөр арбын. Төмөндө бир нечеси келтирилди:

«Мен кысталышта калганда, Теңиримди чакырдым, Кудайыма жалындым. Ал Өз турагынан менин үнүмдү укту, зар-муңум Анын кулагына жетти» (Заб. 17:7).

«Теңир чын дилинен өкүнгөндөргө жакын, моюн сунгандарды куткарат» (Заб. 33:19).

«[Жахаба] жүрөгү жаралангандарды айыктырат, аларды кайгысынан арылтат» (Заб. 146:3).

[17-беттеги сүрөт]

Кыйын кезеңде «өз убагында айтылган сөз» кандай гана жубатарлык болот!