Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Иштери [аны] менен бирге барды»

«Иштери [аны] менен бирге барды»

«Иштери [аны] менен бирге барды»

ТЕОДОР ЯРАЧ, Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин мүчөсү, 2010-жылдын 9-июнунда, шаршемби күнү эртең менен 84 жашында жердеги жашоосун аяктады. Анын артында 53 жыл чогуу өмүр сүргөн жубайы Мелита, ошондой эле эжеси жана үч жээни калды.

Ярач бир тууган 1925-жылдын 28-сентябрында АКШнын Кентукки штатындагы Пайк округунда туулган. Ал 1941-жылы 10-августта 15 жашында Жахабага арналганын көрсөтүп чөмүлтүлгөн. Эки жыл өткөн соң, 17 жашында, үзгүлтүксүз пионердик кызматка киришип, дээрлик 67 жылга созулган толук убактагы кызматын баштаган.

1946-жылы 20 жашында Ярач бир тууган Күзөт мунарасынын ыйык китептик Гилат мектебинин 7-классына чакырылган. Мектепти бүтүргөндөн кийин Кливлендде (АКШ, Огайо штаты) кыдыруучу көзөмөлчү болуп кызмат кылууга дайындалган. Ал эми 1951-жылы Австралияда филиалдын кызматчысы катары кызмат кылууга, атап айтканда, филиалдагы ишти көзөмөлдөөгө дайындалган. Жахабанын Күбөлөрүнүн 1983-жылдын жылдык китебинде Ярач бир туугандын «теократиялык тартипке бек карманганы жана кабар айтуу ишинде көрсөткөн үлгүсү менен бүтүндөй өлкөдөгү бир туугандарды абдан бекемдегени» жазылган.

Кошмо Штаттарга кайтып баргандан кийин 1956-жылдын 10-декабрында Ярач бир тууган Мелита Лаского үйлөнгөн. Баш кошкондон кийин алар кыдыруучулук ишке киришип, Кошмо Штаттарынын көп бөлүгүн камтыган райондордо жана облустарда талыкпай кызмат кылышкан. Ярач бир тууган 1974-жылдын аяк ченинде Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин мүчөсү болуп кызмат кылууга чакырылган.

Ярач бир тууган Жахабанын берилген, ишенимдүү, теократиялык иштерди бүт дитин коюп аткарган кызматчысы катары эсибизде кала берет. Ал мээримдүү, камкор күйөө жана өзгөнүн кызыкчылыгын өзүнүкүнөн жогору койгон рухий инсан болгон (1 Кор. 13:4, 5). Башкалардын кызыкчылыгын чын дилден көздөгөнү анын бардыгына адилеттүүлүк жана ырайымдуулук менен мамиле кылынышына абдан кызыкдар болгонунан көрүнүп турган. Андан сырткары, адамдарга болгон күчтүү сүйүүсүн жана камкордугун кабар айтуу кызматындагы ынталуулугу да айгинелеп турган.

Биз Бейтел үй-бүлөсүнүн жана бүткүл дүйнөлүк бир туугандыктын күжүрмөн эмгектенген сүйүктүү мүчөсүнөн айрылганыбызга терең кайгырсак да, Ярач бир туугандын ондогон жылдар бою Жахабага ишенимдүү кызмат кылганына кубанычтабыз. Анын өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүү болуп, «өмүр таажысын» алганына эч шектенбейбиз (Аян 2:10). Ошондой эле «иштери [аны] менен бирге барганына» толук ишенебиз (Аян 14:13).