Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Иса угуучуларына: «Асмандагы Атаңар жеткилең болгондой, силер да жеткилең болгула»,— деген. Бүгүнкү күндө адамдар кандай мааниде жеткилең боло алышат? (Мт. 5:48).

Ыйык Китепте «жеткилең» жана «жеткилеңдик» деген сөздөрдүн кандай мааниде колдонулганын түшүнүү бул суроого жооп алууга жардам берет. Жазмада «жеткилең» деген сөз бардык учурда эле сөздүн толук маанисинде жеткилеңдикти билдирүү үчүн колдонулган эмес. Албетте, Жахаба толук мааниде жеткилең. Ал эми адамдар же нерселер салыштырмалуу гана жеткилең боло алышат. Ыйык Китептеги «жеткилең» деп которулган эврей жана грек сөздөрү көп учурда бийлиги бар бирөө тарабынан коюлган нормаларга ылайык «толук», «жетилген», «кынтыксыз» дегенди туюнтат.

Адам ата менен Обо эне денелик, моралдык жана рухий жактан жеткилең болуп жаратылышкан. Алар Жаратканы койгон нормаларга ылайык жеткилең болушкан. Бирок тил албастыктан улам анын нормаларына жооп бербей калышкандыктан, өздөрү да, урпактары да жеткилеңдиктен айрылышкан. Ошентип, Адам ата аркылуу адамзатка күнөө, жеткилеңсиздик жана өлүм тукум кууп өткөн (Рим. 5:12).

Бирок Иса Тоодогу насаатында айкын көрсөткөндөй, атүгүл жеткилеңсиз адамдар да салыштырмалуу жеткилең боло алышат. Өзүнүн сөзүндө ал жеткилең, башкача айтканда, чыныгы сүйүүгө карата нормаларды бекиткен. Кудай адамзатка ушундай сүйүү көрсөтөт. Иса мындай деген: «Душмандарыңарды сүйгөнүңөрдү жана силерди куугунтуктагандар үчүн тиленгениңерди токтотпогула. Ошондо асмандагы Атаңардын уулдары болосуңар, себеби ал күнүн жаманга да, жакшыга да тийгизип, жамгырын адилге да, адил эмеске да жаадырат» (Мт. 5:44, 45). Ушундай сүйүү көрсөтүү менен Исанын шакирттери Кудайдын жеткилең үлгүсүн туураган болушмак.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча Жахабанын Күбөлөрү башкаларга сүйүү көрсөтүүгө байланыштуу бийик нормага карманууга умтулушат. Алар тек-тамыры, улуту, дини ар кандай адамдарга Ыйык Китептеги чындыкты так таанып билүүгө жардам берүүгө ынтызар. Учурда Күбөлөр 236 өлкөдө жана аймакта кызыккан адамдар менен 7 000 000дон ашуун ыйык китептик изилдөө өткөрүшөт.

«Силерди жакшы көргөндөрдү гана жакшы көрсөңөр, силерге кайдагы сыйлык? — деген Иса.— Салык жыйноочулар деле ошентишет эмеспи. Ошондой эле биртуугандарыңар менен гана учурашсаңар, кандай өзгөчө иш кылган болосуңар? Башка элдер деле ошентишет эмеспи» (Мт. 5:46, 47). Исанын чыныгы жолдоочулары бет карамалык көрсөтүшпөйт: адамдарга билим деңгээлине же улутуна карап мамиле кылышпайт, ошондой эле сүйүү менен жооп кайтаргандарга гана сүйүү көрсөтүшпөйт. Тескерисинче, кедей-кембагалдарга да, оорулууларга да, жаштарга да, карыларга да жардам беришет. Ошентүү менен сүйүү көрсөтүүдө Жахабаны туурап, салыштырмалуу жеткилең боло алышат.

Адам ата жоготкон жеткилеңдикке кайрадан ээ боло алабызбы? Ооба, тил алчаак адамзат Исанын куткаруу курмандыгына ишеним көрсөтүү менен Машаяктын Миң жылдык башкаруусунда, «Кудайдын Уулу Ибилистин иштерин кыйратканда», толук мааниде жеткилеңдикке жетет (1 Жкн. 3:8).