Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Теңирге арнап [тартуу] алып келели»

«Теңирге арнап [тартуу] алып келели»

«Теңирге арнап [тартуу] алып келели»

СИЛЕРГЕ кимдир бирөө жакшылык кылганда, ыраазычылыгыңарды кантип билдиресиңер? Байыркы Ысрайылдын аскер башчыларынын мидиандыктар менен салгылашкандан кийин кантип ыраазычылык көрсөткөнүн карап көрөлү. Ал согуш ысрайылдыктар Баал-Пейор деген жалган кудайга сыйынып күнөө кетиргенден кийин болгон. Кудай өз элин жеңишке жеткирген жана олжо 12 000 жоокер менен Ысрайылдын калган жамаатына бөлүштүрүлгөн. Жахабанын көрсөтмөсү боюнча, жоокерлер аларга тийген олжонун белгилүү бир бөлүгүн дин кызматчыларга, башка ысрайылдыктар болсо лебилерге беришкен (Сан. 31:1—5, 25—30).

Бирок аскер башчылары андан да көбүрөөк берүүнү каалашкан. Алар Мусага: «Кулдарың өздөрүнө тапшырылган жоокерлерди санап чыгышты, алардын бири да кемибептир» — деп, Жахабага алтын жана ар кандай жасалгаларды тартуу кылышкан. Алтын жасалгалардын жалпы салмагы 190 килограммдан ашкан (Сан. 31:49—54).

Бүгүн да көптөр Жахабанын аларга кылган жакшылыктары үчүн ыраазычылык билдирүүгө түрткү алышат. Мындай ыраазычылыкты Жахабанын арналган кызматчылары болбогондор да көрсөтүшөт. Мисалга 2009-жылы Италиянын Болония шаарындагы эл аралык жыйын өткөн стадионго делегаттарды алып барып, алып келген автобус айдоочусун алалы. Ал аябай этияттап айдаган, жумшак киши болгондуктан, анын автобусу менен баргандар ага ыраазычылык кат жазып, аны менен кошо чай пул жана «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебин берүүнү чечишкен. Буга айдоочу мындай жооп кайтарган: «Кат менен китепти кубанып кабыл алдым, бирок акчаны кайрып берүүнү туура көрдүм, анткени мен кылып жаткан ишиңерди илгерилетишиңерге салым кошкум келет. Жахабанын Күбөсү болбосом да, бул тартууну бергим келгенинин себеби силердин бул ишти сүйүүдөн улам кылып жатканыңар көрүнүп турат».

Балким, силер да Жахаба Кудайга силерге кылган жакшылыктары үчүн ыраазычылык билдирүүнү каалайттырсыңар. Мунун бир жолу — Жахабанын Күбөлөрүнүн дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлгөн ишине тартуу кылуу (Мт. 24:14). Айрымдар кандай жолдор менен тартуу кыларын төмөнкү кутучадан билүүгө болот.

[20, 21-беттеги кутуча]

ТАРТУУ КЫЛУУНУН АЙРЫМ ЖОЛДОРУ

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ИШКЕ ЫКТЫЯРДУУ ТАРТУУ КЫЛУУ

Көптөр атайын белгилүү бир суммада акча бөлүп, «Бүткүл дүйнөлүк иш үчүн» деген кутучага салышат.

Жыйналыштар ал кутучага түшкөн ыктыярдуу тартууларды ай сайын Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү филиалына жөнөтүп турушат. Андан тышкары, акчалай тартууну түздөн-түз Жахабанын Күбөлөрүнүн Кыргызстандагы филиалына (720080, Бишкек, Бородин көчөсү, 1) же силер жашаган өлкөдөгү филиалга жиберсеңер болот. (Төмөндө көрсөтүлгөн ыктыярдуу тартууларды да Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү филиалына жиберсе болот.) Ошондой эле зергер же башка баалуу буюмдарды тартуу кылууга болот. Андайда тартуу менен бирге анын ыктыярдуу тартуу экенин тастыктаган кыскача кат жиберүү зарыл.

ШАРТТУУ ТАРТУУ

Акчалай тартууну Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмуна, бүткүл дүйнөлүк ишке колдонулушу үчүн, ишеним кат аркылуу тапшырууга болот. Бирок тартуу кылган киши суранса, акча кайра кайрылып берилет. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн филиалга жогоруда көрсөтүлгөн дарек боюнча кат аркылуу же (0312) 34-80-22 номуру боюнча телефон аркылуу кайрылгыла.

ТАРТУУ КЫЛУУНУН БАШКА ЖОЛДОРУ

Акчалай тартуу кылуудан тышкары, бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишин башка жолдор менен да колдоого болот. Төмөндө алардын айрымдары көрсөтүлдү.

Банк эсептери. Адам, жергиликтүү банктын талаптарына ылайык, банк эсептерин, депозиттик сертификаттарды же жеке пенсия эсептерин Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмуна өткөрүп берсе болот же уюмга аларды көзү өтүп кеткенден кийин колдонуу укугун бере алат.

Акциялар жана баалуу кагаздар. Акциялардын жана баалуу кагаздардын ээси аларды Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмуна тартуу катары же көзү өткөндөн кийин уюмга өтө тургандай кылып бере алат.

Кыймылсыз мүлк. Сатууга жарактуу кыймылсыз мүлктү тартуу катары берсе болот же көзү тирүү кезинде мүлкүн колдонууга болгон укугу сакталып, көзү өткөндөн кийин уюмга өтө тургандай кылып тартуу кылса да болот. Менчик мүлктү тартуу катары берүү үчүн документтерди каттатардан мурун филиал менен байланышышыңарды өтүнөбүз.

Керээз кат. Уюмга мүлктү же акча-каражатты мыйзамдуу түрдө бекитилген керээз кат аркылуу мурас катары калтырса болот.

Ай сайын тартуу кылуу. Ыйык Китепте: «Теңириңе мал-мүлкүң менен, алгачкы кирешең менен урмат көрсөт»,— деп айтылган (Накыл 3:9). Иштегендер же өз ишин жүргүзгөндөр ай сайын белгилүү бир суммада акча бөлүп, «Бүткүл дүйнөлүк иш үчүн» деген кутучага салса болот.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн Кыргызстандагы же силер жашаган өлкөдөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалына телефон чалсаңар же кат жазсаңар болот.