Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык китептик чындыктын күчүн көрүп келем

Ыйык китептик чындыктын күчүн көрүп келем

Ыйык китептик чындыктын күчүн көрүп келем

АЙТЫП БЕРГЕН: ВИТО ФРАЭЗЕ

ТРЕНТЕНАРА дегенди эч качан укпасаңар керек. Ал — Неаполдун (Италия) түштүгүндөгү шаарча. Ата-энем жана агам Анжело ошол жерде төрөлгөн. Анжело көз жаргандан кийин, ата-энем Кошмо Штаттарга көчүп барып, Рочестерде (Нью-Йорк) отурукташып калган. 1926-жылы мен ошол жерден жарык дүйнөгө келгем. Атам Ыйык Китепти Изилдөөчүлөргө (Жахабанын Күбөлөрү мурун ушинтип аталчу) биринчи жолу 1922-жылы жолуккан. Көп өтпөй апам экөө Ыйык Китепти Изилдөөчү болушкан.

Атам жоош, оор басырыктуу киши эле, бирок адилетсиздикти көргөндө аябай ачууланчу. Ал диний жетекчилердин адамдарга билим бербей караңгылыкта кармаганына туталангандыктан, бир да мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай ыйык китептик чындык жөнүндө айта турган. Ардактуу эс алууга чыкканда ал толук убакыттагы кызматты баштап, 74 жашка дейре уланткан. Ага пионердик кызматты ден соолугу начарлаганынан жана ызгаардуу кыштан улам токтотууга туура келген. Ошондо да 90дон ашып калганга чейин, айына 40—60 саат кабар айтчу. Атамдын үлгүсү мага терең таасир этти. Көп тамашаласа да, ал олуттуу киши болчу. Ал: «Чындыкка олуттуу караш керек»,— деп көп айтар эле.

Атам менен апам бизге, беш баласына, Кудай Сөзүндөгү чындыкты окутууга бүт күч-аракетин жумшачу. Мен 1943-жылы 23-августта чөмүлтүлүп, 1944-жылдын июнунда пионердик кызматты баштадым. Эжем Кармела Нью-Йорк штатындагы Женива шаарында пионер болуп кызмат кылчу. Анын шериги Ферн деген шайыр кыз эле. Фернге жолуккандан көп өтпөй аны менен өмүрүмдүн акырына чейин чогуу болгум келерин түшүндүм. Ошентип, биз 1946-жылы баш коштук.

Миссионердик иш

Биз алгач Нью-Йорктун Женива жана Нориж шаарларына атайын пионер болуп кызмат кылууга дайындалдык. 1948-жылы август айында Гилат мектебинин 12-классында окуу сыймыгына ээ болдук. Биз Италиянын Неаполь шаарына дагы бир миссионер жубайлар Карл жана Жоанн Рижвей менен дайындалдык. Ошондо Неаполь согуштан кийинки кыйроодон жаңы калыбына келип жаткан эле. Үй табуу абдан кыйын болду, ошо себептен биз бир нече ай бою эки бөлмөлүү кичинекей үйдө жашадык.

Мен ата-энемдин итальянчаны неаполь диалектинде сүйлөгөнүн угуп чоңойгом. Ошондуктан, америкалык акцентимди эске албаганда, башкалар итальянча сүйлөгөнүмдү жакшы эле түшүнүшчү. Ал эми Ферн тил жагынан кыйналды. Бирок, айта кетчү нерсе, ал мени бат эле кууп жетип, ал тургай менден ашып түштү.

Неаполдо башында төрт кишиден турган бир эле үй-бүлө чындыкка кызыкты. Алар мыйзамсыз жол менен тамеки сатып иштешчү. Ошол үй-бүлөнүн бир мүчөсү Тереза күнүгө укмуштуудай кубулуп турар эле. Эртең менен жумушка баратканда ал юбкасынын толгон-токой чөнтөктөрүнө тамекини шыкап алгандыктан, толук көрүнчү. Кечинде жумуштан келгенде болсо чийдей ичке болуп калчу. Чындык ал үй-бүлөнүн жашоосун түп-тамыры менен өзгөрттү. Баары биригип, ал үй-бүлөнүн 16 мүчөсү Жахабанын Күбөсү болду. Азыркы тапта Неаполь шаарында дээрлик 3 700 Күбө бар.

Ишибизге көрсөтүлгөн каршылык

Неаполдо тогуз эле ай болгонубуздан кийин, бийликтегилер төртөөбүзгө шаардан кетүүнү буйруду. Биз бир айча Швейцарияда жашап турдук, анан туристтик виза ачып, Италияга кайтып бардык. Ферн экөөбүз Туринге дайындалдык. Ал жерден башында бир аялдан бир бөлмөнү ижарага алдык; киринүү бөлмөсү менен ашкананы аны менен чогуу колдончубуз. Рижвейлер да Туринге келгенде, алар менен чогуу батирге чыктык. Убакыттын өтүшү менен беш миссионер түгөй бир үйдө жашап калдык.

1955-жылы бийликтегилер Туринден да кетишибизди буйруду, бирок ага чейин төрт жаңы жыйналыштын уюшулушуна негиз салынып калган. Жөндөмдүү жергиликтүү эркек бир туугандар жетекчиликти колго алууга даяр болуп калышкан. Бийликтегилер бизге: «Көрөсүңөр го, америкалыктар, силер кеткенден кийин, бул жерде курганыңардын баары бычырандыга айланат»,— дешкен. Бирок андан кийинки өсүш ишибиздин ийгиликтүү болушу Кудайдан көз каранды экенин көрсөттү. Бүгүнкү күндө Туринде 4 600дөн ашуун Күбө жана 56 жыйналыш бар.

Ажайып кооз Флоренция

Кийинки дайындообуз Флоренция болду. Биз бул шаар жөнүндө көп укчубуз, себеби ал жакка эжем Кармела күйөөсү Мерлэн Харцлэ менен миссионер болуп дайындалышкан эле. Пьяца делла Синьёриа, Понтэ Веккио, Пьяцале Микельанжело, Палацо Питти деген кооз жерлерден турган шаарда жашоону элестетсеңер! Флоренциялыктардын жакшы кабарга кулак кагып жатканын көрүү да кубанычтуу болду.

Биз бир үй-бүлө менен изилдечүбүз, кийинчерээк ата-энеси чөмүлтүлгөн. Бирок атасы тамеки тартчу. 1973-жылы «Күзөт мунарасында» тамеки чегүүнүн ыпылас адат экени айтылып, окурмандар аны таштоого чакырылган. Чоңураак балдары атасынан тамекисин таштоону суранышкан. Ал таштайм деп сөз берсе да, жаман адатын калтырган эмес. Бир күнү кечинде жубайы тогуз жаштагы эгиз балдарын жатар алдында адатынча алар менен чогуу тиленбей эле, бөлмөсүнө жиберип жиберет. Бирок бир аз убакыттан кийин алар менен тиленбегенине ичинен жаман болуп, балдарына барса, алар тиленип бүтүп коюшкан болот. Апасы эмне жөнүндө тиленишкенин сураганда, алар: «Жахаба, атама тамеки таштоого жардам берчи»,— деп тиленгенин айтышат. Ошондо жубайы жолдошун чакырып: «Келип, балдарыңдын эмне жөнүндө тиленгенин уксаң»,— дейт. Жолдошу келип укканда, көзүнө жаш алып: «Мен экинчи тамеки тартпайм!» — дейт. Ал убадасына турган жана азыр ал үй-бүлөнүн 15 мүчөсү Жахабанын Күбөсү.

Африкадагы кызмат

1959-жылы биз эки миссионер Артуро Леверэс жана байкем Анжело менен бирге Сомалинин борбору Могадишого жиберилдик. Биз барганда ал жердеги саясий абал абдан оор эле. Италиялык өкмөт Бириккен Улуттар Уюмунун буйругу менен Сомалиге эгемендүүлүккө жетүүгө жардам бермек, бирок өлкөдөгү жагдай барган сайын начарлай берди. Биз менен изилдеген айрым италиялыктар өлкөдөн кетип калышты, ошо себептен ал жерде жыйналыш уюштуруу мүмкүн болбой калды.

Ошол убакта зоналык көзөмөлчү мага анын жардамчысы болуп кызмат кылууну сунуштады. Ошентип, тегерегибиздеги аймактарды кыдыра баштадык. Биз менен изилдегендердин кээ бирлери жакшы ийгиликтерди жасашты, бирок каршылыктан улам мекенинен кетүүгө аргасыз болушту. Башкалар, азап тартууга туура келсе да, эч жакка кетишкен жок *. Алардын Жахабага болгон сүйүүсү жана ишенимдүү бойдон калуу үчүн эмне деген кыйынчылыктарды баштан өткөргөнү жөнүндө ойлогонубузда, көзүбүзгө жаш тегерене түшөт.

Сомали менен Эритреяда күн жерге түшкөндөй ысык болчу, климаты да өтө нымдуу эле. Жергиликтүү ачуу тамактарды жегенде ого бетер ысып чыкчубуз. Ыйык Китепти изилдеген кызыгуучунукунан биринчи жолу андай тамактан даам сызганыбызда, жубайым: «Эки кулагым куду эле белги шамдын кызылындай кызарып чыкты!» — деп тамашалады.

Анжело менен Артуро башка дайындоо алып, биз жалгыз калдык. Бекемдеп-колдогон бир да кишиң жок болсо, кыйын эле болот экен. Бирок ушул жагдай бизге Жахабага ого бетер жакындоого жана ага көбүрөөк таянууга жардам берди. Биздин ишке тыюу салынган өлкөлөрдү кыдыруу да бекемдөөнүн булагы болду.

Сомалиде ар кыл кыйынчылыктарга туш болдук. Муздаткычыбыз жок болгондуктан, бир күндө жеп бүткүдөй эле өлчөмдө, мисалы, акуланын этин же манго, папайя, грейпфрут, кокос, банан сыяктуу жергиликтүү жемиштерди сатып алар элек. Чымын-чиркейге да көп таланчубуз. Изилдөөлөрдү өткөрүп жатканда, алар мойну-башыбызды соо койчу эмес. Дагы жакшы, мотороллерибиз бар болгондуктан бизге мээ кайнаткан ысыкта бир нече саат жөө басууга туура келчү эмес.

Кайрадан Италияга

Досторубуз марттык көрсөткөндүктөн, биз 1961-жылы банан ташыган кеме менен Италиянын Турин шаарында өткөрүлгөн эл аралык жыйынга бара алдык. Ал жактан башка жерге дайындаларыбызды билдик. Ошентип, 1962-жылдын сентябрында Италияга кайтып барып, райондук ишке кириштик. Кичинекей машине сатып алып, аны менен беш жыл бою эки районду кыдырып кызмат кылдык.

Африканын ысыгынан кийин эми суукка көнүүгө туура келди. Альп тоолорунун этегинде жайгашкан жыйналышка баргандагы биринчи кышта биз жылытылбаган бөлмөдө чөптүн үстүндө түнөдүк. Ушунчалык суук болгондуктан пальточон уктадык. Ошол түнү сууктан төрт тоок, эки ит өлүптүр!

Кийинчерээк мен облустук көзөмөлчү болуп да кызмат кылдым. Ошол жылдары биз бүтүндөй Италияны кыдырып чыктык. Калабрия жана Сицилия сыяктуу аймактарга көп жолу бардык. Биз жаштарды рухий жактан өсүүгө жана бейтелдик кызматты, жыйналышта көзөмөлчү, кыдыруучу кызматчы болууну максат кылууга үндөчүбүз.

Биз Жахабага бүт жүрөгү менен кызмат кылган ишенимдүү досторубуздан көп нерсеге үйрөндүк. Алардын сонун сапаттарын, мисалы, Жахабага толук берилгендигин, кең пейилдигин, бир туугандарга болгон сүйүүсүн, ылайыкташа билгендигин жана жан аябастыгын жогору баалайбыз. Андан тышкары, биз бир туугандардын Падышалык залдарында өткөрүлгөн үйлөнүү үлпөттөрүнө катыштык. Буга Жахабанын Күбөлөрүнүн мыйзамдуу түрдө диний кызматчылар катары кабыл алынышы шарт түздү. Бир учурда бул Италияда таптакыр мүмкүн эместей сезилчү. Эми жыйналыш жолугушуулары мурда Туринде өткөрүлгөндөй өткөрүлбөй калды; ал жерде бир туугандар жолугушууларды ашканада же башка жерлерде тактайларда отуруп өткөрүшчү. Азыр жыйналыштардын көбүнүн Жахабага даңк алып келген жакшынакай Падышалык залдары бар. Ал эми жыйындар начар театрларда эмес, чоң Жыйындар залдарында өтүп калды. Италияга келгенибизде, бул жерде 490 эле жарчы бар болсо, азыр 243 000ге жетти. Бул өсүшкө күбө болуу кандай гана кубанычтуу болду!

Туура чечим чыгардык

Биз ар кандай кыйынчылыктарга туш болдук, мисалы, үйдү сагындык, оорудук. Ферн деңизди көргөн сайын үйдү эстеп куса болчу. Мындан тышкары, ал үч олуттуу операцияны башынан өткөрдү. Бир жолу ыйык китептик изилдөө өткөргөнү баратканда, каршылык көрсөтүп жүргөн бир киши ага айры менен кол салып, ал ооруканага жеткирилген.

Айрым учурларда көңүлүбүз чөксө да, Жеремиянын ыйы 3:24кө ылайык, биз Жахабадан үмүттөнүп, аны чыдамкайлык менен күтчүбүз. Ал — сооронучтун Кудайы. Бир жолу көңүлүбүз чөгүп турганда, Ферн Нейтан Норр бир туугандан сонун кат алып калды. Ал Пенсильваниядагы Бетлехемдин жанында — Ферн пионердик кызматын баштаган жерде — төрөлгөндүктөн, пенсильваниялык немис аялдардын, анын ичинде Ферндин оңой менен багынбаган, абдан бекем экенин жакшы билерин жазыптыр. Анын сөздөрү калетсиз эле. Жылдар бою биз көптөгөн адамдар аркылуу, көптөгөн жолдор менен бекемделдик.

Биз кыйынчылыктарга карабай кызматка болгон ынталуулугубузду суутпоого аракет кылып келебиз. Ферн ынталуулукту Ламбруского, Италиянын күмүштөй чачырап көбүрүп турган мыкты шарабына, салыштырып: «Рухубуз дайыма көбүрүп турушу керек»,— деп тамашалап калат. 40 жылдан ашуун убакыт бою райондук жана облустук иште кызмат кылгандан кийин, биз итальян тилинен башка тилдердеги топторду жана жыйналыштарды кыдырып, жаңыларын уюштуруу сыймыгына ээ болдук. Андай топтор Бангладештен, Кытайдан, Эритреядан, Эфиопиядан, Ганадан, Индиядан, Нигериядан, Филиппинден, Шри-Ланкадан жана башка өлкөлөрдөн келген адамдарга кабар айтышат. Кудай Сөзүнүн Жахабанын ырайымдуулугун татып көргөн адамдардын жашоосун кантип укмуштуудай өзгөртөкөнү жөнүндө жаза турган болсок, бир китеп аздык кылмак (Мих. 7:18, 19).

Биз күнүгө Жахабадан кызматыбызды аткара алышыбыз үчүн зарыл күч-кубат сурап тиленебиз. Жахаба тартуулаган кубаныч бизге кубат берет, жүрөгүбүздү шаттыкка бөлөйт жана Ыйык Китептеги чындыкты жарыялоону чечкенибиз жашообуздагы эң туура чечим экенине ынандырат (Эф. 3:7; Кол. 1:29).

[Шилтемелер]

^ 18-абз. «Жахабанын Күбөлөрүнүн 1992-жылдын жылдык китебинин» (ор.) 95—184-беттерин карагыла.

[27-беттеги сүрөт]

Ата-энем Рочестерде, Нью-Йорк

Гилат мектебин 12-классында окуп жүргөндө, Саут-Лансинг

Ферн менен Италияга кетерде

Капри, Италия

1948

1949

[28-беттеги сүрөт]

1952

Миссионерлер менен Туринде жана Неаполдо

[29-беттеги сүрөт]

1963

Ферн кызыгуучулар менен

«Рухубуз дайыма көбүрүп турушу керек»