Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Азгырыктарды жана көңүл чөгөттүктү жеңүүгө күч-кубат алуу

Азгырыктарды жана көңүл чөгөттүктү жеңүүгө күч-кубат алуу

Азгырыктарды жана көңүл чөгөттүктү жеңүүгө күч-кубат алуу

«Үстүңөргө ыйык рух түшкөндө, күч аласыңар» (ЭЛЧ. 1:8).

1, 2. Иса шакирттерине эмнени убадалаган жана алар эмне үчүн ошого муктаж болмок?

ИСА шакирттеринин ал буйругандардын баарын өз күчү менен аткара албай турганын билген. Аларга тапшырылган кабар айтуу ишинин масштабын, каршылаштарынын күчүн жана адам баласынын алсыздыктарын эске алганда, алардын адаттан тышкаркы күчкө муктаж экени айдан-ачык эле. Ошондуктан Иса асманга кетер алдында шакирттерин: «Үстүңөргө ыйык рух түшкөндө, күч аласыңар да, Иерусалимде, бүт Жүйүт жеринде, Самарияда, ошондой эле жердин учу-кыйырына чейин менин күбөлөрүм болосуңар»,— деп кайраттандырган (Элч. 1:8).

2 Ал убада б.з. 33-жылынын Элүүнчү күн майрамында, ыйык рух Иса Машаяктын жолдоочуларына жакшы кабарды бүтүндөй Иерусалимге таратууга күч-кубат бергенде, аткарыла баштаган. Аларды эч бир каршылык токтото алган эмес (Элч. 4:20). Исанын ишенимдүү жолдоочулары, анын ичинде биз да, «дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин», Кудай берген ошол күчкө абдан муктаж болмокпуз (Мт. 28:20).

3. а) Ыйык рух менен күчтүн айырмасын түшүндүргүлө. б) Жахаба берген күч бизге эмне кылууга жардам берет?

3 Иса шакирттерине: «Үстүңөргө ыйык рух түшкөндө, күч аласыңар»,— деп убадалаган (Элч. 1:8). «Күч» жана «рух» деген сөздөрдүн мааниси ар башка. Кудайдын руху — анын иш-аракет кылуучу күчү — адамдарга жана кайсы бир нерселерге жиберилип, аларга Кудайдын эркин аткарууга түрткү берүүчү энергия катары сүрөттөлөт. Ал эми күчтү «иш-аракет кылуу же кандайдыр бир натыйжага жетүү жөндөмдүүлүгү» катары сыпаттоого болот. Ал, натыйжага жетүү үчүн зарыл болмоюнча, кимдир бирөөнүн же кайсы бир нерсенин ичинде сакталып турушу мүмкүн. Демек, ыйык рухту аккумулятордук батареяны заряддаган электр тогуна, ал эми күчтү ошол батареянын ичинде сакталган энергияга салыштырууга болот. Жахабанын ыйык руху аркылуу берген күчү кызматчыларынын ар бирине арналуусуна ылайык жашоого жана зарыл болгондо, терс таасирлерге каршы турууга жардам берет (Оку: Михей 3:8; Колосалыктар 1:29).

4. Бул макалада эмне каралат жана эмне үчүн?

4 Бизге ыйык рух аркылуу күч берилгени эмнеден айкын көрүнөт? Анын таасири менен эмнелерди кылууга түрткү алабыз? Кудайга ишенимдүүлүгүбүздү сактоого умтулуп жаткандыктан биз көптөгөн кыйынчылыктарга кабылабыз. Алар Шайтан, анын каардуу түзүлүшү тарабынан келиши же өзүбүздүн жеткилеңсиздигибизден улам пайда болушу мүмкүн. Бирок Исанын жолдоочусу бойдон калуу, кызматка үзгүлтүксүз катышуу жана Жахаба менен жакшы мамиледе болуу үчүн андай кыйынчылыктарды жеңгенибиз маанилүү. Эмесе, ыйык рухтун азгырыктарга туруштук берүүгө, чарчап-чаалыгуу жана көңүл чөгөттүк менен күрөшүүгө кантип жардам берерин карап чыгалы.

Азгырыктарга каршы туруу

5. Тиленүү бизге кандайча күч бериши мүмкүн?

5 Иса жолдоочуларын: «Азгырылышыбызга жол бербе жана Карөзгөйдөн сакта»,— деп тиленүүгө үйрөткөн (Мт. 6:13). Жахаба ишенимдүү кызматчыларынын ушундай өтүнүчүн жоопсуз калтырбайт. Иса асмандагы Атасынын «өзүнөн сурагандарга ыйык рухун берерин» да айткан (Лк. 11:13). Жахабанын бизге адил иш кылууга көмөк көрсөткөн ошондой күч берери кандай бекемдээрлик! Бул, албетте, Жахабанын азгырыктарга кабылышыбызга жол бербей турганын билдирбейт (1 Кор. 10:13). Ошентсе да азгырыктарга кабылганыбызда мурдагыдан да жалындуу тиленгенибиз маанилүү (Мт. 26:42).

6. Иса Шайтандын азгырыктарына берген жоопторун эмнеге негиздеген?

6 Иса Ибилистин азгырыктарына жооп кылып Жазмадан цитаталарды келтирген. Анын: «Ыйык Жазмада... деп жазылган... Ыйык Жазмада... деп да жазылган... Кет жанымдан, Шайтан! Анткени Ыйык Жазмада: „Кудайың Жахабага сыйын жана ага гана ыйык кызмат кыл“,— деп жазылган»,— деп жооп бергенинен Кудай Сөзү анын көңүлүнүн борборунда болгонун көрүүгө болот. Жахабага жана анын Сөзүнө болгон сүйүү ага Азгыруучунун сунуштарын четке кагууга түрткү берген (Мт. 4:1—10). Иса азгырыктарды кайра-кайра четке каккандыктан, Шайтан анын жанынан кетип калган.

7. Ыйык Китеп азгырыктарга туруштук берүүгө кантип жардам берет?

7 Иса Ибилиске каршы турууда Ыйык Жазмага таянса, анда биздин Кудай Сөзүнө таянганыбыз канчалык маанилүү! Ырас, Ибилис менен анын таламдаштарына каршы туруу үчүн Кудайдын нормаларын жакшы билип, аларга толук карманууга чечкиндүү болушубуз керек. Көптөр Жазманы изилдөөнүн аркасында Кудайдын акылмандыгы жана адилдиги жөнүндө билип, аларды баалай баштаганда ыйык китептик нормаларга ылайык жашоого түрткү алып келишет. Чынында эле, «Кудайдын сөзү» «жүрөктөгү ойлорду, ниеттерди айкын кыла» турган күчкө ээ (Эвр. 4:12). Ыйык Китепти канчалык көп окуп, канчалык терең ой жүгүртсөк, Жахабанын «чындыгын» ошончолук терең түшүнөбүз (Дан. 9:13). Ошондуктан өзүбүздүн алсыз жактарыбызга тиешелүү аяттар тууралуу ой жүгүрткөнүбүз абдан маанилүү.

8. Ыйык рухка эмнелер аркылуу ээ боло алабыз?

8 Иса Жазманы жакшы билгендиктен эле эмес, «ыйык рухка толгондуктан» да азгырыктарды четке кага алган (Лк. 4:1). Исадай болуп, азгырыктарды четке кагууга зарыл күчкө жана жөндөмдүүлүккө ээ болуу үчүн Жахабага жакындап, анын бизди ыйык рухка толтуруу үчүн караштырган бардык чараларын толук колдонушубуз керек (Жкп. 4:7, 8). Аларга Ыйык Китепти изилдөө, тиленүү жана ишенимдештер менен пикир алышуу кирет. Көптөр бекемдээрлик рухий ойлорго көңүл топтоого шарт түзгөн рухий иштерге толук кандуу катышуунун да пайдасын көрүүдө.

9, 10. а) Кудайдын кызматчылары кандай азгырыктарга кабылышы мүмкүн? б) Ой жүгүртүү жана тиленүү чарчап турганда да, азгырыкка алдырбоого кандайча жардам берет?

9 Сага кайсы азгырыктар менен күрөшүүгө туура келүүдө? Сенде өмүрлүк жарың эмес бирөөгө махабат сезимдериң бардай мамиле кылууга азгырык пайда болду беле? Үй-бүлө кура элек болсоң, Жахабанын Күбөсү эмес бирөө сени аны менен жолугууга чакырды беле? Исанын жолдоочусу телевизор көрүп же Интернетти колдонуп жатканда күтүүсүздөн чыга калган ыпылас нерсени көрүүгө азгырылышы мүмкүн. Сен да ушундай жагдайга кабылдың беле? Кабылсаң, эмне кылдың эле? Бир туура эмес иш экинчисине түртүп, акыры, олуттуу күнөөгө алып барышы мүмкүн экени тууралуу ой жүгүртүү акылмандыкка жатат (Жкп. 1:14, 15). Ошондой эле олуттуу күнөө кетирсең, Жахабанын, жыйналыштагылардын, үй-бүлөңдөгүлөрдүн жүрөгү канчалык оорумактыгы жөнүндө ойлон. Ал эми Кудайдын принциптерине берилгендик менен кармансаң, абийириң таза болот (Оку: Забур 118:37; Накыл сөздөр 22:3). Ушу сыяктуу сыноолорго туш болгон сайын, Жахабага аларга каршы турууга күч беришин сурап тиленүүгө чечкиндүү бол.

10 Ибилистин азгырыктарына байланыштуу дагы бир нерсени унутпоо зарыл. Шайтан Исаны ал чөлдө 40 күн орозо кармагандан кийин азгырган. Ибилистин ошол убакты Исанын актыгын сыноого «ыңгайлуу учур» катары көргөнү шексиз (Лк. 4:13). Ал биздин да актыгыбызды сынаш үчүн ыңгайлуу учурларды издейт. Андыктан дайыма рухий жактан бекем болгонубуз маанилүү. Шайтан көп учурда бутасынын алсыз болуп турганын баамдаганда чабуул жасайт. Ошондуктан чарчаганда же көңүлүбүз чөккөндө Жахабага мурдагыдан да жалындуу тиленип, анын жардамын жана ыйык рухун сурашыбыз керек (2 Кор. 12:8—10).

Чарчап-чаалыгуу жана көңүл чөгөттүк менен күрөшүү

11, 12. а) Эмне себептен бүгүн көптөрдүн көңүлү чөгөт? б) Көңүл чөгөттүк менен күрөшүүгө күчтү кайдан алсак болот?

11 Жеткилеңсиз болгондуктан кээде көңүлүбүз чөккөн учурлар болот. Анын үстүнө, биз өзгөчө оор мезгилде, жалпы адамзат эзели туш болбогон кыйын кезеңде, жашап жатабыз (2 Тим. 3:1—5). Армагедон жакындаган сайын, экономикалык, эмоциялык жана башка кысымдар күчөгөндөн күчөп жатат. Андыктан айрымдар үчүн үй-бүлөсүнө кам көрүү жана аны материалдык жактан камсыз кылуу өтө оор болуп баратканы таң калыштуу эмес. Алар жаны төрт чарчы болуп, чарчап-чаалыгып, атүгүл өздөрүн ырп этерге алы жоктой сезишет. Эгер сен да өзүңдү ушундай сезсең, кысымга кантип туруштук бере аласың?

12 Иса шакирттерине жардамчыны, Кудайдын ыйык рухун, убадалаганын эстесең (Оку: Жакан 14:16, 17). Ал — ааламдагы эң эле кубаттуу күч. Ал аркылуу Жахаба бизге бардык сыноолорду жеңүүгө көмөк кылган күч-кубатты ашыгы менен берет (Эф. 3:20). Пабыл айткандай, ага таянуу менен биз «туш-туштан кысымга алынып жатсак да», «адаттан тышкаркы күчкө» ээ болобуз (2 Кор. 4:7, 8). Жахаба кысымды жоюуну эмес, ыйык руху аркылуу бизге туруштук берүүгө күч берерин убадалайт (Флп. 4:13).

13. а) Бир жаш ишенимдешибиз кыйынчылыгы менен күрөшүүгө күчтү кайдан алат? б) Ушу сыяктуу окуяларды билесиңерби?

13 Үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылган 19 жашар Стефанинин үлгүсүн карап көрөлү. 12 жашында ал инсульт болгон жана мээсинде шишик бар экени аныкталган. Ошондон кийин ал эки ирет операцияны башынан өткөргөн, нур менен дарылоодон өткөн. Кийин дагы эки жолу инсульт болгондуктан, көзү жакшы көрбөй, сол жагы жакшы иштебей калган. Стефаниге ал маанилүү деп эсептеген иштерге, мисалы, жыйналыш жолугушууларына, кабар айтуу кызматына күчүн сактоого туура келет. Бирок ал Жахабанын рухунун аны колдоп, ар кандай жолдор менен жардам берип келгенин сезет. Көңүлү чөккөн учурларда ыйык китептик адабияттарда жазылган ишенимдештерибиздин окуялары аны абдан бекемдейт. Бир туугандар ага кат жазып, жыйналышка чейин жана андан кийин аны кубаттап, көңүлүн көтөрүп турушат. Кызыгуучулар да Стефанинин үйүнө барып Ыйык Китепти изилдөө менен анын билим берип жатканына ыраазы экенин көрсөтүшөт. Ушунун баары үчүн Стефани Жахабага миң мертебе ыраазы. Анын эң жакшы көргөн аяты — Забур 40:4. Ал ушул аяттагы сөздөр анын үстүнөн аткарылып жатат деп эсептейт.

14. Көңүлүбүз чөгүп турганда эмнеден качышыбыз керек жана эмне үчүн?

14 Чарчаганда же кысымга алынганда рухий иштерди аткарбай калуу менен биз ошол кыйынчылыкты жеңип кетебиз деп ойлобошубуз керек. Бул туура эмес болуп калар эле. Эмне үчүн? Себеби өздүк жана үй-бүлөлүк изилдөө, кабар айтуу кызматы, жыйналыш жолугушуулары сыяктуу чаралар аркылуу биз жандандырып, күчкө толтура турган ыйык рухту алабыз. Рухий иштер дайыма сергитет (Оку: Матай 11:28, 29). Бир туугандар жыйналышка шайы ооп келип, бирок жыйналыш бүтүп, үйгө кетерде кайрадан күчкө толгон, мындайча айтканда, алардын рухий батареялары заряддалып калган учурлар арбын.

15. а) Жахаба Исанын жолун жолдоо эч кандай күч-аракетти талап кылбай турганын убадалады беле? Жазманын негизинде түшүндүргүлө. б) Кудай бизге эмнени убадалаган жана ушундан улам кандай суроо туулат?

15 Бирок, албетте, Исанын жолдоочусу болуу оңой деп айтуудан алыспыз. Чынында, Исанын жолун берилгендик менен жолдоо күч-аракетти талап кылат (Мт. 16:24—26; Лк. 13:24). Ошентсе да Жахаба ыйык рух аркылуу чарчаганга күч берет. «Теңирден үмүттөнгөндөр кайрадан күчкө толушат,— деп жазган Ышая пайгамбар,— бүркүттөй болуп канаттарын көтөрүшөт, чуркашат, бирок чарчашпайт, жөнөшөт, бирок алсырашпайт» (Ыш. 40:29—31). Андыктан: «Чынында эмнеден улам рухий иштер бизди чарчата тургандай сезилиши мүмкүн?» — деп ойлонуп көргөнүбүз дурус.

16. Чарчап-чаалыгууга жана көңүл чөгөттүккө эмнелер себеп болушу мүмкүн жана аларды жоюу үчүн эмне кылсак болот?

16 Жахабанын Сөзү бизди «эмне маанилүүрөөк экенин баамдоого» үндөйт (Флп. 1:10). Элчи Пабыл Исанын жолдоочусунун жашоосун жарышка салыштырып, рухтун жетеги менен: «Оордук келтирген нерселердин баарынан... арылып, өзүбүзгө белгиленген жарыштын соңуна туруктуулук менен чыгалы»,— деп кеңеш берген (Эвр. 12:1). Анын сөздөрүндө бизди алдан тайдыра турган пайдасы жок максаттардан, ашыкча жүктөн арылышыбыз керек деген ой жатат. Балким, айрымдарыбыз ансыз да күн тартибибиз тыгыз болгонуна карабай дагы көп нерселерге умтулуп жаткандырбыз. Ошондуктан көп учурда өзүңдү чарчагандай же эч нерсеге жетишпегендей сезсең, жумушуң күчүңдүн канчасын алып жатканын, эс алуу максатында ар кайсы жерлерге канчалык көп барып жатканыңды, спортко же башка көңүл ачууларга канча убакыт жумшап жатканыңды кайрадан карап чыгуу пайдалуу болушу мүмкүн. Акыл-эстүүлүк жана момундук мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенин моюнга алууга жана анча маанилүү эмес иштерди мүмкүн болушунча кыскартууга түрткү бериши керек.

17. Айрымдардын эмне үчүн көңүлү чөгүшү мүмкүн, бирок Жахаба эмнени убадалайт?

17 Айрымдардын бул дүйнө түзүлүшүнүн акыры алар күткөн убакта келбей жатканы үчүн да кандайдыр бир деңгээлде көңүлү чөгүшү мүмкүн (Накыл 13:12). Бирок андай сезимде болуп жаткандар Хабакук 2:3төгү төмөнкү сөздөрдөн кайрат ала алышат: «Көрүнүш белгилүү бир мезгилге таандык, ал акыркы күн жөнүндө айтат, алдабайт. Анын аткарылуу убактысы создуктурулуп жатса да, күт, анткени ал сөзсүз ишке ашат, аткарылбай койбойт». Ооба, Жахаба бул дүйнө түзүлүшүнүн акыры так белгиленген убакта келерин убадалайт.

18. а) Кайсы убадалар сага күч берет? б) Кийинки макаладан кандай пайда ала алабыз?

18 Ырас, Жахабанын ишенимдүү кызматчыларынын баары чарчап-чаалыгуудан, көңүл чөгөттүктөн арыла турган жана адамдардын баары жаштыктын күчүнө толо турган күндү чыдамсыздык менен күтүп жатышат (Аюб 33:25). Дем-күч бере турган рухий иштер менен алек болсок, атүгүл бүгүнкү күндө да ыйык рухтун таасири менен ички дүйнөбүздү күчкө толтура алабыз (2 Кор. 4:16; Эф. 3:16). Чарчап-чаалыгуунун сага түбөлүктүү баталарды алууга тоскоолдук кылышына жол бербе. Кандай гана кыйынчылык болбосун, азгырыктардан улам пайда болобу, чарчагандыктанбы же көңүл чөгөттүктөнбү, азыр болбосо, Кудайдын жаңы дүйнөсүндө өтүп кетет. Кийинки макалада ыйык рухтун Исанын жолдоочуларына куугунтукка, теңтуштардын кысымына каршы турууга жана башка ар кандай кыйынчылыктарды жеңүүгө кандайча күч берерин талкуулайбыз.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Ыйык Китепти окуу кандайча бизге күч берет?

• Тиленүү жана ой жүгүртүү кандайча бизге дем-күч берет?

• Көңүл чөгөттүктүн айрым себептерин кантип жоюуга болот?

[Изилдөө суроолору]

[24-беттеги сүрөт]

Рухий иштер бизге дем-күч берет