Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бардык сыноолорду жеңүүгө күч-кубат алуу

Бардык сыноолорду жеңүүгө күч-кубат алуу

Бардык сыноолорду жеңүүгө күч-кубат алуу

«Мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам» (ФЛП. 4:13).

1. Жахабанын эли эмне себептен ар кандай кыйынчылыктарга туш болот?

ЖАХАБАНЫН эли ар түркүн кыйынчылыктарга туш болот. Айрым кыйынчылыктар жеткилеңсиздигибизден улам пайда болсо, башкаларын биз жашап жаткан дүйнө түзүлүшү туудурат. Кээ бирлери Кудайга кызмат кылгандар менен кызмат кылбагандардын ортосундагы кастыктан улам пайда болот (Башт. 3:15). Адамзат тарыхынын алгачкы күндөрүнөн тартып Кудай өзүнүн ишенимдүү кызматчыларына диний куугунтукка, курбулардын кысымына жана башка ар кандай кыйынчылыктарга туруштук берүүгө жардам берип келет. Ыйык рух бизге да ошентүүгө күч берет.

Диний куугунтук

2. Диний куугунтуктун максаты эмнеде жана ал кандай жолдор менен көрсөтүлүшү мүмкүн?

2 Диний куугунтук — адамдарды ишеними же ишенген нерселери үчүн атайын жапа чектирүү же аларга кордук көрсөтүү. Анын максаты — диний окууларды жокко чыгаруу, алардын таратылышына бөгөт коюу же аларга ишенген адамдарды актыгынан жаздыруу. Куугунтук ар кандай жол менен: айрымдары ачыктан-ачык, башкалары тымызын көрсөтүлүшү этимал. Ыйык Китепте Шайтандын соккулары жаш арстандын жана чекир жыландын кол салуусуна салыштырылат (Оку: Забур 90:13).

3. Шайтан кандайча арстандай жана чекир жыландай болуп кол салат?

3 Шайтан көп учурда зордук-зомбулук, түрмөгө каматуу же тыюу салуу аркылуу, арылдаган арстан сымал, ачыктан-ачык, түздөн-түз кол салат (Заб. 93:20). «Жылдык китепте» Жахабанын Күбөлөрүнүн бүгүнкү күндө жүргүзгөн иши жөнүндө баяндалганда Шайтандын ошондой ыкмалары тууралуу көп жазылат. Көптөгөн жерлерде чиркөө кызматчылары же саясий фанаттар баштаган сүрмө топтор Кудайдын элин кордошкон. Шайтандын ушинтип арстандай болуп чабуул жасаганы айрымдарды ак жолдон тайдырган. Мындан тышкары, Ибилис адамдардын акылын ууландырып, аларды алдап, өзүнүн эркин аткартуу үчүн, чекир жыландай болуп, жашыруун жерден кол салат. Мындай сокку бизди рухий жактан алсыратуу же бузуу максатында жасалат. Анткен менен Кудайдын ыйык рухунун жардамы менен биз куугунтуктун ушул эки түрүнө тең туруштук бере алабыз.

4, 5. Куугунтукка даярдануунун эң жакшы жолу кайсы жана эмне үчүн? Мисал келтиргиле.

4 Келечекте болушу мүмкүн болгон ар кандай куугунтуктарды элестетүү аларга даярдануунун жакшы жолу эмес. Анткени биз кандай куугунтукка туш болушубуз ыктымал экенин биле албайбыз, ошондуктан такыр болбой да калышы мүмкүн болгон нерселерди ойлоп сарсанаа болуу эч кандай пайда алып келбейт. Бирок биз кыла ала турган бир нерсе бар. Көп бир туугандарга Жахабанын Жазмада айтылган ишенимдүү кызматчыларынын үлгүсү, ошондой эле Исанын окутуулары менен үлгүсү тууралуу ой жүгүртүү куугунтукка ийгиликтүү туруштук берүүгө жардам берген. Бул аларга Жахабага болгон сүйүүсүн тереңдетүүгө өбөлгө түзгөн. Ал эми ал сүйүү кыйынчылыктардын баарын жеңүүгө көмөк кылган.

5 Малавидеги эки эженин үлгүсүнө токтололу. Жаалданган сүрмө топ аларды партбилет сатып алууга көндүрүү үчүн уруп-сабап, жылаңачташкан жана зордуктайбыз деп коркутушкан. Ал топ аларды атүгүл Бейтел үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү да партбилет сатып алышты деп алдашкан. Ал бир туугандар эмне деп жооп беришкен? «Биз Жахаба Кудайга гана кызмат кылабыз. Ошондуктан филиалдагы бир туугандар партбилет сатып алдыбы, жокпу, бизге баары бир. Атүгүл бизди өлтүрүп салсаңар да, сатып албайбыз!» — дешкен алар. Ушинтип эр жүрөктүк көрсөткөндөн кийин ал ишенимдештерибиз бошотулушкан.

6, 7. Жахаба кызматчыларына куугунтукка туруштук берүүгө кантип күч берет?

6 Элчи Пабыл Исанын Тесалоникадагы жолдоочуларынын чындыкты «көптөгөн кыйынчылыктарга карабай... ыйык рухтан келген кубаныч менен кабыл алганын» жазган (1 Тес. 1:6). Ырас, куугунтукка кабылып, туруктуу бойдон калган мурунку жана азыркы учурдагы Исанын жолдоочулары сыноолору жетер чегине жеткенде Кудайдын ыйык рухунун жемишине кирген жан дүйнө тынчтыгына ээ болгонун айтышкан (Гал. 5:22). Ал эми ал тынчтык аларга жүрөгүн жана акылын сактоого жардам берген. Ооба, Жахаба иш-аракеттүү күчү аркылуу кызматчыларына сыноолорду жеңүүгө жана кыйынчылык-кысталыш мезгилде акылдуулук менен иш кылууга көмөк кылат *.

7 Кудайдын кызматчыларынын атүгүл ырайымсыздык менен куугунтукталганда да актыгын сактоого чечкиндүү болгонуна көптөр таң калып келишет. Аларга Күбөлөр адаттан тышкаркы күчкө ээ болгондой сезилет; чынында эле ошондой. Элчи Петир: «Эгерде силерди Машаяктын ысмы үчүн кордоп жатышса, анда бактылуусуңар, анткени силерде даңк руху, Кудайдын руху, бар»,— деген (1 Пет. 4:14). Чын-чынында, адилдиктин нормаларына карманганыбыз үчүн куугунтукталганыбыз Кудайдын жактыруусуна ээ экенибизди көрсөтүп турат (Мт. 5:10—12; Жкн. 15:20). Жахабанын батасына ээ экенибизди сезүү кандай кубанычтуу!

Курдаштардын кысымы

8. а) Жашыя менен Калепке курдаштарынын кысымына каршы турууга эмне жардам берген? б) Жашыя менен Калептин үлгүсүнөн эмнеге үйрөнө алабыз?

8 Исанын жолдоочуларына тымызын көрсөтүлгөн куугунтуктардын бири — курдаштардын кысымы. Бирок Жахабанын руху дүйнөнүн рухунан алда канча кубаттуу болгондуктан, бизди шылдыңдаган, биз жөнүндө жалган сөздөрдү тараткан жана бизди өздөрүнүн нормалары боюнча иш кылууга мажбурлоого аракет кылган адамдардын кысымына каршы тура алабыз. Алсак, Жашыя менен Калепке Канаан жерине жиберилген башка он тыңчынын оюна каршы пикир айтууга эмне жардам берген? Ыйык рух. Ал аларга башка «рух», тактап айтканда, башкача маанай чагылдырууга түрткү берген (Оку: Сандар 13:30; 14:6—10, 24).

9. Эмне себептен Исанын жолдоочулары көпчүлүктөн айырмалануудан коркпошу керек?

9 Ошо сыяктуу эле, ыйык рух Исанын элчилерине көптөр чыныгы диндин окутуучулары катары кадырлаган адамдарга эмес, Кудайга баш ийүүгө күч берген (Элч. 4:21, 31; 5:29, 32). Адамдардын басымдуу бөлүгү пикир келишпестиктен, уруш-жаңжалдан корккондуктан эл катарында эле болууну чечишкен. Ал эми Исанын чыныгы жолдоочуларына көп учурда өздөрү туура деп эсептеген нерселерине бек карманууга туура келген. Ошентсе да, Кудайдын ыйык руху күч бергендиктен, алар элден айырмалануудан коркушкан эмес (2 Тим. 1:7). Анда курбулардын кысымына алдырбашыбыз керек болгон бир жагдайды карап көрөлү.

10. Исанын айрым жолдоочулары кандай жагдайга туш болушу мүмкүн?

10 Айрым жаштар досунун Ыйык Китепке каршы иш кылганын билип калганда эмне кыларын билбей, башы маң болушу мүмкүн. Алар аксакалдарга досуна жардам беришин сурап кайрылсам, ага ишенимсиздик кылгам болом деп ойлошу ыктымал. Ошентип, алар туура эмес берилгендик көрсөтүп, ал жөнүндө эч кимге айтпай эле коюуну чечишет. Туура эмес иш кылган адам да досторунан күнөөсү тууралуу эч кимге айтпоону талап кылышы этимал. Албетте, мындай көйгөй жаштар арасында эле болбойт. Айрым чоңдорго да жыйналыш аксакалдарына кайрылып, досунун же жакын адамынын күнөөсүн айтуу кыйынга турушу мүмкүн. Бирок Исанын чыныгы жолдоочулары мындай жагдайда эмне кылышы керек?

11, 12. Жыйналыштын мүчөсү анын күнөөсүн эч кимге айтпоону талап кылса, эмне кылган оң жана эмне үчүн?

11 Төмөнкү жагдайды элестетсең. Жаныбек деген жаш бир тууган жыйналыштагы досу Эржандын порнография көрүп жүргөнүн билип калат деп коёлу. Жаныбек Эржанга анын кылган ишине терең тынчсызданып жатканын билдирет. Бирок Эржан анын сөздөрүн кулагынын учунан эле кетирип жиберет. Жаныбек аны аксакалдарга кайрылууга үндөгөндө, ал: «Эгер сен менин чыныгы досум болсоң, анда аксакалдарга айтпайсың»,— деп жооп берет. Жаныбек досунан айрылып калам деп коркушу керекпи? Ал эгер Эржан күнөөсүн танып туруп алса, аксакалдар кимибизге ишенет деп кабатырланышы ыктымал. Бирок Жаныбек эч кимге унчукпаса да, жагдай жакшырчудай эмес. Тескерисинче, бул Эржандын Жахаба менен болгон мамилесинин бузулушуна алып барышы мүмкүн. Мындай жагдайда Жаныбектин «адамдардан коркуу тузак коёт, ал эми Теңирден үмүттөнгөн адам коопсуз болот» деген сөздөрдү эстегени акылдуулукка жатмак (Накыл 29:25). Анын дагы эмне кылганы дурус? Досун жакшы көргөндүктөн ага кайра барып, анын көйгөйү жөнүндө ачык сүйлөшсө болот. Албетте, бул эр жүрөктүктү талап кылат. Бирок мунусунда Эржан көйгөйү жөнүндө сүйлөшүүгө макул болушу ыктымал. Жаныбек аны аксакалдарга айтууга дагы бир жолу үндөп, эгер белгилүү бир убакыттын ичинде айтпаса, өзү барып айтарын билдириши керек (Леб. 5:1).

12 Эгер сен да ушундай жагдайга туш болсоң, досуң алгач сенин жардам берүүгө аракет кылганыңды баалабашы мүмкүн. Бирок убакыттын өтүшү менен ал сенин анын жыргалчылыгын көздөп иш-аракет кылганыңды түшүнүшү ыктымал. Эгер күнөө кетирген адам жардамды кабыл алса, сенин эр жүрөктүк, берилгендик көрсөткөнүңө өмүр бою ыраазы болушу этимал. Ал эми сага нааразы болуп, ачуулана берсе, ал чыныгы дос болгон болобу? Дайыма эң жакын Досубуз Жахабага жакканды кылсак, туура кылган болобуз. Жахабаны дайыма биринчи орунга койсок, аны жакшы көргөндөр бизди берилгендигибиз үчүн урматтап, бизге чыныгы дос болушат. Биз эч качан жыйналыштан Ибилиске орун бербешибиз керек. Эгер ошентсек, Жахабанын ыйык рухун капалантабыз. Бирок жыйналыштын таза сакталышына кам көрсөк, ыйык рух менен кызматташкан болобуз (Эф. 4:27, 30).

Ар кандай кыйынчылыктар

13. Жахабанын кызматчылары кандай кыйынчылыктарга кабылышат жана бул эмне үчүн таң калыштуу эмес?

13 Бүгүнкү күндө акча-каражаттын жетишсиздиги, жумушсуздук, табигый кырсык, жакын адамдан айрылуу, ден соолуктун начарлыгы сыяктуу кыйынчылыктар көп. Биз «өзгөчө оор мезгилде» жашап жаткандыктан эртели-кеч кайсы бир кыйынчылыкка туш болорубуз бышык (2 Тим. 3:1). Андайда дүрбөлөңгө түшпөй, тең салмактуулук сактаганыбыз маанилүү. Анткени ыйык рух бизге, кандай кыйынчылыкка кабылбайлы, аны жеңүүгө күч берет.

14. Аюбга сыноолорун көтөрүп кетүүгө эмне күч берген?

14 Аюб биринен сала бири келген кыйынчылыктарга кабылган. Ал мал-мүлкүнөн, балдарынан, досторунан, ден соолугунан ажыраган жана анын зайыбы Жахабага таянбай калган (Аюб 1:13—19; 2:7—9). Бирок Аюб Элийунун сөздөрүнөн чындап жубатуу алган. «Токтой тур, Кудайдын укмуш иштерин түшүн»,— деген сөздөр Элийунун жана Жахабанын Аюбга айткан сөздөрүнүн өзөгүн түзгөн (Аюб 37:14). Аюбга сыноолорун көтөрүп кетүүгө эмне жардам берген? Бизге эмне жардам берет? Жахабанын өзүнүн ыйык руху жана күчү аркылуу эмнелерди кылганын эстеп, алар жөнүндө ой жүгүртүү (Аюб 38:1—41; 42:1, 2). Балким, Жахабанын бизге жекече кам көргөн учурларды эстейттирбиз. Ал дагы деле биздин жыргалчылыгыбызга кызыкдар.

15. Элчи Пабылга сыноолорду көтөрүп кетүүгө эмне күч берген?

15 Элчи Пабыл ишеними үчүн өмүрүнө коркунуч туудурган көптөгөн кыйынчылыктарды башынан кечирген (2 Кор. 11:23—28). Ага андай кыйын учурларда тең салмактуулугун сактап, өзүн жоготпоого эмне жардам берген? Жахабага тиленүү жана таянуу. Пабыл, кыязы, азаптуу өлүмгө кыйылышы менен аяктаган сыноо учурунда: «Кабар айтуу иши мен аркылуу толугу менен аткарылышы үчүн жана ал кабарды бардык элдер угушу үчүн, Мырзабыз жанымда туруп, мага күч берип жатты; мен арстандын азуусунан куткарылдым»,— деген (2 Тим. 4:17). Ошондуктан ал өз тажрыйбасынан улам ишенимдештерин «эч нерсеге тынчсызданбоого» үндөй алган (Оку: Филипиликтер 4:6, 7, 13).

16, 17. Жахабанын бүгүнкү күндө өзүнүн кызматчыларына кыйынчылыктар менен күрөшүүгө кантип күч берерин көрсөткөн мисал келтиргиле.

16 Роксана деген пионер Жахабанын өз кызматчыларына кантип кам көрөрүн өз тажрыйбасынан сезип келет. Ал жетекчисинен жыйынга катышуу үчүн бир нече күнгө уруксат сураганда, ал ачууланып, эгер жумушка чыкпаса, чыгарып жиберерин айтат. Ошентсе да Роксана Кудайдан жумуштан чыгып калбашын сурап жалындуу тиленип алып, жыйынга кете берет. Тиленгенден кийин тынчсызданбай калат. Жыйындан кийин дүйшөмбү күнү жумушуна барганда, жетекчиси, алдын ала айткандай эле, аны жумуштан чыгарып жиберет. Буга Роксана аябай капа болот. Анткени, маянасы аз болсо да, ошол иши ага үй-бүлөсүн багууга өбөлгө түзчү. Ал кайра тиленип, Кудай жыйын аркылуу ага рухий жактан кам көргөндөй эле, денелик жактан да сөзсүз кам көрөрү жөнүндө ой жүгүртөт. Үйүнө кайтып баратканда ал өндүрүштүк тигүүчү машинеде иштей алган тажрыйбалуу жумушчулар талап кылынары жазылган «Жумушчулар керек» деген кулактандырууну көрүп калып, ошол жумушка кирүүгө арыз жазат. Ал ишкананын жетекчиси Роксананын эч кандай тажрыйбасы жок экенин билсе да, аны мурун алган айлыгынан дээрлик эки эсе көп төлөнгөн жумушка алат. Ошондо Роксана тиленүүсүнө жооп алганын түшүнөт. Бирок чогуу иштешкен бир нече кишиге жакшы кабар менен бөлүшө алганы ал үчүн андан да чоң бата болгон. Алардын бешөө, анын ичинде жетекчиси да чындыкты кабыл алып, чөмүлтүлгөн.

17 Кээде тиленүүлөрүбүз жоопсуз калып жаткандай, аларга дароо же биз күткөндөй жооп берилбей жаткандай сезилиши мүмкүн. Ошондой болсо, мунун орчундуу себеби бар экени күмөнсүз. Муну Жахаба жакшы билет, бирок биз аны убакыт өткөндөн кийин гана түшүнүшүбүз ыктымал. Биз бир нерсеге шектенбесек болот: Жахаба өзүнүн ишенимдүү кызматчыларын калтырбайт (Эвр. 6:10).

Сыноолорго жана азгырыктарга туруштук берүүгө күч алуу

18, 19. а) Эмне үчүн сыноолорго жана азгырыктарга кабыларыбыз таң калыштуу эмес? б) Канткенде сыноолорду ийгиликтүү жеңе аласың?

18 Жахабанын эли азгырыктарга, көңүл чөгөттүккө, куугунтукка жана курдаштардын кысымына дуушар болуп жатканына таң калбайт. Себеби дүйнө жалпы жонунан бизди жек көрөт (Жкн. 15:17—19). Бирок ыйык рух бизге Кудайга кызмат кылууда туш болгон бардык кыйынчылыктарды жеңүүгө көмөк кылат. Жахаба алыбыз жеткис азгырыктарга кабылышыбызга жол бербейт (1 Кор. 10:13). Ал бизди эч качан калтырбайт, эч убакта таштабайт (Эвр. 13:5). Анын рухунун жетеги менен жазылган Сөзү бизди коргойт жана бекемдейт. Андан сырткары, Кудайдын руху, жардамга аябай муктаж болуп жатканыбызда, ишенимдештерибизге бизди колдоого түрткү берет.

19 Эмесе, баарыбыз тиленүү жана Ыйык Жазманы изилдөө аркылуу ыйык рух алууга умтула берели. Ошондой эле «[Кудайдын] даңктуу кудуретине ылайык зор күч менен бекемделип, акырына чейин кубаныч менен туруктуу жана чыдамкай бололу» (Кол. 1:11).

[Шилтеме]

^ 6-абз. Мисал үчүн, «Күзөт мунарасынын» 2001-жылдын 1-майындагы санынын 22-бетин жана «Ойгонгула!» (ор.) журналынын 1993-жылдын 8-мартындагы санынын 21, 22-беттерин карагыла.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Куугунтукка туруштук берүүгө кантип даярдана аласың?

• Кимдир бирөө туура эмес ишин эч кимге айтпоого үндөсө, эмне кылышың керек?

• Ар кандай кыйынчылыктарга туш болгондо эмнеге толук ишенсең болот?

[Изилдөө суроолору]

[28-беттеги сүрөт]

Жашыя менен Калептен эмнеге үйрөнө алабыз?

[29-беттеги сүрөт]

Туура эмес иш кылган досуңа кантип жардам бере аласың?