Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бойдоктугуңдан толук пайда ал

Бойдоктугуңдан толук пайда ал

Бойдоктугуңдан толук пайда ал

«Ким ушундай жашоо өткөрө алса, өткөрсүн» (МТ. 19:12).

1, 2. а) Иса, Пабыл жана башкалар бойдоктукка кандай карашкан? б) Эмне үчүн айрымдар бойдоктукту белек деп эсептебеши мүмкүн?

НИКЕ — Кудайдын адамзатка берген баалуу белектеринин бири (Накыл 19:14). Анткен менен көптөгөн бойдок бир туугандар да маңыздуу жана канааттануу тартуулаган жашоо өткөрүп келишет. Эч качан үйлөнбөгөн 95 жаштагы Харолд бир тууган мындай дейт: «Башкалар менен чогуу убакыт өткөрүүнү, меймандостук көрсөтүүнү аябай жакшы көрсөм да, жалгыз калганда такыр жалгызсырабайм. Чынында, бойдоктук мен үчүн белек деп айта алам».

2 Ооба, Иса Машаяк да, Пабыл да бойдоктуктун, нике сыяктуу эле, Кудайдын белеги экенин айткан (Оку: Матай 19:11, 12; 1 Корунттуктар 7:7). Бирок, албетте, үй-бүлө курбагандардын баары эле өздөрү каалагандыктан бойдок болушпайт. Айрымдарга кайсы бир жагдайдан улам ылайыктуу жар табуу кыйынга турат. Башкалары бир канча жыл никеде туруп, кийин ажырашып кеткендиктен же өмүрлүк жары каза болгондуктан, жалгыз бой калышат. Анда бойдоктук кандай мааниде белек болуп эсептелет? Исанын бойдок жолдоочулары бойдоктугунан кантип толук пайда ала алышат?

Өзгөчө белек

3. Бойдок бир туугандардын кандай сонун мүмкүнчүлүктөрү бар?

3 Көбүнесе бойдоктордун үй-бүлөлүүлөргө караганда убактысы жана эркиндиги көбүрөөк (1 Кор. 7:32—35). Бул аларга кызматын кеңейтүүгө, жүрөгүн кенен ачып көбүрөөк адамдарга сүйүү көрсөтүүгө жана Жахабага жакындоого сонун шарт түзөт. Ошондуктан Исанын айрым жолдоочулары бойдоктуктун артыкчылыктарын баамдап, баркын билип, кайсы бир убакытка болсо да, бойдок болууну чечишет. Башкалары башында бойдок бойдон калууга ниеттенбесе да, жагдай-шарты өзгөргөндүктөн, өздөрүнүн абалы жөнүндө тиленүү менен ой жүгүртүп, Жахабанын жардамы менен бойдок бойдон кала аларын түшүнүшөт. Ошентип, алар жаңы жагдай-шартына көнүп, бойдок калууну чечишет (1 Кор. 7:37, 38).

4. Эмне үчүн бойдоктор Кудайдын уюмунда өздөрүн баалуу сезе алышат?

4 Бойдок бир туугандар Жахабанын жактыруусуна ээ болуу үчүн же анын уюмунда баалуу деп эсептелүү үчүн сөзсүз эле үй-бүлө куруу зарыл эмес экенин билишет. Кудай сүйүүсүн баарыбызга көрсөтөт (Мт. 10:29—31). Бизди эч ким, эч нерсе анын сүйүүсүнөн ажырата албайт (Рим. 8:38, 39). Ошондуктан нике курганбызбы же бойдокпузбу, баарыбызда Кудайдын уюмунда өзүбүздү баалуу сезүүгө толук негиз бар.

5. Бойдоктуктан толук пайда алуу үчүн эмне талап кылынат?

5 Музыкалык же атлеттик талантты өрчүтүп, анын үзүрүн көрүү үчүн күч жумшоо керек болгондой эле, бойдоктуктан толук пайда алуу үчүн күч-аракет жумшоо талап кылынат. Андыктан Исанын бүгүнкү күндөгү бойдок жолдоочулары — эркекпи, аялбы, жашпы, карыбы, өзү каалагандыктан же жагдайынан улам бойдокпу — өздөрүнүн абалынан кантип толук пайда ала алышат? Келгиле, Исанын алгачкы жолдоочуларынын бекемдээрлик үлгүсүнө токтолуп, алардан эмнеге үйрөнө аларыбызды карап чыгалы.

Жаш кездеги бойдоктук

6, 7. а) Филиптин турмушка чыга элек кыздары Кудайга кызмат кылууда кандай сыймыкка ээ болушкан? б) Тиметей бойдок кезин кантип туура колдонгон жана жаш чагында даярдуулук менен кызмат кылганы үчүн кандай бата алган?

6 Жакшы кабардын жарчысы Филиптин аны тартып ынталуу болгон турмушка чыга элек төрт кызы бар болчу (Элч. 21:8, 9). Пайгамбарлык кылуу ошол кезде ыйык рухтун кереметтүү белектеринин бири эле жана ал кыздар ошол белекти колдонуп, Жоел 2:28, 29-аяттардагы пайгамбарлыктын аткарылышына катышышкан.

7 Жаш Тиметей да бойдоктук белегин туура колдонгон. Апасы Эйнике менен таенеси Лоис аны ымыркайынан эле «ыйык жазмаларды» окутушкан (2 Тим. 1:5; 3:14, 15). Бирок алар б.з. 47-жылы Пабыл биринчи жолу алардын шаары Листрага барганда гана, Исанын жолдоочулары болушкан көрүнөт. Эки жылдан кийин, Пабыл ал жакка экинчи жолу барганда, Тиметей өспүрүм курактан өтүп же жыйырмаларга келип калса керек. Жаш болсо да, чындыкты тааныганынан аз эле убакыт өтсө да, Листрадагы жана коңшулаш Икониядагы аксакалдар аны «дайыма макташчу» (Элч. 16:1, 2). Ошол себептен Пабыл аны миссионердик сапарында шериги болууга чакырган (1 Тим. 1:18; 4:14). Албетте, Тиметей эч качан турмуш курган эмес деп айта албайбыз. Бирок бизге Тиметейдин Пабылдын чакырыгын даярдуулук менен кабыл алып, көптөгөн жылдар бою бойдок миссионер жана көзөмөлчү катары кубаныч менен кызмат кылганы белгилүү (Флп. 2:20—22).

8. Жакан Маркка рухий максаттарды көздөөгө эмне жардам берген жана ошенткени үчүн ал кандай бата алган?

8 Жаш чагында Жакан Марк да бойдоктугун акылдуулук менен өткөргөн. Ал, апасы Мариям жана тууганы Барнаба Иерусалимдеги жыйналыштын алгачкы мүчөлөрү болушкан. Марктын үй-бүлөсү жакшы турган көрүнөт, анткени алардын өз үйү, кызматчысы болгон (Элч. 12:12, 13). Бирок Марк бардар жашаса да, жаш болсо да керт башынын гана камын ойлогон өзүмчүл болгон эмес жана үйлөнүп-жайланып, ыңгайлуу жашоо өткөрүүнү көздөгөн эмес. Элчилер менен тыгыз пикир алышуу анын миссионер болуп кызмат кылууга каалоосун өрчүтсө керек. Ошондуктан Пабыл менен Барнаба биринчи миссионердик сапарына чакырганда, ал даярдуулук менен макул болуп, аларга жардамчысы катары кызмат кылган (Элч. 13:5). Кийинчерээк Марк Барнаба менен сапарга чыккан. Андан кийин да анын Петир менен Бабылда кызмат кылып жүргөнүн окуйбуз (Элч. 15:39; 1 Пет. 5:13). Биз Марктын канча убакыт бойдок жүргөнүн билбейбиз. Бирок ал Кудайга жана адамдарга кызмат кылууда көп эмгектенүүгө дилгир бир тууган катары таанымал болгон.

9, 10. Бүгүнкү күндө жаш бойдок бир туугандарда кызматын кеңейтүүгө кандай мүмкүнчүлүктөр бар? Мисал келтиргиле.

9 Бүгүнкү күндө жыйналыштагы көптөгөн жаштар да бойдок кезин Кудайга көбүрөөк кызмат кылууга колдонуудан кубаныч алышат. Алар, Марк менен Тиметейдей болуп, «эч нерсеге алаксыбай, Мырзабызга дайыма кызмат кылууга» өбөлгө түзгөн бойдок кезин жогору баалашат (1 Кор. 7:35). Чынында, бойдоктук — чоң артыкчылык. Ал көп нерсеге, мисалы, пионер болууга, Падышалыктын жарчыларына муктаждык көбүрөөк жерде кызмат кылууга, чет тилин үйрөнүүгө, Падышалык залдарын же филиалдарды курууга катышууга, Кызматка окутуу мектебинен билим алууга жана Бейтелде кызмат кылууга жол ачат. Жаш жана бойдок болсоң, колдо бар мүмкүнчүлүктөрүңдү толук пайдаланып жатасыңбы?

10 Марк деген ишенимдешибиз өспүрүм курактан өтүп калганда пионердик кызматты баштап, Кызматка окутуу мектебинен билим алган жана дүйнөнүн чар тарабында ар кандай кызматты аркалаган. Ал 25 жылдык толук убактагы кызматына кылчая карап мындай дейт: «Мен жыйналыштагы ар бир бир тууган менен кызматташууга аракет кылчумун, алар менен кабарга чыкчумун, кайтаруучулук жолугууларга барчумун, аларды үйгө конокко чакырчумун жана рухий жактан бекемдөө үчүн достук жолугушууларын уюштурчумун. Мунун баары мага зор кубаныч тартуулачу». Марктын сөздөрү берүү чоң кубаныч тартуулаарын, ал эми ыйык кызматка толук катышуу башкаларга берүүгө көп мүмкүнчүлүк түзөрүн көрсөтүп турат (Элч. 20:35). Жаштар жеке кызыкчылыктары, шык-жөндөмдүүлүктөрү, жашоодогу тажрыйбасы кандай болбосун, Теңирдин ишинде көп эмгектене алышат (1 Кор. 15:58).

11. Үй-бүлө курууга шашылбоонун кандай пайдалары бар?

11 Жаштардын көбү кийинчерээк үй-бүлө курууну каалайт. Бирок ал кадамды жасоого шашылбоо акылдуулукка жатат. Пабыл жаштарды, жок дегенде, «өтө эле жаш» кез, жыныстык каалоолор күч алып турган убак, өтүп кеткиче үй-бүлө курууга шашылбай турууга үндөгөн (1 Кор. 7:36). Анткени өзүңдү түшүнүү жана ылайыктуу жар тандоого зарыл болгон турмуштук тажрыйбага ээ болуу үчүн убакыт талап кылынат. Никелешүү убадасы — өмүр бою бек туруш керек болгон олуттуу убада (Нас. 5:2—5).

Улгайып калгандагы жалгыз бойлук

12. а) Жесир калган Анна өзгөргөн жагдай-шартын кантип колдонгон? б) Ал кандай сыймыкка ээ болгон?

12 Луканын Инжилинде айтылган Анна турмушка чыккандан жети жыл өткөндөн кийин эле жолдошу күтүүсүздөн каза болуп калып, жесир калган. Ошондо ал терең кайгырса керек. Алардын балалуу болгон-болбогону, Аннанын кайра турмуш куруу жөнүндө ойлонгон-ойлонбогону белгисиз. Бирок Ыйык Китепте Аннанын 84 жашында да жесир болгону жазылат. Ыйык Жазмада айтылгандардын негизинде Анна өзгөргөн жагдай-шартын Жахабага жакындоо үчүн колдонгон деп жыйынтык чыгарууга болот. Ал «орозо кармап, Кудайга жалынып, күнү-түнү ыйык кызмат кылуу менен дайыма ибадатканада жүрчү» (Лк. 2:36, 37). Ырас, Кудайга кызмат кылуу анын жашоосунда биринчи орунда турган. Бул чечкиндүүлүктү жана күч-аракетти талап кылган, бирок Анна сыйлыксыз калган эмес. Ал ымыркай Исаны көрүү жана Машаяк аркылуу келе турган куткарылуу жөнүндө күбөлөндүрүү сыймыгына ээ болгон (Лк. 2:38).

13. а) Дорканын жыйналышта көптөргө жардам бергенин эмнеден билүүгө болот? б) Дорка жакшылыкчылдыгы, боорукердиги үчүн кандай бата алган?

13 Дорка же Табита деп белгилүү болгон аял Иерусалимдин түндүк-батышындагы Жапа деген байыркы деңиз портунда жашаган. Ыйык Китепте анын күйөөсү жөнүндө эч нерсе айтылбаганына караганда, ал ошол учурда жалгыз бой болсо керек. Дорка «көп жакшы иштерди жасап, берешен болчу». Кыязы ал, жакыр жесирлерге жана башкаларга көптөгөн кийимдерди тигип берген, ошондуктан алар аны аябай жакшы көрүшкөн. Ал күтүүсүздөн ооруга чалдыгып, каза болуп калганда, бүтүндөй жыйналыш кымбаттуу ишенимдешин тирилтишин сурап Петирди чакыртышкан. Анын тирилгени жөнүндөгү кабар бүт Жапага тараганда, көптөр Кудайга ишенип калышкан (Элч. 9:36—42). Дорка абдан боорукер болгондуктан алардын айрымдарына да жакшылык кылса керек.

14. Исанын бойдок жолдоочуларына Жахабага жакындоого эмне түрткү берет?

14 Бүгүнкү күндө да жыйналышта, Анна менен Доркадай, жашы илгерилеп калган жалгыз бой бир туугандар бар. Айрымдар ылайыктуу жар табышкан эмес. Башкалары ажырашып кеткен же жесир калган. Жанында таяна турган өмүрлүк жары жок болгондуктан Исанын бойдок жолдоочулары Жахабага көбүрөөк таянууга үйрөнүшөт (Накыл 16:3). Бейтелде 38 жылдан ашык убакыт кызмат кылган Сильвия деген жалгыз бой эже бойдоктукту бата деп эсептейт. «Кээде мен дайыма күчтүү болууга аракет кылып жатып чарчап кетем,— дейт ал.— Ошондой учурларда: „А мени ким бекемдейт?“ — деп ойлоном». Бирок ал мындай деп кошумчалайт: «Жахабанын эмнеге муктаж экенимди менден жакшы билерине толук ишенүү ага ого бетер жакындоого жардам берет. Жахаба мени дайыма бекемдеп турат, кээде бекемдөө такыр күтүлбөгөн булактан келет». Ооба, биз Жахабага жакындаган сайын, ал бизге абдан назик мамиле кылып, жубатып-бекемдейт.

15. Жалгыз бой бир туугандар кантип башкаларга сүйүү көрсөтүүдө жүрөгүн кенен ача алышат?

15 Бойдоктук башкаларга сүйүү көрсөтүү үчүн жүрөктү кенен ачууга жакшы шарт түзөт (Оку: 2 Корунттуктар 6:11—13). 34 жыл толук убакыт кызмат кылган Жолэн деген эже мындай дейт: «Мен өз курагымдагылар менен эле эмес, бардык курактагы адамдар менен тыгыз мамиле түзүүгө аябай аракет кылам. Бойдоктук Жахабага, үй-бүлөңө, рухий бир туугандарыңа жана башка адамдарга колдо бар нерсеңди берүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк түзөт. Бойдок жүргөнүмө жаш өткөн сайын көбүрөөк кубанам». Жыйналыштагы улгайган бир туугандар, жалгыз бой ата-энелер, жаштар жана башкалар бойдок бир туугандардын аларга жан аябастык менен көрсөткөн жардамын баалашат. Чынында эле, башкаларга сүйүү көрсөткөн сайын өзүбүз да аябай кубанып калабыз. Сен да башкаларга сүйүү көрсөтүүдө жүрөгүңдү кенен ача аласыңбы?

Өмүр бою бойдок болуу

16. а) Эмне үчүн Иса эч качан үйлөнгөн эмес? б) Пабыл бойдоктугун кантип туура пайдаланган?

16 Иса эч качан үйлөнгөн эмес; ал ага тапшырылган кызматты аткарууга даярданышы жана бүтүрүшү керек эле. Ал көп жерди кыдырып, кулан өөк таңдан караңгы түнгө чейин эмгектенген жана акыр-аягы, өз өмүрүн курмандыкка берген. Иса бойдок болгондуктан өзүнө тапшырылган ишти аткара алган. Ал эми элчи Пабыл миңдеген чакырымдарды басып өткөн жана кызматында чоң кыйынчылыктарга туш болгон (2 Кор. 11:23—27). Балким, ал мурун үйлөнгөндүр, бирок элчи болуп дайындалгандан кийин бойдок калууну чечкен (1 Кор. 7:7; 9:5). Иса да, Пабыл да, башкаларды кызмат үчүн, мүмкүн болсо, алардын үлгүсүнө карманууга чакырышкан. Анткен менен эч кимиси Кудайдын кызматчылары бойдок болушу керек деген талап койгон эмес (1 Тим. 4:1—3).

17. Бүгүнкү күндө айрымдар кантип Иса менен Пабылдын үлгүсүнө карманып жатышат жана Жахабанын ушундай курмандыктарга барып жаткандарды баалаарына эмне үчүн шектенбесек болот?

17 Ошо сыяктуу эле, бүгүнкү күндө айрымдар бүт көңүлүн кызматка арноо үчүн өз каалоосу менен бойдок калууну чечишет. Жогоруда айтылып өткөн Харолд 56 жылдан бери Бейтелде кызмат кылып келет. Ал мындай дейт: «Бейтелде 10 жыл кызмат кылгандан кийин көптөгөн жубайлардын ооруп калгандыктан же улгайган ата-энесине кам көрүү үчүн Бейтелден кетишкенин көрдүм. Менин ата-энемдин экөөнүн тең көзү өтүп кеткен. Мен Бейтелди ушунчалык жакшы көргөндүктөн үй-бүлө куруу менен бул сыймыктуу кызматымды тобокелге салгым келген жок». Ал эми көп жылдан бери пионер болуп кызмат кылып келаткан Маргарет мындай дейт: «Жашоомдо турмушка чыгууга мүмкүнчүлүктөр болбой койгон жок, бирок бүт көңүлүмдү кызматка арнагандыктан, ал жөнүндө көп деле ойлонгон эмесмин. Тескерисинче, бойдоктук берген кошумча эркиндикти пайдаланып, дайыма кызмат менен алек болуп келем. Бул мага чоң бакыт тартуулайт». Арийне, Жахаба чыныгы сыйынуу үчүн жан аябастык менен ушундай курмандыктарга баргандарды эч качан унутпайт! (Оку: Ышайа 56:4, 5).

Мүмкүнчүлүктөрүңдү толук пайдалан

18. Башкалар бойдок бир туугандарды кантип бекемдеп, колдой алышат?

18 Жахабага кызмат кылууга бүт күчүн жумшап жаткан бойдок бир туугандар чын жүрөктөн мактап, бекемдешибизге татыктуу. Биз алардын ар бирин жакшы көрөбүз жана алардын жыйналышка көрсөткөн жардамын жогору баалайбыз. Эгер биз алар үчүн чындап эле рухий ага-ини, эже-карындаш, ата-эне же бала болуп берсек, алар эч качан жалгызсырашпайт (Оку: Марк 10:28—30).

19. Канткенде бойдоктук белегинен толук пайда ала аласың?

19 Өзүң каалагандыктан бойдоксуңбу же жагдайыңдан уламбы, жогоруда айтылган ыйык китептик жана заманбап мисалдар айгинелеп тургандай, сен бактылуу, ийгиликтүү жашоо өткөрө аласың. Айрым белектер биз каалаган белек болсо, башкалары күтүүсүздөн алган белек болот. Айрымдарын дароо эле бааласак, башкаларын бир топ убакыт өткөндөн кийин гана баалай баштайбыз. Демек, көп нерсе маанайыбыздан көз каранды. Анда канткенде бойдоктук белегинен толук пайда ала аласың? Жахабага жакындоого умтул, ага кызмат кылууда күжүрмөн эмгектен, башкаларга сүйүү көрсөтүүдө жүрөгүңдү кенен ач. Бойдоктукка Кудайдын көз карашы менен карап, аны туура пайдалансак, нике сыяктуу эле, ал да биз үчүн баа жеткис белек болот.

Эсиңердеби?

• Эмне себептен бойдоктукту белек деп айтууга болот?

• Бойдоктук жаш кезде кандайча бата болот?

• Бойдок бир туугандарда Жахабага жакындоого жана сүйүү көрсөтүүдө жүрөгүн кенен ачууга кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

[Изилдөө суроолору]

[18-беттеги сүрөт]

Кудайга кызмат кылууда бүт мүмкүнчүлүктөрүңдү колдонуп жатасыңбы?