Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын сен үчүн эмнелерди кылганы жөнүндө терең ой жүгүрт

Жахабанын сен үчүн эмнелерди кылганы жөнүндө терең ой жүгүрт

Жахабанын сен үчүн эмнелерди кылганы жөнүндө терең ой жүгүрт

ИСА тирилтилгенден көп өтпөй, анын эки шакирти Иерусалимден Эмауска жол тартып бараткан. Луканын Инжилинде мындай делет: «Ал экөө ошол окуяларды талкуулап, сүйлөшүп баратканда, Иса келип, алар менен чогуу басты. Бирок шакирттер аны тааныган жок. Иса: „Эмне жөнүндө сүйлөшүп баратасыңар?“ — деп сураганда, алар токтоп калышты; кабактары бүркөө эле». Алар эмнеге капаланышты эле? Шакирттер Иса ошол учурда Ысрайылды бутпарастардын үстөмдүгүнөн бошотот деп ойлошкон, бирок андай болгон эмес. Тескерисинче, ал өлүмгө кыйылган. Алар мына ушул себептен капаланып жатышкан (Лк. 24:15—21; Элч. 1:6).

Иса алар менен талкуу жүргүзүп, «Мусанын жана башка бардык пайгамбарлардын сөздөрүнөн баштап, бүт Ыйык Жазмада өзү жөнүндө айтылгандарды түшүндүрүп берген». Ооба, Иса жерде кызмат кылып жүргөндө, канчалаган маанилүү, ишенимди бекемдээрлик окуялар болуп өткөн! Иса шакирттерине көп нерсени түшүндүрүп бергенде, сабыры суз тарткан шакирттердин кабагы ачылып, жүзүнөн нур жанган. Ошол күнү кечинде алар: «Жолдон биз менен сүйлөшүп, Ыйык Жазманы түшүндүрүп жатканда, жүрөгүбүз күйүп-жанбады беле»,— дешкен (Лк. 24:27, 32). Бул окуядан кандай сабак алсак болот?

Орундалбаган үмүт бизге кандай таасир этет?

Эмауска бараткан эки шакирт күткөн нерселери ишке ашпагандыктан муңайым тартышкан. Алар Накыл сөздөр 13:12деги: «Көпкө чейин ишке ашпаган үмүт жүрөктү кыйнайт»,— дегенди өз башынан кечиришкен (Накыл 13:12). Ошол сыяктуу эле, ондогон жылдардан бери Жахабага ишенимдүү кызмат кылып келаткан айрым бир туугандар «улуу алаамат» эмгиче келип калышы керек эле деп ойлошот (Мт. 24:21; Аян 7:14). Ошондуктан алар үмүтүнүн өздөрү күткөн убакта орундалбаганынан улам кайгырышы ыктымал.

Бирок, эске алчу нерсе, ошол эки шакирт, Иса аларга аткарылган пайгамбарлыктарга көңүл топтоого жардам бергенде, кайрадан кубанычка ээ болушкан. Ал пайгамбарлыктардын айрымдары атүгүл алар жашап жаткан учурда аткарылган. Биз да Жахаба жасаган иштерге көңүл топтоо менен жан дүйнө тынчтыгына ээ болуп, көңүл кайттыкты жеңе алабыз. Майкл деген бир тажрыйбалуу аксакал: «Жахаба али кыла элек нерселерге көңүл топтогондун ордуна, эмнелерди кылганы жөнүндө терең ой жүгүрт»,— деп айткан. Бул кандай сонун кеңеш!

Жахаба эмнелерди кылган?

Жахабанын зор иштеринин айрымдарын карап көрөлү. Иса: «Ким мага ишенсе, мен жасаган иштерди ал да жасай алат. Атүгүл андан да чоң иштерди жасайт»,— деген (Жкн. 14:12). Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчылары тарыхта эч качан жасалбаган иштерди жасап жатышат. Учурда жети миллиондон ашуун киши улуу алааматтан аман өтө турган учурду чыдамсыздык менен күтүүдө. Элестетип көрсөңөр, буга чейин эч качан Жахабанын ушунча көп ишенимдүү кызматчысы жер жүзүнүн ушунча көп жерлеринде кызмат кылган эмес. Арийне, Жахаба Исанын ал жасагандан да «чоң иштер» жасаларына байланыштуу пайгамбарлык сөздөрүн жүзөгө ашырып келет.

Жахаба биз үчүн дагы эмнелерди кылган? Ал жүрөгү таза адамдарга, мындайча айтканда, ыймансыз дүйнөдөн чыгып, өзү жараткан рухий бейишке кирүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө (2 Кор. 12:1—4). Ошол рухий бейиштин ар бирибиз пайда ала ала турган өзгөчөлүктөрү жөнүндө ой жүгүртүүгө убакыт бөл. Мисалы, жеке китепканаңа же Падышалык залындагы китепканага көз жүгүртүп көр. «Күзөт мунарасы коомунун адабияттар индексин» барактап, «Күзөт мунарасы коомунун электрондук китепканасын» карап чык. Ыйык китептик драмаларды ук. Акыркы жыйындан көргөндөрүңдү көз алдыңа тартып, уккандарыңды эсиңе сал. Ошондой эле Кудай кошкон бир туугандарыбыз менен жагымдуу пикир алышуунун кандай кубаныч тартуулаары жөнүндө ойлонуп көр. Жахаба кандай гана берешен Кудай! Ал рухий тамакты мол берип, көптөгөн мээримдүү бир туугандарга ээ кылды. Бул чынында эле рухий бейиш!

Забурчу Дөөтү: «Теңир, Кудайым, Сен көп иштерди жасадың! Сенин бизге көрсөткөн кереметтериңди, биз жөнүндөгү ниеттериңди ким айтып бүтө алат?» — деген (Заб. 39:6). Ооба, Жахабанын биз үчүн кылган кереметтери жана биз жөнүндөгү ойлору тууралуу ой жүгүртүү менен биз асмандагы Атабыз Жахабага чын жүрөктөн, туруктуулук менен кызмат кыла берүүгө күч-кубат алабыз (Мт. 24:13).

[31-беттеги сүрөт]

Иса шакирттерине Жахабанын алар үчүн эмнелерди кылганы жөнүндө ой жүгүртүүгө жардам берген

[32-беттеги сүрөт]

Акыркы жыйындан көргөндөрүңдү көз алдыңа тартып, уккандарыңды эсиңе сал