Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Жахабанын ысмын баш маана кыл»

«Жахабанын ысмын баш маана кыл»

«Жахабанын ысмын баш маана кыл»

«Момун, карапайым адамдарыңды гана калтырам, алар Жахабанын ысмын баш маана кылышат» (СЕП. 3:12, «ЖД»).

1, 2. Адамзат жакында каймана маанидеги кандай бороон-чапкынга туш болот?

НӨШӨРЛӨП жааган жаанга же мөндүргө калып, көпүрөнүн астына коргологон учуруң болду беле? Көпүрө жаан-чачындан же мөндүрдөн калкалашы мүмкүн, бирок бороон-чапкынга же чоң куюнга кабылсаң, көпүрө жакшы калканч болуп бербейт.

2 Бирок учурда бүтүндөй адамзатка коркунуч туудурган башкача бороон-чапкын жакындап келатат. Ал — каймана маанидеги «бүлгүн-чапкындын... күнү». Ал күн — «Теңирдин улуу күнү» — бүт адамзатка таасир этет. Бирок биз баш калкалоочу жай таба алабыз (Оку: Сепания 1:14—18). Анда жакында баштала турган «Теңирдин каары төгүлгөн күнү» андай жайды кантип тапсак болот?

Байыркы убактагы «бороон-чапкындуу» күндөр

3. Он уруудан турган Ысрайыл падышалыгы эмне болгон «мөндүрлүү нөшөргө» туш болгон?

3 Жахабанын улуу күнү жердеги бардык жалган диндердин жок кылынышы менен башталат. Аман калуу үчүн кантип баш маана тапсак болорун билүү максатында Кудайдын байыркы убактагы элинин тарыхына кайрылалы. Б.з.ч. 8-кылымда жашаган Ышая пайгамбар Жахабанын ишенимден четтеп кеткен он уруудан турган Ысрайыл падышалыгына чыгарган өкүмүн алар качып кутулгус «мөндүрлүү нөшөргө» салыштырган (Оку: Ышайа 28:1, 2). Бул пайгамбарлык б.з.ч. 740-жылы ашурлуктар ал уруулардын жерин басып алганда аткарылган *.

4. Б.з.ч. 607-жылы Иерусалимге «Теңирдин улуу күнү» кандайча келген?

4 Ишенимсиз ысрайыл элине чыгарылган сот өкүмү ишке ашырылгандан кийин, б.з.ч. 607-жылы Иерусалимге жана Жүйүт падышалыгына да «Теңирдин улуу күнү» келген. Себеби жүйүт эли да чындыктан четтеп кеткен эле. Небухаданасардын кол алдындагы бабылдыктар Жүйүттү жана анын борбору Иерусалимди басып алууга аттанганда, жүйүттөр «жалгандын баш паанасынан», Мисир менен болгон саясий шериктештигинен, жардам издешкен. Анткен менен бабылдыктар, кыйратуучу мөндүрдөй болуп, ал «баш паананын» таш-талканын чыгарышкан (Ыш. 28:14, 17).

5. Жалган диндин баары жок кылынганда, Кудайдын эли эмне болот?

5 Иерусалимге бүлгүн түшүргөн Жахабанын ал улуу күнү биздин убактагы чындыктан четтеген христиан дүйнөсү жок кылынарын көрсөтүп турат. Жалган диндин дүйнөлүк империясы «Улуу Бабылдын» калган бөлүгү да талкаланат. Андан соң Шайтандын ыймансыз түзүлүшүнүн калган бөлүгү ойрон кылынат. Бирок Жахабанын эли андан баш маана издегендиктен топ катары аман калат (Аян 7:14; 18:2, 8; 19:19—21).

Рухий жана кадимки баш маана

6. Жахабанын эли кантип баш маана таба алат?

6 Кудайдын эли атүгүл азыр, ушул акыркы мезгилде, кантип баш маана таба алат? Биз «[Кудайдын] ысымын урматтоо» жана ага ынталуу кызмат кылуу менен рухий баш маана таба алабыз (Оку: Малахия 3:16—18). Бирок, албетте, анын ысмын урматтап коюу эле жетишсиз экенин түшүнөбүз. Ыйык Китепте: «Жахабанын ысмын чакырган ар бир адам куткарылат»,— делет (Рим. 10:13). Ырас, куткарылуу үчүн Жахабанын ысмын чакыруу маанилүү. Көптөгөн жүрөгү таза адамдар Кудайдын ысмын урматтап, анын Күбөлөрү катары кызмат кылгандар менен ага кызмат кылбагандардын ортосундагы айырманы көрүп жатышат.

7, 8. Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары кандайча түзмө-түз аман калышкан жана мунун бүгүнкү күндө кандай окшоштугу бар?

7 Бирок Кудайдын элине рухий маанидеги эле эмес, кадимки баш маана да убадаланган. Муну биз б.з. 66-жылы Цестий Галлдын кол астындагы Рим аскерлери Иерусалимди басып алганда болгон окуядан көрө алабыз. Иса ошол алааматтын күндөрү «кыскартыларын» алдын ала айткан (Мт. 24:15, 16, 21, 22). Шаарды курчап турган Рим аскерлери күтүүсүздөн артка чегингенде, Исанын сөздөрү аткарылып, анын чыныгы жолдоочуларына «куткарылууга» шарт түзүлгөн. Ошондо алар шаардан жана анын тегерегиндеги аймактардан качып чыга алышкан. Айрымдар Иордандан өтүп, дарыянын чыгыш тарабындагы тоолордо баш калкалашкан.

8 Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчыларынын жагдайы Исанын ошол жолдоочуларыныкына окшошуп кетет. Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары баш калкалоочу жай издешкен, Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчылары да ошентишет. Бирок бул жолкусунда куткарылуу үчүн белгилүү бир жерге качуунун зарылдыгы жок, анткени Исанын чыныгы жолдоочулары бүт дүйнө жүзүндө жашашат. Ошентсе да «тандалгандар» жана алардын ишенимдүү шериктери Жахабаны жана анын тоого салыштырылган уюмун баш маана кылгандыктан, чындыктан четтеген христиан дүйнөсү жок кылынганда, түзмө-түз аман калышат.

9. Ким Жахабанын ысмын унутта калтырууга аракет кылып келет? Мисал келтиргиле.

9 Ал эми христиан дүйнөсү чиркөөсүнө келгендерди рухий караңгылыкта кармаганы жана Кудайдын ысмын урматтабаганы үчүн келе жаткан алааматта жок кылынууга тийиш. Белгилей кетчү нерсе, орто кылымдарда Кудайдын ысмы бүтүндөй Европада кеңири белгилүү болгон. Тетраграмматон деп аталган жана ЙХВХ (же ЖХВХ) деп транслитерацияланган төрт эврей тамгасынан турган ал ысым тыйындарда, үйлөрдүн маңдай жагында, көптөгөн китептерде жана Ыйык Китептерде, атүгүл католик жана протестант чиркөөлөрүндө кездешет. Бирок акыркы күндөрү Кудайдын ысмын Ыйык Китептин котормолорунан жана башка колдонмолордон алып таштоо жат көрүнүш болбой калды. Кудайга сыйынуунун жана диний каадалардын тартибин бекиткен Ватикан конгрегациясынын 2008-жылдын 29-июнунда епископтордун «Кудайдын ысмына» байланышкан конференциясына жолдогон каты буга далил боло алат. Ал катта Рим-католик чиркөөсү тетраграмматондун бардык түрлөрү «Теңир» деген наамга алмаштырылышы керектигин айткан. Ватикан Кудайдын ысмы католик диний кызмат учурундагы гимндерде, тиленүүлөрдө айтылбашы жана колдонулбашы керек деген көрсөтмө берген. Христиан дүйнөсүнө кирген жана кирбеген диндердин жетекчилери да миллиондогон адамдардан чыныгы Кудайдын ким экени жөнүндөгү чындыкты жашырып келишет.

Кудайдын ысмын ыйык туткандар үчүн караштырылган калканч

10. Бүгүн Кудайдын ысмына кантип урмат көрсөтүлүүдө?

10 Башка диндерден кескин айырмаланып, Жахабанын Күбөлөрү Кудайдын ысмын урматтап, даңкташат. Алар ал ысымды Жахабага даңк алып келгидей колдонушат. Жахаба ага таянгандарды көрүп кубанат жана аларга батасын берип, коргоо үчүн ага ким болуу зарыл болсо, ошол болот. «Ал Өзүнө таянгандарды билет» (Нак. 1:7; Элч. 15:14).

11, 12. Байыркы Жүйүт жеринде Жахабанын ысмын ким даңктаган жана биздин убакта ким даңктоодо?

11 Байыркы жүйүттөрдүн басымдуу бөлүгү чындыктан четтеп кетсе да, алардын арасында «Жахабанын ысмын баш маана кылгандар» болгон (Оку: Сепания 3:12). Мисалы, Кудай ишенимсиз жүйүттөрдү жазалап, бабылдыктарга алардын жерин басып алып, өздөрүн туткундоого жол бергенде, айрымдар, алардын ичинде Жеремия, Барух, Эбет-Мелек аман калган. Алар чындыктан четтеген элдин арасында жашашкан. Башкалары болсо туткунда жүрсө да, берилгендигинен жазган эмес. Б.з.ч. 539-жылы Кореш баштаган мадайлыктар менен перстер Бабылды басып алышкан. Көп өтпөй Кореш жүйүттөрдүн калдыгына өз мекенине кайтууга мүмкүнчүлүк берген токтом чыгарган.

12 Сепания чыныгы сыйынуунун калыбына келтирилгенине күбө болгондор жөнүндө пайгамбарлык кылып, Жахабанын аларды коргой турганын жана аларды көрүп кубанарын айткан (Оку: Сепания 3:14—17). Бул пайгамбарлык биздин күндөрдө да аткарылып жатат. Кудайдын Падышалыгы асманда орнотулгандан кийин, Жахаба майлангандардын ишенимдүү калдыгын Улуу Бабылдын рухий кулчулугунан куткарган. Жахаба бүгүн да аларды көрүп кубанат.

13. Бардык улуттагы момундар кандай боштондукка чыгып жатышат?

13 Жер бетинде түбөлүк жашоого үмүттөнгөндөр да Улуу Бабылдан чыгып, жалган диний окуулардын рухий кулчулугунан бошонгонуна кубанышууда (Аян 18:4). Ошентип, Сепания 2:3төгү: «Жердеги бардык момундар... Теңирди издегиле»,— деген сөздөр биздин күндөрдө чоң масштабда аткарылууда. Бардык улуттагы момундар, асманда жашоого үмүттөнүшөбү же жердеби, Жахабанын ысмын баш маана кылып жатышат.

Кудайдын ысмы талисман эмес

14, 15. а) Айрымдар талисман катары эмнени колдонушкан? б) Эмнени сыйкырдуу күчкө ээ нерсе катары колдонууга болбойт?

14 Айрым ысрайылдыктар ибадаткананы аларды душмандарынан коргой турган талисман катары көрүшкөн (Жер. 7:1—4). Андан мурунураак да алар келишим сандыгын аларды салгылашууда сактап кала турган сыйкырдуу нерсе катары эсептешкен (1 Шем. 4:3, 10, 11). Улуу Константин аскерлеринин калкандарына аларды майданда коргойт деген ишеним менен «Машаяк» деген наамдын хи жана ро деген биринчи эки грек тамгасын жазган. Ал эми 7-бетте көрсөтүлгөн соот Отуз жылдык согушка катышкан Швеция падышасы Густав Адольф IIге таандык деп божомолдонот. Көңүл бурчу нерсе, ал сооттун боорунда «Иехова» деген ысым жазылган.

15 Кудайдын айрым кызматчыларын жин-перилер кыйнаганда, алар Жахабанын ысмын үн чыгарып чакыруу менен андан баш маана табышкан. Бирок күнүмдүк жашоодо Кудайдын ысмы жазылган буюмдарды талисман же тумар катары кароого, башкача айтканда, аларды коргой турган сыйкырдуу күчкө ээ болгон нерсе катары көрүүгө болбойт. Бул Жахабанын ысмын баш маана кылууга жатпайт.

Бүгүнкү күндө кантип баш маана тапсак болот?

16. Бүгүнкү күндө рухий жактан кантип баш маана тапсак болот?

16 Бүгүнкү күндө жалпы Кудайдын эли кубаныч алган рухий коопсуздук биз үчүн баш маана болуп берет (Заб. 90:1). Бизге «ишенимдүү жана акылдуу кул» жана жыйналыштагы аксакалдар аркылуу коопсуздугубузга коркунуч тийгизе турган дүйнөнүн азгырыктарына байланыштуу эскертүүлөр берилип келет (Мт. 24:45—47; Ыш. 32:1, 2). Мисалы, дүнүйөкордук жөнүндө канча ирет эскертүү берилери жана ал эскертүүлөрдүн бизди рухий кыйроодон кандайча коргоп келерин ойлоп көрсөң. Ал эми Жахабага кызмат кылууда ынтабызды суутуп коюшу мүмкүн болгон камырабастык жөнүндө эмне айтууга болот? Кудай Сөзүндө: «Акылсызды камырабастыгы өлтүрөт. Мени уккандар болсо жамандыктан коркпой, коопсуз, бейкапар жашашат»,— делет (Накыл 1:32, 33). Адеп-ахлактык тазалыкты сактоого умтулуу да бизге рухий жактан коопсуз болууга көмөк кылат.

17, 18. Бүгүнкү күндө миллиондогондорго Жахабанын ысмын баш маана кылууга эмне жардам берүүдө?

17 Ошондой эле ишенимдүү кулдун Падышалык тууралуу жакшы кабарды бүт жер жүзүнө таратуу жөнүндөгү Исанын буйругун аткарууга үндөгөнү жөнүндө ой жүгүртүп көр (Мт. 24:14; 28:19, 20). Сепания адамдарга Кудайдын ысмын баш маана кылууга жардам бере турган өзгөрүү жөнүндө айткан. Сепания 3:9да мындай делет: «Ошондо бардык элдер Теңирдин ысымын чакырсын деп, Ага бир кишидей кызмат кылсын деп, Мен аларга кайрадан таза ооз [«таза тил», «ЖД»] берем».

18 Таза тил деген эмне? Таза тил — Жахаба Кудай жана анын ой-ниети жөнүндөгү анын рухунун жетеги менен жазылган Сөзүндөгү чындык. Башкаларга Кудайдын Падышалыгы жана ал Анын ысмын кантип ыйыктаары жөнүндө туура түшүнүккө ээ болууга жардам бергениңде, ошондой эле Кудайдын эгедерлиги кантип акталарын баса белгилегениңде жана ишенимдүү адамдарга төгүлө турган түбөлүктүү баталар жөнүндө кубаныч менен айтып бергениңде, мындайча айтканда, ошол тилде сүйлөгөн болосуң. Бул каймана тилде аябагандай көп киши сүйлөгөндүктөн, Жахабанын ысмын чакырып, ага ийиндеш кызмат кылгандардын саны барган сайын өсүүдө. Арийне, дүйнө жүзү боюнча миллиондогондор Жахабаны баш маана кылып жатышат (Заб. 1:1, 3).

19, 20. Байыркы учурда «жалгандын баш паанасына» таянуу эмне үчүн кесепеттүү болгон?

19 Дүйнөдөгү адамдар чечилбечүдөй сезилген кыйынчылыктарга туш болууда. Көптөр көйгөйлөрүн чече албай айласы кеткендиктен жеткилеңсиз адамдардан жардам издешет. Же, коңшулаш элдердин колдоо көрсөтүшүн күтүп, алар менен шериктешкен байыркы ысрайылдыктардай болуп, саясий уюмдарга үмүт артышат. Бирок, биз билгендей, бул Ысрайылга жардам берген эмес. Бүгүнкү күндө да эч бир саясий уюм, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюму да адамзаттын көйгөйлөрүн толугу менен чечүүгө кудуретсиз. Анда саясий уюмдардан жана кайсы бир шериктештиктен баш маана издөө акылдуулукка жатабы? Ыйык Китепте алар пайгамбарлык мааниде «жалгандын баш паанасы» деп аталган. Сен бул сөздөрдүн калетсиздигине шектенбесең болот, анткени аларга таянгандардын баарынын үмүтү таш кабат (Оку: Ышайа 28:15, 17).

20 Жакында Жахабанын күнүнүн мөндүрлүү нөшөрү жерге бүлгүн түшүрөт. Ал күнү адам баласынын системасы, ядролук куралдардан коргоочу жайлары да, байлыгы да калканч боло албайт. Ышайа 28:17де: «Жалгандын баш паанасын мөндүр талкалайт, жашынган жайын суу басып калат»,— деп айтылат.

21. 2011-жылдын жылдык аятына ылайык жашоодон кандай пайда алабыз?

21 Бүгүн да, келечекте да Жахаба Кудай өз элине чыныгы калканч болуп берет. Сепаниянын ысмы «Жахаба калкалады» дегенди билдирип, Жахабанын чыныгы баш маана экенин баса белгилеп турат. Андыктан «Жахабанын ысмын баш маана кыл» деген даанышман кеңештин 2011-жылдын жылдык аяты катары тандалганы абдан орундуу (Сеп. 3:12, «ЖД»). Биз азыртадан баштап Жахабанын ысмын баш маана кылып, ага толугу менен таяна алабыз жана таянышыбыз керек (Заб. 9:11). Эмесе келгиле, күнүгө: «Теңирдин ысымы — бекем мунара: адил адам ага качып кирип, коопсуз болот»,— деген рухтун жетеги менен жазылган бекемдээрлик сөздөрдү эстеп жүрөлү (Накыл 18:10).

[Шилтеме]

^ 3-абз. Жазмада Эпрайым он уруудан турган Ысрайыл падышалыгын символдоштурат, себеби ал Ысрайылдын эң чоң уруусу болгон.

Эсиңердеби?

• Бүгүнкү күндө Жахабанын ысмын кантип баш маана кыла алабыз?

• Эмне себептен «жалгандын баш паанасына» таянбашыбыз керек?

• Бизге кандай баш маана убада кылынган?

[Изилдөө суроолору]

[6-беттеги кыстырма]

2011-жылдын жылдык аяты: «Жахабанын ысмын баш маана кыл» (Сепания 3:12, «ЖД»).

[7-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

Thüringer Landesmuseum Heidecksburg Rudolstadt, Waffensammlung “Schwarzburger Zeughaus”