Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кыйын кезеңде да Жахабага кызмат кылганым үчүн ага ыраазымын

Кыйын кезеңде да Жахабага кызмат кылганым үчүн ага ыраазымын

Кыйын кезеңде да Жахабага кызмат кылганым үчүн ага ыраазымын

Айтып берген: Мааче де Йонг-ван ден Хоуэл

МЕН 98 жаштамын. Ошол жылдардын 70ин Жахабага кызмат кылып өткөргөнүмө кубанычтамын, бирок, албетте, ишенимим сыналбай койгон жок. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда концлагерге түшүп, ал жактан аябай көңүлүм чөккөндүктөн туура эмес чечим чыгарып алып, кийин өкүнүп калдым. Бир канча жыл өткөндөн кийин, дагы бир чоң сыноону башыман өткөрдүм. Ошентсе да мен кыйын кезеңде да Жахабага кызмат кылуу сыймыгына ээ болгонум үчүн ага ыраазымын.

1940-жылдын октябрында жашоом чукул өзгөрдү. Биз Нидерландиянын Амстердам шаарынын түштүк-чыгышына карай 24 километр алыстыкта жайгашкан Хилверсюм деген шаарчада турчубуз. Өлкөбүздү нацисттер бийлеп турган эле. Камкор жолдошум Яп де Жонж менен баш кошконума беш жылдын жүзү болгон, Вилли аттуу үч жашар татынакай кызыбыз бар эле. Биз сегиз баласын араңдан зорго багып жаткан бир жакыр үй-бүлө менен кошуна турчубуз. Ошого карабай алар дагы бир жигитти батырып, багып алышкан эле. «Ашка жүк, башка жүк кылып аны эмне кылышат?» — деп ойлочумун. Бир күнү так ошол жигит мага Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жана анын кандай баталарды алып келерин айтып берди. Угуп-билгендерим мага терең таасир эткендиктен, чындыкты дароо эле кабыл алдым. Ошол эле жылы өзүмдү Жахабага арнап, чөмүлтүлдүм. Чөмүлтүлгөнүмөн бир жыл өткөндөн кийин, жолдошум да чындык тарапты ээледи.

Ыйык китептик билимим терең болбосо да, Жахабанын Күбөсү болуу менен тыюу салынган уюмдун мүчөсү болорумду жакшы түшүнчүмүн. Мага көптөгөн Күбөлөрдүн Падышалык жөнүндө кабар айтканы үчүн түрмөгө отургузулганы да маалым болчу. Ошентсе да дароо эле үйдөн үйгө кабар айта баштадым. Жолдошум экөөбүз пионерлерге жана кыдыруучу көзөмөлчүлөргө үйүбүздүн эшигин кенен ачып, аларды түнөк жай менен камсыз кылып турдук. Андан тышкары, үйүбүздө Амстердамдагы бир туугандар алып келип турган ыйык китептик адабияттар сакталчу. Ал бир туугандар адабияттарды велосипеддерине жүктөп, таар менен жаап алып келишчү. Алар кандай гана зор сүйүү жана эр жүрөктүк көрсөтүшкөн! Алар бир туугандар үчүн өз өмүрүн тобокелге салышкан (1 Жкн. 3:16).

«Апо-о, бат эле келесизби?»

Чөмүлтүлгөнүмө алты ай болуп калганда үйүбүзгө үч полиция кызматкери келди. Алар кирип, үйдү үч көтөрүштү. Адабиятка жык толгон жашыруун жерди табышкан жок, бирок керебетибиздин астынан бир нече китеп таап чыгышты. Ошол замат мага Хилверсюмдагы полиция участогуна алар менен чогуу барууну буйрушту. Кызым менен коштошуп аны кучактаганымда, ал: «Апо-о, бат эле келесизби?» — деп сурады. «Ооба, чырагым, бат эле келем»,— дедим мен. Бирок кызымды азаптуу 18 айдан кийин гана кайрадан кучагыма кыса алдым.

Суракка алуу үчүн бир полиция кызматкери мени поезд менен Амстердамга алып барды. Тергөөчүлөр менден хилверсюмдук үч бир туугандын Жахабанын Күбөсүбү же жокпу, айтышымды талап кылышты. Мен: «Алардын бирин гана билем. Ал бизге сүт алып келет»,— дедим. Ал бир тууган чынында эле сүт ташычу. «Бирок ал Жахабанын Күбөсүбү, жокпу, менден эмес, өзүнөн сурагыла»,— деп кошумчаладым. Башка эч нерсе айтпай койгонум үчүн алар мени жаакка чаап, эки айга камерага камап коюшту. Жолдошум менин кайсы жерде экенимди билип, кийим-кечек, тамак-аш алып келди. Анан 1941-жылы Равенсбрюкка, Берлинден (Германия) түндүккө карай 80 километр алыстыктагы жаман аты жалпыга белгилүү болгон аялдар концлагерине, жиберилдим.

«Кайраттуу бол, алтыным»

Ал жерге жеткенибизде ишенимден баш тартканыбызды билдирген документке кол койсок, үйгө кетерибизди айтышты. Мен кол койгон жокмун. Анын ордуна, оокаттарымды тапшырдым да, чечинип, жуунуучу бөлмөгө бардым. Ал жактан нидерландиялык эжелерге жолуктум. Бизге төшүнө кызгылт көгүш үч бурчтук тигилген лагерь кийимин, табак, кружка жана кашык беришти. Биринчи түнү биз убактылуу казармаларда түнөдүк. Кармалганыман бери ошол жерден биринчи жолу көз жашымды төгүп: «Эми эмне болот? Бул жерде качанга чейин болом?» — деп боздодум. Чынын айтсам, ошондо Жахаба менен болгон мамилем анча бекем эмес болчу, анткени чындыкты тааныганыма бир нече эле ай болгон. Мен дагы көп нерсени билишим керек эле. Эртеси ар бирибизди атыбыздан чакырып санашканда, бир нидерландиялык эже менин капаланып турганымды байкаса керек. Ал: «Кайраттуу бол, алтыным, кайраттуу бол! Бизге эмне зыян келтире алат?» — деди.

Санак жүргүзүшкөндөн кийин бизди башка барактарга алып барышты, ал жерден Германиядан, Нидерландиядан келген жүздөгөн эже-сиңдилер жылуу тосуп алышты. Германиялык айрым эжелердин ал жакта жатканына бир жылдан ашыптыр. Алар менен болуу мени бекемдеп, чыйралтты. Биздин бир туугандар жаткан барактардын лагердеги башка барактардан алда канча таза болгону да мени таасирлентти. Таза болгондон тышкары, биздин барактар уурулук, сөгүнүп-сагынуу, жаңжалдашуу болбогон жер катары белгилүү болчу. Лагердеги киши чыдагыс шарттарга салыштырганда барактарыбыз кир деңиздеги таза аралдай болчу.

Лагердеги күнүмдүк жашоо

Лагерде аябай аз жеп, көп иштечүбүз. Таң атпай саат беште турчубуз, анан санак башталчу. Сакчылар бизди, аба-ырайы кандай болбосун, эшикте бир сааттай тургузуп коюшчу. Кечки саат беште, бир күн кечке оор жумушта иштегенибизден кийин, бизди кайрадан санашчу. Анан бир аз сорпо менен нан жегенден кийин ырп этерге алыбыз калбай жатып калчубуз.

Жекшембиден башка күндөрү фермада иштечүмүн: чалгы менен эгин чапчумун, арык казчумун, чочкокана тазалачумун. Жумушум оор, кир болсо да, жаш, күүлүү-күчтүү болгондуктан жумушту күнүгө аткара алдым. Иштеп жатканда рухий ырларды ырдап өзүмдү бекемдээр элем. Бирок күн сайын күйөөм менен баламды сагынып, куса болчумун.

Бизге кенедей эле тамак берилсе да, жекшемби күндөрү ыйык китептик темаларды талкуулоо үчүн чогулганда жегенге бир нерсе болушу үчүн, баарыбыз күнүгө нандан бир аз калтырып койчубуз. Бизде ыйык китептик адабияттар жок болчу, ошентсе да мен ишенимдүү немис эжелердин рухий нерселер жөнүндө айтып бергендерин бүт дитимди коюп укчумун. Биз атүгүл Машаяктын өлүмүн эскерүү кечесин өткөрдүк.

Кайгы, өкүнүч жана бекемдөө

Кээде бизге нацисттер жүргүзгөн согушту түздөн-түз колдой турган иштерди аткарууга буйрук берилчү. Саясий маселелерде бейтараптуулукту сактагандыктан эжелердин баары андай иштерди аткаруудан баш тартышты, мен да ал тайманбас эжелердин үлгүсүнө кармандым. Жаза катары бизге бир нече күн бою тамак бербей, санак учурунда бир канча саат тургузуп коюшту. Бир жолу кышында такыр жылытылбаган барактарга 40 күнгө камап коюшту.

Бизге, Жахабанын Күбөлөрүнө, ишенимден баш тартканыбызды билдирген документке кол койсок, үйгө кете берсек болорун кайра-кайра айтышчу. Равенсбрюкта бир жылдан ашуун жашагандан кийин аябай чөгүп кеттим. Жолдошум менен кызымды ушунчалык көргүм келгендиктен сакчыларга барып, мындан ары Ыйык Китеп Изилдөөчү болбой турганымды билдирген документти сурап, кол койдум.

Айрым бир туугандар кол койгонумду билгенден кийин менден качып калышты. Бирок Хэтвиг жана Гертрут деген улгайган эки немис эже мени издеп таап, дагы деле жакшы көрөрүнө ынандырышты. Чочкоканада чогуу иштеп жатканда алар Жахабанын алдында актыгыбызды сактоонун маанилүүлүгүн жана берилгендигибизден жазбоо менен ага болгон сүйүүбүздү көрсөтө аларыбызды жылуу-жумшак түшүндүрүп беришти. Алардын энелик камкордугу, мээрими жүрөгүмдү козгоду *. Мен туура эмес кылганымды түшүнүп, баш тартканымды билдирген документти жокко чыгаргым келди. Бир күнү кечинде бир эжеге ошол документти кайра артка алууну чечкенимди айттым. Лагерь кызматчысы сүйлөшкөндөрүбүздү угуп калса керек, анткени ошол эле күнү кечинде мени күтүүсүздөн лагерден чыгарып, поезд менен Нидерландияга жөнөтүп жиберишти. Бир сакчы аялдын жүзү дагы эле эсимде, ал мага: «Сен дагы эле Бибельфоршерсиң (Ыйык Китеп Изилдөөчү) жана дайыма ошол бойдон каласың»,— деди. «Ооба, Жахаба кааласа, ошол бойдон калам»,— дедим мен. Бирок ичимен: «Арызымды кантип жокко чыгарсам?» — деп ойлонуп жаттым.

Ишенимден баш тартканымды билдирген документтин бир пунктунда мындай делген: «Мен бул арыз менен Эл аралык Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн коомунун ишине мындан ары эч качан катышпай турганымды билдирем». Ошону эстегенде эмне кылышым керектигин билдим! 1943-жылдын январында үйгө жеткенден кийин кабар айтуу ишине кайрадан катыша баштадым. Албетте, эгер нацисттер Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтып жүргөн жеримен экинчи жолу кармап алышса, катуу жазаланмакмын.

Жахабага анын ишенимдүү кызматчысы болууну чын жүрөктөн каалаарымды көрсөтүү үчүн жолдошум экөөбүз адабият ташыган бир туугандар жана кыдыруучу көзөмөлчүлөр үчүн кайрадан эшигибизди кенен ачтык. Жахабага жана анын элине болгон сүйүүмдү далилдөөгө дагы бир мүмкүнчүлүк берилгенине кандай гана кубандым!

Оор кайгы

Согуш бүтөрүнө бир нече ай калганда, жолдошум экөөбүз оор кайгыны башыбыздан өткөрдүк. 1944-жылдын октябрында кызыбыз Вилли кептөөр (дифтерия) менен ооруп калды. Анын абалы начарлагандан начарлап, үч күндөн кийин чарчап калды. Ал, болгону, 7 жашта эле.

Жалгыз кызыбыздан айрылганда жүрөгүбүз тилингендей эле болду. Чынында, Равенсбрюкта туш болгон сыноолорум балабыздан айрылгандагы өзөктү сыздаткан кайгыга салыштырмалуу эч нерсе деле болбой калат экен. Бирок кайгыга баткан учурларыбызда биз дайыма Забур 15:8деги: «Теңирди мен өзүмдүн алдымдан ар дайым көрүп турдум, Ал менин оң жагымда, мен олку-солку болбойм»,— деген сөздөрдү эстеп сооронор элек. Жолдошум экөөбүз Жахабанын тирилүүгө байланыштуу убадасына толук ишенчүбүз. Биз чындыкта бекем туруп, жакшы кабарды ар дайым ынталуу жарыялачубуз. 1969-жылы каза болгонго чейин жолдошум мага Жахабага ыраазычылык менен кызмат кылууга чоң жардам берип келген.

Кудайдын батасы жана кубаныч

Толук убакыт кызмат кылган бир туугандар менен тыгыз пикир алышуу акыркы жылдары мен үчүн кубанычтын булагы болуп келет. Согуш учурундагыдай эле, үйүбүз жыйналышыбызга келген кыдыруучу көзөмөлчүлөр менен алардын аялдарына дайыма ачык болчу. Мисалы, кыдыруучулук кызматты аткарган Мартэн менен Нэл Кэптин деген жубайлар биздикинде 13 жыл жашашты. Нэл айыккыс дартка чалдыкканда, ал каза болгонго чейин аны 3 ай бактым. Мен муну сыймык деп эсептейм. Алар менен жана сүйүктүү жергиликтүү бир туугандар менен пикирлешүү мага биз жашап жаткан рухий бейиштен кубаныч алууга көмөк кылып келет.

1995-жылы жашоомдо маанилүү окуя болуп өттү — Равенсбрюкта өткөрүлгөн эскерүү аземине чакырылдым. Ал жерден лагерде чогуу болгон, 50 жылдан бери көрө элек рухий эже-сиңдилериме жолуктум! Ал мен үчүн эстен кеткис, жүрөк толкутарлык жолугушуу болду! Ал жактан бири-бирибизди сүйүктүү жакындарыбыз кайрадан жашай турган күндү бекем ишеним менен күтүүгө үндөөгө сонун мүмкүнчүлүк болду.

Элчи Пабыл Римдиктер 15:4тө туруктуулугубуз жана Ыйык Жазмадан алган сооронуч аркылуу үмүткө ээ боло аларыбыз жөнүндө жазган. Жахабага мени ошондой үмүткө ээ кылганына миң мертебе ыраазымын. Ал үмүт мага Жахабага кыйын кезеңде да ыраазычылык менен кызмат кылууга жардам берип келет.

[Шилтеме]

^ 19-абз. Ошол убакта башкы башкармалык менен байланыш жок болгондуктан, бир туугандар бейтараптуулукка байланыштуу маселелерди өздөрүнүн билимине жараша чечишчү. Ошол себептен бир туугандар ал маселеге карата ар кандай чечим чыгарышчу.

[10-беттеги сүрөт]

Яп менен, 1930-жыл

[10-беттеги сүрөт]

Кызыбыз Вилли 7 жашында

[12-беттеги сүрөт]

1995-жылы жүрөк козгоорлук жолугушууда. Мен 1-катарда солдон экинчимин