Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Никени Кудайдын белеги катары жогору баала

Никени Кудайдын белеги катары жогору баала

Никени Кудайдын белеги катары жогору баала

«Ошондуктан Адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот» (БАШТ. 2:24).

1. Эмне үчүн Жахаба урмат-сыйыбызга татыктуу?

ЖАХАБА КУДАЙ, үй-бүлөнүн Негиздөөчүсү, биздин урмат-сыйыбызга татыктуу. Жаратканыбыз, Эгедерибиз жана асмандагы Атабыз болгондуктан, анын «жакшы, жеткилең белектердин баарын» берүүчү Кудай катары сыпатталганы абдан орундуу (Жкп. 1:17; Аян 4:11). Жахабанын белектеринин баары — анын зор сүйүүсүнүн далили (1 Жкн. 4:8). Ал бизди эмнеге үйрөтпөсүн, эмнени талап кылбасын, эмне бербесин — баары биздин жыргалчылыгыбыз, пайдабыз үчүн гана болот (Ыш. 48:17).

2. Жахаба алгачкы жубайларга кандай көрсөтмөлөрдү берген?

2 Ыйык Китепте никенин Кудайдын ошол жакшы белектеринин бири экени айтылат (Рут 1:9; 2:12). Биринчи үй-бүлөнү негиздегенде Жахаба алгачкы жубайларга, Адам ата менен Обо энеге, бактылуу болууга байланыштуу көрсөтмөлөрдү берген (Оку: Матай 19:4—6). Эгерде алар Кудайдын жетекчилигине карманышса, түбөлүккө бакытка бөлөнүп жашашмак. Бирок алар Кудайдын буйругуна баш ийбей акылсыздык кылып, мунун каргашалуу кесепетин тартышкан (Башт. 3:6—13, 16—19, 23).

3, 4. а) Бүгүнкү күндө көптөр никеге жана Жахаба Кудайга кандайча урмат көрсөтпөй жатышат? б) Бул макалада кайсы мисалдарга токтолобуз?

3 Бүгүнкү күндө көптөр, алгачкы түгөйдөй болуп, никеге байланыштуу чечим чыгарууда Жахабанын жетекчилигине көп деле же такыр маани беришпейт. Айрымдар никеге туруу жоопкерчилигин албай эле чогуу жашап жүрө беришет, башкалары болсо никени өздөрүнүн каалоолоруна ылайыкташтырып алышат, мисалы, бир жыныстагы адам менен никеге турушат же никени убактылуу колдонулчу нерсе катары көрүшөт (Рим. 1:24—32; 2 Тим. 3:1—5). Алар нике түзүлүшү Кудайдын белеги экенин көңүлүнө алышпайт жана ал белекти барктабай, аны берген Жахаба Кудайды урматтабай турганын көрсөтүшөт.

4 Айрым учурларда атүгүл Жахабанын кээ бир кызматчылары да анын никеге болгон көз карашын этибарга албай калышат. Исанын жолун жолдогон айрым жубайлар ыйык китептик негизи жок эле эки бөлөк жашашат же ажырашып кетишет. Мындан кантип качууга болот? Кудайдын Башталыш 2:24төгү жетекчилиги Исанын жолун жолдогон үй-бүлөлөргө никесин бекемдөөгө кандай жардам берет? Ал эми үй-бүлө курууга ниеттенип жаткандар ага кантип даярдык көрө алышат? Келгиле, Жахабаны урматтоо никенин бекем болушунун сыры экенин көрсөткөн байыркы убактагы үч бактылуу үй-бүлөнүн мисалына токтололу.

Берилгендикти өрчүт

5, 6. Закарыя менен Элизабет кандай кыйынчылыкка кабылышкан жана берилгендик көрсөткөндүктөн кандай сыйлык алышкан?

5 Закарыя менен Элизабет дайыма Кудайдын жолунда жүргөн. Экөө тең баш кошконго чейин эле рухий адамдардан болушкан. Закарыя дин кызматчылык милдеттерин ишенимдүүлүк менен аткарган жана өзү да, жубайы да Кудайдын Мыйзамына колунан келишинче бек карманган. Аларда ыраазы болууга көптөгөн себептер бар эле. Бирок эгер алардын Жүйүт жериндеги үйүнө барсаңар, бир нерсе жетишпегенин байкамаксыңар. Алардын балдары жок болчу. Элизабет төрөбөгөн аял эле, анын үстүнө, экөөнүн тең жашы өр тартып калган (Лк. 1:5—7).

6 Байыркы Ысрайылда балалуу болууга өзгөчө маани берилген жана үй-бүлөлөр көбүнчө чоң боло турган (1 Шем. 1:2, 6, 10; Заб. 127:3, 4). Ошол кезде айрым ысрайылдыктар, аялы төрөбөсө, аны менен ажырашып кетишчү. Бирок Закарыя Элизабетке берилгендик көрсөтүп, аны таштаган эмес. Ал да, жубайы да никесин бузуунун жолун издеген эмес. Балдарынын жоктугуна капаланышса да, алар Жахабага чогуу ишенимдүү кызмат кыла беришкен. Убакыттын өтүшү менен Жахаба аларга чоң сыйлык ыйгарып, улгайганда уул берген (Лк. 1:8—14).

7. Элизабет күйөөсүнө берилгендигин кантип көрсөткөн?

7 Элизабет берилгендикти дагы бир жол менен көрсөткөн. Уулу Жакан төрөлгөндө, Закарыя Кудайдын периштесинин айткандарына күмөн санаганы үчүн тилден калган. Анткен менен ал кандайдыр бир жол менен зайыбына Жахабанын периштеси уулуна «Жакан» деген ат коюуну буйруганын билдирсе керек. Кошуна-колоңдору, тууган-туушкандары балага атасынын ысмын коюуну каалашкан. Бирок Элизабет берилгендик көрсөтүп, күйөөсүнүн көрсөтмөсүнө баш ийген. «Жок, анын атын Жакан коёбуз»,— деген ал (Лк. 1:59—63).

8, 9. а) Берилгендик кандайча никени чыңдайт? б) Күйөөсү менен аялы кантип берилгендик көрсөтө алат?

8 Бүгүнкү күндө жубайлар, Закарыя менен Элизабеттей болуп, көңүл кайтыкка жана башка кыйынчылыктарга кабылышат. Ошондуктан никеде берилгендик көрсөтүлбөсө, жубайларды бириктирип турган түйүн тез эле жанып кетет. Флирт, порнография, бузуктук жана башка нерселер бактылуу жубайлардын бири-бирине болгон ишенимин кайра калыбына келтиргис кылып кыйратышы ыктымал. Ал эми никеден ишенич кете баштаса, сүйүү да сууй баштайт. Берилгендик кандайдыр бир мааниде үйдү тегерете курчалып, үй-бүлөнү кара ниет кишилерден жана башка кооптуу нерселерден коргоп турган дубалга окшош. Демек, жубайлар бири-бирине болгон берилгендигин сактаса, кооп санабай бейкут жашап, жүрөгүнүн түпкүрүндөгү ой-сезимдери менен бөлүшүп, сүйүүсүн тереңдете алышат. Ооба, берилгендик көрсөтүү абдан маанилүү.

9 Жахаба Адам атага: «Адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет»,— деген (Башт. 2:24). Бул эмнени билдирет? Никеге тургандан кийин достор жана тууган-туушкандар менен болгон мамиле кандайдыр бир деңгээлде өзгөрүшү зарыл. Аялы да, күйөөсү да убактысын, көңүлүн биринчи кезекте бири-бирине бөлүшү керек. Эми алардын досторунун, туугандарынын кызыкчылыктары жаңы курган үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарыныкынан жогору турбашы керек. Ошондой эле алар ата-энелерине үй-бүлөсүнүн иштерине, ортолорундагы келишпестиктерге кийлигишүүгө жол бербеши керек. Жубайлар бири-бири менен биригиши керек. Бул Кудайдын көрсөтмөсү.

10. Өмүрлүк жарларга берилгендик өрчүтүүгө эмне жардам берет?

10 Атүгүл диний жактан бөлүнгөн үй-бүлөлөрдө да берилгендик көрсөтүү пайда алып келет. Күйөөсү чындыкта эмес бир ишенимдешибиз мындай дейт: «Жолдошума баш ийүүгө, аны терең урматтоого үйрөткөнү үчүн Жахабага ушунчалык ыраазымын. Ага берилгендик көрсөтүүнүн аркасында биз 47 жылдан бери бири-бирибизди сүйүп, ардактап жашап келебиз» (1 Кор. 7:10, 11; 1 Пет. 3:1, 2). Жубайың өзүн ишенимдүү, коопсуз сезиши үчүн бүт күч-аракетиңди жумша. Жарыңды сөздөрүң жана иштериң менен анын сен үчүн дүйнөдөгү эң эле баалуу адам экенине ынандырууга мүмкүнчүлүк изде. Эч кимге, эч нерсеге жарың менен болгон мамилеңди муздатууга жол бербе (Оку: Накыл сөздөр 5:15—20). 35 жылдан бери бактылуу өмүр сүрүп келаткан Рон менен Жанет: «Биз Кудайдын талаптарын берилгендик менен аткаргандыктан ырыстуу, бактылуу үй-бүлөлөрдөнбүз»,— дейт.

Биримдик никени чыңдайт

11, 12. Акила менен Прискила а) үйүндө, б) жумушунда, в) кызматта кантип кызматташышкан?

11 Элчи Пабыл жакын достору Акила менен Прискила жөнүндө сөз кылганда дайыма экөөнү чогуу айткан. Бул ынтымактуу жубайлардын мыкты үлгүсү Кудайдын күйөө менен аял «бир дене» болушу керек деген сөздөрү эмнени билдирерин көрсөтүп турат (Башт. 2:24). Алар үйдө да, жумушта да, кызматта да дайыма эриш-аркак эмгектенишчү. Маселен, Пабыл Корунтка биринчи жолу барганда, Акила менен Прискила аны үйүнө жашап турууга чакырышкан жана кыязы, Пабыл алардын үйүн рухий иштерди аткаруу үчүн убактылуу колдонгон. Кийинчерээк алар Эфесте үйүн жыйналыш жолугушууларын өткөрүү үчүн колдонушкан жана Аполос сыяктуу жаңы шакирттерге рухий жактан өсүүгө жардам беришкен (Элч. 18:2, 18—26). Ал эми Римге барышканда алар кайрадан үйүнүн эшигин кенен ачып, жыйналыш жолугушууларынын өткөрүлүшүнө шарт түзүшкөн. Бир канча убактан кийин ал түгөй Эфеске кайтып барып, бир туугандарды бекемдеген (Рим. 16:3—5).

12 Ошондой эле бир учурда Акила менен Прискила Пабыл менен чогуу чатыр тигип иштешкен. Мында да биз ал жубайлардын бири-бирине атаандашпай, урушуп-талашпай бирге жүргөнүн окуйбуз (Элч. 18:3). Рухий иштер менен чогуу алек болуу аларга Жахабага кызмат кылууну дайыма биринчи орунга коюуга жардам берген, ошондуктан алардын никеси бекем жана бактылуу болгон. Корунтта болобу, Эфесте болобу же Римдеби, алар «Машаяк Исанын жолундагы кызматташтар» катары жакшы белгилүү болушкан (Рим. 16:3). Каякта кызмат кылышпасын алар Падышалык тууралуу кабар айтуу ишин илгерилетүү үчүн ийиндеш кызмат кылышкан.

13, 14. а) Кандай жагдайлар никедеги биримдикти бузушу мүмкүн? б) Жубайлар канткенде үй-бүлө түйүнүн бекемдеп, «бир денедей» боло алышат?

13 Ырас, бир максаттарды көздөө, биргелешип эмгектенүү нике түйүнүн чыңдайт (Нас. 4:9, 10). Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө көптөгөн жубайлар бири-бири менен аз убакыт өткөрүшөт. Алар эртеден кечке эки бөлөк жумушта иштешет. Башкалары болсо жумушуна баруу үчүн узак жол жүрүшөт же үй-бүлөсүн багуу үчүн жалгыз башка өлкөгө кетишет. Кээ бир жубайлар телевизорго, хоббиге, спортко, видео оюндарына, Интернетке көп убакыт арнагандыктан, атүгүл үйдө жүрүп эле бири-биринен алыстап, обочолонуп калышат. Силердин жагдайыңар да ушундайбы? Ушундай болсо, чогуу убакыт өткөрүү үчүн жагдай-шартыңарды өзгөртө аласыңарбы? Тамак жасоо, идиш жуу же огороддо иштөө сыяктуу күнүмдүк иштерди бирге жасоого эмне үчүн болбосун? Балдарыңарга же улгайган ата-энеңерге чогуу кам көрө аласыңарбы?

14 Баарынан маанилүүсү, Жахабага сыйынууга байланыштуу иштерди биргелешип аткарууга дайыма убакыт бөлүп тургула. Күндөлүк аятты бирге талкуулоо, үй-бүлөлүк сыйынууну өткөрүү бир кишидей ой жүгүртүүгө, бир максаттарга умтулууга сонун шарт түзөт. Ошондой эле кабар айтуу кызматына чогуу катышкыла. Эгер шартыңар жол берсе, бир ай же бир жыл болсо да, чогуу пионер болуп кызмат кылууга аракет кылгыла (Оку: 1 Корунттуктар 15:58). Жолдошу менен кошо пионер болуп кызмат кылган бир эже мындай дейт: «Кызмат бири-бирибиз менен убакыт өткөрүүгө жана чер жазыша сүйлөшүүгө өбөлгө түзгөн сонун мүмкүнчүлүктөрдүн бири. Адамдарга рухий жактан өсүүгө жардам берүү экөөбүздүн жалпы максатыбыз болгондуктан, мен биздин чынында эле бир команда экенибизди сезем. Күйөөмө өмүрлүк жар катары эле эмес, дос катары да ынак болуп калдым». Арзырлык максаттарга жетүүгө чогуу аракет кылсаңар, кызыкчылыктарыңар, баалаган нерселериңер, адаттарыңар бара-бара жарыңардыкына төп келишип калат да, Акила менен Прискиладай болуп, «бир денедей» ойлонуп, сезип-туюп, иш-аракет кылып каласыңар.

Силерди рухийлик жетектесин

15. Никенин бактылуу болушунун ачкычы эмнеде? Түшүндүргүлө.

15 Иса никеде Кудайды биринчи орунга коюу маанилүү экенин билген. Ал Жахабанын биринчи үй-бүлөнү негиздегенине күбө болгон. Адам ата менен Обо эненин Кудайдын жетекчилигине ылайык жашап жатышканда канчалык бактылуу болгонун, ал эми аны четке какканда кандай азап тартканын көргөн. Ошондуктан элди окутуп жатканда Атасынын Башталыш 2:24төгү көрсөтмөсүн кайталап, анан: «Кудай кошконду адам ажыратпасын»,— деп кошумчалаган (Мт. 19:6). Андыктан Жахабаны терең урматтоо дагы деле никенин бактылуу, ийгиликтүү болушунун ачкычы болуп эсептелет. Бул жагынан Исанын жердеги ата-энеси Жусуп менен Мариям мыкты үлгү калтырган.

16. Жусуп менен Мариям үй-бүлөлүк жашоосунда рухийликти кантип чагылдырышкан?

16 Жусуп Мариямды сыйлап, ага жакшы мамиле кылчу. Анын боюнда бар экенин билгенде ал, Кудайдын периштеси иштин чоо-жайын түшүндүрүп бере электе эле, ага ырайымдуулук менен мамиле кылган (Мт. 1:18—20). Кийинчерээк алар жубайлар катары цезардын буйругуна баш ийишкен, ошондой эле Мусанын мыйзамына бек карманышкан (Лк. 2:1—5, 21, 22). Андан тышкары, Иерусалимдеги чоң диний майрамдарга катышуу эркектерден эле талап кылынса да, Жусуп менен Мариям бала-чакасын алып алып, ал жакка жыл сайын барып турушкан (Мыйз. 16:16; Лк. 2:41). Ушул жана башка жолдор менен Кудайдан корккон ал жубайлар Жахабага жагууга аракеттенишкен жана рухий нерселерди жогору баалаарын көрсөтүшкөн. Ошондуктан Жахабанын өзүнүн Уулунун жердеги жашоосунун башында ага кам көрүүгө Жусуп менен Мариямды тандаганы таң калыштуу эмес.

17, 18. а) Жубайлар никеде кантип рухийликти биринчи орунга коё алышат? б) Бул кандай пайда алып келет?

17 Силердин үй-бүлөңөрдү да рухийлик жетектейби? Мисалы, маанилүү чечим чыгарарда алгач ыйык китептик принциптерди изилдеп, ал жөнүндө тиленип, рухий жактан жетилген бир туугандардан кеңеш сурайсыңарбы? Же көйгөйлөрдү чечүүдө көбүнчө өзүңөрдүн, жакындарыңардын же досторуңардын ой-сезимдерине жетектелесиңерби? Никеге жана үй-бүлөлүк жашоого байланыштуу ишенимдүү кул чыгарган адабияттардагы пайдалуу кеңештерди колдонууга аракет кыласыңарбы? Же жергиликтүү салттарга же дүйнөдө туура деп эсептелген кеңештерге ылайык иш кыласыңарбы? Үзгүлтүксүз изилдеп, чогуу тиленип, рухий максаттарды коюп, үй-бүлөңөрдө эмне биринчи орунда турушу керектиги тууралуу сүйлөшөсүңөрбү?

18 Рей аттуу бир тууган жубайы менен 50 жыл бою бактылуу өмүр сүрүп келгени жөнүндө мындай деп ой бөлүшөт: «Биз жеңе албаган бир да кыйынчылык болгон жок, анткени биз дайыма Жахабанын „үч катталган“ жибибиздин бири болушуна кам көрүп келебиз» (Оку: Насаатчы 4:12). Дэни менен Трина да ушул сыяктуу ой айтып: «Кудайга чогуу кызмат кылгандыктан, никебиз барган сайын бекемделүүдө»,— дешет. Алар 34 жылдан бери бактылуу жашап келатышат. Ооба, никеде Жахабаны дайыма биринчи орунга койсоңор, ал силерге ийгиликке жетүүгө көмөк кылып, батасын мол берет (Заб. 126:1).

Кудайдын белегин мындан ары да баала

19. Кудай нике белегин эмне үчүн берген?

19 Бүгүнкү күндө көптөр керт башынын гана жыргалчылыгын ойлошот. Бирок Жахабанын кызматчылары такыр башкача көз карашта. Алар никенин Кудайдын өзүнүн ой-ниетин ишке ашыруу үчүн караштырган белеги экенин билишет (Башт. 1:26—28). Адам ата менен Обо эне ошол белекти баалашса, бүтүндөй жер бейишке айланып, Кудайдын бактылуу, адил кызматчыларына толмок.

20, 21. а) Эмне себептен никени ыйык тутушубуз керек? б) Кийинки макалада кайсы белек тууралуу талкуулайбыз?

20 Баарынан мурда, Кудайдын кызматчылары никени Жахабага даңк алып келүүгө мүмкүнчүлүк берген түзүлүш катары көрүшөт (Оку: 1 Корунттуктар 10:31). Жогоруда карап чыкканыбыздай, берилгендик, биримдик жана рухийлик сыяктуу Жахабага жаккан сапаттар никени бекемдейт. Ошондуктан нике курууга даярданып жатабызбы, аны бекемдөөгө же сактап калууга аракет кылуудабызбы, биз никенин, эң алды, Кудай караштырган ыйык түзүлүш экенин түшүнүшүбүз керек. Ушуну дайыма эске түйүп жүрүү никеге байланыштуу чечимдерди Кудай Сөзүнүн негизинде чыгарууга бүт күчүбүздү жумшоого түрткү берет. Ошентүү менен нике белегин баалаарыбызды эле эмес, ошол белекти берген Жахаба Кудайды урматтаарыбызды көрсөтөбүз.

21 Албетте, Жахаба бизге белек катары никени эле берген эмес. Ошондой эле нике бактылуу болуунун жалгыз жолу эмес. Кийинки макалада Кудай тартуулаган дагы бир асыл белек — бойдоктук белеги — тууралуу талкуулайбыз.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Берилгендик Исанын жолун жолдогон жубайларга эмне кылууга түрткү бериши керек?

• Биримдикте эмгектенүү нике түйүнүн кандайча бекемдейт?

• Жубайлар кантип рухийликке жетектеле алышат?

• Үй-бүлөнүн Негиздөөчүсү Жахабага кантип урмат көрсөтсөк болот?

[Изилдөө суроолору]

[15-беттеги сүрөт]

Эриш-аркак эмгектенүү жубайлардын биримдигин чыңдайт