Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өрөөндү өзгөчөлөгөн ысым

Өрөөндү өзгөчөлөгөн ысым

Өрөөндү өзгөчөлөгөн ысым

СЕНТ-МОРИЦ. Бул ат силерге таанышпы? Тааныш болушу мүмкүн, анткени ал — Швейцариянын Энгадин өрөөнүндөгү бүт дүйнөгө таанымал курорт. Бирок Сент-Мориц эзелтен бери Швейцариянын түштүк-чыгышында Италиянын чек арасына жакын жайгашкан жана ак мөңгүлүү Альп тоолорунун койнунан орун алган ажайып кооз ал өрөөнгө адамдарды тартып келген жерлердин бири гана. Андан сырткары, ал жерде табиятынын кооздугу менен белгилүү болгон, ар түркүн жаныбарлар менен өсүмдүктөргө бай жана Улуу Жаратканыбыз Жахабага даңк алып келген Швейцария улуттук паркы жайгашкан (Заб. 148:7—10). Ал жактагы 17-кылымдын орто ченине таандык маданияттын калдыктары да Жахабага даңк алып келүүдө.

Ал өрөөндөгү үйлөрдүн бир өзгөчөлүгү шак эле көзгө урунат. Үйлөрдүн маңдай жагында, мисалы, кире бериштеги эшиктин үстүндө Кудайдын ысмы жазылганын көп көрүүгө болот. Өткөн кылымдарда үйлөрдү сыртына жазууларды жазып, сүрөт тартып, шыбакка чийме салып же ташка чегип кооздоо салтка айланган. Мисалы, Бевер кыштагындагы бир үйдө эмне деп жазылганына көңүл бурсаңар. Ал жазуу минтип которулат: «1715-жыл. Жахаба — башталышы, Жахаба — аягы. Бардык нерсе Кудай аркылуу ишке ашат, ансыз эч нерсе аткарылбайт». Ооба, ал байыркы жазууда Кудайдын ысмы эки ирет кездешет.

Мадулайн кыштагынан андан да байыркы жазманы көрүүгө болот. Анда мындай делет: «127-забур. Үйдү Жахаба курбаса, анын куруучуларынын жан үрөп иштегени бекер. Люкиус Румедиус. 1654-жыл».

Эмне үчүн ал өрөөндө Кудайдын ысмы кеңири колдонулган? Реформация доорунда Ыйык Китеп ретороман тилинде, Энгадин өрөөнүндө жашагандар сүйлөгөн латын тилине негизделген тилде, жарык көргөн. Белгилей кетчү нерсе, Ыйык Китеп ошол тилге которулган алгачкы китеп болгон. Кудай Сөзүнөн окугандары жергиликтүү тургундарга терең таасир эткендиктен, алар үйлөрүнүн сыртына өздөрүнүн ысмын эле эмес, ыйык китептик цитаталарды, анын ичинде Кудайдын ысмын жазышкан.

Ырас, үйлөрдүн сыртындагы кылымдарды карыткан ал жазуулар бүгүнкү күнгө чейин Жахабанын ысмын жарыялап, ага даңк алып келүүдө. Андан сырткары, ал өрөөндүн тургундары жана меймандар ал ысым жазылган дагы бир имараттан, Жахабанын Күбөлөрүнүн Бевердеги Падышалык залынан, кереметтүү Кудай Жахаба жөнүндө көбүрөөк биле алышат.

[7-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

© Stähli Rolf A/age fotostock