Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мыйзамсыздыкты жек көрөсүңбү?

Мыйзамсыздыкты жек көрөсүңбү?

Мыйзамсыздыкты жек көрөсүңбү?

«[Иса] мыйзамсыздыкты жек көрдү» (ЭВР. 1:9).

1. Иса сүйүүгө байланыштуу эмнеге окуткан?

ИСА МАШАЯК сүйүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, шакирттерине мындай деген: «Силерге жаңы осуят берем: бири-бириңерди сүйгүлө. Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири-бириңерди сүйгүлө. Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет» (Жкн. 13:34, 35). Иса жолдоочуларына бири-бирине жан аябастык менен сүйүү көрсөтүүнү буйруган. Мындай сүйүү аларды башкалардан айырмалап турмак. Ошондой эле ал: «Душмандарыңарды сүйгөнүңөрдү жана силерди куугунтуктагандар үчүн тиленгениңерди токтотпогула»,— деп үндөгөн (Мт. 5:44).

2. Машаяктын жолдоочулары эмнени жек көрүүгө үйрөнүшү керек?

2 Иса шакирттерин сүйүү жөнүндө окуткандан тышкары, аларга эмнени жек көрүү керектигин да айткан. Иса жөнүндө: «Сен адилдикти сүйүп, мыйзамсыздыкты [жамандыкты] жек көрдүң»,— деп айтылган (Эвр. 1:9; Заб. 44:8). Мындан көрүнүп тургандай, биз адилдикти сүйгөндөн тышкары, күнөөнү же мыйзамсыздыкты жек көрүшүбүз керек. Элчи Жакан: «Ким күнөө кылса, ал мыйзамсыздык да кылган болот, анткени күнөө — бул мыйзамсыздык»,— деп таамай айткан (1 Жкн. 3:4).

3. Бул макалада мыйзамсыздыкты жек көрүүгө байланыштуу кайсы төрт нерсе каралат?

3 Андыктан Исанын жолдоочулары катары ар бирибиз: «Мен мыйзамсыздыкты жек көрөмбү?» — деп ойлонуп көргөнүбүз дурус. Келгиле анда, төрт нерсеге: 1) ичимдик ичүүгө, 2) оккультизмге, 3) адеп-ахлаксыздыкка жана 4) мыйзамсыздыкты жакшы көргөндөргө болгон көз карашыбыз менен жамандыкты жек көрөрүбүздү кантип көрсөтсөк болорун карап чыгалы.

Ичимдикке кул болбо

4. Иса ичимдикти көп ичүүгө байланыштуу кеңешти эмне үчүн сүйлөө эркиндиги менен бере алган?

4 Иса кээде шарап иччү, анткени аны Кудайдын белеги катары көрчү (Заб. 103:14, 15). Анткен менен ал эч качан көп ичип, ал белекти кыянат колдонгон эмес (Накыл 23:29—33). Ошондуктан ал ичимдик ичүүгө байланыштуу кеңешти сүйлөө эркиндиги менен бере алган (Оку: Лука 21:34). Ичимдикти кыянат пайдалануу башка да олуттуу күнөөлөргө түртүшү мүмкүн. Ошол себептен элчи Пабыл: «Шарап ичип мас болбогула, анткени бул адепсиздикке алып барат. Тескерисинче, рухка толгула»,— деп жазган (Эф. 5:18). Ошондой эле жыйналыштагы улгайган аялдарды «шараптын кулу болбоого» үндөгөн (Тит 2:3).

5. Спирт ичимдигин ичүүнү чечкендер өздөрүнө кандай суроолорду берип көрүшсө болот?

5 Эгер спирт ичимдигин ичүүнү чечсең, өзүңө төмөнкү суроолорду берип көргөнүң оң: «Ичимдикти көп ичүүгө карата Исаныкындай көз караштамынбы? Эгер бул жагынан кимдир бирөөгө кеңеш берүүгө туура келсе, аны сүйлөө эркиндиги менен бере аламбы? Ичимдикти тынчсыздануулардан арылуу үчүн же стрессти чыгаруу үчүн ичемби? Бир жумада канча ичем? Эгер кимдир бирөө көбүрөөк ичип коюп жатканымды билдирсе, ага кандай карайм? Актанып же атүгүл ачууланып киремби?» Шараптын кулу болуп калсак, бул тунук ой жүгүртүү жана туура чечим чыгаруу жөндөмүбүзгө залакасын тийгизет. Машаяктын жолдоочулары ой жүгүртүү жөндөмүн сактоого умтулушат (Накыл 3:21, 22).

Оккультизмден оолак бол

6, 7. а) Иса Шайтан менен анын жин-перилерине кантип каршы турган? б) Эмне үчүн бүгүнкү күндө оккультизм кеңири кулач жайган?

6 Иса жерде жүргөндө Шайтанга жана анын жин-перилерине чечкиндүүлүк менен каршы турган. Ал Шайтандын аны берилгендигинен жаздыруу максатында жасаган чабуулдарынын мизин майтарган (Лк. 4:1—13). Андан сырткары, ой жүгүртүүсүнө жана иш-аракеттерине терс таасир эте турган анча байкалбаган азгырыктарды баамдай билип, четке каккан (Мт. 16:21—23). Ошондой эле татыктуу адамдарга каардуу жиндердин бийлигинен бошонууга жардам берген (Мр. 5:2, 8, 12—15; 9:20, 25—27).

7 1914-жылы Падышалык такка отургандан кийин Иса асманды Шайтандын жана анын жин-перилеринин зыяндуу таасиринен тазалаган. Жерге куулуп түшүрүлгөн Шайтан азыр «дүйнө жүзүн адаштырууга» мурдагыдан да катуу аракет кылып жатат (Аян 12:9, 10). Ошо себептен оккультизмге болгон кызыгуу өсүп, анын кеңири кулач жайып жатканы таң калыштуу эмес. Өзүбүздү андан коргоо үчүн кандай чараларды көрсөк болот?

8. Көңүл ачууну тандоого байланыштуу өзүбүздү кантип текшерсек болот?

8 Ыйык Китепте спиритизмдин кооптуу экени ачык эле эскертилет (Оку: Мыйзам 18:10—12). Бүгүнкү күндө Шайтан оккультизм чагылдырылган фильмдер, китептер жана электрондук оюндар аркылуу адамдардын ой жүгүртүүсүнө таасир этүүдө. Ошондуктан көңүл ачууну тандоодо ар бирибиз өзүбүзгө төмөнкү суроолорду берип көрүшүбүз керек: «Акыркы айларда көңүл ачуу үчүн сыйкырчылык чагылдырылган фильмдерди, телеберүүлөрдү, электрондук оюндарды, китептерди же комикстерди тандадымбы? Оккультизмдин таасирин четке кагуунун маанилүүлүгүн түшүнөмбү же андай нерселердин кооптуу экенин көңүлгө албаймбы? Көңүл ачууну тандаганда Жахабанын көз карашын эске аламбы? Шайтандын мага оккультизм аркылуу таасир этишине жол берип жатсам, Жахабага жана анын адил принциптерине болгон сүйүүм чечкиндүү иш-аракет кылып, аларды четке кагууга түрткү береби?» (Элч. 19:19, 20).

Исанын адеп-ахлаксыздыкка байланыштуу эскертүүсүнө кулак как

9. Адам кантип мыйзамсыздыкка сүйүү өрчүтүп алышы мүмкүн?

9 Иса Жахабанын жыныстык адеп-ахлактуулукка байланыштуу нормаларына карманган. Ал мындай деген: «Жараткандын эң башында адамдарды эркек-аял кылып жаратып: „Ошондуктан адам өзүнүн ата-энесин калтырып, аялы менен биригет да, экөө бир дене болот“,— деп айтканын окуган жок белеңер? Ошентип, эми алар — эки эмес, бир дене. Андыктан Кудай кошконду адам ажыратпасын» (Мт. 19:4—6). Ошондой эле Иса көргөн нерселерибиздин жүрөгүбүзгө таасир этерин билгендиктен Тоодогу насаатында: «Силер: „Ойноштук кылба“,— деп айтылганын уккансыңар. Мен болсо силерге мындай деп айтам: аялга кумарлануу менен карай берген ар бир адам жүрөгүндө аны менен ойноштук кылган болот»,— деген (Мт. 5:27, 28). Исанын эскертүүсүн капарына албагандар чынында мыйзамсыздыкка сүйүү өрчүткөн болушат.

10. Адам порнография көрүү адатынан арыла аларын көрсөткөн мисал айтып бергиле.

10 Шайтан жыныстык адеп-ахлаксыздыкты жайылтуу үчүн порнографияны колдонот. Бул дүйнө түзүлүшү андай нерсеге жык толгон. Порнография көргөндөр адеп-ахлаксыз элестерди акылынан сүрүп чыгаруу кыйын экенин айтышат. Атүгүл андай кишилердин порнографияга башы байланып калышы ыктымал. Бир ишенимдешибиз менен эмне болгонун карап көрөлү. Ал мындай дейт: «Мен эч кимге билгизбей порнография көрүп жүрдүм. Өзүнчө бир дүйнө жаратып алгам жана анын Жахабага кызмат кылып жүргөн дүйнө менен эч кандай байланышы жок деп ойлогом. Кылган ишимдин жаман экенин билсем да, Кудай кызматымды кабыл ала берет деп өзүмдү актап койчумун». Ал бир тууган эмнеден улам ой жүгүртүүсүн өзгөрткөн? «Көйгөйүм жөнүндө аксакалдарга айтуу жашоомдо чыгарган чечимдеримдин ичинен эң эле кыйыны болсо да, аларга баарын айтып бердим»,— дейт ал. Акыры, ал бир тууган адамды буза турган адатынан арыла алган. «Ошол күнөөдөн тазалангандан кийин гана,— деп кошумчалайт ал,— чынында эле таза абийирге ээ болгонумду сездим». Ооба, мыйзамсыздыкты жек көргөндөр порнографияны жек көрүүгө үйрөнүшү керек.

11, 12. Музыка тандоого келгенде мыйзамсыздыкты жек көрөрүбүздү кантип көрсөтөбүз?

11 Музыка жана анын сөздөрү сезимдерибизге, демек, каймана маанидеги жүрөгүбүзгө терең таасир этиши мүмкүн. Музыка Кудайдын белеги болуп эсептелет жана эзелтеден эле таза сыйынууда маанилүү роль ойноп келет (Чыг. 15:20, 21; Эф. 5:19). Бирок Шайтандын ыймансыз дүйнөсү адеп-ахлаксыздыкты даңазалаган музыканы кеңири жайылтууда (1 Жкн. 5:19). Анда уккан музыкаңдын сага залакасын тийгизип жаткан-жатпаганын кантип билсең болот?

12 Төмөнкү суроолордун жардамы менен өзүңдү текшерип көр: «Мен уккан ырлар киши өлтүрүүчүлүктү, ойноштукту, бузуктукту жана Кудайга акарат кылуучулукту даңазалайбы? Уккан ырларымдын сөздөрүн кимдир бирөөгө окуп бере турган болсом, ал киши мыйзамсыздыкты жек көрөрүмдү байкайбы же жүрөгүмдүн бузулганынбы?» Мыйзамсыздыкты даңазалаган музыка уксак, аны жек көрөбүз деп айта албайбыз. «Ооздон чыккан нерселер жүрөктөн чыгат.— деген Иса.— Ошолор адамды арам кылат. Мисалы, жүрөктөн жаман ойлор, киши өлтүрүүчүлүк, ойноштук, бузуктук, уурулук, жалаа жана акарат сөздөр чыгат» (Мт. 15:18, 19; салыштыр: Жакып 3:10, 11).

Мыйзамсыздыкты сүйгөндөргө карата Исаныкындай көз карашта бол

13. Иса жаман жолунан бурулбагандарга кандай караган?

13 Иса күнөөкөрлөрдү, башкача айтканда, мыйзамсыздарды өкүнүүгө чакырганы келгенин айткан (Лк. 5:30—32). Бирок ал жаман жолунан бурулбагандарга кандай караган? Иса алардын таасиринен сак болууга байланыштуу катуу эскертүү берген (Мт. 23:15, 23—26). Андан сырткары, ачык эле мындай деген: «Мага: „Мырзам, Мырзам“,— деп кайрылгандардын баары эле асман падышалыгына кире бербейт, асмандагы Атамдын эркин аткаргандар гана кирет. Ал күнү [Кудай сот өкүмүн ишке ашырганда] көптөр мага: „Мырзам, Мырзам, биз сенин ысмың менен пайгамбарлык кылбадык беле? Сенин ысмың менен жиндерди куубадык беле жана сенин ысмың менен көптөгөн ажайып иштерди жасабадык беле?“ — деп айтышат. Ошондо аларга: „Мен силерди эч качан таанычу эмесмин! Кеткиле жанымдан, мыйзамсыз иш кылгандар!“ — деп айтам» (Мт. 7:21—23). Андай адамдарга эмне үчүн мындай өкүм чыгарылат? Себеби алар мыйзамсыз иштери менен Кудайга тил тийгизишет жана башкаларга зыян алып келишет.

14. Эмне себептен өкүнбөгөн күнөөкөрлөр жыйналыштан чыгарылат?

14 Кудай Сөзүндө өкүнбөгөн күнөөкөрлөрдүн жыйналыштан чыгарылышы керектиги айтылат (Оку: 1 Корунттуктар 5:9—13). Муну, бери дегенде, үч себептен: 1) Жахабанын ысмына тил тийгизбөө, 2) жыйналышты зыяндуу таасирден коргоо жана 3) мүмкүн болсо, күнөөкөргө өкүнүүгө жардам берүү үчүн кылуу зарыл.

15. Кудайга берилген бойдон калуу үчүн өзүбүзгө кайсы олуттуу суроолорду берип көрүшүбүз керек?

15 Жаман жолунан кайтпагандарга карата Исаныкындай көз караштабызбы? Биз: «Жыйналыштан чыгарылган же андан баш тарткан адам менен пикир алыша берет белем? Ал киши мени менен бир үйдө жашабаган жакын тууганым болсо, эмне кылат элем?» — деп ойлонуп көрүшүбүз керек. Андай жагдайларда адилдикке болгон сүйүүбүз жана Кудайга болгон берилгендигибиз чындап сыналышы мүмкүн *.

16, 17. Исанын жолун жолдогон бир эне кандай кыйынчылыкка туш болгон жана ага өкүнбөгөн күнөөкөрдү жыйналыштан чыгаруу чарасын колдоого эмне жардам берген?

16 Бир эженин мисалына токтололу. Анын эресеге жеткен уулу бир учурда Жахабаны сүйчү, бирок кийинчерээк мыйзамсыз жолго түшүп, өкүнбөгөндүктөн жыйналыштан чыгарылган. Ал эже Жахабаны да, уулун да жакшы көрчү, ошол себептен ага уулу менен байланышпоо керектигине байланыштуу Жазмадагы көрсөтмөгө кармануу аябай кыйын болгон.

17 Сен ал бир тууганга кандай кеңеш берет элең? Бир аксакал ага Жахабанын анын канчалык сыздап жатканын билерин түшүнүүгө жардам берген. Ал аксакал Жахабанын айрым рухий уулдары ага каршы чыкканда, Анын жүрөгү канчалык ооруганы тууралуу ой жүгүртүп көрүүгө чакырган. Ошондой эле Жахаба андайда канчалык оор болорун билсе да, өкүнбөгөн күнөөкөрлөрдүн жыйналыштан чыгарылышы керектигин талап кыларын айткан. Ал эже кеңештерди жүрөгүнө түйүп, жыйналыштан чыгаруу чарасын берилгендик менен колдогон *. Мындай берилгендик Жахабанын жүрөгүн кубантат (Накыл 27:11).

18, 19. а) Мыйзамсыздык кылган киши менен байланышты үзгөнүбүз эмнени жек көрөрүбүздү айгинелейт? б) Кудайга жана ал караштырган чарага берилгендик көрсөткөнүбүздүн натыйжасы кандай болушу мүмкүн?

18 Сен да ушу сыяктуу жагдайга туш болсоң, Жахабанын сени аяп, түшүнүү менен мамиле кыларын эсиңен чыгарба. Жыйналыштан чыгарылган же андан баш тарткан адам менен байланышыңды үзүү менен ошого алып келген жүрүм-турумду жана иш-аракетти жек көрөрүңдү көрсөтөсүң. Ошондой эле күнөө кетирген кишини жакшы көрөрүңдү жана анын жыргалчылыгын көздөөрүңдү айгинелейсиң. Жахабага берилгендик көрсөткөнүң жаза алган кишиге өкүнүп, Жахабага кайрылып келүүгө түрткү бериши мүмкүн.

19 Бир учурда жыйналыштан чыгарылып, кайра кабыл алынган бир ишенимдешибиз мындай деп ой бөлүшөт: «Жахабанын өз элин абдан жакшы көргөндүктөн анын таза болушуна кам көрөрүн билүү мага чоң кубаныч тартуулайт. Сырттан карагандарга ырайымсыздыкка жаткандай көрүнсө да, жыйналыштан чыгаруу чарасы чынында абдан зарыл жана сүйүүгө негизделет». Эгер ал жыйналыштан чыгарылгандан кийин деле жыйналыштын мүчөлөрү, анын ичинде үй-бүлөсү аны менен дайыма байланышып турса, ал ушундай тыянакка келет беле? Жыйналыштан чыгарууга байланыштуу Жазмага негизделген чараны колдогонубуз адилдикти сүйөрүбүздү жана Жахабанын жүрүм-турум нормаларын бекитүүгө укуктуу экенин түшүнөрүбүздү тастыктайт.

«Жамандыкты жек көр»

20, 21. Мыйзамсыздыкты жек көрүүгө үйрөнүү эмне үчүн маанилүү?

20 «Сак жана сергек болгула»,— деп эскерткен элчи Пабыл. Эмне үчүн? Ал мунун себебин айтып: «Душманыңар Ибилис кимди жутуп жиберсем деп, арылдаган арстан сыяктуу жүрөт»,— деген (1 Пет. 5:8). Сен Шайтанга жем болуп калышың мүмкүнбү? Көп нерсе мыйзамсыздыкты жек көрүүгө канчалык жакшы үйрөнгөнүңдөн көз каранды.

21 Жамандыкты жек көрүүгө үйрөнүү оңойго турбайт. Анткени биз күнөөлүү болуп төрөлгөнбүз жана дене кумарына жетеленүүгө үндөгөн дүйнөдө жашайбыз (1 Жкн. 2:15—17). Бирок Исадан үлгү алуу менен жана Жахаба Кудайга терең сүйүү өрчүтүү менен мыйзамсыздыкты жек көрүүгө үйрөнүү жагынан ийгиликке жете алабыз. Андыктан Жахабанын өзүнүн ишенимдүү кызматчыларынын жанын сактап, аларды ыймансыздардын колунан куткарарына толук ишенип, «жамандыкты жек көрүүгө» чечкиндүү бололу (Заб. 96:10).

[Шилтемелер]

^ 15-абз. Бул жөнүндө тереңирээк билүү үчүн 2002-жылдын август айындагы «Падышалык кызматыбыздын» 3-бетин карагыла.

^ 17-абз. 2007-жылдын 15-январындагы «Күзөт мунарасынын» (ор.) 17—20-беттерин карагыла.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Спирт ичимдиктерине карата көз карашыбызды текшерүүгө эмне жардам берет?

• Өзүбүздү оккультизмден коргоо үчүн эмне кылсак болот?

• Порнография көрүү эмне үчүн кооптуу?

• Сүйүктүү адамыбыз жыйналыштан чыгарылганда, мыйзамсыздыкты жек көрөрүбүздү кантип көрсөтсөк болот?

[Изилдөө суроолору]

[29-беттеги сүрөт]

Спирт ичимдигин ичүүнү чечсең, эмне жөнүндө ойлонуп көрүшүң керек?

[30-беттеги сүрөт]

Шайтандын көңүл ачуу аркылуу тийгизген таасиринен сак бол

[31-беттеги сүрөт]

Порнография көрүү эмнеге карата сүйүү өрчүтөт?