Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Муса Арундун уулдары Надап менен Абыйут өлгөндөн кийин алардын бир туугандары Элазар менен Итамарга эмне үчүн ачууланган жана ачуусу канткенде тараган? (Леб. 10:16—20).

Арундун үй-бүлөсүн жыйын чатырында ыйык кызмат кылууга дайындоо үчүн ыйыктагандан бир аз убакыт өткөндөн кийин Жахаба Надап менен Абыйутту Анын алдына Мыйзамга ылайык келбеген от алып келишкени үчүн мерт кылган (Леб. 10:1, 2). Муса Арундун берки уулдарына өлгөн бир туугандарын жоктоп ыйлабашы керектигин айткан. Ошондон көп өтпөй Муса Элазар менен Итамарга ачууланган, анткени алар күнөө үчүн чалынган текенин этин жебей коюшкан болчу (Леб. 9:3). Буга Муса эмне үчүн ачууланган?

Жахабанын Муса аркылуу берген мыйзамы боюнча, күнөө үчүн курмандык чалган дин кызматчы ал курмандыктын этин жыйын чатырынын короосунда жеши керек болчу. Мындай кылуу күнөө үчүн курмандык чалган кишинин күнөөсүнө жооптуу экенин билдирген. Бирок курмандыктын каны жыйын чатырынын ыйык жайына киргизилсе, анда ал курмандыктын эти желбестен, өрттөлүшү керек эле (Леб. 6:24—26, 30).

Кайгылуу окуя болуп өткөндөн кийин Муса Жахабанын көрсөтмөлөрүнүн баары так аткарылган-аткарылбаганына ынануу үчүн текшерүүнү туура көргөн. Анан ал күнөө үчүн чалынуучу текенин өрттөлүп кеткенин билгенде, курмандыктын каны ыйык жайга киргизилбегендиктен, Элазар менен Итамарга ачууланып, эмне үчүн, буйрук кылынгандай, курмандыктын этин жебегенин сурайт (Леб. 10:17, 18).

Кыязы, Арундун балдары атасынын айтканы боюнча ушундай кылышкан. Ошол себептүү Мусанын суроосуна Арун жооп берген. Анын уулдарынын кылганынан көрүнүп тургандай, ал да, анын уулдары да ошол күнү күнөө үчүн чалынган курмандыкты таза абийир менен жей алышпаса керек. Ошондой эле алар Надап менен Абыйуттун кылган күнөөсү үчүн жооптуу болушпаса да, курмандыктын этин жегени Кудайга жакпайт деп ойлошкон көрүнөт (Леб. 10:19).

Арун, өзгөчө, анын үй-бүлөсү ыйык кызматты аткарууга дайындалгандан кийин бардык нерсени, атүгүл майда-чүйдө нерселерди да Кудайга жага тургандай кылып жасоо керек деп ойлогон көрүнөт. Бирок Надап менен Абыйут Жахабанын ысмын булгагандыктан, аларга Кудайдын каары төгүлгөн. Балдары ушундай күнөө кылгандан кийин, Арун, сыягы, ыйык тартууну жебей эле коюшканы туура болот деп ойлогон.

Мусага агасынын айткандары жүйөлүүдөй сезилсе керек, анткени Ыйык Жазмада: «Ошондо Муса анын айткандарына макул болду»,— делет (Леб. 10:20). Жахаба да Арундун айткандарын жүйөлүү деп эсептеген көрүнөт.