Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сөзсүз акыбети кайтат!

Сөзсүз акыбети кайтат!

Сөзсүз акыбети кайтат!

БАЛДАРДЫ «Жахабанын ой жүгүртүүсүн өздөштүрүүгө жардам берип, анын акыл-насааты менен тарбиялоо» үчүн үй-бүлөлүк сыйынуу абдан маанилүү (Эф. 6:4). Эгер сенин да балдарың бар болсо, өзгөчө, кичинекей балдар бат эле тажап кетерин билет болушуң керек. Анда үй-бүлөлүк изилдөөнү кызыктуу кылып өткөрүш үчүн эмне кылса болот? Келгиле, айрым ата-энелер кандай иш-аракет кылышканын карап көрөлү.

Калифорнияда (АКШ) жашаган Жорж мындай деп ой бөлүшөт: «Балдарым кичине кезинде жубайым экөөбүз үй-бүлөлүк изилдөөнү кызыктуу кылыш үчүн улам жаңы нерселерди ойлоп табууга аракет кылчубуз. Кээде баарыбыз Ыйык Китептеги каармандарды туурап кийинип алып, „Ыйык китептик аңгемелер“ китебинен окугандарыбызды сахналаштырчубуз. Ошондой эле кылыч, падыша таягы, себет жана башка ушу сыяктуу керектүү буюмдарды жасачубуз. Андан сырткары, „Мен киммин“ деген оюнду ойночубуз жана жеңил да, оор да суроолорду камтыган ыйык китептик табышмактарды ойлоп тапчубуз. Буга кошумча, Нухтун кемесин жасап же Ыйык Китептеги окуялардын качан болгонун аныктап, таблица түзчүбүз жана башка ушул сыяктуу нерселерди кылар элек. Кээде Ыйык Китептеги окуяларды же каармандардын сүрөтүн тартчубуз. Учурда Эфестиктер 6:11—17-аяттарда айтылган рухий курал-жарактарды тартып, алардын ар бири эмнени билдирерин түшүндүрүүнү ойлонуштуруп жатабыз. Ушундай ыкмаларды колдонуу үй-бүлөлүк изилдөөбүздөн кубаныч алууга өбөлгө түзөт».

Ал эми Мичиганда (АКШ) жашаган Деби мындай дейт: «Кызыбыз үч жашында жолдошум экөөбүзгө аны үй-бүлөлүк изилдөөгө кызыктыруу абдан кыйын болду. Бир күнү „Ыйык китептик аңгемелер“ китебинен Ыскак менен Ребека тууралуу окуп жатканда эки куурчакты алып, окуяны экөө бири-бири менен сүйлөшүп жаткандай кылып көрсөтүп бердим. Ошондо ал ар бир сөздү кунт коюп укту. Анан бир нече ай бою ошол эки куурчак менен Ыйык Китептеги көптөгөн каармандарды туурап бердик. Кийинчерээк ар бир окуяны окугандан кийин, кызыбыз ошол окуяны сахналаштырууга керек боло турган оюнчуктарды, буюмдарды чогултчу болду. Анын кылганы кенчти издегенге окшош болчу. Бир жолу бут кийим салган кутуну Рахаптын үйү кылып, кызыл сызманы (лентаны) анын терезесине байланган кызыл жиптин ордуна колдондук. Ал эми Сандар 21:4—9-аяттардагы жез жыланды жасаш үчүн кызыбыздын 1,5 метрлик оюнчук жыланын шыпыргынын сабына ородук. Ыйык Китептеги окуяларды сахналаштырууда колдонулган оюнчуктарды, буюмдарды бир баштыкка салып койгонбуз. Кийин кызыбыздын бөлмөгө отуруп алып, оюнчуктар салынган баштыкты аңтарып жатканын көп көрчү болдук. Муну көрүү абдан жагымдуу эле. Өзгөчө, анын окуяларды өз алдынча көрсөтүп бергени бизди абдан кубандырчу».

Чынында эле, балдарды чоңойтуу оңой эмес. Алардын Жахабага кызмат кылууга болгон каалоосун өстүрүү үчүн жума сайын убакыт бөлүп коюудан тышкары да, көп күч-аракет жумшоо зарыл. Балдарды Жахабанын акыл-насааты менен тарбиялоо үчүн үй-бүлөлүк сыйынуу эң сонун пайдубал болуп бере алат. Ооба, мындай кылуунун сөзсүз акыбети кайтат!