Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык рухтун жаратуудагы ролу

Ыйык рухтун жаратуудагы ролу

Ыйык рухтун жаратуудагы ролу

«Теңирдин сөзү менен асман, деми менен бардык асман күчтөрү жаралган» (ЗАБ. 32:6).

1, 2. а) Адам баласынын аалам жана жер жөнүндөгү билими убакыттын өтүшү менен кандайча көбөйө берген? б) Кайсы суроого жооп алганыбыз маанилүү?

АЛЬБЕРТ ЭЙНШТЕЙН 1905-жылы салыштырмалуулук теориясын жалпыга жарыялаганда, ал жана башка көптөгөн илимпоздор аалам бир эле галактикадан — Саманчынын жолунан — турат деп ишенишкен. Алар ааламдын өлчөмүнө карата кандай жаңылышкан! Азыр ааламда айрымдары миллиарддаган жылдыздардан турган 100 миллиарддаган галактикалар бар деп эсептелет. Жерде же анын орбитасында улам кубаттуу телескоптор колдонулган сайын, жаңы ачылган галактикалардын саны өскөндөн өсүүдө.

2 1905-жылы аалам жөнүндөгү илимий түшүнүк кандай чектелүү болсо, жер жөнүндөгү билим да ошондой чектелүү болчу. Албетте, жүз жыл мурун жашаган адамдар өздөрүнүн ата-бабаларына салыштырмалуу көбүрөөк билишкен. Бирок бүгүнкү күндө тиричиликтин кооздугу, татаалдыгы жана аны камсыз кылган жердеги системалар жөнүндөгү билим мурдагыга караганда алда канча көбөйдү. Акыркы жылдары жер жана аалам туурасында бир топ нерсе ачылды. Ошентсе да биз: «Ушунун баары кантип пайда болду эле?» — деген суроонун үстүнөн ой жүгүртүп көргөнүбүз дурус. Жаратканыбыз Ыйык Жазма аркылуу ал суроонун жообун ачып бергендиктен, ага жооп ала алабыз.

Жаратуу керемети

3, 4. Кудай ааламды кантип жараткан жана анын иштери кандайча ага даңк алып келет?

3 Ыйык Китептин: «Эң башында Кудай асман менен жерди жаратты»,— деген алгы сөздөрүндө ааламдын кантип пайда болгону түшүндүрүлгөн (Башт. 1:1). Ооба, ааламды түзгөн нерселер жок кезде Жахаба ыйык рухун — иш-аракет кылуучу кубаттуу күчүн — колдонуп, жок нерседен асманды, жерди жана ааламдагы бардык нерсени жараткан. Уста бир нерсени колу менен жана шаймандарды колдонуп жасаса, Кудай эбегейсиз зор иштерди ыйык руху аркылуу жасайт.

4 Жазмада ыйык рух каймана мааниде Кудайдын «манжасы» катары сүрөттөлөт (Лк. 11:20, шилт.; Мт. 12:28). «Анын колдору жасаган иштер» — Жахаба ыйык руху аркылуу жараткан жаратуулар — ага даңк алып келет. «Асман Кудайдын даңкын жар салып жатат,— деп ырдаган забурчу Дөөтү,— аалам Анын колдору жасаган иштерди кабарлап жатат» (Заб. 18:2). Арийне, жаратуулар Кудайдын ыйык рухунун кастарлоо сезимин туудурган зор кубатынан кабар берет (Рим. 1:20). Кандайча?

Кудайдын эбегейсиз зор күчү

5. Жахабанын ыйык рухунун жаратуучу күчкө ээ экенин мисал менен түшүндүргүлө.

5 Адам баласынын ой-түшүнүгүнө сыйбаган кең аалам — Жахабанын күч-кубаты менен энергиясы түгөнгүс экенинин далили (Оку: Ышайа 40:26). Илимде белгилүү болгондой, материяны энергияга, энергияны материяга айлантууга болот. Жылдыздардын бири Күн — материянын энергияга айланышына жакшы мисал. Ал ар бир секундда төрт миллиондой тонна материяны күн нуруна жана энергиянын башка түрлөрүнө айлантат. Ошол энергиянын бизге жеткен кенедей эле бөлүгү жердеги тиричиликти камсыз кылууга жетиштүү. Күндү эле эмес, андан башка да миллиарддаган жылдыздардын баарын жаратуу үчүн не деген күч, не деген энергия талап кылынганын элестетип көрсөңөр! Жахаба бүтүндөй ааламды жаратууга зарыл болгондон алда канча зор күч-кубатка жана энергияга ээ.

6, 7. а) Кудай ыйык руху аркылуу жараткан нерселерден укмуштуудай тартип байкалып турат деп эмне үчүн айтууга болот? б) Аалам кокустуктан пайда болбогонун кайдан билебиз?

6 Кудай ыйык руху аркылуу курган нерселерден укмуштуудай тартип байкалып турат. Аны бизди курчап турган бардык нерседен көрүүгө болот. Мисал үчүн, колуңарда ар кандай түстөгү кичинекей топтор салынган куту бар дейли. Кутуну катуу чайпап, топторду жакшылап аралаштырасыңар. Анан баарын бир учурда жерге төгөсүңөр. Топтор түс-түсү боюнча, көктөрү бир жерге, сарылары бир жерге, башка түстөгүлөрү бир жерге түшөт деп күтөт белеңер? Албетте, жок! Башкарылбаган иш-аракет тартипке эмес, баш аламандыкка алып келет. Бул факт табияттын негизги мыйзамы катары кабыл алынган *.

7 Асманга көз чаптырганыбызда же телескоп аркылуу сереп салганыбызда эмнени көрөбүз? Өтө жогорку деңгээлде тартипке келтирилген жана таң калыштуу тактык менен кыймылдаган учу-кыйыры, түгөнөр-бүтөрү билинбеген галактикалык системаларды, жылдыздарды жана планеталарды көрөбүз. Бул кокустуктун же пландаштырылбаган, башкарылбаган космостук жарылуунун натыйжасы болушу мүмкүн эмес. Андыктан биз: «Тартип өкүм сүргөн аалам кайсы күч аркылуу жаратылган?» — деп ойлонуп көрүшүбүз керек. Адам баласынын ал күчтү жалгыз гана илимий изилдөөлөр жана эксперименттер аркылуу аныктоого кудурети жетпейт. Анткен менен Ыйык Китеп бардыгы Кудайдын ыйык руху — ааламдагы эң кубаттуу күч — аркылуу жаратылганын ачып берет. Забурчу: «Теңирдин сөзү менен асман, деми менен бардык асман күчтөрү жаралган»,— деп ырдаган (Заб. 32:6). Түнкү асманга көз жүгүрткөнүбүздө биз ал «асман күчтөрүнүн», жылдыздардын, ийненин көзүндөй эле четин көргөн болобуз!

Ыйык рух жана жер

8. Жахабанын иштери жөнүндө чынында канчалык билебиз?

8 Чынында, табият жөнүндө билгендерибиз биле элек нерселерибизге салыштырмалуу эч нерсеге татыбай калат. Кудайдын ишенимдүү кызматчысы Аюб анын жаратуулары жөнүндө аябай эле аз билерибизди баса белгилеп: «Анын жолдорунун бир бөлүгү — мына ушул. Биз Ал тууралуу кандай аз укканбыз!» — деп таамай айткан (Аюб 26:14). Кылымдар өткөндөн кийин, Жахабанын жаратуусуна кылдат баам салган Сулайман падыша мындай деген: «Ал баарын өз убагында сонун кылып жасаган. Чыныгы Кудай адамдардын жүрөгүнө түбөлүктүүлүктү салган, бирок алар анын жасап жаткан иштерин башынан аягына чейин эч качан аңдай алышпайт» (Нас. 3:11, «ЖД»; 8:17).

9, 10. Кудай жерди жаратууда кайсы күчтү колдонгон жана алгачкы үч жаратуу күнүндө эмнелерди жасаган?

9 Ошентсе да Жахаба өзүнүн иштерине байланыштуу маанилүү нерселерди ачып берип келет. Алсак, Жазмада тээ алмустакта Кудайдын рухунун жер үстүндө иш-аракет кылып жүргөнү айтылат (Оку: Башталыш 1:2). Ал убакта жер бетинде кургактык, жарык жана кыязы, дем алууга жарактуу аба жок болчу.

10 Ыйык Китепте Кудайдын жаратуу күндөрүндө эмнелерди жасаганы баяндалат. Ал күндөр 24 саатка созулган кадимки күндү эмес, белгилүү бир доорду билдирген. Биринчи жаратуу күнү Жахаба жарыктын жер бетине жете башташына кам көргөн; кийинчерээк Күн менен Ай жерден көрүнгөндө, ал процесс аяктаган (Башт. 1:3, 14). Экинчи күнү атмосфера түзүлө баштаган (Башт. 1:6). Жерде суу, жарык, аба бар болчу, бирок кургактык пайда боло элек эле. Үчүнчү жаратуу күнүнүн башында Жахаба кургак жерди пайда кылуу үчүн ыйык рухун колдонуп, калыбы, геологиялык кубаттуу күчтөрдүн жардамы менен дүйнөлүк океан алдында жаткан кыркалардан континенттерди жараткан (Башт. 1:9). Үчүнчү күнү жана андан кийинки жаратуу мезгилдеринде дагы башка кереметтүү иштер жасалган.

Ыйык рух жана тиричилик

11. Татаалдыгы, өз ара шайкештиги, кооздугу менен бири-биринен айырмаланган тирүү организмдер эмнеден кабар берет?

11 Кудайдын руху аркылуу так жөнгө салынган биологиялык жаратуулар да жаратылган. Кудай ыйык рухун колдонуп, үчүнчүдөн алтынчы жаратуу күнүнө дейре түркүн-түмөн өсүмдүктөрдү, жан-жаныбарларды жараткан (Башт. 1:11, 20—25). Ырас, татаалдыгы, өз ара шайкештиги, кооздугу менен бири-биринен айырмаланган сан-эсепсиз тирүү организмдер эң мыкты Долбоорчунун чеберчилигинен кабар берет.

12. а) ДНК кандай функция аткарат? б) ДНКнын жакшы иштеп келатканынан эмнени билүүгө болот?

12 ДНКны (дезоксирибонуклеин кислотасын) — организмдердин өзгөчөлүктөрүн муундан муунга өткөрүүгө катышкан химиялык механизмдердин бирин — карап көрөлү. Жердеги тирүү жандыктын баары, анын ичинде микробдор, чөптөр, пилдер, көк киттер жана адамдар ДНК аркылуу өздөрүнүн көчүрмөсүн жаратышат. Жердеги жаратуулар бири-биринен кескин айырмаланса да, алардын мурасталган өзгөчөлүктөрүн жөнгө салып турган ал код өзгөрүлбөй, кылымдардан бери жаратуулардын негизги түрлөрүнүн бири-биринен айырмаланып турушун шарттап келет. Ошондуктан, Жахаба Кудайдын ой-ниетине ылайык, жердеги түрдүү организмдер татаал экосистемада өз функцияларын эң сонун аткарып келишет (Заб. 138:16). Абдан натыйжалуу жана тактык менен иштеген ал түзүлүш жаратылыштын Кудайдын «манжасынан» бүткөнүн, башкача айтканда, ыйык руху аркылуу пайда болгонун тастыктап турат.

Жердеги жаратуулардын эң өзгөчөсү

13. Кудай адам баласын кантип жараткан?

13 Жылдар алмашып, кылымдар оошуп, Кудай сан жетпеген жандуу жана жансыз жаратууларды жараткандан кийин, жер бети мурдагыдай «көрксүз, ээн болбой» калган. Бирок Жахаба өзүнүн рухун жаратуу ишинде колдоно берген. Ал жердеги жаратууларынын эң өзгөчөсүн жаратууну чечип, алтынчы жаратуу күнүнүн аяк ченинде адам баласын жараткан. Кантип? Ыйык рухун жана жердин элементтерин колдонуу менен (Башт. 2:7).

14. Адамдар жаныбарлардан эмнеси менен айырмаланат?

14 Башталыш 1:27де: «Кудай Өз бейнеси боюнча адам жаратты, аны Кудайдын бейнеси боюнча жаратты. Аларды эркек-аял кылып жаратты»,— делет. Жахабанын бейнеси боюнча жаратылганыбыз чечим чыгаруу эркиндигине ээ экенибизди жана сүйүү көрсөтүүгө, Жаратканыбыз менен тыгыз мамиле түзүүгө жөндөмдүү экенибизди билдирет. Ошондуктан биздин мээбиз жаныбарлардыкынан абдан айырмаланат. Тагыраак айтканда, Жахаба мээбизди ал жана анын иштери жөнүндө түбөлүккө билим алып, андан кубаныч алгыдай кылып жараткан.

15. Адам ата менен Обо энеде кандай мүмкүнчүлүктөр бар эле?

15 Адамзат тарыхынын башталышында Адам ата менен анын жубайы Обо энеге Кудай жерди жана андагы нерселерди берген; ал алардын анын жаратууларын изилдеп, ошондон кубаныч алышын каалаган (Башт. 1:28). Жахаба аларды бейиш багына жайгаштырып, мол тамак-аш менен камсыз кылган. Алар түбөлүк жашап, миллиарддаган жеткилең урпактарынын сүйүктүү ата-энеси боло алышмак. Бирок бул орундалбай калган.

Ыйык рухтун ролун баалоо

16. Түпкү ата-энебиз козголоң чыгарганына карабай, кандай үмүткө ээбиз?

16 Жаратканына ыраазычылык көрсөтүп, баш ийгендин ордуна Адам ата менен Обо эне өз кызыкчылыгын көздөп, козголоң чыгарышкан. Мунун кесепетинде алардан тараган жеткилеңсиз адамдардын баары азап чегип келет. Бирок Ыйык Китепте Кудайдын түпкү ата-энебиздин күнөө кетиргенинен улам пайда болгон зыянды кантип жок кылары жазылган. Ошондой эле Жазмада Жахабанын баштапкы ой-ниетин ишке ашырары айтылат. Жер бети бейишке айланып, түбөлүк жашай турган дени сак, бактылуу адамдарга толот (Башт. 3:15). Жүрөк жылыткан бул убадага ишеним артышыбыз үчүн Кудайдын ыйык рухуна муктажбыз.

17. Кандай ой-толгоолорго каршы турушубуз керек?

17 Биз Жахабадан ыйык рух сурап тиленишибиз керек (Лк. 11:13). Бул бизге жандуу-жансыз нерселердин баары Кудайдын колунан бүткөнүнө бекем ишенүүгө жардам берет. Бүгүнкү күндө кара селдей каптаган атеисттик жана эволюционисттик үгүттөр жүйөсүз, жаңылыш ой-толгоолорго негизделет. Биз мындай жалган ой-жоромолдордун бизди адаштырышына же коркутушуна жол бербешибиз керек. Исанын бардык жолдоочулары андай соккуларга жана аны менен коштолгон кысымга каршы турууга даяр болушу кажет (Оку: Колосалыктар 2:8).

18. Ааламдын жана адамзаттын пайда болушу жөнүндө ойлонгондо акылман Жараткандын бар экенин четке кагуу эмне үчүн акылсыздык болуп калмак?

18 Ыйык Китепке жана Кудайга болгон ишеним ай-ааламды Кудай жаратканынын далилдерин калыстык менен изилдөө аркылуу бекемделиши керек. Көптөр аалам менен адамзат кандайдыр бир сырткы күчтүн таасири менен пайда болгон деген ойду четке кагышат. Бирок бул суроону ушундай көз караштын негизинде талдасак, бардык далилдерди калыс эмес таразалаган болмокпуз. Мындан тышкары, бул белгилүү бир тартип менен, максаттуу түрдө жаратылган сансыз жаратуулардын бар экенин көңүлгө албагандыкка жатмак (Аюб 9:10; Заб. 103:25). Исанын жолдоочулары катары биз жаратууну ишке ашырган күч Жахабанын акылман жетекчилигинин астында иш-аракет кылган ыйык рух болгонуна күмөн санабайбыз.

Ыйык рух жана Кудайга болгон ишенимибиз

19. Кудайдын бар экенине жана анын ыйык рухунун иш-аракет кылып жатканына кандай далилдер бар?

19 Кудайга ишенүү жана аны сүйүп, терең урматтоо үчүн жаратуу жөнүндө сөзсүз эле бүт баарын билүүнүн зарылдыгы жок. Жахабага болгон ишеним, адамдардын бири-бири менен болгон достугу сыяктуу, карандай фактыларга эле негизделбейт. Достордун мамилеси бири-бирин жакшыраак таанып-билүүнүн аркасында бекемделгендей эле, Кудайга болгон ишенимибиз ал жөнүндө көбүрөөк билим алган сайын бекемделе берет. Чынында эле, Жахабанын тиленүүлөрүбүзгө жооп бергенин сезгенибизде жана анын принциптерин жашообузда колдонуунун пайдасын көргөнүбүздө анын бар экенине ого бетер ынанабыз. Анын бизди жетектегенин, коргогонун, кызматта жумшаган аракетибизге батасын бергенин жана биз муктаж болгон нерселер менен камсыз кылганын көргөн сайын ага көбүрөөк жакындайбыз. Мунун баары — Кудайдын бар экенине жана анын ыйык рухунун иш-аракет кылып жатканына күчтүү далил.

20. а) Кудай ааламды жана адам баласын эмне үчүн жараткан? б) Кудайдын ыйык рухуна жетектеле берсек, кандай бата алабыз?

20 Ыйык Китеп Жахабанын өзүнүн иш-аракет кылуучу күчүн колдонгонунун көрүнүктүү мисалы болуп эсептелет, себеби аны «Кудайдын ыйык рухуна жетектелген адамдар» жазышкан (2 Пет. 1:21). Жазманы кылдат изилдөө баарын жараткан Кудайга болгон ишенимибизди өстүрөт (Аян 4:11). Жахабага бардык нерсени жаратууга анын эң сонун сапаты — сүйүүсү — түрткү берген (1 Жкн. 4:8). Андыктан башкаларга асмандагы сүйүктүү Атабызды жана Досубузду таанып-билүүгө жардам берүү үчүн бүт күчүбүздү жумшайлы. Эгер Кудайдын рухуна жетектеле берсек, ал жөнүндө түбөлүк билим алуу сыймыгына ээ болобуз (Гал. 5:16, 25). Эмесе, ар бирибиз Жахаба жана анын зор иштери жөнүндө билим алып, анын ыйык рух аркылуу асманды, жерди жана адамзатты жаратканда көрсөткөн чексиз сүйүүсүн жашообузда чагылдыра берели.

[Шилтеме]

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Асман менен жердин бар болгонунан ыйык рух жөнүндө эмнени биле алабыз?

• Кудайдын бейнеси боюнча жаратылгандыктан биз кандай мүмкүнчүлүктөргө ээбиз?

• Эмне үчүн бардык нерсени Кудай жаратканынын далилдерин карап чыгышыбыз керек?

• Жахаба менен болгон мамилебиз канткенде бекемделет?

[Изилдөө суроолору]

[7-беттеги сүрөт]

Ааламдагы тартиптен жаратуу жөнүндө эмнени билүүгө болот?

[Булак жөнүндө маалымат]

Stars: Anglo-Australian Observatory/David Malin Images

[8-беттеги сүрөт]

Бул жаратуулардын баарында ДНКнын болгону эмнени көрсөтүп турат?

[10-беттеги сүрөт]

Ишенимиңди коргоого даярсыңбы?