Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ээ болуп жаткан баталарыңды чындап баалайсыңбы?

Ээ болуп жаткан баталарыңды чындап баалайсыңбы?

Ээ болуп жаткан баталарыңды чындап баалайсыңбы?

МИСИР кулчулугунан керемет жолу менен бошотулгандан кийин Ысрайыл уулдары алгач Жахабага эркин сыйына алганына шаттанышкан (Чыг. 14:29—15:1, 20, 21). Бирок көп өтпөй эле маанайы өзгөрүп, жашоосуна нааразы боло башташкан. Эмне үчүн? Анткени алар көңүлүн Жахабанын аларга кылган жакшылыктарына эмес, чөл кезүүдө кездешкен кыйынчылыктарга топтошкон. Ысрайылдыктар Мусага: «Бизди Мисир жеринен чөлдө өлсүн деп алып чыктыңар беле? Анткени бул жерде нан да, суу да жок, бул жарыбаган тамак [манна] көңүлүбүзгө тийди»,— дешкен (Сан. 21:5).

Андан жүздөгөн жылдар өткөндөн кийин, байыркы Ысрайыл падышасы Дөөтү: «Мен болсо Өзүңдүн ырайымыңа таянам. Жүрөгүм Сенин куткарууңа кубанат. Мага ырайым кылган Теңирди мактап ырдайм»,— деп ырдаган (Заб. 12:6). Дөөтү Жахабанын ага көрсөткөн ырайымын, мээримин унутпай, дайыма алар жөнүндө ой жүгүртүүгө убакыт бөлгөн (Заб. 102:2). Жахаба бизге да көп жакшылык кылып келет; анын биздин жыргалчылыгыбыз үчүн кылгандарын боло жүргөн нерсе катары кабыл албашыбыз керек. Келгиле анда, Кудайдын бүгүнкү күндө бизге берип жаткан айрым баталарына токтололу.

«Жахаба... менен ынак мамиледе» болуу

Забурчу: «Жахаба Өзүнөн корккондор менен ынак мамиледе»,— деп ырдаган (Заб. 24:14, «ЖД» [25:14]). Жеткилеңсиз адамдар үчүн Жахаба менен жекече тыгыз мамиледе болуу кандай зор сыймык! Бирок күнүмдүк түйшүктөр менен алпурушуп жатып тиленүүгө азыраак убакыт бөлө баштасакчы? Анда Жахаба менен болгон ынак мамилебиздин эмне болорун ойлоп көрсөң. Досубуз катары Жахаба ага таянышыбызды жана тиленүү аркылуу ага жүрөгүбүздөгүнү төгүп, кооптонууларыбызды, каалоолорубузду жана тынчсызданууларыбызды айтышыбызды күтөт (Накыл 3:5, 6; Флп. 4:6, 7). Андыктан тиленүүлөрүбүздүн сапатына көңүл бурганыбыз маанилүү эмеспи?

Пол деген жаш Күбө тиленүүлөрү жөнүндө ой жүгүртүп, аларды кайсы бир жагынан жакшыртышы керектигин түшүнгөн *. Ал: «Жахабага тиленгенде окшош эле сөздөрдү кайталай берчүмүн»,— дейт. Пол «Күзөт мунарасы коомунун адабияттар индекси» аркылуу изилдөө жүргүзүп, Ыйык Китепте 180дей тиленүү жазылганын билген. Ал тиленүүлөрдө Жахабанын байыркы убактагы кызматчылары жүрөгүнүн түпкүрүндөгү сезимдерин билдиришкен. Пол мындай дейт: «Жазмадагы ошол мисалдар жөнүндө ой жүгүртүүнүн аркасында конкреттүү тиленүүгө үйрөндүм. Бул болсо мага Жахабага жүрөгүмдү ачууга көмөк кылды. Азыр мен Жахабага тиленүүдөн ырахат алам».

Өз убагында берилген «тамак»

Жахабанын бизге берген баталарынын дагы бири — Жазмада камтылган чындыктар. Рухий тамакка толгон дасторкондон даам сызганыбызда жүрөгүбүздү кубаныч бийлеп шаттанабыз (Ыш. 65:13, 14). Бирок сак болбосок, терс таасирлер чындыкка болгон ынталуулугубузду суутуп коюшу мүмкүн. Маселен, чындыктан четтегендердин үгүтүнө көңүл буруу ой жүгүртүүбүздү бурмалап, сокур кылып салгандыктан, Жахаба «ишенимдүү жана акылдуу кул» аркылуу өз убагында берип жаткан рухий тамактын баалуулугун көрбөй калышыбыз ыктымал (Мт. 24:45—47).

Жахабага көп жыл кызмат кылган Андрэ чындыктан четтегендердин ой жүгүртүүсүнө алданып, адашуу деген эмне экенин өзүнүн каргашалуу тажрыйбасынан түшүнгөн. Ал чындыктан четтегендердин веб-сайтына көз жүгүртүп коюу эч кандай деле зыян алып келбейт деп ойлогон. Андрэ мындай деп эскерет: «Башында ишенимден четтегендер айткан „чындыктар“ мени өзүнө тартты. Аларды көбүрөөк изилдеген сайын, Жахабанын уюмунан кеткеним туура деп, өзүмдү актай баштадым. Бирок кийинчерээк чындыктан баш тарткандардын Жахабанын Күбөлөрүнө каршы келтирген аргументтерин изилдеп чыккан соң ал жалган окутуучулардын канчалык митаам жана куу экенин түшүндүм. Чынында, алардын бизге каршы келтирген „күчтүү далилдери“ контексттен бөлүнүп алынган маалыматтар экен. Ошондуктан мен кайрадан биздин адабияттарды окуп, жолугушууларга барууну чечтим. Көп өтпөй канча нерседен кур калганымды түшүндүм». Бактыга жараша, Андрэ жыйналышка кайтып келген.

Бир туугандык

Биримдүү, сүйүү көрсөтүүгө даяр бир туугандыгыбыз да — Жахабанын батасы (Заб. 132:1). Ошондуктан элчи Петирдин: «Биртуугандарыңардын баарын сүйгүлө»,— деген сөздөрү биз үчүн өзгөчө мааниге ээ (1 Пет. 2:17). Исанын жолдоочуларынан турган бир туугандыктын мүчөсү болуунун аркасында биз рухий аталарыбыздын, энелерибиздин, ага-инилерибиздин, эже-карындаштарыбыздын сүйүүсүнө жана колдоосуна ээ болобуз (Мр. 10:29, 30).

Анткен менен ар кандай себептерден улам кээде бир туугандарыбыз менен болгон мамилебиз анча жакшы болбой калышы мүмкүн. Мисалы, кимдир бирөөнүн кемчиликтерине кыжырданып, ага карата сын көз карашта болуп калуу оңой эле. Эгер ошондой болсо, Жахабанын өз кызматчыларын алардын кемчиликтерине карабай жакшы көрөрүн эске алуу акылдуулукка жатпайбы? Ошондой эле эгерде: «„Күнөөбүз жок“,— деп айтсак, анда өзүбүздү өзүбүз адаштырып жатабыз жана бизде чындык жок» (1 Жкн. 1:8). Андыктан көтөрүмдүү болуп, бири-бирибизди айкөлдүк менен кечиришибиз керек эмеспи? (Кол. 3:13).

Анна деген жаш ишенимдешибиз бир туугандыкты ачуу тажрыйбасынан улам баалай баштаган. Ал, Исанын мисалындагы адашкан уулдай болуп, жыйналыштан алыстап кеткен. Бирок кийинчерээк акылына келип, чындыкка кайрылып келген (Лк. 15:11—24). Башынан өткөргөндөрүнөн Анна кандай сабак алган? Ал мындай дейт: «Жахабанын уюмуна кайтып келгенден кийин бир туугандарымдын баарын кемчиликтерине карабай баалап калдым. Мурда аларды сындоого жакын болчумун. Бирок азыр эч нерсенин ишенимдештерим менен жакшы мамиледе болуп, баталарды алууга тоскоол болушуна жол бербөөгө чечкиндүүмүн. Бул дүйнөдө рухий бейишибизди таштап кетүүгө арзый турган эч нерсе жок».

Ээ болгон баталарыңа дайыма ыраазы бол

Адамзаттын бүт көйгөйлөрүн чече турган Кудайдын Падышалыгына болгон үмүтүбүз — баа жеткис кенч. Алгач ал үмүткө ээ болгонубузда жүрөгүбүз ыраазычылыкка толуп, кандай гана сүйүнгөнбүз! Ошондо биз Исанын мисалындагы «кымбат баалуу бир берметти» сатып алыш үчүн «бардык нерсесин саткан» соодагердикиндей сезимде болгонбуз (Мт. 13:45, 46). Иса ал соодагер берметти убакыттын өтүшү менен баалабай калган деген эмес. Ошол сыңары, биз да кереметтүү үмүтүбүздү эч качан баалабай калбайлы (1 Тес. 5:8; Эвр. 6:19).

Жахабага 60тан ашуун жылдан бери кызмат кылып келаткан Жэндин мисалына токтололу. Ал апа мындай деп ой бөлүшөт: «Адамдарга Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтуу аны көңүлүмдүн борборунда сактоого көмөк кылат. Алардын Падышалык деген эмне экенин түшүнгөндө көздөрү чырактай жанып, жүзүнөн нур төгүлгөнү мени аябай бекемдейт. Падышалык жөнүндөгү чындыктын Ыйык Китепти изилдеп жаткан адамдын жашоосун өзгөртүп жатканын көргөндө: „Менде башкалар менен бөлүшө турган кандай сонун чындыктар бар!“ — деп ойлоном».

Бизде Кудай берип жаткан көптөгөн рухий баталар үчүн ыраазы болууга орчундуу себептер бар. Экономикалык көйгөйлөр, каршылыктар, оору-сыркоо, карылык, көңүл чөгөттүк, жакын адамдан айрылуу сыяктуу кыйынчылыктарга дуушар болуп жатсак да, алардын убактылуу эле экенин билебиз. Кудайдын Падышалыгынын бийлиги астында биз азыр ээ болуп жаткан рухий баталардан тышкары, дагы көптөгөн баталарга ээ болобуз. Биз кабылып жаткан азап-кайгынын баары жаңы дүйнө түзүлүшүндө жок болот (Аян 21:4).

Ал эми азыркы тапта рухий баталарыбызды баалап: «Теңир, Кудайым, Сен көп иштерди жасадың! Сенин бизге көрсөткөн кереметтериңди, биз жөнүндөгү ниеттериңди ким айтып бүтө алат? Сага ким тең келе алат! Мен мунун баарын жар салып айтар элем, бирок аларга сан жетпейт»,— деп ырдаган забурчудай болуп, Кудайга ыраазычылыгыбызды көрсөтө берели (Заб. 39:6).

[Шилтеме]

^ 6-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.

[18-беттеги сүрөт]

Оор учурларда рухий колдоого ээ болгонубуз — Кудайдын батасы