Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаңылыш ойлор менен өзүңөрдү алдабагыла

Жаңылыш ойлор менен өзүңөрдү алдабагыла

Жаңылыш ойлор менен өзүңөрдү алдабагыла

«БУЛ эмне кылганың?» Обо эне тыюу салынган жемишти жегенден кийин, Кудай ага ушундай суроо берген. Ошондо Обо эне: «Мени жылан азгырды, ошондуктан жедим»,— деп жооп берген (Башт. 3:13). Аны Кудайга баш ийбөөгө азгырган куу жылан, Шайтан, кийинчерээк «дүйнө жүзүн адаштырып жаткан байыркы жылан» деп аталган (Аян 12:9).

Башталыш китебинде Шайтандын сак болбогондорду кара ниеттик менен алдоону көздөгөн митаам экени көрсөтүлөт. Обо эне анын торуна түшүп калган. Бирок бизди Шайтан эле азгырат деп ойлобошубуз керек. Ыйык Китепте өзүбүздү өзүбүз эле «жаңылыш ойлор менен алдашыбыз» мүмкүн экени эскертилет (Жкп. 1:22).

Өзүбүздү өзүбүз алдоо такыр мүмкүн эместей сезилиши ыктымал. Анткен менен Кудайдын мындай эскертүүнү орчундуу себептен улам бергени шексиз. Андыктан өзүбүздү кантип алдашыбыз мүмкүн экенин жана кандай жаңылыш ойлор бизди адаштырышы ыктымал экенин карап чыгалы. Бул жагынан бизге Жазмадагы бир мисал жардам берет.

Өздөрүн алдагандардан кандай сабак алабыз?

Болжолу, б.з.ч. 537-жылы Персия падышасы Улуу Кореш Бабылда кулчулукта жүргөн жүйүттөрдүн Иерусалимге кайтып барып, ибадаткананы кайра курушу керектиги жөнүндө токтом чыгарган (Эзра 1:1, 2). Кийинки жылы Жахабанын эли, анын ой-ниетине ылайык, жаңы ибадаткананын пайдубалын салышкан. Кайтып баргандар маанилүү долбоордун баштапкы баскычын ийгиликтүү бүтүрүүгө батасын бергени үчүн Жахабаны даңктап-мактап, салтанат курушкан (Эзра 3:8, 10, 11). Бирок көп өтпөй эле куруу ишине каршылык көрсөтүлүп, элдин кайраты качкан (Эзра 4:4). Алар кайтып баргандан 15 жылдай өткөндөн кийин, Персия бийлиги Иерусалимдеги куруу ишине тыюу салган. Ал чечимди жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү бийлик башчылары Иерусалимге барып, «күч менен жумушту токтотушкан» (Эзра 4:21—24).

Мындай чоң кыйынчылыкка туш болгондо жүйүттөр жаңылыш ойлор менен өздөрүн алдашкан. Алар өздөрүнө: «Али убакыт келе элек. Теңир үйүн курганга убакыт келе элек»,— дешкен (Акай 1:2). Алар Кудай ибадаткананын токтоосуз түрдө курулушун каалаган жок деген тыянак чыгарышкан жана Анын эркин аткаруунун жолун издегендин ордуна, ыйык тапшырмасын таштап, өздөрүнүн үйүн жасалгалоого киришишкен. Кудайдын пайгамбары Акай ачык эле: «Бул үй [Жахабанын ибадатканасы] кыйрап жатса, өзүңөрдүн жасалгалуу үйүңөрдө жашай турган убакпы?» — деген (Акай 1:4).

Бул мисалдан кандай сабак алса болорун байкадыңарбы? Кудайдын ой-ниетинин качан аткарылышы керектигине байланыштуу туура эмес көз карашта болуу маанилүү рухий иштерге көңүл топтобой, жеке кызыкчылыктарга алаксышыбызга алып келиши мүмкүн. Мисалы, конок күтүп жатканыңарды элестетсеңер. Меймандардын келишин күтүп жатып силер аларды коноктоого байланыштуу көп иштерди аткарасыңар. Бирок меймандарыңардын кармалып жатканын билсеңер, камылга көрүүнү токтотуп коёт белеңер?

Акай менен Захария жүйүттөргө Жахабанын ибадаткананы создуктурбай кайра тургузууну мурдагыдай эле каалаарын түшүнүүгө жардам беришкен. Акай: «Бул жердин бүт эли, кайраттан... иштей баштагыла»,— деп үндөгөн (Акай 2:4). Жүйүттөр Кудайдын руху аларды колдооруна бекем ишенип, баштаган ишин улантышы керек эле (Зах. 4:6, 7). Бул мисал бизге Жахабанын күнүнө байланыштуу туура эмес жыйынтык чыгаруудан качууга жардам береби? (1 Кор. 10:11).

Жаңылыш ойлорду четке кагып, туура ой жүгүртүү

Элчи Петир өзүнүн экинчи катында Жахабанын «жаңы асман менен жаңы жерди» орнотууга байланыштуу белгилеп койгон убакыт-мөөнөтү жөнүндө айткан (2 Пет. 3:13). Ал айрым шылдыңчылдардын Кудайдын адам баласынын иштерине кийлигишерине шек туудурганын белгилеп өткөн. Алар: «Дүйнө жаратылганда кандай болсо,.. баары ошол эле бойдон калып жатпайбы»,— деп жаңылыш ойлошкон (2 Пет. 3:4). Петир мындай туура эмес ой жүгүртүүнү четке кагып, ишенимдештерине: «Тунук ой жүгүртүшүңөр үчүн,.. эскертүүлөрүм менен акылыңарды ойготуп жатам»,— деп жазган. Ал аларга ошол шылдыңчылдардын жаңылып жатканын эскертип, Кудайдын мурда адамзаттын иштерине кийлигишип, бүткүл жер шарына бүлгүндүү топон суу каптатканын айткан (2 Пет. 3:1, 5—7).

Б.з.ч. 520-жылы Акай кайраты качып, жигеринен тайып турган жүйүттөргө ушу сыяктуу чакырык айтып, аларды: «Жүрөгүңөрдү өзүңөрдүн жолдоруңарга бургулачы»,— деп үндөгөн (Акай 1:5). Ишенимдештеринин ой жүгүртүү жөндөмүн ойготуу үчүн ал аларга Кудайдын өз элине байланыштуу ой-ниетин жана убадаларын эскерткен (Акай 1:8; 2:4, 5). Анын кайраттандырганынан көп өтпөй, бийликтегилердин тыюу салганына карабай, курулуш кайрадан жанданган. Каршылаштар курулуш ишин токтотууга дагы бир ирет аракет кылган, бирок алардын аракетинен майнап чыккан эмес. Тыюу жокко чыгарылып, ибадаткана беш жылдын ичинде курулуп бүткөн (Эзра 6:14, 15; Акай 1:14, 15).

Жүргөн жолубуз жөнүндө ой жүгүртүү

Кыйынчылыктар пайда болгондо, Акайдын күндөрүндөгү жүйүттөрдөй болуп, биздин да ындыныбыз өчүшү мүмкүнбү? Эгер ошондой болсо, жакшы кабар айтууда ынталуу бойдон калуу кыйынга турушу ыктымал. Эмнеден улам көңүлүбүз чөгүшү мүмкүн? Балким, бул дүйнө түзүлүшүндөгү адилетсиздиктен жапа чегип жаткандырбыз. Кудайдан: «Сага качанга чейин зордук-зомбулук тууралуу зар какшай берем? Сен качанга чейин куткарбайсың?» — деп сураган Хабакук жөнүндө ойлонуп көрсөңөр (Хаб. 1:2). Исанын жолдоочусу айрымдардын Кудайдын күнү жакында келбейт деген көз карашынан улам убакыттын аз калганын сезбей, жашоо ыңгайына көбүрөөк маани бере башташы ыктымал. Сен жөнүндө да ушуну айтууга болобу? Эгер мындай көз карашка кармансак, өзүбүздү алдаган болобуз. Андыктан Жазмадагы кеңешке кулак кагып, өзүбүздүн жолубуз жөнүндө ой жүгүрткөнүбүз жана тунук ой жүгүртүү жөндөмүбүздү ойготконубуз кандай гана маанилүү! «Ыймансыз дүйнө түзүлүшүнүн аягы мен күткөн убакта келбей жатканына таң калышым керекпи?» — деп ойлонуп көрсөк болот.

Ыйык Китепте күтө турган убак болору алдын ала айтылган

Исанын бул дүйнө түзүлүшүнүн аягы жөнүндө айткандарына токтололу. Анын акыркы күндөргө байланыштуу айткан пайгамбарлыгы жөнүндө жазган Марктын билдирүүсүнөн көрүнүп тургандай, ал бизди сергек болууга кайра-кайра үндөгөн (Мр. 13:33—37). Жахабанын улуу күнүндө боло турган Армагедон жөнүндөгү пайгамбарлыкта да ушу сыяктуу эскертүү камтылат (Аян 16:14—16). Андай эскертүүлөр эмне себептен кайталанган? Анткени белгиленген убакытты күтүүдө адамга ошол убакыт создуктурулуп жаткандай сезилгендиктен, ал сергек болбой калышы мүмкүн.

Иса дүйнө түзүлүшүнүн аягын күтүп жатканда дайыма сергек болушубуз канчалык маанилүү экенин мисал менен көрсөткөн. Ал үйү тонолгон киши жөнүндө айткан. Үй ээси мындан кантип кача алмак? Түнү бою уктабай, сак болуу менен. Иса мисалын корутундулап: «Даяр болгула, себеби адам Уулу силер күтпөгөн саатта келет»,— деп кеңеш берген (Мт. 24:43, 44).

Бул мисал бир топ убакыт болсо да, күтүүгө даяр болуунун зарылдыгын көрсөтүп турат. Азыркы каардуу түзүлүштүн жок болор убактысы биз ойлогондон да көпкө созулуп жатат деп тынчсызданбашыбыз кажет. Ошондой эле өзүбүздү: «Жахаба белгилеген убакыт жакында келбейт»,— деген жалган ойлор менен алдабашыбыз керек. Мындай ой жүгүртүү Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды айтууга болгон ынтызарлыгыбызды басаңдатып коймок (Рим. 12:11).

Жаңылыш ойлордун тамырын жулуу

Жалган ой жүгүртүүгө байланыштуу Галатиялыктар 6:7деги принцип колдонорлук. Ал жерде: «Алданбагыла... Адам эмне сепсе, ошону орот»,— делген. Жерге эч нерсе себилбесе, аны отоо басып кетет. Анын сыңарындай, эгер тунук ой жүгүртүү жөндөмүбүздү ойготпосок, жаңылыш ойлор акылыбызда тамыр алышы ыктымал. Маселен, биз өзүбүзгө: «Жахабанын күнү сөзсүз келет, бирок азыр эмес»,— дешибиз мүмкүн. Минтип Жахабанын күнүн чыдамсыздык менен күтпөй калсак, теократиялык иштерге салкын мамиле кылып калышыбыз ыктымал. Бара-бара рухий иштерге кош көңүл карап калышыбыз этимал. Ошондо Жахабанын күнү биз үчүн капысынан келип калышы мүмкүн (2 Пет. 3:10).

Бирок «Кудайдын жакшы, өзүнө жаккан жана жеткилең эрки эмне экенине» дайыма ынанып турсак, жаңылыш ойлор акылыбызда тамырлабайт (Рим. 12:2). Бул жагынан Кудай Сөзүн үзгүлтүксүз окуу чоң жардам берет. Ыйык Жазма Жахабанын дайыма так белгиленген убакта иш-аракет кыларына ишенимибизди бекемдейт (Хаб. 2:3).

Өздүк изилдөө, тиленүү, ишенимдүүлүк менен жыйналыш жолугушууларына катышуу, кабар айтуу жана жакшылык кылуу бизге Жахабанын күнүнүн келишин күтүп, аны эсибизде бек сактоого жардам берет (2 Пет. 3:11, 12). Жахаба биздин туруктуулугубузду көз жаздымында калтырбайт. Элчи Пабыл: «Жакшылык кылып жатып багынбайлы, анткени алсырап эле калбасак, убагы келгенде оруп алабыз»,— деп эскерткен (Гал. 6:9).

Арийне, азыр Жахабанын күнү создуктурулуп жатат деп, жаңылыш ойлорго алдана турган убак эмес. Тескерисинче, Жахабанын күнү жакындап келаткандыктан, жүрөгүбүздү бекемдей турган убак.

[4-беттеги сүрөт]

Акай менен Захария жүйүттөрдү курулушту токтотпоого үндөгөн

[5-беттеги сүрөт]

Үй ээси ууру келатканын билсе, эмне кылмак?