Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабага толук таянгандар жан дүйнө тынчтыгына ээ

Жахабага толук таянгандар жан дүйнө тынчтыгына ээ

Жахабага толук таянгандар жан дүйнө тынчтыгына ээ

«Мен Теңирди чакырганда, Ал мени угат» (ЗАБ. 4:4).

1, 2. а) Дөөтү кандай оор жагдайга туш болгон? б) Кайсы забурларды карап чыгабыз?

ДӨӨТҮ падыша Ысрайылда бийлик жүргүзүп жатканына бир канча жыл болуп калганда оор жагдайга туш болот. Уулу Абышалом арамзалык менен жең ичинен иш кылып, өзүн падыша деп жарыялаганда, ал Иерусалимден качууга аргасыз болот. Жакын досу да аны сатып кетет. Ошондо Дөөтү аны берилгендик менен колдогон саналуу эле кишисин жанына алып, боздоп ыйлап, Зайтун тоосунун боору менен жылаңайлак жөнөйт. Мындан тышкары, Шабул падышанын туугандарынын бири Шемей аны таш менен уруп, топурак чачып, каргап-шилейт (2 Шем. 15:30, 31; 16:5—14).

2 Дөөтү ушундай оор сыноодон улам кайгыга чөгүп, маскара болуп өлүүгө аргасыз болду беле? Жок, анткени ал Жахабага таянган. Муну анын качып жүргөнү жөнүндө жазган 3-забуру ырастап турат. Дөөтү 4-забурду да жазган. Эки забурда тең ал Кудайдын тиленүүлөрдү угуп, аларга жооп берерине бекем ишенерин көрсөткөн (Заб. 3:5; 4:4). Ал забурлар Жахабанын күнү-түнү өзүнүн ишенимдүү кызматчылары менен болуп, батасын төгөрүн — аларды колдоп, тынчтыкка, бейкуттукка ээ кыларын — көрсөтүп турат (Заб. 3:6; 4:9). Андыктан, келгиле, 3, 4-забурларга токтолуп, алардын Кудайга таянууга жана жан дүйнө тынчтыгына ээ болууга кандайча жардам берерин карап көрөлү.

Көптөр бизге «каршы чыкканда»

3. Забур 3:2, 3төн көрүнүп тургандай, Дөөтүнүн жагдайы кандай болгон?

3 Бир кабарчы Дөөтүгө: «Ысрайылдыктар Абышалом тарапка ооп кетти»,— деп кабарлап келген (2 Шем. 15:13). Ошондо ал Абышаломдун ошончо көп кишини өз тарабына өткөрүп алганына айран-таң калып, Кудайга: «Оо Теңир! Душмандарым ушунчалык көбөйүп кетти! Көбү мага каршы чыгып жатат. Мен жөнүндө: „Кудай аны куткарбайт“,— деп жатышат»,— деген (Заб. 3:2, 3). Ысрайылдыктардын көбү Жахаба Дөөтүнү Абышалом менен анын таламдаштарынын колунан куткарбайт деп ойлошкон.

4, 5. а) Дөөтү эмнеге толук ишенген? б) «Башымды көтөрө турган Сенсиң» деген сөздөр кандай мааниге ээ?

4 Бирок Дөөтү бүт жүрөгү менен Кудайга таянгандыктан дүрбөлөңгө түшкөн эмес. Ал: «Сен, Теңир, менин калканымсың, атак-даңкымсың, башымды көтөрө турган Сенсиң»,— деп ырдаган (Заб. 3:4). Дөөтү, калкан жоокерди коргогондой эле, Жахабанын аны коргой турганына бекем ишенген. Ооба, улгайып калган падыша башын жаап, кемсинтилгенинен башын жерге салып жүргөндө, Эң Жогорку Кудай анын жагдайын өзгөртүп, кайрадан атак-даңкка ээ кылган. Жахабанын жардамы менен ал кайрадан боюн түзөп, башын көтөргөн. Кудайга жардам сурап кайрылганда Дөөтү анын жооп берерине эч күмөн санаган эмес. Сен да Жахабага толугу менен таянасыңбы?

5 «Башымды көтөрө турган Сенсиң» деген сөздөр Дөөтүнүн жардамды Жахабадан күткөнүн көрсөтүп турат. «Бүгүнкү англис котормосунда» бул аят: «Оо, ТЕҢИР, сен ар убак мени коркунучтан коргогон калканымсың; мени жеңишке жеткиресиң, кайрадан кайрат байлатасың»,— деп берилген. «Башымды көтөрө турган Сенсиң» деген сөздөргө карата бир эмгекте: «Кудай кимдир бирөөнүн „башын“ көтөргөндө ага үмүт, жан дүйнө бейкуттугун берет»,— делет. Падышалык тагынан күч менен кулатылганда Дөөтүнүн көңүлү чөкпөй койгон эмес. Бирок Кудай анын башын көтөргөндүктөн, ал кайрадан белин бекем бууп, ага толугу менен таянып, жан дүйнө бейкуттугуна ээ болгон.

Жахаба жооп берет

6. Дөөтү эмне үчүн тиленүүсүнө Жахабанын өзүнүн ыйык тоосунан жооп берерин айткан?

6 Жахабага таянгандыктан жана анын тиленүүлөргө жооп берерин билгендиктен Дөөтү сөзүн улап: «Үн чыгарып, Теңирди чакырам, Ал мени Өзүнүн ыйык тоосунан угат»,— деген (Заб. 3:5). Кудайдын катышуусун символдоштурган келишим сандыгы Дөөтүнүн буйругу менен Сион тоосуна алынып барган (Оку: 2 Шемуел 15:23—25). Ошондуктан Дөөтү тиленүүсүнө Жахабанын өзүнүн ыйык тоосунан жооп берерин айткан.

7. Дөөтү эмне үчүн корккон эмес?

7 Тиленүүлөрү жоопсуз калбай турганын билгендиктен Дөөтү корккон эмес. Тескерисинче, ал: «Жатсам да, уктасам да, турсам да, мени Теңир коргойт»,— деп ырдаган (Заб. 3:5). Жадагалса түнүчүндө да, адатта, душмандар капысынан кол сала турган учурда, Дөөтү эч нерседен кооптонбой уктаган. Ал түндөн түгөл чыгарына шектенген эмес, себеби Кудайдын сөзсүз коргооруна көп жолу өз тажрыйбасынан ынанган. Биз да «Теңирдин жолунда» жүрүп, андан алыстабасак, анын коргооруна бекем ишене алабыз (Оку: 2 Шемуел 22:21, 22).

8. Забур 26:1—4-аяттардан Дөөтүнүн Кудайга таянганы кандайча көрүнүп турат?

8 Дөөтүнүн Кудайга толугу менен таянып, өзүн коопсуз сезгени анын башка забурунда да чагылдырылган. Анда мындай сөздөр камтылат: «Теңир менин жарыгым, менин куткаруучум: кимден коркмок элем? Теңир — менин өмүрүмдүн тиреги: кимден үрөйүм учмак эле?.. Мага кошуун каршы чыкса да, менин жүрөгүм коркпойт... Теңирден мен бир гана нерсени сурадым, ошону гана издеп келем: өмүр бою Теңирдин үйүндө болгум келет, Теңирдин сулуулугун көргүм келет, Анын ийбадатканасына барып тургум келет» (Заб. 26:1—4). Эгер бул сөздөргө кошулсаң жана жагдай-шартың жол берсе, Жахабага сыйынгандар менен бирге жыйналыш жолугушууларына үзгүлтүксүз барып турасың (Эвр. 10:23—25).

9, 10. Забур 3:7, 8деги сөздөр Дөөтүнүн кекчил болгонун билдирбейт деп эмне үчүн айта алабыз?

9 Абышаломдун чыккынчылык кылганына жана көптөрдүн сатып кеткенине карабай, Дөөтү мындай деп ырдаган: «Мага миңдеген элдер бардык тараптан каршы чыгышса да коркпойм. Теңирим, ордуңан тур! Кудайым, мени куткар! Анткени Сен гана менин бардык кас-душманымды бетке урасың, кудайсыздардын тишин талкалайсың» (Заб. 3:7, 8).

10 Дөөтү кекчил болгон эмес. Анын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, эгер зарыл болсо, анын душмандарын өзү эмес, Кудай «бетке урмак». Дөөтү падышада Мыйзамдын көчүрмөсү болгондуктан, ал Жахабанын: «Аларды жазалап, алардан өчүмдү алам»,— деп айтканын билген (Мыйз. 17:14, 15, 18; 32:35). Мыйзамсыздардын тишин да өзү эмес, Кудай талкаламак. Мыйзамсыздардын тишинин талкаланышы алардын эч зыян келтире албай каларын билдирет. Жахаба кимдин мыйзамсыз экенин билет, анткени ал жүрөктөгүнү көрүп турат (1 Шем. 16:7). Бизге мыйзамсыздардын башчысына — арылдаган, бирок тиши жок арстан сыяктуу жакында түпсүз туңгуюкка ыргытылып, жок кылына турган Шайтанга — каршы турганга ишеним, күч-кубат берип жаткан Кудайга кандай гана ыраазыбыз! (1 Пет. 5:8, 9; Аян 20:1, 2, 7—10).

«Куткарылуу Теңирден»

11. Эмне себептен ишенимдештерибиз үчүн тиленишибиз керек?

11 Дөөтү өзү абдан муктаж болуп турган куткарылуунун Жахабадан гана келерин билген. Бирок ал өзүнүн эле эмес, Жахабанын элинин да жыргалчылыгын ойлогон. Ошондуктан ыйык рухтун жетеги менен жазган забурунун соңунда: «Куткарылуу Теңирден. Сенин батаң Өз элиңдин үстүндө болсун»,— деген (Заб. 3:9). Өзү опол тоодой кыйынчылыктарга туш болсо да, ал Жахабанын элин унуткан эмес жана анын өз элине батасын берерине күнөм санаган эмес. Биз да ишенимдештерибизди унутпашыбыз керек. Тиленгенибизде Жахабадан ыйык руху аркылуу аларга кайраттуу болууга, жакшы кабарды ишенимдүүлүк менен айтууга жардам беришин сураганыбыз маанилүү (Эф. 6:17—20).

12, 13. Абышалом эмне болгон жана ошондо Дөөтү эмне кылган?

12 Абышалом шылдыңдуу өлүм менен өлгөн. Бул башкаларга, айрыкча, Кудайдын Дөөтү сыяктуу майланган кызматчыларына жаман мамиле кылгандардын баарына сабак болуп калган (Оку: Накыл сөздөр 3:31—35). Абышаломдун аскери Дөөтүнүн кишилери менен беттешип, жеңилип калганда, Абышалом качыр минип качып баратып узун, коюу чачынан чоң дарактын бутагына илинип калган. Ал тирүү болгону менен, өзүн коргоого кудуретсиз болчу. Ошондо Жоап аны үч жебе менен жүрөккө сайып өлтүргөн (2 Шем. 18:6—17).

13 Уулунун эмне болгонун укканда Дөөтү кубанганбы? Жок. Тескерисинче, жанын коёрго жер таппай: «Оо, уулум Абышалом! Уулум, уулум Абышалом! Оо, Абышалом, сенин ордуңа мен өлсөм кана, уулум!» — деп боздогон (2 Шем. 18:24—33). Ал Жойаптын сөздөрүнөн кийин гана кайрат кылып, кайгынын чеңгелинен чыга алган. Абышалом атакты ушунчалык сүйгөндүктөн өз атасына, Жахабанын майланганына, каршы чыгууга батынып, өз башына мүшкүл түшүргөн! (2 Шем. 19:1—8; Накыл 12:21; 24:21, 22).

Дөөтү дайыма Кудайга таянган

14. 4-забурдун жазылышы жөнүндө эмне айтууга болот?

14 3-забурдай эле, 4-забурда да Дөөтүнүн Жахабага толугу менен таянганын көрсөткөн жалындуу тиленүүсү жазылган (Заб. 3:5; 4:4). Балким, Дөөтү бул забурду Абышаломдун төңкөрүш жасайын деген ою ойрон болгондон кийин жеңилдеп калганын жана Кудайга болгон ыраазычылыгын билдириш үчүн жазгандыр. Же ырчы лебилер жөнүндө жазгандыр. Кандай болбосун, ал забурдун үстүнөн ой жүгүртүү бизге Жахабага бекем таянууга түрткү берет.

15. Эмне үчүн Жахабага Уулу аркылуу ишенимдүү түрдө тилене алабыз?

15 Дөөтү ал даңктоо ырында да Кудайга бүт жүрөгү менен таянарын жана тиленүүнүн күчүнө ишенерин көрсөткөн. Ал: «Чакырганымда, жооп бере көр, оо, адил Кудайым. Кысталыш учурунда мени кенен жерге алып чык. Мага ырайым кылып, тиленүүмдү уга көр»,— деп ырдаган (Заб. 4:2, «ЖД» [4:1]). Эгер адилдикке жаткан иштерди кылсак, биз да аныкындай ишенимге ээ боло алабыз. Биз Жахабанын, «адил Кудайдын», өзүнүн түз жүргөн кызматчыларына батасын берерин билгендиктен жана Уулунун куткаруу курмандыгына ишенгендиктен ага Уулу аркылуу ишенимдүү түрдө тилене алабыз (Жкн. 3:16, 36). Бул кандай гана жубатарлык!

16. Сыягы, эмнеден улам Дөөтүнүн көңүлү чөккөн?

16 Кээде кайсы бир жагдайдан улам тынчсызданып, көңүлүбүз чөгүшү мүмкүн. Бир учурда Дөөтү да ушундай сезимде болгон көрүнөт, анткени ал: «Адам балдары! Качанга чейин менин даңкым шылдың боло берет? Качанга чейин убаракерчиликти сүйө бересиңер? Качанга чейин жалганды издей бересиңер?» — деп жазган (Заб. 4:3). Бул жерде «адам балдары» деген сөз айкашы, сыягы, терс мааниде колдонулган. Дөөтү айткандай, анын душмандары «убаракерчиликти сүйүшкөн». «Эл аралык жаңы котормодо» жогорудагы сөздөр: «Качанга чейин куру кыялды жакшы көрүп, жалган кудайларга кайрыла бересиңер?» — деп берилген. Андыктан, башкалардын кылган иштери көңүлүбүздү чөктүрсө да, жалгыз чыныгы Кудайга жалындуу тиленип, ага толугу менен таянарыбызды көрсөтө берели.

17. Кантип Забур 4:4кө ылайык иш кылсак болорун түшүндүр.

17 Дөөтүнүн Кудайга таянганы: «Теңир Өзү үчүн Өзүнүн ыйыгын [«Өзүнө берилген кишини», «ЖД»] бөлүп койгонун билип койгула. Мен Теңирди чакырганда, Ал мени угат»,— деген сөздөрүнөн да көрүнүп турат (Заб. 4:4). Жахабага берилген бойдон калыш үчүн кайраттуу болушубуз жана ага толук таянышыбыз талап. Мисалы, жакын адамы кылган күнөөсү үчүн өкүнбөгөндүктөн жыйналыштан чыгарылганда, чындык жолундагы үй-бүлө мүчөлөрүнө ушул сапаттарды чагылдыруу керек болот. Бирок Кудайга берилгендигин сактап, анын жолунан чыкпагандар батасыз калбайт. Өз кезегинде мындай берилгендик жана Кудайга толук таянуу анын элинин арасында кубаныч өкүм сүрүшүнө өбөлгө түзөт (Заб. 83:12, 13).

18. Жүрөк ооруткан сөз уксак же жаман мамилеге кабылсак, Забур 4:5ке ылайык, эмне кылышыбыз керек?

18 Бирок кимдир бирөө сүйлөгөн сөзү же кылган иши менен көңүлүбүздү оорутсачы? Андайда Дөөтүнүн: «Ачууланганыңарда күнөө кетирбегиле: төшөктө жатканыңарда ойлонуп сабыр кылгыла»,— деген сөздөрүнө ылайык иш кылсак, кубанычыбызды сактай алабыз (Заб. 4:5). Жүрөк ооруткан сөз уксак же жаман мамилеге кабылсак, жамандыкка жамандык менен жооп берип күнөө кетирбейли (Рим. 12:17—19). Анын ордуна, төшөктө жатканда ичибиздеги арыз-муңубузду Кудайга айталы. Ошондо кыйынчылыкка башкача көз караш менен карап, көңүлүбүздү ооруткан кишини сүйүү менен кечирүүгө түрткү алышыбыз мүмкүн (1 Пет. 4:8). Бул жагынан элчи Пабылдын, кыязы, Забур 4:5ке негизделген: «Ачууланганыңарда күнөө кетирбегиле. Ачууңарды күн батканча баскыла жана Ибилиске орун бербегиле»,— деген кеңешине кулак какканыбыз да маанилүү (Эф. 4:26, 27).

19. Забур 4:6дан рухий курмандыктарга байланыштуу эмнени билебиз?

19 Дөөтү Кудайга таянуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп: «Чындык курмандыгын чалгыла, Теңирге таянгыла»,— деп ырдаган (Заб. 4:6). Ысрайылдыктар курмандыгын таза ниет менен чалганда гана, курмандыгы Кудайга жакмак (Ыш. 1:11—17). Кудай рухий курмандыктарыбызды кабыл алышы үчүн, биздин да ниетибиз таза болушу жана ага толук таянышыбыз керек (Оку: Накыл сөздөр 3:5, 6; Эврейлер 13:15, 16).

20. Жахабанын жүзүнүн жарыгы эмнени билдирет?

20 Дөөтү сөзүн: «Көп адамдар: „Бизге ким жакшылык кылат?“ — дешет. Теңир, бизге Өз жүзүңдүн жарыгын көрсөт»,— деп улаган (Заб. 4:7). Жахабанын жүзүнүн жарыгы анын ырайымын билдирет (Заб. 88:16). Демек: «Бизге Өз жүзүңдүн жарыгын көрсөт»,— деп тиленгенде Дөөтү, мындайча айтканда: «Бизге ырайым кыла көр»,— деген. Ырас, Жахабага таянгандыктан биз анын ырайымына ээбиз жана анын эркин аткаруудан зор кубаныч алабыз.

21. Учурда жүрүп жаткан рухий оруп-жыюу ишине толук кандуу катышсак, эмнеден шектенбесек болот?

21 Дөөтү Жахабанын оруп-жыюу маалындагыдан да ашып түшкөн кубаныч берерине ишенгендиктен ошол учурду эңсеп, ага: «Сен жүрөгүмө кубаныч бересиң, Алардын даны, жаңы шарабы мол болуп тургандагыдан да чоң кубаныч тартуулайсың»,— деп айткан (Заб. 4:8, «ЖД» [4:7]). Учурда кызуу жүрүп жаткан рухий оруп-жыюу ишине толук кандуу катышсак, жүрөгүбүз шаттыкка бөлөнөрү шексиз (Лк. 10:2). Жетекчиликти колго алган майлангандардан турган «эл» менен бирге биз оруп-жыюуга катышкан жумушчулардын саны өсүп жатканына кубануудабыз (Ыш. 9:3). Бул кубанычтуу ишке сен да жигердүү катышып жатасыңбы?

Кудайга толугу менен таяна берели

22. Забур 4:9га ылайык, ысрайылдыктар Кудайдын Мыйзамына карманганда кандай жашашкан?

22 Дөөтү 4-забурун: «Мен тынч жатып, тынч уктайм, анткени мага коопсуз жашоо берген бир Өзүңсүң, Теңир»,— деп жыйынтыктаган (Заб. 4:9). Ысрайылдыктар Жахабанын Мыйзамына карманганда аны менен жакшы мамиледе болуп, өздөрүн коопсуз сезишкен. Алсак, «Ысрайыл менен Жүйүт эли» Сулайман падышалык кылган кезде «бейкапар жашаган» (1 Пад. 4:25). Кудайга таянганынын аркасында алар атүгүл душмандары тишин кайрап турган учурда да бейкут жашашкан. Кудай жан дүйнө тынчтыгын бергендиктен, биз да, Дөөтүдөй болуп, тынч уктайбыз.

23. Кудайга толугу менен таянсак, натыйжасы кандай болот?

23 Эмесе, Жахабага эч нерседен кооптонбой кызмат кыла берели. Ошондой эле ишеним менен тиленип, «Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгына» ээ боло берели (Флп. 4:6, 7). Бул бизге эбегейсиз зор кубаныч тартуулайт! Мындан сырткары, Жахабага толугу менен таянсак, келечекке ишенимдүү карай алабыз.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Дөөтү Абышаломдун айынан кандай кыйынчылыктарга туш болгон?

• 3-забур жан дүйнө тынчтыгына ээ болууга кандайча жардам берет?

• 4-забур Жахабага бекем таянууга кандайча жардам берет?

• Кудайга толугу менен таянсак, кандай пайда алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[29-беттеги сүрөт]

Дөөтү Абышаломдон качып жүргөндө да Жахабага таянган

[32-беттеги сүрөт]

Жахабага толук таянасыңбы?