Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жашооңдо ким биринчи орунда турат?

Жашооңдо ким биринчи орунда турат?

Жашооңдо ким биринчи орунда турат?

«Жер үстүндөгү бардыгынан жогору турган Кудай Сенсиң» (ЗАБ. 82:19).

1, 2. Эмне себептен куткарылышыбыз үчүн Жахабанын ысмын билгенибиз жетишсиз деп айтууга болот?

БАЛКИМ, сен Жахабанын ысмын биринчи жолу Забур 82:19дан көргөн чыгарсың. Ал жерде жазылган: «Бир гана Сенин ысымың Жахаба экенин, жер үстүндөгү бардыгынан жогору турган Кудай Сен экениңди билишсин»,— деген сөздөрдү окуганда таң калган болушуң керек. Ошондон тартып ушул аятты колдонуп, башкаларга мээримдүү Кудайыбыз Жахаба жөнүндө билүүгө жардам берип жатканың күмөнсүз (Рим. 10:12, 13).

2 Адамдар үчүн Жахабанын ысмын билүү абдан маанилүү болсо да, аны билип эле коюу жетишсиз. Забурчунун: «Жер үстүндөгү бардыгынан жогору турган Кудай Сенсиң» — деп, куткарылышыбыз үчүн зор мааниге ээ болгон дагы бир чындыкты баса белгилегенине көңүл бурсаң. Ооба, бүткүл ааламда Жахаба бардыгынан жогору турат. Ай-ааламдын Жаратуучусу болгондуктан ал жаратууларынын баарынан баш ийүүнү талап кылууга толук укуктуу (Аян 4:11). Андыктан: «Жашоомдо мен үчүн ким биринчи орунда турат?» — деп ойлонуп көрүшүбүз керек. Бул суроонун жообун кылдат талдаганыбыз абдан маанилүү.

Эйден багындагы талаш маселе

3, 4. Шайтан Обо энени кантип алдаган жана мунун натыйжасы кандай болгон?

3 Жогорудагы суроонун канчалык олуттуу экени тээ Эйден багында болгон окуядан айкын көрүнүп турат. Кийин Шайтан Ибилис деген атка конгон козголоңчул периште биринчи аялды, Обо энени, өзүнүн каалоолорун Жахабанын белгилүү бир дарактын жемишин жебеши керектигине байланыштуу осуятынан жогору коюуга азгырган (Башт. 2:17; 2 Кор. 11:3). Обо эне анын тилине кирип, Жахабанын эгедерлигин урматтабай турганын көрсөткөн. Анын жашоосунда Жахаба биринчи орунда турган эмес. Шайтан аны кантин алдаган?

4 Обо эне менен сүйлөшкөндө Шайтан бир нече амалдуу ыкманы колдонгон (Оку: Башталыш 3:1—5). Биринчиден, ал Жахабанын ысмын эмес, «Кудай» деген наамды колдонгон. Андан айырмаланып, Башталыш китебинин жазуучусу түп нускада ошол бөлүмдүн биринчи аятында Жахабанын ысмын колдонгон. Экинчиден, Шайтан Кудайдын «осуяты» жөнүндө сөз кылбастан, анын аларга эмне деп «айтканын» сураган (Башт. 2:16). Ал куулук менен Кудайдын осуятынын маанилүүлүгүн басаңдатууга аракет кылса керек. Үчүнчүдөн, Обо энеге эле сүйлөп жатса да, ал «силер» деген ат атоочту колдонгон. Муну менен ал Обо энеге текеберденүүгө, өзү жана күйөөсү үчүн чечим чыгарууга укуктуумун деп эсептөөгө түрткү берген көрүнөт. Натыйжада Обо эне менменсинип: «Дарактардын жемиштеринен жесек болот» — деп, өзү жана күйөөсү үчүн жооп берген.

5. а) Шайтан Обого эмне жөнүндө ойлонууга түрткү берген? б) Обо эне тыюу салынган жемишти жегени менен эмнени көрсөткөн?

5 Андан тышкары, Шайтан чындыкты бурмалаган. Ал Кудай бактагы дарактардын баарынан эле жей бербеши керектигин талап кылуу менен адилетсиздик кылып жатат дегендей ойду айткан. Анан Обо энеге өзү жана жашоосун дагы кантип жакшыртса болору, «Кудайдай болуу» жөнүндө ойлонууга түрткү берген. Акыры, Шайтан аны бардыгын берген Кудай менен болгон мамилесин унутуп, бак менен анын жемишин эле ойлоп калууга түрткөн (Оку: Башталыш 3:6). Өкүнүчтүүсү, Обо эне ошол жемишти жеп, өзүн Жахабадан да жогору көрөрүн көрсөткөн.

Аюбдун күндөрүндөгү маселе

6. Шайтан Аюбдун актыгына кантип шек келтирген жана Аюбга кандай мүмкүнчүлүк берилген?

6 Кылымдар оошкондон кийин, ишенимдүү Аюбга анын жашоосунда ким биринчи орунда турарын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Жахаба Шайтандын көңүлүн Аюбдун актыгына бурганда, ал: «Аюб Кудайдан бекеринен коркот бекен?» — деп каршы болгон (Оку: Аюб 1:7—10). Шайтан Аюбдун Кудайга тил алар-албасына эмес, ниетинин тазалыгына шек келтирген. Ал амалкөйлүк менен Аюбга жалаа жаап, анын Кудайга сүйүүсүнөн улам эмес, жеке кызыкчылыгы үчүн кызмат кыларын ырастаган. Анын ырастоосунун карандай калп экенин Аюб гана далилдей алмак жана ага ошондой мүмкүнчүлүк берилген.

7, 8. Аюб кандай сыноолорго туш болгон жана ишенимдүүлүгүн сактоо менен эмнени далилдеген?

7 Жахаба Шайтанга Аюбдун башына каран түн түшүрүп, үстөкө-босток каргашаларды жиберүүгө жол берген (Аюб 1:12—19). Көз ирмемде жашоосу кескин өзгөргөндө, Аюб эмне кылган? «Аюб күнөө кылган жок. Кудайга акарат келтирген жок!» — делет Ыйык Китепте (Аюб 1:22). Бирок Шайтан ошону менен эле унчукпай калган эмес. Ал: «Тери үчүн тери, адам өз жаны үчүн колунда эмне болсо, ошонун бардыгын берет»,— деп доо койгон * (Аюб 2:4). Шайтан эгер Аюбдун өзүн азапка салсам, Жахаба анын жашоосунда биринчи орунда турбай турганын көрсөтөт дегендей кылган.

8 Жийиркеничтүү оорунун айынан Аюбдун түрү суук болуп калган. Анысы аз келгенсип, жубайы аны Кудайды каргап, өлүп эле калууга үндөгөн. Кийинчерээк үч жалган сооротуучу аны күнөө кылып жүрөт деп айыпташкан (Аюб 2:11—13; 8:2—6; 22:2, 3). Ушунун баарына карабай Аюб актыгынан жазган эмес (Оку: Аюб 2:9, 10). Ишенимдүүлүк, туруктуулук көрсөтүү менен ал жашоосунда Жахаба биринчи орунда турарын далилдеген. Ошондой эле Аюб жеткилеңсиз адамдын, жеткилең түрдө болбосо да, Ибилистин жалган жалаасын төгүнгө чыгара аларын айгинелеген (Салыштыр: Накыл сөздөр 27:11).

Исанын жеткилең түрдө жооп кайтарышы

9. а) Шайтан Исаны азгыруу үчүн кандайча анын денелик муктаждыгын пайдаланууга аракет кылган? б) Иса анын азгырыгына кандай жооп кайтарган?

9 Иса чөмүлтүлгөндөн көп өтпөй, Шайтан аны үч жолу сынап, биринчи орунга Жахабаны эмес, дене каалоолорун коюуга азгырууга далалат кылган. Алгач Исага таштарды нанга айлантууну сунуштоо менен анын денелик муктаждыгын өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракет кылган (Мт. 4:2, 3). 40 күн орозо кармагандыктан Исанын өзөгү карайып турганда, Ибилис аны денелик муктаждыгын канааттандыруу үчүн керемет жасоо жөндөмүн кыянат пайдаланууга үндөгөн. Иса буга кандай жооп кайтарган? Жахабанын жетекчилигине баш ийбеген Обо энеден айырмаланып, ал Жахабанын Сөзүндө жазылгандарга бүт көңүлүн топтоп, азгырыкты дароо четке каккан (Оку: Матай 4:4).

10. Эмне үчүн Шайтан Исаны ибадаткананы курчап турган дубалдын үстүнөн боюн таштоого чакырган?

10 Шайтан Исаны өзүмчүлдүк кылууга да азгырып, аны ибадаткананы курчап турган дубалдын үстүнөн боюн таштоого чакырган (Мт. 4:5, 6). Ал эмнени көздөгөн? Ал эгер Иса дубалдан боюн таштаганда эч кандай зыян тартпаса, анын «Кудайдын уулу» экени далилденет деп ырастаган. Кыязы, Ибилис Исанын өз аброюн эле ойлошун, атүгүл көйрөңдөнүшүн каалаган. Ал адамдын текебердиктен улам жана башкалардын көз алдында баркын түшүргүсү келбегендиктен кооптуу нерселерди кылуудан кайра тартпашы мүмкүн экенин билген. Шайтан ыйык китептик аятты туура эмес колдонсо да, Иса Жахабанын Сөзүн терең түшүнөрүн көрсөткөн (Оку: Матай 4:7). Ошол азгырыкты четке кагуу менен Иса Жахабаны баарынан жогору көрөрүн дагы бир ирет далилдеген.

11. Ибилис дүйнөнүн бүт падышалыктарын сунуш кылганда, Иса эмне үчүн анын сунушун четке каккан?

11 Айласы куруганда Шайтан мурункуларынан да таасирдүү көрүнгөн амалын колдонгон: Исага дүйнөдөгү бардык падышалыктарды сунуш кылган (Мт. 4:8, 9). Бирок Иса ал сунушту да буйдалбастан четке каккан. Анткени анын сунушун кабыл алуу Жахабанын эгедерлигин — Кудайдын Эң Жогорку болууга укуктуу экенин — четке кагууга барабар болмоктугун түшүнгөн (Оку: Матай 4:10). Ар бир учурда ал Шайтанга Жахабанын ысмы жазылган аяттарды колдонуп жооп берген.

12. Жердеги жашоосунун аягында Исага кандай чечим чыгарууга туура келген жана андан эмнеге үйрөнө алабыз?

12 Жердеги жашоосу соңуна чыгып калганда, Исага өтө оор чечим чыгарууга туура келген. Ал жерде кызмат кылып жүргөндө өмүрүн курмандыкка берүүгө даяр экенин бир нече ирет айткан (Мт. 20:17—19, 28; Лк. 12:50; Жкн. 16:28). Бирок Иса өзүнүн ак жерден караланарын, жүйүттөрдүн соту тарабынан күнөөлүү деп табылып, Кудайга акарат кылган киши катары жазаланарын билген. Мына ушул нерсе анын өзөгүн сыздаткан. Ал: «Ата, эгер мүмкүн болсо, бул чөйчөк менден кыя өтсө экен»,— деп тиленген. Ошентсе да: «Бирок мен каалагандай эмес, сен каалагандай болсун»,— деп кошумчалаган (Мт. 26:39). Ырас, Иса өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүүлүгүн сактоо менен жашоосунда кимди баарынан жогору коёрун айдан ачык көрсөткөн.

Биз кандай жооп кайтарабыз?

13. Обо эненин, Аюбдун жана Иса Машаяктын мисалынан эмнеге үйрөнөбүз?

13 Бул макаладан эмнелерди билдик? Обо эне менен болгон окуядан өз каалоолоруна жетеленгендер, менменсингендер өзүн Жахабадан өйдө коёрун көрсөтөрүн билдик. Ал эми Аюбдун актыгын сактаганынан жеткилеңсиз адамдын да кыйын учурларда ишенимдүүлүк көрсөтүү менен, атүгүл көйгөйдүн себебин толук түшүнбөсө да, Жахабаны биринчи орунга коё аларын билдик (Жкп. 5:11). Ошондой эле Исанын үлгүсү бизди шылдың болуудан коркпогонго, өз беделибизди баарынан маанилүү көрбөгөнгө үйрөтөт (Эвр. 12:2). Эми үйрөнүп-билгендерибизди кантип колдонсок болот?

14, 15. Исанын азгырыкка жооп кайтарганы Обо эненикинен эмнеси менен айырмаланган жана Исадан эмнеге үйрөнө алабыз? (18-беттеги сүрөттө эмне чагылдырылганын айтып бер.)

14 Азгырыктарга кабылганда Жахабаны унутпа. Обо эненин тыюу салынган жемишке көзү түшүп, көңүлү байланып калган. Ал анын «жегенге жакшы экенин, көзгө сүйкүм экенин,.. өзүнө тартып турганын» көргөн (Башт. 3:6). Шайтандын үч азгырыгын четке каккан Исанын иш-аракети аныкынан кандай гана айырмаланган! Иса үч учурда тең азгырыктын артында эмне турганын жана иш-аракетинин натыйжасы кандай болорун көрө билген. Ал Жахабанын Сөзүнө таянган жана анын ысмын колдонгон.

15 Жахабага жакпаган нерсени кылууга азгырылганда эмнеге көңүл топтогонубуз маанилүү? Азгырыкка көңүл топтой берсек, жаман каалоо күч ала берет (Жкп. 1:14, 15). Андыктан андай каалоолорду түп-тамыры менен жулуу үчүн, мындайча айтканда, денебиздин бир мүчөсүн оюп же кесип таштаганчалык чечкиндүү иш-аракет кылышыбыз керек (Мт. 5:29, 30). Исадай болуп, иш-аракеттерибиздин натыйжасы кандай болорун, тагыраак айтканда, алардын Жахаба менен болгон мамилебизге кандай таасир этерин ойлошубуз кажет. Ошондой эле анын Сөзү Ыйык Китепте эмне айтылганын эстешибиз зарыл. Ошондо гана Жахаба биз үчүн баарынан жогору турарын тастыктайбыз.

16—18. а) Эмнеден улам катуу кайгырышыбыз мүмкүн? б) Кыйынчылыктарды көтөрүп кетүүгө эмне жардам берет?

16 Кыйынчылыктарга кабылганда Жахабага ачууланба (Накыл 19:3). Бул ыймансыз дүйнөнүн акыры жакындаган сайын, Жахабанын эли кайгы-касыреттерге көп кабылууда. Албетте, андайда Кудай бизди керемет жолу менен коргойт деп күтпөйбүз. Ошентсе да, Аюбдай болуп, сүйүктүү жакындарыбызды жоготкондо же кыйынчылыкка кабылганда жүрөгүбүз мыкчылып, катуу кайгырышыбыз мүмкүн.

17 Аюб Жахабанын айрым нерселерге эмне үчүн жол берип жатканын түшүнгөн эмес, кээде биз да түшүнбөшүбүз ыктымал. Балким, ишенимдүү бир туугандарыбыздын Гаитиде болгондогудай катуу жер титирөөдөн же башка табигый кырсыктардан каза тапканын уккандырбыз. Же болбосо актыгын сактаган бир тууганыбыздын зордук-зомбулукка кабылганын же үрөйдү учурган кырсыкка дуушар болгонун билеттирбиз. Мүмкүн, өз башыбызга мүшкүл түшүп, жүрөк заада болуп жүргөндүрбүз же адилетсиздиктен жапа чегип жаткандырбыз. Мындай учурларда жүрөгүбүз кайгыга малынып: «Жахаба, эмне үчүн? Эмне үчүн мен? Менде эмне жазык?» — деп зарлашыбыз ыктымал (Хаб. 1:2, 3). Андайда туруктуу болууга эмне жардам берет?

18 Кыйынчылыктарга кабылганыбыз Жахабанын ырайымынан айрылганыбыздын белгиси деп ойлобошубуз керек. Иса өзүнүн күндөрүндөгү эки кырсык жөнүндө сөз кылганда ушул ойду баса белгилеген (Оку: Лука 13:1—5). Көпчүлүк учурда адам «күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайда» болуп калгандыктан каргашага кабылат (Нас. 9:11, «ЖД»). Бирок эмнеден улам кыйынчылыкка туш болбойлу, «ар кандай сооронучтун Кудайына» таянсак, аны көтөрүп кете алабыз. Ал ишенимдүү бойдон калышыбыз үчүн зарыл күч-кубат берет (2 Кор. 1:3—6).

19, 20. Исага кордукка чыдоого эмне жардам берген жана бизге эмне жардам берет?

19 Текебердиктин же шылдың болуудан коркуу сезиминин жүрөгүңдү ээлеп алышына жол бербе. Иса момун болгондуктан «бардык нерсесин калтырып», «кул кейпин кийген» (Флп. 2:5—8). Жахабага таянгандыктан ал нечен ирет кордук көргөнүнө карабай, берилгендигин сактай алган (1 Пет. 2:23, 24). Ошентүү менен Иса Жахабанын эркин алдыңкы орунга койгон жана мунун аркасында зоболосу көтөрүлгөн (Флп. 2:9). Ал өзүнүн шакирттерин анын жолун жолдоого үндөгөн (Мт. 23:11, 12; Лк. 9:26).

20 Кээде ишенимибиз үчүн сыноого туш болгондо уялышыбыз ыктымал. Бирок андайда, элчи Пабылдай болуп, кайраттуулук көрсөтүшүбүз керек. Ал мындай деген: «Азаптарды тартып жатам, бирок мындан уялбайм. Анткени кимге ишенгенимди билем жана ал менин ага ишенип тапшырганымдын баарын сот күнүнө чейин сактай алат деп толук ишенем» (2 Тим. 1:12).

21. Өзүмчүл адамдардын арасында жашап жатсаң да, эмнеге чечкиндүүсүң?

21 Ыйык Китепте биздин күндөрдө адамдардын «өзүн өзү сүйүүчү» болору алдын ала айтылган (2 Тим. 3:2). Ошондуктан өз көмөчүнө күл тарткан муундун арасында жашап жатканыбыз таң калыштуу эмес. Керт башынын жыргалын көздөгөн андай адамдарды эч качан туурабайлы! Тескерисинче, келгиле, сыноолорго туш болобузбу, башыбызга мүшкүл түшөбү же басынтылып-шылдыңдалабызбы, биз үчүн Жахаба баарынан жогору турарын далилдөөгө чечкиндүү бололу!

[Шилтеме]

^ 7-абз. Ыйык Китепти изилдеген айрым окумуштуулар «тери үчүн тери» деген сөз айкашы Аюбдун керт башын ойлоп, өзүнүн терисин, башкача айтканда, жанын сактап калыш үчүн балдарынын жана малынын терисин, башкача айтканда, жанын аябай турганын билдириши мүмкүн дешет. Башкалары болсо ал сөз айкашы адамдын өмүрүн сактап калыш үчүн терисинин кайсы бир бөлүгүн жоготууга даяр болорун көрсөтүп турат деген ойдо. Мисалы, адам башына тие турган соккуну колу менен тосуп, терисин сактап калуу үчүн терисинин кайсы бир бөлүгүнөн ажырашы мүмкүн. Ал идиоманын мааниси кандай болбосун, анда Аюб жанын сактап калыш үчүн баарын берүүгө даяр болот деген ой камтылганы айкын.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Шайтандын Обо энени азгырганын эмнени билдик?

• Аюбдун башына мүшкүл түшкөндөгү иш-аракетинен эмнеге үйрөнө алабыз?

• Иса эмнеге көңүл топтогон жана андан эмнеге үйрөнсөк болот?

[Изилдөө суроолору]

[17-беттеги сүрөт]

Обо эне Жахаба менен болгон мамилесин биринчи орунга койгон эмес

[18-беттеги сүрөт]

Иса Шайтандын азгырыктарын четке кагып, Жахабанын эркин аткарууга бүт көңүлүн топтогон

[20-беттеги сүрөт]

Гаитидеги жер титирөөдөн кийин чатырма-чатыр күбөлөндүрүү

Кыйын учурда «ар кандай сооронучтун Кудайына» таяна алабыз