Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жеткилең Жол башчыбыз Машаяктын жолун жолдо

Жеткилең Жол башчыбыз Машаяктын жолун жолдо

Жеткилең Жол башчыбыз Машаяктын жолун жолдо

АДАМ БАЛАСЫНЫН төрөлөрүнө үмүт арткандар көп учурда көңүл кайттыкка учурашат. Ал эми Машаяктын башчылыгына баш ийгендер тууралуу минтип айтууга болбойт. Иса мындай деген: «Мээнеттенгендер жана түйшүк тарткандар, баарыңар мага келгиле. Мен силерди сергитем. Менин моюнтуругумду алып, менден үйрөнгүлө, анткени мен жумшакмын жана жүрөгүм момун. Ошондо жаныңар сергийт» (Мт. 11:28, 29). Ырас, Исанын жетекчилигине баш ийүү кубаныч тартуулап, жан сергитет. Ал бей-бечаралардын, кадыр-баркы тебеленгендердин жыргалчылыгына абдан кызыкдар болгондуктан, аларды өзүнүн ыңгайлуу моюнтуругун алууга чакырат. Бирок Исанын жолун жолдоо деген эмнени билдирет?

«Машаяк да силер үчүн азап тартып, анын изи менен так жүрүшүңөр үчүн, силерге үлгү калтырган»,— деп жазган элчи Петир (1 Пет. 2:21). Исанын изи менен жүрүү эмне үчүн маанилүү? Топ киши менен бирге миналар жашырылган талаа аркылуу өтөйүн деп жатканыңды элестетсең. Ал жактан кантип аман-эсен өтсө болорун араңардан бир эле киши билсе, анын артынан ээрчип, атүгүл изи менен баспайт белең? Ошол сыңары, келечегибиздин коопсуз болору Исанын үлгүсүнө карманып жашаганыбыздан көз каранды. Бул аны угууну, ага баш ийүүнү жана анын өкүлдөрү менен кызматташууну камтыйт.

Ук жана баш ий

Тоодогу насаатынын соңунда Иса мындай деген: «Ушул сөздөрүмдү угуп, аткаргандардын баары үйүн аска таштын үстүнө курган акылдуу адамга окшош. Шамал согуп, жамгыр төгүп, сел жүрүп, ал үйдү каптады. Бирок ал кулаган жок, анткени аска таштын үстүнө курулган болчу» (Мт. 7:24, 25).

Иса анын сөздөрүн угуп, аткарган кишини «акылдуу» деп атаган. Машаяктын үлгүсүнө чын жүрөктөн кармануу менен ага ыраазы экенибизди көрсөтөбүзбү же анын осуяттарынын аткарууга жеңил, ыңгайлуу болгондорун гана аткарууга жакынбызбы? Иса: «Мен ар дайым [Кудайга] жакканды жасайм»,— деген (Жкн. 8:29). Келгиле, анын үлгүсүнө карманууга бүт күчүбүздү жумшайлы.

1-кылымда элчилер Машаяктын башчылыгына баш ийүү жагынан мыкты үлгү көрсөтүшкөн. Бир жолу Петир Исага: «Мына, биз баарын таштап, сенин артыңдан ээрчип жүрөбүз»,— деген (Мр. 10:28). Арийне, элчилер Исанын башчылыгын ушунчалык жогору баалагандыктан, анын жолун жолдоо үчүн даярдуулук менен баарынан баш тартышкан (Мт. 4:18—22).

Машаяктын өкүлдөрү менен кызматташ

Өлөрүнө аз калганда, Иса анын башчылыгына баш ийүүнүн дагы бир жолун көрсөткөн. «Ким мен жибергендерди кабыл алса, ал мени да кабыл алган болот»,— деген ал (Жкн. 13:20). Иса майланган өкүлдөрүн «биртуугандарым» деп атаган (Мт. 25:40). Ал тирилип, асманга кеткенден кийин, анын «биртуугандары» «Машаяктын атынан жиберилген» элчилер катары иш-аракет кылууга — адамдарды Жахаба Кудай менен элдешүүгө чакырууга — дайындалышкан (2 Кор. 5:18—20). Машаяктын башчылыгына баш ийүүгө анын «биртуугандарына» баш ийүү да кирет.

Ыйык Китепке негизделген адабияттардагы өз убагында берилген кеңештерди кандай кабыл аларыбыз жөнүндө ой жүгүртүп көргөнүбүз дурус. Ыйык Жазманы изилдегенибизде, жыйналыш жолугушууларына катышканыбызда Машаяктын сөздөрүн эсибизге салабыз (2 Пет. 3:1, 2). Эгер дайыма ушундай жол менен рухий жактан азыктанып турсак, рухий тамак үчүн чын жүрөктөн ыраазы экенибизди көрсөтөбүз. Бирок кайсы бир кеңеш мезгил-мезгили менен кайталанып турса, буга кандай карашыбыз керек? Мисалы, Ыйык Китепте Кудайдын кызматчыларынын «Мырзабыздын жолдоочусу» менен гана баш кошушу керектиги айтылат (1 Кор. 7:39). Бул тууралуу «Күзөт мунарасында» жүз жылдан ашуун убакыттан бери маал-маалы менен талкууланып келет. Машаяктын бир туугандары ушул жана башка темаларга байланыштуу ыйык китептик кеңештер камтылган макалаларды басып чыгаруу менен бизди жакшы көрөрүн, рухий жыргалчылыгыбызга кызыкдар экенин көрсөтүп келет. Ал эскертүүлөргө кулак кагуу — жеткилең Жол башчыбыз Иса Машаяктын изи менен так жүрөрүбүздү көрсөтүүнүн дагы бир жолу.

«Адил адамдардын жолу — жаркыраган чырак, ал толук жарык киргенге чейин уламдан-улам жаркырай берет»,— делет Накыл сөздөр 4:18де. Ооба, Иса Башчы катары жыйналышынын дайыма алга илгерилеп, жакшырып турушуна кам көрүп келет. Андыктан «ишенимдүү жана акылдуу кул» ыйык китептик окууларга тактоолорду киргизгенде, аларды оң маанайда кабыл алуу менен да Машаяктын «биртуугандары» менен кызматташарыбызды көрсөтөбүз (Мт. 24:45).

Ошондой эле дайындалган көзөмөлчүлөр менен кызматташканыбыз Машаяктын «биртуугандарына» баш ийип жатканыбызды айгинелейт. Элчи Пабыл: «Араңарда жетекчиликти колго алгандарга тил алып, баш ийгиле. Себеби алар силер үчүн жооп бере тургандар катары жаныңарга күндүр-түндүр кам көрүшөт»,— деген (Эвр. 13:17). Мисалы, аксакал бизге үй-бүлө менен сыйынуу кечин үзгүлтүксүз өткөрүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүүгө жардам бериши же талаа кызматынын кайсы бир жагына байланыштуу кеңеш бериши мүмкүн. Кыдыруучу көзөмөлчү жашоонун кайсы бир тармагына байланыштуу Жазманын негизинде пайдалуу кеңеш айтышы ыктымал. Андай кеңештерди даярдуулук менен кабыл алсак, Исага Жол башчыбыз катары баш иерибизди далилдейбиз.

Дүйнөдө эч ким жакшы башкара албай келет. Ал эми Машаяк дайыма мээримдүүлүк менен бийлик жүргүзөт. Ага баш ийүү кандай гана сергитерлик! Андыктан Жол башчыбызга баш ийип, ал колдонуп жаткан адамдар менен кызматташа берели.

[27-беттеги сүрөт]

Ишенимдеш эмес киши менен бир моюнтурукту кийбөөгө байланыштуу кеңешке кулак кагып жатасыңбы?