Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын акылмандыгы кандай терең!

Кудайдын акылмандыгы кандай терең!

Кудайдын акылмандыгы кандай терең!

«Оо, Кудайдын байлыгы кандай түгөнгүс, акылмандыгы, билими кандай терең! Сот өкүмдөрү акыл жеткис, жолдору изилденгис!» (РИМ. 11:33).

1. Исанын чөмүлтүлгөн жолдоочулары үчүн эмне баарынан чоң сыймык болуп эсептелет?

ЖАШООДО кандай чоң сыймыкка ээ болгонсуң? Балким, шак эле жыйналышта алган дайындоолоруң, же болбосо мектептен же жумуштан берилген сыйлыктарың эсиңе түшөттүр. Бирок биз үчүн, Исанын чөмүлтүлгөн жолдоочулары үчүн, жалгыз чыныгы Кудай Жахаба менен ынак мамиледе болуу — баарынан чоң сыймык. Биз ал сыймыкка Кудай бизди билгендиктен ээ болгонбуз (1 Кор. 8:3; Гал. 4:9).

2. Жахабаны билгенибиз жана анын бизди билгени эмне үчүн зор сыймык болуп эсептелет?

2 Жахабаны билгенибиз жана анын бизди билгени эмне үчүн зор сыймык болуп эсептелет? Анткени Жахаба — ааламдын Эгедери болгондон тышкары, аны сүйгөндөрдүн Коргоочусу. Накум пайгамбар ыйык рухтун жетеги менен: «Теңир ырайымдуу, кайгы күнү Ал — баш паана, Ал Өзүнө таянгандарды билет»,— деп жазган (Нак. 1:7; Заб. 1:6). Чынында, чыныгы Кудайды жана анын Уулу Иса Машаякты таанып-билгенибизден түбөлүк өмүргө ээ болор-болбосубуз көз каранды (Жкн. 17:3).

3. Кудайды таанып-билүү деген эмнени билдирет?

3 Кудайды таанып-билүү анын ысмын билип коюуну эле билдирбейт. Биз аны Досубуз катары таанып-билип, ага эмне жагарын, эмне жакпасын түшүнүшүбүз керек. Ошондой эле Кудайды жакшы билерибиз ал жөнүндө алган билимибизге ылайык жашаганыбыздан да көрүнүп турушу зарыл (1 Жкн. 2:4). Бирок Жахабаны чындап таанып-билүү үчүн дагы бир нерсе талап кылынат: анын эмнелерди кылганын эле эмес, аларды эмне үчүн жана кандай жол менен кылганын да билгенибиз маанилүү. Жахабанын ой-ниеттерин канчалык терең түшүнгөн сайын, анын акылмандыгынын тереңдигине ошончолук таң кала беребиз (Рим. 11:33).

Ой-ниетин ишке ашыруучу Кудай

4, 5. а) Ыйык Китепте «ой-ниет» деген сөз кандай мааниде колдонулат? б) Максатка бир нече жол менен жетүүгө болорун мисал менен түшүндүргүлө.

4 Жахаба — ой-ниетин дайыма ишке ашыруучу Кудай. Ыйык Китепте анын «түбөлүктүү ой-ниети» жөнүндө айтылат (Эф. 3:10, 11). Бул сөз айкашы эмнени билдирет? Ыйык Китепте колдонулган «ой-ниет» деген сөз бир нече жол менен ишке ашырууга боло турган белгилүү бир максатка, ой-тилекке карата айтылат.

5 Мисалы, бир киши белгилүү бир жерге жетүүнү көздөйт дейли. Ал жакка жетүү — анын максаты же ой-ниети. Көздөгөн жерине кайсы унаа, кайсы жол менен жетерине байланыштуу анда бир нече вариант бар. Ал тандаган жолу менен кетип баратканда, күтүүсүздөн аба ырайы өзгөрүшү, жол тыгыны пайда болушу же жол жабылып калышы мүмкүн. Ошондо ага башка жолго түшүүгө туура келиши ыктымал. Бирок кандай өзгөрүүлөрдү жасоого туура келбесин, көздөгөн жерине жеткенде ал баары бир деле максатын ишке ашырган болот.

6. Жахаба ой-ниетин аткаруу үчүн кантип ийилчээктик көрсөткөн?

6 Анын сыңарындай, Жахаба түбөлүктүү ой-ниетин ишке ашыруу үчүн ийилчээктик көрсөткөн. Ал аң-сезимдүү жаратууларынын чечим чыгаруу эркиндигин эске алып, ой-ниетин ишке ашыруунун жолдорун өзгөрткөн. Буга мисал катары Жахабанын убадаланган Тукумга байланыштуу ой-ниетин кантип жүзөгө ашырып келгенин карап көрөлү. Башында Жахаба биринчи түгөйгө: «Укумдап-тукумдагыла, жер жүзүн толтургула, жерди ээлегиле»,— деген (Башт. 1:28). Эйдендеги козголоң анын бул ой-ниетинин аткарылышына тоскоолдук кылганбы? Түк да! Жахаба дароо жагдайга ылайык иш-аракет кылып, ой-ниетин аткарыш үчүн башка «жолду» тандаган. Ал козголоңчулар алып келген зыянды жоё турган «тукумдун» келерин алдын ала айткан (Башт. 3:15; Эвр. 2:14—17; 1 Жкн. 3:8).

7. Жахабанын Чыгуу 3:14тө өзү жөнүндө айткандарынан эмнени биле алабыз?

7 Жахабанын өзүнүн ой-ниетин ишке ашырууда жаңы пайда болгон жагдайларга ылайыкташа билгени анын өзү жөнүндө айткандарына шайкеш келет. Муса өзүнө берилген тапшырманы аткарууда пайда болушу мүмкүн болгон кыйынчылыктар тууралуу айтканда, Жахаба аны бекемдеп: «Мен ким болгум келсе, ошол болом»,— деген. Анан: «Ысрайыл уулдарына: „Мени силерге ошол болом жиберди“,— деп айт»,— деп кошумчалаган (Чыг. 3:14, «ЖД»). Ооба, Жахаба өзүнүн ой-ниетин толугу менен аткарыш үчүн ким болушу зарыл болсо, ошол боло алат! Муну элчи Пабыл Римдиктер китебинин 11-бөлүмүндө көркөм сүрөттөп кеткен. Ал жерде Пабыл каймана маанидеги зайтун дарагы жөнүндө мисал айткан. Асманда жашоого үмүттөнөбүзбү же жерде түбөлүк жашоогобу, ал мисалды изилдөө бизге Жахабанын акылмандыгынын канчалык терең экенин түшүнүүгө көмөк кылат.

Жахабанын алдын ала айтылган Тукумга байланышкан ой-ниети

8, 9. а) Кайсы негизги төрт нерсе зайтун дарагы жөнүндөгү мисалды түшүнүүгө жардам берет? б) Кайсы суроону карап чыгабыз жана анын жообу Жахаба жөнүндө эмнени түшүнүүгө көмөк кылат?

8 Зайтун дарагы жөнүндөгү мисалды түшүнүү үчүн алгач Жахабанын алдын ала айтылган тукумга байланышкан ой-ниетинин кантип аткарылып келгенин билип алышыбыз керек. Ал төрт нерсени камтыйт. Биринчиден, Жахаба Ыбрайымга анын тукуму же урпактары аркылуу «бүт жер жүзүнүн элдери бата аларын» убадалаган (Башт. 22:17, 18). Экинчиден, Ыбрайымдан тараган ысрайыл элине ыйык кызмат кылуучулардын, тактап айтканда, дин кызматчылардын падышалыгы болуу мүмкүнчүлүгү берилген (Чыг. 19:5, 6). Үчүнчүдөн, ысрайылдыктардын көбү Машаякты кабыл албай койгондо, Жахаба дин кызматчылардын падышалыгын башка жол менен түзүүнү чечкен (Мт. 21:43; Рим. 9:27—29). Төртүнчүдөн, Иса Ыбрайымдын тукумунун негизги бөлүгү болсо да, башкалар да ошол тукумдун бөлүгү болуу сыймыгына ээ болушкан (Гал. 3:16, 29).

9 Ушул негизги төрт нерсенин негизинде Аян китебинен 144 000 кишинин асманда Иса менен бирге падыша жана дин кызматчы катары бийлик кыларын билебиз (Аян 14:1—4). Алар «Ысрайыл уулдары» деп да аталышат (Аян 7:4—8). Анда 144 000дин баары ысрайылдыктардан, башкача айтканда, жүйүттөрдөн тандалганбы? Бул суроонун жообу Жахабанын өзүнүн ой-ниетин аткарууда кандайча ийилчээктик көрсөткөнүн түшүнүүгө көмөк кылат. Келгиле, элчи Пабылдын римдиктерге жазган катынын бул суроого жооп табууга кандайча жардам берерин карап көрөлү.

Дин кызматчылардын падышалыгы

10. Ысрайыл элине кандай мүмкүнчүлүк берилген эле?

10 Жогоруда айтылгандай, дин кызматчылардын падышалыгы жана ыйык эл болуу мүмкүнчүлүгү алгач ысрайыл элине гана берилген болчу (Оку: Римдиктер 9:4, 5). Бирок убадаланган Тукум келгенде эмне болгон? Ыбрайымдын тукумунун экинчи даражадагы бөлүгүн түзө турган рухий Ысрайыл, 144 000 киши, толугу менен ысрайыл элинен чогултулганбы?

11, 12. а) Асман Падышалыгын түзө тургандар качан тандала баштаган жана ошол учурда жашаган жүйүттөрдүн көбү эмне кылган? б) Жахаба Ыбрайымдын тукумун түзө тургандардын санын кантип толуктаган?

11 Оку: Римдиктер 11:7—10. 1-кылымда жашаган жүйүттөр жалпы эл катары Исаны кабыл албай коюшкан. Ошондуктан алар Ыбрайымдын тукумун түзүү сыймыгынан айрылып калышкан. Анткен менен б.з. 33-жылынын Элүүнчү күн майрамынан тартып дин кызматчылардын асмандагы падышалыгынын мүчөлөрү тандала баштаганда, ал чакырыкты айрым жүрөгү таза жүйүттөр да кабыл алган. Бирок алардын саны бир нече эле миң болгондуктан, жалпы жүйүт элине салыштырмалуу алар «калдыктай» эле болгон (Рим. 11:5).

12 Анда Жахаба Ыбрайымдын тукумун түзө тургандардын санын кантип толуктамак? (Рим. 11:12, 25). Буга байланыштуу элчи Пабыл мындай деген: «Бул Кудайдын сөзү аткарылбай калганын билдирбейт. Анткени Ысрайылдан тарагандардын баары эле чыныгы ысрайылдыктар эмес. Ошондой эле Ыбрайымдын тукуму [урпагы] болгону үчүн эле алардын баары анын балдары [Ыбрайымдын тукумунун бөлүгү] болуп эсептеле бербейт... Башкача айтканда, анын тукумунан тараган балдар, чынында, Кудайдын балдары эмес. Убада боюнча төрөлгөн балдар гана тукум деп эсептелет» (Рим. 9:6—8). Мындан көрүнүп тургандай, тукумга байланыштуу ой-ниети аткарылышы үчүн, Жахаба ал тукумду түзө тургандардын баары сөзсүз түрдө Ыбрайымдын урпактарынан болушу керек деп талап койгон эмес.

Каймана маанидеги зайтун дарагы

13. а) Зайтун дарагы, б) анын тамыры, в) сөңгөгү, г) бутактары эмнени билдирет?

13 Элчи Пабыл Ыбрайымдын тукумун түзө тургандарды каймана маанидеги зайтун дарагынын бутактарына салыштырган * (Рим. 11:21). Бакчада өскөн ал зайтун дарагы Кудайдын Ыбрайым менен түзгөн келишимине байланышкан ой-ниетинин аткарылышын билдирет. Ал дарактын тамыры ыйык жана ал рухий Ысрайылга өмүр берген Жахабаны символдоштурат (Ыш. 10:20; Рим. 11:16). Сөңгөгү Ыбрайымдын тукумунун негизги бөлүгү болгон Исаны, ал эми бутактары Ыбрайымдын тукумунун экинчи даражадагы бөлүгүн түзө тургандардын толук санын билдирет.

14, 15. Кимдер бакчадагы зайтун дарагынан кыйылып ташталган жана алардын ордуна кимдер кыйыштырылган?

14 Зайтун дарагы жөнүндөгү мисалда Исаны четке каккан жүйүттөр «кыйылып ташталган» бутактарга салыштырылган (Рим. 11:17). Алар Ыбрайымдын тукумун түзүү сыймыгынан ажырап калышкан. Эми алардын ордуна кимдер тандалмак? Ыбрайымдын урпактары болгонуна менменсинген жүйүттөрдүн көз карашы боюнча, алардын ордуна башка улуттагы адамдардын тандалышы ойго келгис нерсе болгон. Бирок Чөмүлдүрүүчү Жакан жүйүттөргө, эгер Жахаба кааласа, Ыбрайымга таштардан да балдарды жаратып берүүгө кудурети жетерин эскерткен (Лк. 3:8).

15 Анда Жахаба ой-ниетин аткарыш үчүн эмне кылган? Пабыл жапайы зайтун дарагынын бутактары бакчадагы зайтун дарагынын кыйылып ташталган бутактарынын ордуна кыйыштырылганын түшүндүргөн (Оку: Римдиктер 11:17, 18). Демек, Исанын башка улуттан чыккан майланган жолдоочулары, мисалы, Римдеги жыйналыштагылардын айрымдары каймана мааниде бакчадагы зайтун дарагына кыйыштырылган. Ошентип, алар Ыбрайымдын тукумунун бөлүгү болуп калышкан. Башында алар жапайы зайтун дарагынын бутактарындай болгондуктан, ошол өзгөчө келишимде турууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Бирок Жахаба аларга рухий жүйүт эли болууга жол ачкан (Рим. 2:28, 29).

16. Элчи Петир жаңы рухий элдин пайда болгонун кантип түшүндүргөн?

16 Муну элчи Петир мындай деп түшүндүргөн: «Демек, ишенгендер [рухий ысрайылдыктар, алардын ичинде Исанын башка улуттагы жолдоочулары], силер үчүн ал [Иса Машаяк] — кымбат баалуу таш, ал эми ишенбегендер үчүн „куруучулар жаратпай койгон, бирок бурчка коюлган таш“, ал — „адамдар мүдүрүлө турган таш, алар кулай турган аска“... Ал эми силер „тандалган тукумсуңар, падыша болуп кызмат кыла турган динкызматчыларсыңар, ыйык элсиңер, Кудайдын өзгөчө энчисисиңер“. Силерди караңгылыктан өзүнүн ажайып жарыгына Чакыргандын „укмуш сонун сапаттарын бардык жерде жарыялаш“ үчүн тандалгансыңар. Бир кездерде эл эмес элеңер, азыр Кудайдын элисиңер; силерге кайрымдуулук көрсөтүлчү эмес, азыр болсо көрсөтүлдү» (1 Пет. 2:7—10).

17. Жахаба кандайча «табияттын мыйзамына каршы» келген нерсени кылган?

17 Ошентип, Жахаба көптөрдүн оюна келбеген нерсени, Пабыл «табияттын мыйзамына каршы» келерин айткан нерсени, кылган (Рим. 11:24). Кандайча? Жапайы дарактын бутагын бакчада өскөн даракка кыйыштыруу адаттан тышкаркы, атүгүл табияттын мыйзамына каршы келген нерседей сезилиши мүмкүн, бирок 1-кылымдагы айрым багбандар ушундай кылышчу *. Ошо сыяктуу эле, Жахаба да өзгөчө бир нерсе кылган. Жүйүттөр башка улуттагы адамдарды жакшы жемиш берүүгө жөндөмсүз деп эсептешсе да, Жахаба так ошол адамдарды Падышалыктын жемишин берүүгө жөндөмдүү «элдин» мүчөсү кылган (Мт. 21:43). Б.з. 36-жылы сүннөткө отургузулбагандардын ичинен биринчи болуп ишенимди кабыл алган бутпарас Корнелийдин майланышынан тартып, сүннөткө отургузулбагандарга — жүйүт эместерге — каймана маанидеги зайтун дарагына кыйыштырылууга жол ачылган (Элч. 10:44—48) *.

18. Б.з. 36-жылынан кийин жүйүттөрдүн кандай мүмкүнчүлүгү болгон?

18 Бул б.з. 36-жылынан кийин жүйүттөргө Ыбрайымдын тукумун түзүүгө такыр мүмкүнчүлүк берилбей турганын билдиргенби? Жок. Пабыл мындай деген: «Тигилер [жүйүттөр], эгер ишенбестигин калтырышса, кайрадан кыйыштырылат. Себеби Кудай аларды кайрадан кыйыштырууга кудуреттүү. Эгер сен жапайы зайтун дарагынан кесилип алынып, бакта өскөн зайтун дарагына табияттын мыйзамына каршы кыйыштырылган болсоң, анда ага өз бутактарынын кыйыштырылары да шексиз!» * (Рим. 11:23, 24).

«Бүт Ысрайыл куткарылат»

19, 20. Каймана маанидеги зайтун дарагы жөнүндөгү мисалдан көрүнүп тургандай, Жахаба эмне кылган жана эмнелерди кылат?

19 Арийне, Жахабанын «Кудайдын Ысрайылына» байланышкан ой-ниети укмуштуудай жол менен ишке ашырылууда (Гал. 6:16). Пабыл айткандай, «бүт Ысрайыл куткарылат» (Рим. 11:26). Жахаба белгилеген убакта «бүт Ысрайыл» — рухий Ысрайылга киргендердин баары — асманда падыша жана дин кызматчы болуп кызмат кылышат. Кудайга өзүнүн ой-ниетин аткарууга эч бир нерсе тоскоолдук кыла албайт!

20 Күн мурун айтылгандай, Ыбрайымдын тукуму — Иса Машаяк менен 144 000 — аркылуу «бүт жер жүзүнүн элдери бата алышат» (Рим. 11:12; Башт. 22:18). Ошентип, ал чарадан Кудайдын элинин баары пайда алат. Ырас, Жахабанын өзүнүн түбөлүктүү ой-ниетин кантип жүзөгө ашырып келатканын изилдегенибизде анын байлыгынын түгөнгүстүгүнө, акылмандыгынын, билиминин тереңдигине таңыркабай койбойбуз (Рим. 11:33).

[Шилтемелер]

^ 13-абз. Пабыл зайтун дарагын ысрайыл элин символдоштуруу үчүн колдонгон эмес. Ысрайыл элинде падышалар менен дин кызматчылар болсо да, алар дин кызматчылардын падышалыгын түзүшкөн эмес. Себеби, Мусанын мыйзамы боюнча, Ысрайылдын падышалары дин кызматчы боло алышкан эмес. Ошондуктан зайтун дарагы ал элди билдирбейт. Пабыл ал мисалды Кудайдын дин кызматчылардын падышалыгын түзүүгө карата болгон ой-ниетин рухий Ысрайылга байланыштуу кантип аткарганын көрсөтүш үчүн колдонгон. Пабылдын мисалы 1984-жылдын 1-ноябрындагы «Күзөт мунарасынын» (ор.) 1—5-беттеринде түшүндүрүлгөн.

^ 17-абз. Бул жүйүттөргө жаңы рухий элдин мүчөсү болууга мүмкүнчүлүк берилген үч жарым жылдын аягында болгон. 70 жылдык жумага байланышкан пайгамбарлыкта ушул окуя алдын ала айтылган (Дан. 9:27).

^ 18-абз. Римдиктер 11:24төгү «бак» деп которулган грек сөзү «жакшы, эң сонун» деген маанини туюнтат жана кандай максатта жасалса, ошол максатына толук жооп берген нерселерге карата колдонулат.

Эсиңердеби?

• Жахабанын өзүнүн ой-ниетин кандайча ишке ашырып жатканынан ал жөнүндө эмнени биле алабыз?

Римдиктер 11-бөлүмдөгү...

зайтун дарагы...

анын тамыры...

сөңгөгү...

бутактары эмнени билдирет?

• Бутактарды кыйыштыруу эмне үчүн «табияттын мыйзамына каршы» келген?

[Изилдөө суроолору]

[24-беттеги кутуча/сүрөт]

 Жапайы зайтундун бутактары эмне үчүн кыйыштырылат?

▪ Б.з. 1-кылымында жашаган Рим жоокери Луций Юниус Модерейтус Колюмелэ багбан болгон. Ал өзүнүн элеттик жашоо жана айыл-чарба жөнүндө жазган 12 китеби менен белгилүү.

Луций 5-китебинде: «Зайтун дарагын тиккен киши андан жемиш сурайт; ага жер семирткич чачып, кам көргөн киши андан жемиш беришин өтүнөт; аны бутаган киши аны жемиш берүүгө мажбурлайт»,— деген байыркы накыл сөздү цитата кылган.

Дүркүрөп өскөнү менен эч кандай жемиш бербеген дарактар жөнүндө айтып өткөндөн кийин ал мындай кеңеш берген: «Андай дарактарды бургу менен тешип, ошол тешикке жапайы зайтундун көк бутагын тыгыз отургудай кылып саюу абзел. Натыйжада жемиштүү бутак менен „уруктандырылган“ дарак көбүрөөк жемиш бере баштайт».

[23-беттеги сүрөт]

Зайтун дарагы жөнүндөгү мисалдын маанисин түшүнөсүңөрбү?