Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Мыкты көзөмөлчү жана сүйүктүү дос»

«Мыкты көзөмөлчү жана сүйүктүү дос»

«Мыкты көзөмөлчү жана сүйүктүү дос»

ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮНҮН Жетектөөчү Кеңешинин мүчөсү болуп кызмат кылган Жон (Жэк) Барр 2010-жылы 4-декабрда, ишемби күнү, эртең менен 97 жашында жердеги жашоосун аяктады. Ал «мыкты көзөмөлчү жана сүйүктүү дос» катары белгилүү болчу.

Жон Барр бир тууган Абердин шаарында (Шотландия) жарык дүйнөгө келген. Ал үч баланын кенжеси эле. Атасы да, апасы да Исанын майланган жолдоочулары болгон. Жон бир тууган үй-бүлөсү жөнүндө жылуу сезим менен айтып бере турган; ал ардактуу ата-энесинин ага мыкты үлгү көрсөткөнүнө абдан ыраазы болчу.

Өспүрүм курагында Жон бир тууганга бейтааныш адамдар менен сүйлөшүү аябай кыйынга турган. Бирок ал ошол кыйынчылыгын жеңүү үчүн көп күч-аракет жумшаган. Бир күнү, 1927-жылы жекшемби күнү түштөн кийин, 14 жашында атасына аны менен чогуу үймө-үй кабар айтууга даяр экенин айткан. Бул анын көп жылдык кызматынын башталышы эле. Жон бир тууган ошол күндөн тартып өмүрүнүн акырына чейин жакшы кабардын ынталуу жарчысы болгон.

Бир жолу анын сүйүктүү апасы кырсыкка кабылып, өмүрүнөн айрылып кала жаздаган. Ошол окуя жаш Жонго жашоонун маңызы жөнүндө олуттуу ойлонууга түрткү берген. Ал 1929-жылы өзүн Жахабага арнаган жана биринчи эле мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, 1934-жылы чөмүлтүлгөн. Анан 1939-жылы Лондондогу (Англия) Бейтел үй-бүлөсүнүн мүчөсү болуп, 71 жылга созулган толук убактагы кызматын баштаган.

1960-жылы 29-октябрда Жон бир тууган көп убакыттан бери пионер, миссионер болуп кызмат кылып келаткан Милдред Уилет менен баш кошуп, өзү айткандай, «өзгөчө баалуу мамиле» түзгөн. Алар үлгүлүү, бири-бирине берилген жубайлар катары белгилүү болушкан. Милдред бир тууган 2004-жылы октябрда жердеги жашоосун аяктаган. Жон бир тууган жубайы экөө үй-бүлөлүк жашоосунун ар бир күнү Ыйык Китепти чогуу окушкан.

Жон Барр бир тууганды билгендер анын ысмын укканда дайыма терең ойлонуштурулган, тең салмактуу, жылуу-жумшак жана Жазмага негизделген кеңештерди берген кишини эстешет. Ал күжүрмөн эмгекчи, башкаларга дайыма көңүл бурган мээримдүү көзөмөлчү, ошондой эле ишенимдүү дос болгон. Анын комментарийлеринен, баяндамаларынан жана тиленүүлөрүнөн абдан рухий инсан болгону жана Жахаба менен ынак мамиледе болгону айкын көрүнүп турган.

Кымбаттуу Жон Барр бир тууганыбызды жоктоп жатсак да, биз анын өлбөстүк белегин — өзү көп айткан жана ээ болууну самап келген сыйлыгын — алганына аны менен бирге кубануудабыз. Бул анын көптөн күткөн сыйлыгы эле (1 Кор. 15:53, 54) *.

[Шилтеме]

^ 8-абз. Жон Барр бир туугандын өмүр баянын 1987-жылдын 1-июлундагы «Күзөт мунарасынын» (англ.) 26—31-беттеринен окусаңар болот.