Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чындык жолундагы үй-бүлөлөр, «даяр тургула»

Чындык жолундагы үй-бүлөлөр, «даяр тургула»

Чындык жолундагы үй-бүлөлөр, «даяр тургула»

«Даяр тургула, себеби адам Уулу силер күтпөгөн саатта келет» (ЛК. 12:40).

1, 2. Исанын «даяр тургула» деген кеңешин жүрөгүбүзгө түйүп алганыбыз эмне үчүн маанилүү?

«АДАМ УУЛУ өзүнүн даңкы» менен келип, «адамдарды экиге бөлгөндө», сен жана сенин үй-бүлөң кайсы топто болосуңар? (Мт. 25:31, 32). Ал күн биз күтпөгөн убакта келе тургандыктан, Исанын: «Даяр тургула»,— деген кеңешти жүрөгүбүзгө түйүп алганыбыз кандай гана маанилүү! (Лк. 12:40).

2 Буга чейинки макалада үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү өзүнүн жоопкерчилигине олуттуу кароо менен үй-бүлөсүнүн рухий жактан сергек болушуна кантип жардам бере алары каралган. Азыр болсо үй-бүлөбүздүн рухий саламаттыгын чыңдоого дагы кантип салым кошсок болорун карап чыгалы.

Көзүңөрдү «жөнөкөй» сактагыла

3, 4. а) Исанын жолун жолдогон үй-бүлөлөр эмнеден сак болушу керек? б) Көзүбүздү «жөнөкөй» сактоо деген эмнени билдирет?

3 Үй-бүлөлөр Машаяктын келишине даяр болушу үчүн чыныгы сыйынууга байланышкан иштерден көңүлүн буруп кете турган нерселерден сак болушу керек. Байлыкка умтулуу көп үй-бүлөлөрдү торго түшүргөндүктөн, Исанын көзүбүздү «жөнөкөй» сактоого байланыштуу эмне дегенин карап көрөлү (Оку: Матай 6:22, 23, шилтеме). Чырак караңгыда жолубузду жарыктандырып, чалынып кетпөөгө жардам бергендей эле, каймана маанидеги жүрөгүбүздүн көзү жолубузга жарык чачып, мүдүрүлбөгөнгө жардам берет (Эф. 1:18).

4 Кадимки көзүбүз жакшы көрүшү үчүн өз функциясын тийиштүү аткарышы жана карап жаткан нерсеге толугу менен багытталышы керек. Каймана маанидеги жүрөгүбүздүн көзү тууралуу да ушуну айтууга болот. Аны жөнөкөй сактоо бир эле максатты көздөөнү билдирет. Ырас, биз материалдык нерселерге көңүл топтоп жашабастан жана үй-бүлөбүздүн денелик муктаждыктарына эле кам көрүүнү ойлобостон, көзүбүздү рухий нерселерге багыттайбыз (Мт. 6:33). Бул колдо бар ырыскыга топук кылып, Кудайга кызмат кылууну жашообузда биринчи орунга коюуну билдирет (Эвр. 13:5).

5. Бир өспүрүм кыз «көзүн» Кудайга кызмат кылууга багыттаганын кантип көрсөткөн?

5 Балдарды көзүн жөнөкөй сактоого үйрөтүү эң сонун натыйжа бериши мүмкүн. Буга Эфиопиядагы бир өспүрүм кыз мисал боло алат. Ал аябай жакшы окучу, ошондуктан орто мектепти бүтүрүп жатканда, ага жогорку билим алууга жол ачкан стипендия сунушташкан. Бирок «көзүн» Жахабага кызмат кылууга багыттагандыктан ал стипендиядан баш тарткан. Көп өтпөй ага айына 3 000 евро төлөнө турган жумуш сунушташкан. Андай сумма анын өлкөсүндө орто айлыкка салыштырмалуу аябай эле чоң акча болгон. Бирок ал кыздын «көзү» пионердик кызматка багытталган эле. Сунуш кылынган жумушта иштер-иштебесин чечүү үчүн ага ата-энеси менен кеңешүү зарыл болгон эмес. Ата-энеси кызынын чыгарган чечимин укканда кандай сезимде болгон? Алар аябай сүйүнүп, аны менен абдан сыймыктанарын айтышкан!

6, 7. Кайсы кооптуу нерседен сак болушубуз керек?

6 Исанын Матай 6:22, 23-аяттарда жазылган сөздөрүндө ач көздүктөн сак болууга байланыштуу эскертүү камтылат. Иса «жөнөкөй» деген сөзгө «татаал» деген антонимин эмес, «жаман» деген сөздү карама-каршы койгон. «Жаман» көз көрө албас, сараң, ач көз болот (Мт. 6:23, шилт.). Көрө албастыкка же ач көздүккө Жахаба кандай карайт? Ыйык Китепте: «Араңарда бузуктук, ар кандай ыпыластык же ачкөздүк жөнүндө сөз да болбосун»,— делет (Эф. 5:3).

7 Башкалардын ач көз экени дароо эле көрүнүшү мүмкүн, ал эми өзүбүздө ошондой сапаттын бар экенин байкоо оңойго турбашы ыктымал. Ошондуктан Исанын: «Байкагыла! Ачкөздүктүн бардык түрүнөн сак болгула»,— деген кеңешине кулак какканыбыз акылмандыкка жатат (Лк. 12:15). Ан үчүн жүрөгүбүз эмнеге тартылып жатканын текшерип турушубуз керек. Чындык жолундагы үй-бүлөлөр көңүл ачууга, эс алууга жана материалдык нерселерге ээ болууга канча убакыт, канча акча-каражат сарптап жатканы жөнүндө олуттуу ойлонуп көрүшү кажет.

8. Бир нерсе сатып аларда сак болууга эмне жардам берет?

8 Бир нерсе сатып аларда чама-чаркыңар чак келер-келбесин эле эмес, башка нерселерди да эске алганыңар дурус. Маселен: «Ал буюмду дайыма колдонууга, аны күтө билүүгө убактым болобу? Аны тийиштүү колдонууга үйрөнүш үчүн канча убакыт кетет?» — деп ойлонуп көргүлө. Жаштар, түркүн-түмөн нерселерди таңуулаган дүйнөнүн жарнамаларына ишенип, ата-энеңерден белгилүү фирманын же соода маркасынын кымбат кийим-кечек, буюм-тайымдарын талап кылбагыла. Каалооңорду башкара билгиле. Ошондой эле кайсы бир нерсеге ээ болуу үй-бүлөңөрдүн адам Уулунун келишине даяр турушуна кандай таасир этери жөнүндө ойлонгула. Жахабанын: «Сени эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм»,— деген убадасына ишеним арткыла (Эвр. 13:5).

Рухий максаттарды көздөгүлө

9. Рухий максаттарды көздөө үй-бүлөгө кандай таасир этет?

9 Үй-бүлө мүчөлөрү рухий максаттарды коюп, аларды көздөө менен да ишенимин бекемдеп, бүт үй-бүлөсүнүн рухий жыргалчылыгына салым кошо алышат. Бул үй-бүлөгө Жахабага жагууга умтулууда кандай ийгиликтерди кылып жатканын жана кайсы иштер башкы орунда турушу керектигин аныктоого жардам берет (Оку: Филипиликтер 1:10).

10, 11. Үй-бүлөңөр менен кайсы рухий максаттарга умтулуудасыңар жана алдыңарга кандай максаттарды коёюн деп жатасыңар?

10 Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү жете ала турган кичинекей максаттарды коюу да зор пайда алып келет. Мисалга күндөлүк аятты күнүгө талкуулоо максатын алалы. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн талкуу учурунда айткандарынан үй-бүлө башчысы алардын рухийлигинин деңгээлин биле алат. Ыйык Китепти бүт үй-бүлө менен чогуу үзгүлтүксүз окуу балдарга окуу жөндөмүн жакшыртууга, Ыйык Китепти тереңирээк түшүнүүгө шарт түзөт (Заб. 1:1, 2). Тиленүүлөрүбүздүн сапатын жакшыртууну да максат кылууга эмне үчүн болбосун? Рухтун жемишине кирген сапаттарды көбүрөөк чагылдырууга умтулуу да сонун максат (Гал. 5:22, 23). Ал эми кызматта жолуктурган адамдардын сезимдерин түшүнө билүү жөнүндө эмне айтууга болот? Бул балдарга боорукер болууга жардам берип, алардын жүрөгүндө үзгүлтүксүз пионер же миссионер болуп кызмат кылууга каалоо өрчүтүшү мүмкүн.

11 Жалпы үй-бүлөңөр жана жеке ар бириңер кандай максаттарга умтулсаңар болорун карап чыккыла. Үй-бүлөңөр кабар айтууга көбүрөөк убакыт бөлүүнү максат кыла алабы? Балким, телефон аркылуу, көчөдө же ишкер аймакта күбөлөндүрүүдөн коркуу сезимин жеңүүгө аракет кылаттырсыңар. Ал эми Падышалыктын жарчыларына муктаждык чоң жерде кызмат кылуу жөнүндө эмне дешке болот? Кимдир бирөөңөр башка улуттагыларга жакшы кабар айтуу үчүн жаңы тил үйрөнө аласыңарбы?

12. Үй-бүлө башчысы үй-бүлөсүнө рухий жактан өсүүгө кантип жардам бере алат?

12 Үй-бүлө башчысы катары үй-бүлөңдүн кайсы жактардан жакшырышы керектигин аныкта. Анан үй-бүлөңдүн алдына жакшырууга жардам бере турган максаттарды кой. Алар акылга сыярлык жана жагдай-шартыңарга, мүмкүнчүлүктөрүңөргө ылайык болушу керек (Накыл 13:12). Албетте, арзырлык максаттарга жетүү үчүн убакыт талап кылынат. Андыктан убакытты телевизор көрүүнүн эсебинен сатып алып, рухий максаттарга сарптагыла (Эф. 5:15, 16). Үй-бүлөң алдыга коюлган максаттарга жетиши үчүн, талыкпай эмгектен (Гал. 6:9). Арийне, рухий максаттарга умтулган үй-бүлөнүн ийгиликтери баарына айкын болот (1 Тим. 4:15).

Үй-бүлө менен сыйынуу кечин дайыма өткөргүлө

13. Жыйналыш жолугушууларынын графигине кандай өзгөрүү киргизилген жана кайсы суроолордун үстүнөн ой жүгүртүп көрүшүбүз керек?

13 2009-жылдын 1-январынан тартып жыйналыш жолугушууларынын графигине маанилүү өзгөрүү киргизилгени да үй-бүлөлөргө адам Уулунун келишине даяр болууга эң сонун жардам берүүдө. Азыр бизге мурда «Жыйналыштын китеп изилдөөсү» деп аталган жолугушууга катышуу үчүн жума сайын атайын бир күндү бөлүүнүн зарылдыгы жок. Анткени ал жолугушуу Теократиялык кызмат мектеби жана кызмат жолугушуусу менен бирге өткөрүлүп калды. Бул өзгөрүү чындык жолундагы үй-бүлөлөргө жума сайын атайын бир кечти үй-бүлө менен сыйынууга арнап, рухийлигин бекемдешине шарт түзүү максатында киргизилген. Өзгөрүү жасалгандан бир канча убакыт өткөндүктөн, өзүбүзгө: «Ошол убакытты үй-бүлөлүк сыйынуу же өздүк изилдөө өткөрүү үчүн пайдаланып жатамбы? Ал чаранын максатына ылайык иш-аракет кылуудамынбы?» — деген суроолорду берип көргөнүбүз абзел.

14. а) Үй-бүлө менен сыйынуу кечин жана өздүк изилдөө өткөрүүнүн негизги максаты эмне? б) Изилдөөгө атайы бир кечти бөлүү эмне үчүн маанилүү?

14 Үй-бүлө менен сыйынуу кечин жана өздүк изилдөө өткөрүүнүн негизги максаты — Кудайга жакындоо (Жкп. 4:8). Ыйык Китепти үзгүлтүксүз изилдеп, Жараткан жөнүндө тереңирээк билүүнүн аркасында аны менен болгон мамилебиз бекемделет. Жахабага жакындаган сайын, аны бүт жүрөгүбүз, бүт жаныбыз, бүт акылыбыз жана бүт күчүбүз менен сүйүүгө түрткү алабыз (Мр. 12:30). Ырас, биз Кудайдын тилин алууга, аны тууроого дилгирбиз (Эф. 5:1). Үй-бүлө менен сыйынуу кечин үзгүлтүккө учуратпай өткөрүү — үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө алдын ала айтылган «улуу алааматка» «даяр турууга» жардам бере турган негизги чаралардын бири (Мт. 24:21). Ал эми «даяр туруу» аман калышыбыз үчүн абдан маанилүү.

15. Үй-бүлө менен сыйынуу кечи үй-бүлө мүчөлөрүнө кандай таасир этет?

15 Үй-бүлөлүк сыйынуу дагы бир максатта — үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бири менен болгон мамилесин чыңдоо үчүн — караштырылган. Ооба, жума сайын рухий нерселерди талкуулап, чогуу убакыт өткөрүү үй-бүлө мүчөлөрүн бири-бирине жакындатат. Жубайлар Ыйык Китепти чогуу изилдеп, рухий кенчтерди тапканда бири-бири менен кубанычын бөлүшүп, ого бетер ынак болуп калышат (Оку: Насаатчы 4:12). Кудайга чогуу сыйынганда ата-энелер менен балдардын да «жеткилең түрдө бириктирген» сүйүү аркылуу биригери шексиз (Кол. 3:14).

16. Үч ишенимдешибиздин Ыйык Китепти чогуу изилдөөгө бир кечти бөлүүдөн кандай пайда алып жатканын айтып бергиле.

16 Жашы өр тартып калган үч бир тууганыбыздын Ыйык Китепти чогуу изилдөөгө атайын бир кечти бөлүүдөн кандай пайда алып жатканын карап көрөлү. Ал жесир ишенимдештерибиз бир шаарда турушат жана бир канча жылдан бери достошуп келишет. Алар чогулуп, пикир алышып турууну, бирок ал убакытты жөн эле сүйлөшүп отуруп эмес, рухий жактан бекемдээрлик кылып өткөрүүнү каалагандыктан, бири-бирине тууган болбосо да, Ыйык Китепти чогуу изилдөөнү чечишкен. Алар жумасына бир кечти бөлүп, «Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кылдат күбөлөндүрөбүз» деген китепти изилдей башташкан. Ал эжелердин бири мындай дейт: «Изилдөө бизге ушунчалык жаккандыктан, адатта, бир сааттан ашык изилдейбиз. Биз 1-кылымдагы бир туугандарыбыздын башынан өткөн окуяларды элестетебиз жана ошондой жагдайга туш болсок, эмне кылмактыгыбызды талкуулайбыз. Анан окуп-билгендерибизди кызматта колдонууга аракет кылабыз. Бул Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишин ого бетер жагымдуу, мурдагыдан да жемиштүү кылууда». Ооба, Ыйык Китепти чогуу изилдөө ал үч достун рухийлигин эле эмес, ортосундагы мамилесин да чыңдоодо. «Биз бул чараны абдан баалайбыз»,— дешет алар.

17. Үй-бүлө менен сыйынуу кечинин ийгиликтүү өткөрүлүшүнө эмне жардам берет?

17 Сен жөнүндө эмне айтууга болот? Үй-бүлөлүк сыйынууга же өздүк изилдөөгө арналган кечтен пайда алып жатасыңбы? Эгер аны бирде өткөрүп, бирде өткөрбөй жатсаң, ал чара максатына жетпей калат. Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү белгиленген убакта изилдөөгө даяр болушу керек. Анча маанилүү эмес иштер анын өткөрүлүшүнө тоскоолдук кылбашы кажет. Андан тышкары, изилдөөгө үй-бүлө күндөлүк жашоодо колдоно ала тургандай материал тандалышы зарыл. Изилдөө маалы баарына жагымдуу болушу үчүн, эмне кылсаңар болот? Окутуунун натыйжалуу ыкмаларын колдонуп, ортодо урмат-сый, ынтымак болгудай кылып өткөргүлө (Жкп. 3:18) *.

Сергек жана даяр болгула

18, 19. Адам Уулунун жакында келерин билүү сага жана үй-бүлөңө кандай таасир этиши керек?

18 Дүйнөдөгү абалдын улам кыйындап баратканы 1914-жылы Шайтандын каардуу дүйнөсүнүн акыркы күндөрү башталганын далилдеп турат. Армагедондун сурданган кара булуту коюуланып келатат. Аз күндө адам Уулу Жахабанын ыймансыздарга чыгарган сот өкүмүн ишке ашыруу үчүн келет (Заб. 36:10; Накыл 2:21, 22). Муну билүү сага жана үй-бүлөңө иш-аракет кылууга түрткү бериши керек эмеспи?

19 Иса Машаяктын көзүңдү «жөнөкөй» сактоого байланыштуу берген кеңешине кулак кагып жатасыңбы? Байлыкка, атак-даңкка же болбосо бийликке умтулган дүйнөдөгү адамдардан айырмаланып, рухий максаттарды көздөп жатасыңбы? Үй-бүлө менен сыйынуу кечинен же өздүк изилдөөдөн толук пайда алуудасыңбы? Ал кандай максатта караштырылса, ошол максатка жетүүгө аракет кылып жатасыңбы? Буга чейинки макалада талкуулаганыбыздай, күйөө, зайып же бала катары Ыйык Жазмада айтылган жоопкерчиликтериңди аркалап, бүт үй-бүлөңө сергек болууга жардам берүүдөсүңбү? (1 Тес. 5:6). Эгер ушулардын баарын кылып жатсаң, адам Уулунун келишине даяр болосуң.

[Шилтеме]

^ 17-абз. Эмнени изилдесе жана үй-бүлө менен сыйынуу кечин кантип иш жүзүндө колдонорлук, жагымдуу кылып өткөрсө болоруна байланыштуу кеңештерди «Күзөт мунарасынын» 2009-жылдын 15-октябрындагы санынын 29—31-беттеринен таба аласыңар.

Эмнелерди билдиңер?

• Чындык жолундагы үй-бүлөлөргө «даяр турууга»

көздү «жөнөкөй» сактоо...

рухий максаттарды коюп, аларды көздөө...

үй-бүлө менен сыйынуу кечин үзгүлтүксүз өткөрүү...

кандайча жардам берерин түшүндүргүлө.

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги сүрөт]

Көздү «жөнөкөй» сактоо дүйнөнүн азгырыктарын четке кагууга түрткү берет