Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чындык жолундагы үй-бүлөлөр, сергек болгула

Чындык жолундагы үй-бүлөлөр, сергек болгула

Чындык жолундагы үй-бүлөлөр, сергек болгула

«Сергек жана сак бололу» (1 ТЕС. 5:6).

1, 2. Үй-бүлө рухий жактан сергек болушу үчүн эмне талап кылынат?

ЭЛЧИ Пабыл «Теңирдин улуу, коркунучтуу күнү» жөнүндө айтып жатып Исанын Тесалоникадагы жолдоочуларына мындай деп жазган: «Биртуугандар, ал күн силерге күтүлбөгөн жерден келгидей, силер ууруларга окшоп караңгыда жүргөн жоксуңар. Анткени баарыңар жарыктын жана күндүн уулдарысыңар. Биз түнгө да, караңгылыкка да таандык эмеспиз». Анан: «Андыктан башкаларга окшоп уктабайлы, тескерисинче, сергек жана сак бололу»,— деп кошумчалаган (Жоел 2:31; 1 Тес. 5:4—6).

2 Пабылдын тесалоникалыктарга берген кеңеши Исанын «акыркы мезгилде» жашап жаткан жолдоочулары үчүн өзгөчө мааниге ээ (Дан. 12:4). Бул ыймансыз дүйнөнүн акыры жакындаган сайын, Шайтан Жахабанын кызматчыларынын мүмкүн болушунча көбүн андан алыстатууга бүт күчүн жумшап жатат. Ошо себептен Пабылдын рухий жактан сергек болууга байланыштуу кеңешин жүрөгүбүзгө түйүп алганыбыз акылмандыкка жатат. Чындык жолундагы үй-бүлө сергек болушу үчүн, анын ар бир мүчөсү Ыйык Жазмада айтылган жоопкерчиликтерин аркалашы керек. Күйөөлөр, зайыптар жана балдар үй-бүлөсүнүн сергек болушуна кандай салым кошо алышат?

Күйөөлөр, «жакшы койчуну» туурагыла

3. 1 Тиметей 5:8ге ылайык, үй-бүлөнүн башчысы катары эркек кандай жоопкерчиликке ээ?

3 «Аялдын башчысы эркек»,— делет Ыйык Китепте (1 Кор. 11:3). Үй-бүлөнүн башчысы катары эркек кандай жоопкерчиликке ээ? Башчылык кылуунун бир тармагы жөнүндө Ыйык Жазмада: «Ким жакындарына, айрыкча, өз үйүндөгүлөрүнө кам көрбөсө, ал ишенимден баш тарткан болот жана ишенбегендерден да жаман»,— делет (1 Тим. 5:8). Ырас, күйөө үй-бүлөсүнө материалдык жактан кам көрүшү керек. Бирок үй-бүлөсү рухий жактан сергек болушу үчүн, анын акча таап келгени жетишсиз. Ал үйүндөгүлөрүнүн ар бирине Кудай менен болгон мамилесин чыңдоого жардам берип, рухий жактан бекемдеши керек (Накыл 24:3, 4). Ал муну кантип кыла алат?

4. Күйөө үй-бүлөсүн рухий жактан бекемдөөдө кантип ийгиликке жете алат?

4 «Машаяк жыйналыштын... башчысы болгондой эле», күйөө аялынын башчысы болгондуктан, ал Исанын жыйналышка кантип башчылык кыларын изилдеп, анын үлгүсүнө карманышы керек (Эф. 5:23). Исанын өзүнүн жолдоочулары менен болгон мамилесин кандайча сүрөттөгөнүн карап көрөлү (Оку: Жакан 10:14, 15). Күйөө үй-бүлөсүн рухий жактан бекемдөөдө кантип ийгиликке жете алат? Ан үчүн «жакшы койчу» Исанын айткан сөздөрүн, кылган иштерин изилдеп, анын «изи менен так жүрүшү» зарыл (1 Пет. 2:21).

5. Жакшы Койчу жыйналыш тууралуу эмнелерди билет?

5 Келгиле анда, үй-бүлө башчысы Машаяктын үлгүсүнөн эмнеге үйрөнө аларын карап чыгалы. Каймана мааниде айтканда, койчу менен койлордун ортосундагы мамиле билимге жана ишенимге негизделет. Койчу койлорун беш колдой билет, койлор да койчусун жакшы билет жана ага ишенет. Алар анын үнүн таанып, ага кулак салат. «Мен койлорумду билем, алар да мени билет»,— деген Иса. Ал жыйналыш тууралуу жалпы жонунан эле эмес, баарын билет. Бул жерде «билүү» деп которулган грек сөзү «жекече жана ийне-жибине чейин билүү» деген маанини берет. Ооба, Жакшы Койчу койлорунун ар бирин, алардын муктаждыктарын, алсыздыктарын жана күчтүү жактарын эң сонун билет. Койлоруна байланыштуу эч бир нерсе анын көз жаздымында калбайт. Койлору да койчусун жакшы билет жана анын жетекчилигине ишеним артат.

6. Күйөөлөр Жакшы Койчуну кантип туурай алышат?

6 Башчылык кылууда Машаякты туурагысы келген күйөө өзүн койчудай, үйүндөгүлөрүн койлорундай көрүүгө үйрөнүшү керек. Ал үй-бүлөсүн аябай жакшы билүүгө умтулушу зарыл. Бул мүмкүнбү? Ооба. Эгер үй-бүлөсүнүн ар бир мүчөсү менен пикир алышса, алардын тынчсызданууларына кулак салса, үй-бүлөлүк иштерде жетекчиликти колго алса, ошондой эле өзү үлгү көрсөтүп, үй-бүлөлүк сыйынууга, жыйналыш жолугушууларына катышууга, кабар айтууга, эс алууга, көңүл ачууга байланышкан маселелерде акылдуу чечим чыгарууга аракет кылса, үй-бүлөсүн жакшы биле алат. Исанын жолун жолдогон күйөө башчылык кылууда Кудай Сөзүнөн алган билимине жетектелгенден тышкары, үйүндөгүлөрүн жакшы билүүгө дилгир болсо, алар анын башчылыгына көбүрөөк ишеним артат. Мунун аркасында ал үй-бүлөсүнүн чыныгы Кудайга биримдикте сыйынып жатканын көрүүдөн көбүрөөк канааттануу алат.

7, 8. Күйөө үй-бүлөсүнө сүйүү көрсөтүү жагынан Жакшы Койчуну кантип туурай алат?

7 Ошондой эле жакшы койчу койлорун жакшы көрөт. Инжилден Исанын жашоосу жана кызматы жөнүндөгү билдирүүлөрдү окуганыбызда, анын шакирттерине көрсөткөн сүйүүсү жүрөгүбүздү козгобой койбойт. Ал койлору үчүн атүгүл жанын берген. Күйөөлөр үй-бүлөсүнө сүйүү көрсөтүүдө Исаны туурашы зарыл. Кудайдын ырайымына ээ болгусу келген күйөө аялына катаал мамиле кылып, үстөмдүк кылбашы керек, тескерисинче, аны «Машаяк... жыйналышты сүйгөндөй» сүйүүгө тийиш (Эф. 5:25). Жубайы урмат-сыйга татыктуу болгондуктан, ага жылуу-жумшак, сылык-сыпаа сүйлөшү керек (1 Пет. 3:7).

8 Балдарын тарбиялоодо үй-бүлө башчысы Кудайдын принциптерине бекем карманышы талап. Бирок ошол эле учурда аларга назик мамиле кылганы маанилүү. Ал тартипке салуу чарасын сүйүү менен жүргүзүшү зарыл. Кээ бир балдарга алардан эмне талап кылынарын түшүнүү үчүн көбүрөөк убакыт керек болушу мүмкүн. Андайда атанын көбүрөөк чыдамдуулук көрсөткөнү дурус. Күйөө дайыма Исанын үлгүсүнө карманса, үйүнүн коопсуз, бейкут жай болушуна шарт түзөт. Анын үй-бүлөсү забурчу сүрөттөгөн рухий коопсуздуктан ырахат алат (Оку: Забур 22:1—6).

9. Уруу аксакалы Нух сыяктуу эле, чындык жолундагы күйөөлөр кандай жоопкерчиликке ээ жана аларга аны аркалоого эмне жардам берет?

9 Уруу аксакалы Нух да чындык жолундагы үй-бүлө башчыларына жакшы үлгү калтырган. Ал өзүнүн убагындагы дүйнөнүн акыркы мезгилинде жашаган. Жахаба «ыймансыздардын дүйнөсүнө топон суу каптатканда» «Нухту жана аны менен кошо дагы жети адамды сактап калган» (2 Пет. 2:5). Нух үй-бүлөсүнө Топон суудан аман өтүүгө жардам берүүгө жооптуу болгон. Азыркы акыркы күндөрдө да Исанын жолун жолдогон үй-бүлө башчылары ошол сыяктуу жоопкерчиликке ээ (Мт. 24:37). Андыктан алардын «жакшы койчунун» үлгүсүн изилдеп, аны тууроого умтулганы кандай гана маанилүү!

Зайыптар, үйүңөрдү «кургула»

10. Күйөөсүнө баш ийүү аял үчүн эмнени билдирет?

10 «Аялдар күйөөлөрүнө Мырзабызга баш ийгендей баш ийишсин»,— деп жазган элчи Пабыл (Эф. 5:22). Бул сөздөр аялдын кадыр-баркка татыксыз экенин билдирбейт. Биринчи аялды жаратарда Кудай: «Адамдын жалгыз болгону жакшы эмес. Ага аны толуктап тура турган жардамчы жаратайын»,— деген (Башт. 2:18, «ЖД»). «Жардамчы» жана «толуктап туруучу» болуу, башкача айтканда, күйөөсүнө үй-бүлөлүк жоопкерчиликтерди аркалоого колдоо көрсөтүү — сыймык.

11. Үлгүлүү аял кантип «үйүн курат»?

11 Жакшы аял үйүндөгүлөрүнүн жыргалчылыгы үчүн колунан келгендин баарын кылат (Оку: Накыл сөздөр 14:1). Акылдуу аял, башчылык тартибин баалабаган акылсыз аялдан айырмаланып, башчылык тартибине терең урмат көрсөтөт. Ал дүйнөгө мүнөздүү баш ийбестик жана көз карандысыздык рухун чагылдырбастан, күйөөсүнө баш иет (Эф. 2:2). Акылсыз аял күйөөсү жөнүндө жаман айткандан тартынбайт, ал эми акылдуу аял балдарынын жана башкалардын алдында күйөөсүнүн кадыр-баркын көтөрөт. Андай аял жолдошуна наалып-напчып же аны менен талашып-тартышып, анын башчылыгын тебелебейт. Үнөмдүүлүк жөнүндө эмне айтууга болот? Акылсыз аял үй-бүлөсүнүн таман акы, маңдай тери менен тапкан каражатын чачат. Ал эми күйөөсүнө жөлөк-таяк болгон аял антпейт. Ал акча-каражатка байланыштуу маселелерде күйөөсү менен тыгыз кызматташат. Ошондой эле дайыма эстүү, сарамжалдуу болууга аракет кылат жана күйөөсүнөн кошумча иштөөнү талап кылбайт.

12. Зайып үй-бүлөсүнө сергек болууга кантип жардам бере алат?

12 Үлгүлүү зайып балдарга рухий билим берүүдө жолдошуна колдоо көрсөтүү менен үй-бүлөсүнө сергек болууга жардам берет (Накыл 1:8). Ал үй-бүлөлүк сыйынуу кечин өткөрүүгө дайыма салым кошот. Мындан тышкары, балдарына насаат айтууда, аларды тартипке салууда күйөөсүн колдойт. Ал балдары денелик жактан да, рухий жактан да кыйналган, күйөөсүн сүйөп-таябаган аялдан кандай гана айырмаланат!

13. Зайыптын күйөөсүнө теократиялык иштерге жигердүү катышууга колдоо көрсөткөнү эмне үчүн маанилүү?

13 Күйөөсүнө медер болгон жубай анын жыйналышта көп эмгектенгенине кандай карайт? Албетте, сүйүнөт! Жолдошу кызмат жардамчысы болобу, аксакалбы, Ооруканалар менен байланышуу комитетинин же Региондук курулуш комитетинин мүчөсүбү, анын ошондой сыймыктуу жоопкерчиликтерди аткарганына кубанат. Күйөөсүнө сөзү менен да, иши менен да ар убак колдоо көрсөтүү үчүн андан курмандыктарга баруу талап кылынары шексиз. Ошентсе да ал күйөөсүнүн теократиялык иштерге жигердүү катышканы бүт үй-бүлөсүнүн рухий жактан сергек болушуна шарт түзөрүн түшүнөт.

14. а) Кайсы учурда аялга күйөөсүнө колдоо көрсөтүү кыйын болушу мүмкүн жана ал андай кыйынчылыкты кантип жеңе алат? б) Зайып бүт үй-бүлөсүнүн гүлдөп-өсүшүнө кантип салым кошо алат?

14 Күйөөсү чыгарган чечим жакпаган учурда аялына ага колдоо көрсөтүү оңойго турбашы мүмкүн. Бирок жакшы аял андайда да токтоо, жумшак болуп, күйөөсүнүн чыгарган чечими жүзөгө ашышы үчүн, ага көмөк көрсөтөт (1 Пет. 3:4). Ошондой эле байыркы убакта жашаган Саара, Рут, Абигейил, Исанын энеси Мариям сыяктуу Кудайдан корккон аялдардан үлгү алууга аракет кылат (1 Пет. 3:5, 6). Ал биздин убактагы өзүнөн улуу, «Кудайдан корккон» аялдарды да туурайт (Тит 2:3, 4). Үлгүлүү аял жолдошуна сүйүү, урмат көрсөтүү менен нике түйүнүнүн бекем болушуна, бүт үй-бүлөсүнүн гүлдөп-өсүшүнө зор салым кошот. Анын үйү — жагымдуу, коопсуз жай. Ооба, рухийликти баалаган күйөө үчүн колдоо көрсөтүүгө ынтызар жубай — баа жеткис белек! (Накыл 18:22).

Жаштар, көзүңөр «көрүнбөгөн нерселерге багытталсын»

15. Үй-бүлөсү рухий жактан сергек болушу үчүн, жаштар ата-энесине кантип көмөктөшө алышат?

15 Жаштар, үй-бүлөңөр рухий жактан сергек болушу үчүн, ата-энеңерге кантип көмөктөшө аласыңар? Ан үчүн Жахаба силер үчүн белендеп койгон сыйлыкка көңүл топтогула. Балким, ата-энеңер кичинекей чагыңардан тартып эле Бейиштин сүрөттөрүн көргөзүп келгендир. Ал эми силер эс тарткан сайын, Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды колдонуп, жаңы дүйнөдө түбөлүк жашоо кандай болорун элестетүүгө жардам бергендир. Эми мындан ары да Жахабага кызмат кылууну көңүлүңөрдүн борборунда сактап, келечегиңерди ошого жараша пландаштыргыла. Бул силерге сергек болууга жардам берет.

16, 17. Жаштарга өмүр үчүн жарышта ийгиликтүү чуркоого эмне жардам берет?

16 Элчи Пабылдын 1 Корунттуктар 9:24төгү сөздөрүн көкүрөгүңөргө түйүп алгыла (Оку). Өмүр үчүн жарышта сөзсүз жеңишке жетем деп чуркагыла. Түбөлүк өмүр байгесине ээ кыла турган жолду тандагыла. Көптөр байлык-дөөлөткө алаксып, көзүн байгеге багыттабай калышкан. Бул кандай гана акылсыздык! Дүнүйө топтоого умтулуп жашоо чындап бактылуу кылбайт. Акчага сатып алса боло турган нерселер убактылуу эле болот. Силер болсо көзүңөрдү «көрүнбөгөн нерселерге багыттагыла». Эмне үчүн? Анткени «көрүнбөгөн нерселер түбөлүктүү» (2 Кор. 4:18).

17 «Көрүнбөгөн нерселерге» Падышалык аркылуу тие турган баталар кирет. Жашооңорду ошол баталарды алгыдай кылып өткөргүлө. Өмүрүңөрдү Жахабага кызмат кылууга арнасаңар, нагыз бакытка ээ болосуңар. Чыныгы Кудайга кызмат кылуу кыска жана узак мөөнөттүү максаттарга жетүүгө жол ачат *. Жетүүгө мүмкүн болгон рухий максаттарды койсоңор, бул силерге Кудайга кызмат кылууда түбөлүк өмүр байгесинен көзүңөрдү албоого жардам берет (1 Жкн. 2:17).

18, 19. Жаштар чындыкты дилине сиңирип жаткан-жатпаганына кантип текшере алышат?

18 Улан-кыздар, чындыкты дилиңерге сиңиргиле. Бул өмүр жолунда жасай турган биринчи кадамыңар болуп эсептелет. Ал кадамды жасадыңарбы? Өзүңөргө мындай суроолорду берип көргүлө: «Мен рухий адаммынбы же рухий иштерге ата-энем катышкандыктан эле катышып жүрөмбү? Кудайдын жактыруусуна ээ кыла турган сапаттарды өрчүтүп жатамбы? Дайыма тиленүү, изилдөө, жолугушууларга катышуу, кабарга чыгуу сыяктуу чыныгы сыйынууга байланышкан иштерди үзгүлтүккө учуратпоого умтуламбы? Жахаба менен ынак мамиле өрчүтүп, ага жакындап жатамбы?» (Жкп. 4:8).

19 Мусанын үлгүсү жөнүндө ой жүгүрткүлө. Маданияты башка элдин арасында чоңойсо да, ал фараондун кызынын уулу катары эмес, Жахабанын кызматчысы катары белгилүү болууну каалаган (Оку: Эврейлер 11:24—27). Исанын жолун жолдогон жаштар, силер да Жахабага ишенимдүү кызмат кылууга чечкиндүү болушуңар керек. Ошондо чындап бактылуу болосуңар, жашооңорду азыртадан эле жакшыртасыңар жана «чыныгы жашоого» жетүүгө үмүттөнө аласыңар (1 Тим. 6:19).

20. Өмүр үчүн жарышта ким байге алат?

20 Байыркы убактагы оюндарда бир эле жөө күлүк марага жетчү. Бирок өмүр үчүн жарышта андай эмес. Кудай «ар кандай адамдардын куткарылышын, чындыкты так таанып-билишин каалайт» (1 Тим. 2:3, 4). Көптөр сага чейин ийгиликтүү чуркаган, көптөр сени менен чогуу чуркап баратат (Эвр. 12:1, 2). Багынбай, жарыштын аягына чыккандардын баарына байге берилет. Андыктан жеңишке жетүүгө бел байла!

21. Кийинки макалада эмне каралат?

21 «Теңирдин улуу жана коркунучтуу күнү» сөзсүз келет (Мал. 4:5). Ал күн Исанын жолун жолдогон үй-бүлөлөр үчүн күтүүсүздөн келип калбашы керек. Ошондуктан үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү өзүнүн Жазмада айтылган жоопкерчиликтерин аткарганы маанилүү. Рухий жактан сергек болуу үчүн жана Кудай менен болгон мамилеңерди бекемдөө үчүн дагы эмне кылсаңар болот? Кийинки макалада үй-бүлөнүн рухий жактан бекем болушуна өбөлгө түзгөн үч нерсе каралат.

[Шилтеме]

^ 17-абз. Кара: «Күзөт мунарасы», 2010-жыл, 15-ноябрь, 12—16-беттер; 2004-жыл, 15-июль, 21—23-беттер, ор.

Эмнелерди билдиңер?

• Чындык жолундагы үй-бүлөлөрдүн сергек болгону эмне үчүн маанилүү?

• Күйөө Жакшы Койчуну кантип туурай алат?

• Үлгүлүү зайып жолдошуна кантип колдоо көрсөтө алат?

• Жаштар үй-бүлөсүнүн сергек болушуна кантип салым кошо алат?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

Рухийликти баалаган күйөө үчүн колдоо көрсөтүүгө ынтызар жубай — баа жеткис белек