Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Баары муктаж болгон жакшы кабар

Баары муктаж болгон жакшы кабар

Баары муктаж болгон жакшы кабар

«Жакшы кабар... куткарылуу алып келе турган Кудайдын күчү» (РИМ. 1:16).

1, 2. Эмне үчүн «падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды» жарыялайсың жана анын кайсы жактарын баса белгилейсиң?

«ЖАКШЫ КАБАРДЫ жарыялоого күн сайын катышкан кандай сонун!» Мүмкүн, сенин ушинтип ойлогон же айткан учурларың болгондур. Жахабанын ишенимдүү Күбөсү катары сен «падышалык жөнүндөгү... жакшы кабарды» жарыялоонун канчалык маанилүү экенин билесиң. Балким, Исанын ушуга байланыштуу айткан пайгамбарлыгын жатка айта алаттырсың (Мт. 24:14).

2 «Кудайдын падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды» жарыялоо менен сен Иса баштаган ишти улантып жатасың (Оку: Лука 4:43). Кабар айтканда Кудайдын жакында адамзаттын иштерине кийлигишерин, «улуу алааматта» жалган динди жок кылып, жерди жамандыктан тазалаарын баса белгилээриң күмөнсүз (Мт. 24:21). Ошондой эле адамдарга Кудайдын Падышалыгынын жер бетине кайрадан тынчтык, бакыт өкүм сүргөн Бейиш орноторун айтарың шексиз. Чын-чынында, «падышалык жөнүндөгү жакшы кабар» Ыбрайымга айтылган жакшы кабардын, атап айтканда: «Сен аркылуу бүт элдер бата алышат»,— деген кабардын бир бөлүгү болуп эсептелет (Гал. 3:8).

3. Элчи Пабыл Римдиктер китебинде жакшы кабарды баса белгилеген деп эмне үчүн айта алабыз?

3 Бирок адамдар муктаж болгон жакшы кабардын дагы бир маанилүү жагына тийиштүү көңүл бурбай калышыбыз мүмкүн. Ыйык Китептин түп нускасында элчи Пабыл римдиктерге жазган катында «падышалык» деген сөздү бир эле жолу колдонсо, «жакшы кабар» деген сөз айкашын 12 жолу колдонгон (Оку: Римдиктер 14:17). Пабыл ошол катында жакшы кабардын кайсы жагын көп жолу баса белгилеген? Ал жакшы кабар эмнеси менен маанилүү? Аймагыбыздагы адамдарга «Кудайдын жакшы кабарын» айтканда аны эмне үчүн эсибизден чыгарбашыбыз керек? (Мр. 1:14; Рим. 15:16; 1 Тес. 2:2).

Исанын Римдеги жолдоочулары эмнени билиши керек эле?

4. Римде биринчи жолу камакта отурганда Пабыл эмне жөнүндө кабар айткан?

4 Пабылдын Римде биринчи жолу камакта отурганда айткан сөздөрүн тереңирээк карап чыкканыбыз пайдалуу болот. Ал өзүнө келген жүйүттөргө 1) Кудайдын падышалыгы жөнүндө «кылдат күбөлөндүргөн жана 2) Иса жөнүндө «ишенимдүү далилдерди келтирген». Мунун натыйжасы кандай болгон? «Кээ бирлери анын айткандарына ишенсе, башкалары ишенген» эмес. Пабыл андан кийин да өзүнө келгендердин баарын жылуу кабыл алып, 1) «Кудайдын падышалыгы жөнүндө кабар айткан» жана 2) «Мырзабыз Иса Машаяк тууралуу... окуткан» (Элч. 28:17, 23—31). Ооба, Пабыл адамдардын көңүлүн Кудайдын Падышалыгына бурган. Бирок ал дагы эмнени баса белгилеген? Падышалыкка байланышкан маанилүү нерсени — Исанын Кудайдын ой-ниетиндеги ролун — баса белгилеген.

5. Римдиктер китебинде Пабыл эмнеге басым жасаган?

5 Бардык адамдар Иса жөнүндө билиши жана ага ишениши керек. Римдиктер китебинде Пабыл мына ушуга басым жасаган. Катынын башында ал өзү «жан-дилден ыйык кызмат кылган Кудай» жана анын «Уулу жөнүндө жакшы кабар айтканы» тууралуу сөз кылып, анан: «Мен жакшы кабар таратуудан уялбайм, анткени ал — ишеними бар ар бир адамга... куткарылуу алып келе турган Кудайдын күчү»,— деп кошумчалаган. Андан соң Кудайдын «Машаяк Иса аркылуу» ал «жарыялап жаткан жакшы кабарга ылайык, адамзаттын жашыруун иштерин соттой» турган күнү жөнүндө айткан. Ошондой эле: «Мен Иерусалимден Илирикке чейинки аймакты кыдырып, Машаяк жөнүндөгү жакшы кабарды кылдат жарыялап жүрдүм»,— деген * (Рим. 1:9, 16; 2:16; 15:19). Кандай деп ойлойсуңар, Пабыл римдиктерге Иса Машаяк жөнүндө эмне үчүн кайра-кайра айткан?

6, 7. Римдеги жыйналыштын пайда болгону жана анын мүчөлөрү жөнүндө эмне айтууга болот?

6 Биз Римдеги жыйналыштын кантип пайда болгонун так билбейбиз. Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамына катышкан жүйүттөр жана башка улуттагы адамдар Исанын жолдоочусу болуп, кайра Римге кайтып барышканбы? (Элч. 2:10). Же Римге чындыктын үрөнүн Исанын жолун жолдогон соодагерлер менен саякатчылар себишкенби? Кандай болбосун, болжол менен б.з. 56-жылы Пабыл Римдиктер китебин жазганда, ал жактагы жыйналыштын уюшулганына бир топ убакыт болуп калган (Рим. 1:8). Ал жыйналыш кандай адамдардан турган?

7 Айрымдары жүйүт болгон. Пабыл Андроник менен Унияга салам жолдогондо ал экөөнү «туугандарым» деп атаганына караганда, алар анын жүйүт туугандарынан болсо керек. Ошол убакта Римде жашап, чатыр жасап иштеген Акила менен жубайы Прискила да жүйүт болгон (Рим. 4:1; 9:3, 4; 16:3, 7; Элч. 18:2). Бирок Пабыл салам жолдогон көптөгөн ишенимдештери, кыязы, башка элдерден болушкан. Кээ бирлери «цезардын үйүндөгүлөрүнөн», калыбы, анын кулдарынан же майда-барат иштерди аткарган кызматчыларынан болгон көрүнөт (Флп. 4:22; Рим. 1:6; 11:13).

8. Исанын Римдеги жолдоочулары кандай абалда болушкан?

8 Биз сыяктуу эле, Исанын Римдеги жолдоочулары кейиштүү абалда болушкан. Пабыл муну: «Бардыгы күнөө кетирип, Кудайдын даңкынан айрылып калышкан»,— деп сүрөттөгөн (Рим. 3:23). Ооба, Пабылдын катын окугандардын баары өздөрүнүн күнөөкөр экенин мойнуна алып, Кудайдын күнөөдөн арылтуу үчүн караштырган чарасына ишеним көрсөтүшү керек эле.

Күнөөлүү экенибизди моюнга алуу

9. Пабыл жакшы кабардын кандай пайда алып келерин айткан?

9 Римдиктерге жолдогон катынын башында Пабыл өзү жарыялаган кабардын кандай сонун пайда алып келери жөнүндө: «Мен жакшы кабар таратуудан уялбайм, анткени ал — ишеними бар ар бир адамга: адегенде жүйүткө, андан кийин грекке куткарылуу алып келе турган Кудайдын күчү»,— деген. Ырас, адамдар куткарыла алышмак, бирок ан үчүн ишеним өрчүтүү зарыл болчу. Бул: «Адил адам ишениминин аркасында жашайт»,— деген талашсыз чындыкка ылайык келмек (Рим. 1:16, 17; Гал. 3:11; Эвр. 10:38). Куткарылууга жол ачкан жакшы кабар менен «бардыгы күнөө кетирген» деген сөздөрдүн кандай байланышы бар?

10, 11. Эмне үчүн Римдиктер 3:23тө камтылган түшүнүктү айрымдар кабыл алышса, башкалары кабыл алышпайт?

10 Куткарылуу үчүн зарыл болгон ишенимди өрчүтүү үчүн адам адегенде өзүнүн күнөөкөр экенин мойнуна алышы талап. Кичинекей чагынан Кудайга ишенген жана Ыйык Китепти бир аз да болсо билген адамдарга бүт адамзаттын күнөөкөр экени жөнүндөгү ой тааныш болушу мүмкүн (Оку: Насаатчы 7:20). Буга кошулушабы же жокпу, алар, жок эле дегенде, Пабылдын: «Бардыгы күнөө кетирген»,— деген сөздөрүнүн маанисин кандайдыр бир деңгээлде түшүнүшөт (Рим. 3:23). Бирок кызматта жүргөндө биз ал сөздөрдүн маанисин түшүнбөгөн адамдарды да көп жолуктурабыз.

11 Мисалы, айрым өлкөлөрдө көптөр үчүн өздөрүнүн күнөөкөр болуп төрөлгөнү, аларга күнөө тукум кууп өткөнү жөнүндөгү ой — таптакыр жат нерсе. Албетте, алар ката кетирерин, жаман жактары бар экенин, кээде туура эмес иш кыларын моюнга алышат. Ошондой эле башкалардын да ошентерин байкашат. Анткен менен чоңойгон чөйрөсү таасир эткендиктен, өздөрүнүн жана башкалардын эмне үчүн ошондой экенин түшүнүшпөйт. Айта кетчү нерсе, кээ бир тилдерде кимдир бирөөнүн күнөөкөр экенин айтсаң, адамдар кылмышкер же мыйзамды бузган киши жөнүндө сөз жүрүп жатат деп түшүнүшү ыктымал. Ошондой чөйрөдө чоңойгон киши өзүн Пабыл айткан мааниде күнөөкөр деп эсептебеши этимал.

12. Эмне үчүн көптөр бардык адамдардын күнөөлүү экенине ишенишпейт?

12 Атүгүл христиан өлкөлөрүндө да көптөр адам баласынын күнөөлүү экенине ишенишпейт. Эмне үчүн? Алар анда-санда чиркөөгө барып турса да, Ыйык Китептеги Адам ата менен Обо эне жөнүндөгү билдирүүнү жөн эле уламыш же жомок катары көрүшөт. Башкалары Кудайга ишенбегендердин арасында чоңоюп-өсүшкөн. Алар Эң Жогорку Кудайдын бар экенине шектенгендиктен, анын адамдар үчүн адеп-ахлак нормаларын бекиткенин жана аларга карманбоо күнөөгө жатарын аңдашпайт. Кандайдыр бир мааниде андай кишилер, Пабыл сүрөттөгөндөй, 1-кылымдагы «Кудайды тааныбаган», үмүтсүз адамдарга окшошуп кетишет (Эф. 2:12).

13, 14. а) Кудайга ишенбегендер жана өздөрүн күнөөкөр деп эсептебегендер кайсы себептен улам актана алышпайт? б) Кудайга ишенбегендиктен көптөр кандай иштерди кылышат?

13 Бирок андай кишилер, кайсы убакта жашабасын, ошентип ой жүгүрткөнү үчүн актана алышпайт. Пабыл римдиктерге жазган катында мунун эки себебин көрсөткөн. Биринчи себеби, Жараткандын бар экенин жаратылыш жар салып турат (Оку: Римдиктер 1:19, 20). Бул Пабылдын Римде жүргөндө эврейлерге жазган: «Ар бир үй кимдир бирөө тарабынан курулат, ал эми бардыгын курган — Кудай»,— деген сөздөрүнө шайкеш келет (Эвр. 3:4). Анын сөздөрү бүткүл ааламдын Жаратканы бар экенин ырастап турат.

14 Андыктан Пабыл жүйөлүү себептерден улам римдиктерге жансыз сөлөкөттөргө табынгандардын, анын ичинде байыркы ысрайылдыктардын эч кимиси «актана албай» турганын жазган. Табигый жыныстык байланышты табигый эмес байланышка алмаштырып, жыныстык адеп-ахлаксыздыкка берилген эркек-аялдар жөнүндө да ушуну айтууга болот (Рим. 1:22—27). Ушулардын негизинде Пабыл: «Жүйүттөр да, гректер да — баары күнөөнүн бийлиги астында»,— деп жыйынтык чыгарган (Рим. 3:9).

«Күбөлөндүрүүчү»

15. Абийир белеги кимдерге берилген жана ал адамдарга кандай таасир этет?

15 Римдиктер китебинде адамдардын эмне үчүн өздөрүнүн күнөөкөр жана күнөөдөн арылууга муктаж экенин түшүнүшү керектигинин дагы бир себеби айтылган. Кудайдын байыркы Ысрайылга берген мыйзамдарына байланыштуу Пабыл: «Мыйзамды билип туруп күнөө кылгандар мыйзам боюнча соттолот»,— деп жазган (Рим. 2:12). Андан ары сөзүн улап, ар кайсы улуттагы же этностук топтордогу адамдардын Кудайдын мыйзамдарын билбесе да, «табиятынан эле мыйзамда айтылгандарды аткарып жатышканын» белгилеп кеткен. Эмне үчүн андай адамдар, негизинен, жакын туугандардын жыныстык мамиледе болушу, киши өлтүрүү, уурулук кылуу сыяктуу иштердин туура эмес экенин түшүнүшөт? Пабыл аларда абийир болгондуктан ошентерин айткан (Оку: Римдиктер 2:14, 15).

16. Эмне үчүн адамда абийир болгону анын күнөө кылбай турганын билдирбейт?

16 Анткен менен ичибиздеги күбө катары кызмат кылган абийирге ээ болуу адамдын дайыма эле анын үнүнө кулак саларын билдирбесине кошулат чыгарсыңар. Муну байыркы ысрайылдыктардын мисалы тастыктап турат. Алар Жахаба Кудай берген абийирге ээ болушса да, уурулукка, ойноштукка карата берилген айкын-так мыйзамдарды билишсе да, абийирине каршы иш кылып, Кудайдын мыйзамдарын бузушкан (Рим. 2:21—23). Кудайдын нормаларын, эркин аткарбагандыктан алар эки эсе күнөөлүү болушкан. Мунун кесепетинде алардын Жараткан менен болгон мамилесине чоң доо кеткен (Леб. 19:11; 20:10; Рим. 3:20).

17. Римдиктер китебинде кандай бекемдээрлик ой жазылган?

17 Римдиктер китебинен карап чыккандарыбыз Кудуреттүү Кудайдын алдында адам баласынын, анын ичинде биздин кандай аянычтуу абалда экенибизди көрсөтүп турат. Бирок Пабыл үмүтсүз экенибизди айткысы келген эмес. Ал Дөөтүнүн Забур 31:1, 2деги сөздөрүн цитата кылып: «Мыйзамсыз иштери кечирилип, күнөөлөрү жабылгандар бактылуу. Жахаба күнөөсү үчүн жоопко тартпаган адам бактылуу»,— деп жазган (Рим. 4:7, 8). Ооба, Кудай адамдардын күнөөлөрүнүн мыйзамдуу түрдө кечирилишине чара көргөн.

Иса жөнүндөгү кабар — жакшы кабардын маңызы

18, 19. а) Пабыл Римдиктер китебинде жакшы кабардын кайсы жагына көңүл бурган? б) Падышалык аркылуу тие турган баталарга ээ болуш үчүн эмнени түшүнүшүбүз керек?

18 Жахабанын ошол чарасы жөнүндө ой жүгүрткөндө: «Бул кандай сонун кабар!» — дейт болушуң керек. Ооба, анын жакшы кабар экенине шек жок. Ал Ыйык Китепте камтылган жакшы кабардын Пабыл римдиктерге жазган катында баса белгилеген жагын эсибизге салат. Жогоруда айтылгандай, Пабыл: «Мен жакшы кабар таратуудан уялбайм, анткени ал — ...куткарылуу алып келе турган Кудайдын күчү»,— деп жазган (Рим. 1:15, 16).

19 Пабыл айткан жакшы кабарда Исанын Кудайдын ой-ниетиндеги ролу баса белгиленет. Пабыл, жакшы кабарга ылайык, Кудайдын Машаяк Иса аркылуу адамзаттын жашыруун иштерин соттой турган күнүн чыдамсыздык менен күткөн (Рим. 2:16). Бирок муну менен ал «Машаяктын жана Кудайдын падышалыгынын» ролун, башкача айтканда, Кудайдын Падышалык аркылуу кыла турган иштеринин маанилүүлүгүн басаңдаткысы келген эмес (Эф. 5:5). Ал Кудайдын Падышалыгы башкарган убакта жашап, ал аркылуу төгүлө турган баталарга ээ болуу үчүн 1) Кудайдын алдында күнөөкөр экенибизди жана 2) күнөөлөрүбүз кечирилиши үчүн, Иса Машаякка ишенишибиз керектигин түшүнгөнүбүз маанилүү экенин баса белгилеген. Адам Кудайдын ой-ниетинин ушул маанилүү жактарын жана мунун кандай келечекке жол ачарын түшүнгөндө: «Бул кандай сонун кабар!» — деп айтары шексиз.

20, 21. Кабар айтып жүргөндө Римдиктер китебинде баса белгиленген жакшы кабарды эмне үчүн унутпашыбыз керек жана мунун натыйжасы кандай болушу мүмкүн?

20 Кабар айтып жүргөндө жакшы кабардын ушул жагын эсибизден чыгарбашыбыз кажет. Пабыл Ышаянын сөздөрүн цитата кылып, Иса жөнүндө: «Ишенимин ага негиздеген адамдын көңүлү калбайт»,— деген (Рим. 10:11; Ыш. 28:16). Ыйык Китепте күнөө тууралуу эмне айтыларын билгендерге Иса жөнүндөгү кабар жалпы жонунан тааныш болушу мүмкүн. Ал эми айрымдарга ал кабар жаңы, алардын маданиятындагы адамдардын көбү билбеген же ишенбеген нерсе болушу ыктымал. Андай кишилер Кудайга жана Ыйык Жазмага ишениши үчүн, аларга Исанын ролун түшүндүрүп беришибиз зарыл. Кийинки макалада Римдиктер китебинин 5-бөлүмүндө жакшы кабардын ушул жагы кандайча дагы айкыныраак ачылып берилери каралат. Аны изилдөөнүн аркасында кызматыңда колдонорлук ойлорду табарың шексиз.

21 Жүрөгү таза адамдарга Римдиктер китебинде бир нече ирет баса белгиленген жана «ишеними бар ар бир адамга... куткарылуу алып келе турган Кудайдын күчү» болуп эсептелген жакшы кабарды түшүнүүгө жардам берүү кандай чоң сыймык! (Рим. 1:16). Мындай сыймыкка ээ болгондон тышкары, биз башкалардын Пабыл Римдиктер 10:15те цитата кылган: «Жакшы кабар жарыялагандардын буттары кандай сонун!» — деген сөздөргө кошулганына күбө болобуз (Ыш. 52:7).

[Шилтеме]

^ 5-абз. Ушу сыяктуу сөздөр төмөнкү аяттарда да кездешет: Мр. 1:1; Элч. 5:42; 1 Кор. 9:12; Флп. 1:27.

Эсиңердеби?

• Римдиктер китебинде жакшы кабардын кайсы жагы баса белгиленет?

• Башкаларга эмнени түшүнүүгө жардам беришибиз керек?

• «Машаяк жөнүндөгү жакшы кабар» кандайча бизге жана башкаларга бата алууга жардам берет?

[Изилдөө суроолору]

[8-беттеги кыстырма]

Римдиктер китебинде баса белгиленген жакшы кабарда Исанын Кудайдын ой-ниетиндеги ролу көрсөтүлөт

[9-беттеги сүрөт]

Баарыбызга каргашалуу кемтик — күнөө — тукум кууп өткөн