Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Балдар чөмүлтүлүшү керекпи?

Балдар чөмүлтүлүшү керекпи?

Балдар чөмүлтүлүшү керекпи?

«КЫЗЫМДЫН Жахабанын кызматчысы болгонуна төбөм көккө жете кубанып жатам, ал өзү да аябай сүйүнүп жатат»,— дейт Исанын жолун жолдогон Карлос * аттуу филиппиндик бир ата. Ал эми Грецияда жашаган дагы бир ата: «Жубайым экөөбүз үч балабыздын тең өспүрүм курагында чөмүлтүлүп, Жахабанын Күбөсү болгонуна дайыма кубанып келебиз. Азыр алар рухий ийгиликтерди жасап, Жахабага кубанычтуу кызмат кылып жатышат»,— деп жазган.

Балдары чөмүлтүлгөндө, Исанын жолун жолдогон ата-энелер жетине албай сүйүнүшөт, бирок айрым учурларда алардын кубанычы ар кандай тынчсыздануулар менен коштолот. Мисалы, бир эне: «Мен, бир чети, аябай кубансам, бир чети, сар-санаа болгом»,— деп айткан. Эмне үчүн? «Себеби уулумдун эми Жахабанын алдында кылган иштери үчүн толук жооптуу болорун түшүнгөм»,— деген ал.

Бардык жаштар Жахабанын чөмүлтүлгөн кызматчысы болууга умтулушу керек. Ошентсе да Кудайдан корккон айрым ата-энелер: «Балабыз рухий жактан ийгиликтерди кылып жатат дечи, бирок адеп-ахлаксыз иш кылууга кысым көрсөтүлгөндө, туруштук берип, Жахабанын алдында өзүн таза сактай алабы?» — деп кабатыр болушу мүмкүн. Башкалары: «Дүнүйө топтоого азгырык болгондо, балам Кудайга ынталуу, кубанычтуу кызмат кыла береби?» — деп ойлонушу ыктымал. Анда ата-энелерге балдарынын чөмүлтүлүүгө даяр болгон-болбогонун аныктоого кайсы ыйык китептик принциптер жардам берет?

Машаяктын шакирти болуу — негизги талап

Кудайдын Сөзүндө кайсы куракта чөмүлтүлсө болору эмес, бул кадамды жасай тургандардын рухийлиги кандай болушу керектиги айтылат. Иса жолдоочуларына: «Бардык элдерден шакирт даярдагыла. Аларды... чөмүлдүргүлө»,— деген көрсөтмө берген (Мт. 28:19). Демек, адам чөмүлтүлгөнгө чейин эле Машаяктын шакирти болушу зарыл.

Машаяктын шакирти болуу эмнени билдирет? «Жазманы түшүнүү» (англ.) деген китепте: «Бул сөз, негизинен, Машаяктын окууларына ишенгенден тышкары, аларга бекем кармангандардын баарына карата айтылат»,— деп түшүндүрүлөт. Анда жаш балдар да Машаяктын чыныгы шакирти боло алышабы? Латын Америкасында 40 жылдан ашуун миссионер болуп кызмат кылган бир эже өзү, эжеси жана сиңдиси жөнүндө мындай дейт: «Биз жаш болсок да, Жахабага кызмат кылууну жана Бейиште жашоону каалаарыбызды толук түшүнчүбүз. Кудайга арналганыбыз жаштар кезикчү азгырыктарга кабылганыбызда бекем болууга жардам берген. Бала кезибизде эле Кудайга арналганыбызга эч өкүнбөйбүз».

Балаңардын Машаяктын шакирти болгонун кантип биле аласыңар? Ыйык Китепте: «Өспүрүмдүн жүрүм-турумунун туура же туура эмес экенин кылган ишинен билип алууга болот»,— деп айтылат (Накыл 20:11). Анда балдардын Машаяктын шакирти катары ийгилик кылып жатканын айгинелеген айрым иштерди карап көрөлү (1 Тим. 4:15).

Машаяктын шакирти экени эмнеден көрүнөт?

Балаңар тилиңерди алабы? (Кол. 3:20). Өзүнө тапшырылган үй иштерин аткарабы? Ыйык Китепте Исанын 12 жаштагы кези жөнүндө: «Ал андан ары да ата-энесине баш ийип, тил алчаак болду»,— деп айтылат (Лк. 2:51). Албетте, бүгүн бир да бала ата-энесине жеткилең түрдө тил ала албайт. Бирок Машаяктын чыныгы жолдоочулары «анын изи менен так жүрүшү» керек. Ошон үчүн чөмүлтүлгүсү келген бала дайыма ата-энесинин тилин алганы менен белгилүү болушу кажет (1 Пет. 2:21).

Төмөнкү суроолордун үстүнөн ой жүгүртүп көргүлө: балаңар кызматка жигердүү катышуу менен «биринчи кезекте Кудайдын падышалыгын» издеп жатабы? (Мт. 6:33). Жакшы кабарды башкалар менен бөлүшүүгө ынтызарбы же аны кабар айтуу кызматына катышууга, үй ээси менен маектешүүгө түрткүлөөгө туура келеби? Чөмүлтүлбөгөн жарчы катары өзүнүн жоопкерчиликтерине олуттуу карайбы? Аймагындагы чындыкка кызыккан адамдарга кайра барабы? Классташтарына, мугалимдерине Жахабанын Күбөсү экенин айтабы?

Жыйналыш жолугушууларына катышууну маанилүү деп эсептейби? (Заб. 121:1). «Күзөт мунарасы» изилденгенде жана Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсүндө жооп берүүгө дилгирби? Теократиялык кызмат мектебинен алган тапшырмаларын кубаныч менен аткарабы? (Эвр. 10:24, 25).

Мектепте жана башка жерлерде жаман чөйрөдөн оолак болуп, өзүн адеп-ахлактык жактан таза сактоого умтулабы? (Накыл 13:20). Кандай музыканы, фильмдерди, телеберүүлөрдү, видео оюндарын жана Интернет сайттарын жактырат? Сөздөрүнөн, иштеринен ыйык китептик нормаларга ылайык жашагысы келери көрүнүп турабы?

Ыйык Китепти канчалык жакшы билет? Үй-бүлө менен сыйынуу кечинен билгендерин өз сөзү менен айтып бере алабы? Негизги ыйык китептик чындыктарды түшүндүрүп бере алабы? (Накыл 2:6—9). Ыйык Китепти, ошондой эле ишенимдүү жана акылдуу кул чыгарган адабияттарды кызыгып окуп-изилдейби? (Мт. 24:45). Ыйык китептик окуулар, аяттар боюнча суроолорду береби?

Бул суроолор балаңардын рухий жактан канчалык өскөнүн аныктоого жардам берет. Аларды талдап чыккандан кийин, балким, балаңардын чөмүлтүлгөнгө чейин кайсы бир жактан жакшырышы керектигин баамдайттырсыңар. Же өткөргөн жашоосунан Машаяктын шакирти болгону айкын көрүнүп турса жана өзүн Кудайга арнаган болсо, чөмүлтүлүшүнө жол береттирсиңер.

Балдар Жахабаны даңктай алышат

Кудайдын көптөгөн кызматчылары бала чагында же өспүрүм курагында эле ага болгон берилгендигин, ишенимдүүлүгүн көрсөтүшкөн. Буга Жусуп, Шемуел, Жошия, Иса мисал боло алат (Башт. 37:2; 39:1—3; 1 Шем. 1:24—28; 2:18—20; 2 Жылн. 34:1—3; Лк. 2:42—49). Филиптин пайгамбарлык кылган төрт кызы да кичинекей чагынан эле жакшы тарбия алган көрүнөт (Элч. 21:8, 9).

Грецияда турган бир ишенимдешибиз мындай дейт: «Мен 12 жашымда чөмүлтүлгөм. Буга эч качан өкүнбөйм. Ошондон бери 24 жыл өттү, анын 23үн толук убакыт кызмат кылып өткөрдүм. Жахабага болгон сүйүүм мага жаш кезимде кездешкен кыйынчылыктар менен күрөшүүгө жардам берди. Албетте, 12 жашымда Ыйык Китепти азыркыдай билчү эмесмин. Бирок Жахабаны сүйөрүмдү жана ага түбөлүккө кызмат кылгым келерин билчүмүн. Кызматымды улантууга жардам берип келгени үчүн ага чексиз ыраазымын».

Жашпы же карыбы, Машаяктын чыныгы шакирти экенин далилдеген адамдын чөмүлтүлгөнү маанилүү. Элчи Пабыл: «Адам чын жүрөктөн ишенүү аркылуу адилдикке жетет, ал эми ишенимин эл алдында оозу менен жарыялоо аркылуу куткарылат»,— деп жазган (Рим. 10:10). Машаяктын жаш шакиртинин бул маанилүү кадамды жасаганы — чөмүлтүлгөнү — өзүнүн да, ата-энесинин да жашоосундагы өзгөчө учур болот. Ошондуктан силерге же балаңарга алдыда күтүп турган кубанычка ээ болууга эч нерсе тоскоолдук кылбасын.

[Шилтеме]

^ 2-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

[5-беттеги кутуча]

Чөмүлтүлүүгө карата туура көз карашта болуу

Айрым ата-энелер баласынын чөмүлтүлгөнү, айдоочунун күбөлүгүн алуу сыяктуу эле, пайдалуу, ошол эле учурда кооптондурган кадам деп ойлошот. Бирок чөмүлтүлүү, Кудайга ыйык кызмат кылуу чынында эле адамдын келечегинин кең болушуна кедергисин тийгизеби? Бул суроого Ыйык Китеп «жок» деп жооп берет. Мисалы, Накыл сөздөр 10:22де: «Теңирдин батасы байытат, өзү менен кошо кайгы алып келбейт»,— делет. Андан сырткары, Пабыл жаш Тиметейге: «Кудайга берилгендик жана колдо бар нерсеге ыраазы болуу — көп нерсеге ээ болуунун жолу»,— деген (1 Тим. 6:6).

Ооба, Жахабага кызмат кылуу оңой эмес. Кудайдын пайгамбары катары кызмат кылып жүргөндө Жеремия башынан көп кыйынчылык өткөргөн. Анткен менен чыныгы Кудайга кылган кызматы жөнүндө: «Сенин сөзүң мен үчүн кубаныч, менин жүрөгүмө шаттык болуп калды, анткени, Себайот Кудай-Теңир, мен Сенин ысымың менен аталам»,— деген (Жер. 15:16). Жеремия жакшы билгендей, Кудайга кызмат кылуу — кубанычтын булагы. Ал эми Шайтандын дүйнөсү — кыйынчылыктардын булагы. Ата-энелер баласына ушул айырмачылыкты аңдоого жардам бериши керек (Жер. 1:19).

[6-беттеги кутуча/сүрөт]

Балам чөмүлтүлбөй коё турушу керекпи?

Айрым учурларда ата-энелер, баласы чөмүлтүлүүгө даяр болуп калса да, анын чөмүлтүлбөй коё турушун туура көрүшү мүмкүн. Алар кандай ойлордон улам ушундай жыйынтыкка келиши ыктымал?

Эгер балам чөмүлтүлсө, кийин олуттуу күнөө жасап, жыйналыштан чыгарылып калабы деп корком. Чөмүлтүлбөй турууну чечкен бала Кудайдын алдында жүрүм-туруму үчүн жооптуу эмес деп ойлоо туурабы? Сулайман жаштарга: «Билип кой, [кылган иштериңдин] баары үчүн Кудай сени сотко тартат»,— деп эскерткен (Нас. 11:9). Ал эми Пабыл бардык курактагы адамдарга: «Кудайдын алдында ар бирибиз өзүбүз үчүн жооп беребиз»,— деп айткан (Рим. 14:12).

Кудайдын чөмүлтүлгөн кызматчылары да, чөмүлтүлө электери да кылган иштери үчүн анын алдында жооптуу. Жахабанын өзүнүн кызматчыларын коргоп, алардын алы жеткис азгырыктарга кабылышына жол бербей турганын унутпагыла (1 Кор. 10:13). Кудай дайыма сак болуп, азгырыктарга туруштук бергендерди сөзсүз колдойт (1 Пет. 5:6—9). Исанын жолун жолдогон бир эне мындай дейт: «Чөмүлтүлгөн балдар дүйнөнүн ыпылас нерселеринен алыс болууга көбүрөөк чечкиндүү болушат. 15 жашында чөмүлтүлгөн уулум чөмүлтүлүү жаман нерселерден коргой турганын айтат. „Жахабанын мыйзамына каршы иш кылуу оюңа да келбейт“,— дейт ал. Чөмүлтүлүү — адилдикке умтулууга түрткү берген зор күч».

Эгер балдарыңарды сөзүңөр менен да, үлгүңөр менен да Жахабага тил алууга үйрөтсөңөр, алар чөмүлтүлгөндөн кийин деле ага тил ала берерине ишенсеңер болот. Накыл сөздөр 20:7де: «Адил адам түз жүрөт, анын артында калган балдары бактылуу!» — делет.

Баламдын адегенде кайсы бир максаттарга жетип алышын каалайм. Кийин өзүн багып кете алышы үчүн балдар эмгектенүүгө үйрөнүшү керек. Бирок аларды жашоосунда чыныгы сыйынууну эмес, билим алууну жана материалдык жактан жакшы жашоону башкы орунга коюуга үндөө коркунучтуу. Өспөй калган «үрөнгө», башкача айтканда, Падышалык жөнүндөгү кабарга байланыштуу Иса: «Тикенектин арасына түшкөн үрөн — сөздү уккан, бирок бул дүйнөнүн түйшүгүнө, алдама байлыкка берилип кеткен адам. Сөздүн басылып калышына жол берүү менен ал жемишсиз болуп калат»,— деп айткан (Мт. 13:22). Ооба, рухийликти экинчи орунга жылдырган дүйнөлүк максаттар баланын Кудайга кызмат кылууга болгон каалоосун өчүрүп коюшу мүмкүн.

Чөмүлтүлүүгө даяр болуп калган, бирок буга ата-энеси жол бербей койгон балдар жөнүндө бир тажрыйбалуу аксакал: «Балага чөмүлтүлүүгө тоскоолдук кылуу анын рухий жалынын өчүрүп, көңүлүн чөгөрөт»,— деген. Ал эми бир кыдыруучу көзөмөлчү: «Бала өзүн рухий жактан алсыз же ишенимсиз сезе баштайт. Ошондуктан ал канааттануу алуу үчүн бул дүйнөдө кайсы бир ийгиликтерге жетүүгө умтулушу этимал»,— деп жазган.

[Сүрөт]

Жогорку билим алуу биринчи орунда турушу керекпи?

[3-беттеги сүрөт]

Балдар Машаяктын шакирти экенин далилдей алышат

Жолугушууларга даярдануу жана катышуу

[4-беттеги сүрөт]

Ата-эненин тилин алуу

Кабар айтуу

Өз алдынча тиленүү