Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Ийгиликке жетүүнүн» ачкычы

«Ийгиликке жетүүнүн» ачкычы

«Ийгиликке жетүүнүн» ачкычы

«ИЙГИЛИК». Бул сөз эч кимди кош көңүл калтырбайт. Айрымдар кызмат орду боюнча жогорулап, байлыкка марып, атагын чыгарышкан. Бирок ийгиликке жетүүнү эңсеп, кыялга батканы менен, ойлогон ою орундалбагандар да аз эмес.

Негизи, ийгиликке жетишиң көбүнесе жашооңдо эмнени алдыңкы орунга коёруңан көз каранды. Убактың менен күчүңдү кандай колдоноруң, ошондой эле ийгиликке жетүүгө канчалык күч-аракет жумшаарың да маанилүү роль ойнойт.

Исанын көптөгөн жолдоочулары Кудайга толук убакыт кызмат кылуу зор канааттануу тартууларына өз тажрыйбасынан ынанууда. Ооба, толук убакыт кызмат кылууну жашоодо башкы орунга коюу жаштарга да, карыларга да ийгиликке жетүүгө жардам берүүдө. Анткен менен айрымдар кызматты кызыксыз нерседей көрүп, башка максаттарга жетүү үчүн аны экинчи орунга жылдырып коюшкан. Буга эмне себеп болушу мүмкүн? Чындап маанилүү нерселерди көңүлүңдүн борборунда сактоо үчүн эмне кылсаң болот? Канткенде «өз жолдоруңда ийгиликке жете» аласың? (Жаш. 1:8).

Сабактан тышкаркы ийримдер жана жакшы көргөн иштер

Чыныгы Кудайга кызмат кылган жаштар башка иштер менен алек болууда тең салмактуулукту сакташы керек. Ошенткендер жашоодо ийгиликке жетип, мактоого татышат.

Тилекке каршы, Исанын айрым жаш жолдоочулары сабактан тышкаркы ийримдерге, жакшы көргөн иштерине баш-оту менен кирип кетишет. Негизи, андай иштердин жаман деле жери жок. Анткен менен жаштар өздөрүнө төмөнкү суроолорду берип көрүшү керек: «Андай иштер канча убактымды алат? Чөйрө жөнүндө эмне айтууга болот? Ал иштерге катышканымда мага кандай рух таасир этет? Жашоодо эмнени көздөп калам?» Андай иш-чаралардын айлампасына сорулуп кеткен кишинин Кудай менен болгон мамилесин бекем сактоого убактысы да, дарманы да калбай каларын түшүнөт чыгарсың. Ошондуктан жашооңдо эмне алдыңкы орунда турушу керектигин аныктап алганың маанилүү (Эф. 5:15—17).

Викторду * мисалга алалы. Ал мындай деп эскерет: «12 жашымда волейбол клубуна кирдим. Убакыттын өтүшү менен көп байге-сыйлыкка ээ болдум. Мага спорт жылдызы болууга да жол ачылган». Кийинчерээк Виктор спорттогу максаттары рухийлигине терс таасир тийгизип жатканына тынчсыздана баштаган. Бир күнү ал Ыйык Китепти окуп жатып уктап калган. Ошондой эле кабар айтуу кызматынан көп деле кубаныч албай калганын байкаган. «Убакыттын өтүшү менен спорт бүт күчүмдү алып, рухий иштерге болгон ынтамды суутуп жатканын түшүндүм. Рухий иштерге келгенде колумдан келгендин баарын кылбай жатканымды билчүмүн»,— дейт ал.

Жогорку билим алуу зарылбы?

Жазмада Исанын жолдоочусунун өз үй-бүлөсүнө кам көрүшү керектиги айтылат. Буга материалдык жактан кам көрүү да кирет (1 Тим. 5:8). Бул жоопкерчиликти аткаруу үчүн сөзсүз эле жогорку окуу жайында окуш керекпи?

Жогорку билим алуу адамдын Жахаба менен болгон мамилесине кандай таасир этиши мүмкүн экени тууралуу ойлонуу акылдуулукка жатат. Келгиле, буга байланыштуу Жазмадагы бир мисалга токтололу.

Барух Жеремия пайгамбардын катчысы болчу. Жашоосунун бир учурунда ал Кудайга кызмат кылууда ээ болгон сыймыктуу жоопкерчиликтерине көңүл топтобой, өз кызыкчылыгын ойлой баштаган. Жахаба муну байкап, Жеремия аркылуу ага: «Сен болсо өзүңө чоң нерсени сурап жатасың, сурабагын»,— деп эскерткен (Жер. 45:5).

Барух эмне болгон «чоң нерсени» көксөгөн? Балким, ал Жүйүт түзүлүшүндө атак-даңкка жетүүнү самагандыр же материалдык жактан гүлдөп-өскүсү келгендир. Кандай болбосун, ал алардан маанилүүрөөк нерселерди, рухий асыл нарктарды, көңүлүнөн тыш калтырып койгон (Флп. 1:10). Бирок Барух Жахабанын Жеремия аркылуу айткан эскертүүсүнө кулак каккан көрүнөт. Ошондуктан ал өз жанын сактап калган (Жер. 43:6).

Мындан эмнеге үйрөнө алабыз? Барухка кеңеш берилгенине караганда, ал жаңылып жаткан. Ооба, ал чоң нерсеге ээ болууну көксөгөн. Эгер өзүңдү камсыз кылууга каражатың жетиштүү болсо, жеке каалоолоруңду же ата-энеңдин, тууган-туушкандарыңдын мүдөөсүн жүзөгө ашырыш үчүн эле кошумча билим алууга убактыңды, акчаңды, күч-аракетиңди жумшоонун зарылдыгы барбы?

Компьютердик программист Гзегошту алалы. Кесиптештери үндөгөндүктөн, ал өз кесиби боюнча көп убакытты, күч-аракетти талап кылган кошумча курста окуй баштаган. Көп өтпөй анын рухий иштерге таптакыр убактысы калбай калган. «Такыр жаным жай албай, бушайман боло берчүмүн. Алдыма койгон рухий максаттарыма жете албагандыктан, абийирим кыйначу»,— деп эскерет ал.

Жумушка баш-оту менен кирип кетүүнүн залакасы

Кудайдын Сөзү Исанын чыныгы жолдоочуларын эмгекти сүйүүгө, жоопкерчиликтүү жумуш берүүчү жана жумушчу болууга үндөйт. Элчи Пабыл: «Эмне иш аткарсаңар да, аны адамдар үчүн эмес, Жахаба үчүн кылгандай, жан-дилден кылууга умтулгула»,— деп жазган (Кол. 3:22, 23). Талыкпай эмгектенүү маанилүү болсо да, Жараткан менен ынак мамиледе болуу андан да маанилүү (Нас. 12:13). Эгер Исанын жолдоочусу жумушуна баш-оту менен кирип кетсе, рухий максаттарына көңүл бурулбай калышы мүмкүн.

Исанын жолдоочусу жумушка берилип кетсе, өзүнүн рухийлигине жана үй-бүлөсүнө кам көрүүгө зарыл күч-кубаты калбай калат. Сулайман падыша «жан үрөп иштөө» көп учурда «шамалды кууп жетүүгө умтулганга» барабар экенин баамдаган. Эгер Исанын жолдоочусу мансаптын артынан сая түшсө, узакка созулган катуу стресске кабылышы ыктымал. Андай киши атүгүл мансаптын кулуна айланып, бара-бара таптакыр алдан тайып калышы этимал. Андайда ал кубаныч алып, «ар бир ишинин үзүрүн көрө» алабы? (Нас. 3:12, «ЖД», 13; 4:6). Андан да маанилүүсү, үй-бүлөсүндөгү жоопкерчиликтерин, рухий иштерди аткарууга дем-шыгы, күчү калабы?

Чыгыш Европада жашаган Януш бир кездерде багбанчылыкка байланыштуу бизнеси менен гана алек болуп калган. Ал мындай деп эскерет: «Дүйнөлүк кишилер демилгелүү болгонума, тапшырылган ар бир ишти майын чыгара аткарганыма суктанышчу. Бирок жумушумдун айынан рухийлигим аксап, кабарга чыкпай, көп өтпөй жолугушууларга да катышпай калдым. Ушунчалык текеберденип кеткендиктен аксакалдардын кеңешин этибарга албай, жыйналыштан алыстап кеттим».

Канткенде жашоодо ийгиликке жете аласың?

Биз Исанын жолдоочусунун бүт көңүлүн ээлеп, рухийлигине доо кетириши мүмкүн болгон үч тармакты карап кеттик. Ушул тармактардын кайсы бири сага да тиешелүүбү? Тиешелүү болсо, төмөндө келтирилген суроолор, аяттар жана бир туугандардын сөздөрү чыныгы ийгиликке жеткире турган жолдо бараткан-баратпаганыңды аныктоого жардам берет.

Сабактан тышкаркы ийримдер жана жакшы көргөн иштер. Аларга канчалык көп катышасың? Алар рухий иштерге арнай турган убактыңды уурдап жаткан жокпу? Ишенимдештериң менен көп деле пикир алышкың келбей калган жокпу? Андай болсо, Дөөтү падышадай болуп, Жахабадан: «Мага жүрө турган жолумду көрсөт»,— деп суран (Заб. 142:8).

Жогоруда айтылган Викторго кыдыруучу көзөмөлчү жардам берген. Ал ага: «Байкашымча, сен волейболго байланышкан максаттарың жөнүндө ушунчалык күйүп-жанып айтасың»,— деген. «Анын сөздөрү мени эсиме келтирди,— дейт Виктор,— ошондо мен дүйнөлүк максаттарыма канчалык берилип кеткенимди түшүндүм. Көп узабай клубдагы досторум менен байланышымды үзүп, досторду жыйналыштан издей баштадым». Бүгүнкү күндө Виктор жыйналышында Жахабага ынталуу кызмат кылып жатат. Ал: «Досторуңдан, ата-энеңден же жыйналышыңдагы аксакалдардан, мектептеги иш-чаралар сени Жахабага жакындатып жатабы же алыстатып жатабы, сурап көр»,— деп кеңеш берет.

Жыйналышыңдагы аксакалдарга Кудайга кызмат кылууда көбүрөөк жоопкерчиликтерге ээ болгуң келерин айтууга эмне үчүн болбосун? Пикирлешүүгө же жардамга муктаж кары бир туугандарга жардам бере аласыңбы? Балким, аларга аны-муну сатып алууга же үй жумуштарын кылууга көмөк көрсөтөттүрсүң. Канча жашта болбо, толук убакыт кызмат кылып, сага кубаныч тартуулаган жакшы кабарды башкалар менен бөлүшө аласың.

Жогорку билим. Иса өзүбүзгө даңк издебешибиз керектигин эскерткен (Жкн. 7:18). Канча билим алышың керектигин чечүүдө «эмне маанилүүрөөк экенин баамдадыңбы»? (Флп. 1:9, 10).

Айтылып өткөн программист Гзегош жашоосунда айрым өзгөрүүлөрдү жасаган. Ал: «Аксакалдардын кеңеши жөнүндө олуттуу ойлонуп, жашоомду жөнөкөйлөттүм. Мага кошумча билим алуунун зарылдыгы жок экенин, бул тек гана убактым менен күчүмдү аларын түшүндүм»,— дейт. Гзегош рухий иштерге көбүрөөк катыша баштаган. Убакыттын өтүшү менен ал Бойдок ага-инилер үчүн ыйык китептик мектеп деп аталган (мурун Кызматка окутуу мектеби деп аталчу) мектепти бүтүргөн. Ооба, ал ишенимдешибиз Кудайдын билимин алыш үчүн «убакыт сатып алган» (Эф. 5:16, шилт.).

Жумуш. Эси-дартыңдын баары жумуш болуп калгандыктан, рухий иштер көмүскөдө калып калган жокпу? Үй-бүлөң менен пикир алмашууга жетишерлик убакыт бөлүп жатасыңбы? Жыйналышта алган тапшырмаларыңды сапаттуу аткарууга умтулуудасыңбы? Бир туугандар менен пикирлешүү жөнүндө эмне айтууга болот? «Кудайдан корк, Анын буйруктарын аткар», ошондо Жахабанын мол батасын алып, өз эмгегиңдин үзүрүн көрөсүң (Нас. 2:24; 12:13).

Жогоруда сөз кылынган Януштун багбанчылык иши ийгиликтүү болбой калган. Ал эч кандай киреше албай, карызга батып кеткен, ошондо Жахабага кайрылып келген. Януш иштерин тартипке келтирип, учурда жыйналышында үзгүлтүксүз пионер жана аксакал катары кызмат кылууда. Ал: «Колумдагы нерселерге ыраазы болуп, өзүмдү рухий иштерге арнаганымда ар нерсени ойлоп тынчсызданбай, жүрөгүм тынч болот»,— дейт (Флп. 4:6, 7).

Атайын убакыт бөлүп, ниеттериңди жана жашооңдо эмнелерди алдыңкы орунга коюп жатканыңды чынчылдык менен текшерип көр. Жахабага кызмат кылсаң, сени түбөлүккө ийгилик коштоп жүрөт. Ага кызмат кылуу жашооңдун борборунда болсун.

«Кудайдын жакшы, өзүнө жаккан жана жеткилең эрки эмне экенине ынанышың» үчүн, балким, сага айрым өзгөрүүлөрдү жасоого, атүгүл кереги жок иштерден баш тартууга туура келеттир (Рим. 12:2). Бирок Жахабага жан-дилден кызмат кылуу менен «өз жолдоруңда ийгиликке жете» аласың!

[Шилтеме]

^ 8-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

[31-беттеги кутуча/сүрөт]

Ийгиликке жетүүнүн ачкычы эмнеде?

Алаксыткан нерселер аябай көп болгондуктан, чындап маанилүү нерселерди көңүлүңдүн борборунда сактаганың кажет. Буга эмне жардам берет? Төмөндөгү суроолордун үстүнөн ой жүгүртүп, ниеттериңди, жашооңдо эмнелерди алдыңкы орунга коюп жатканыңды талдап чык.

САБАКТАН ТЫШКАРКЫ ИЙРИМДЕР ЖАНА ЖАКШЫ КӨРГӨН ИШТЕР

▪ Ал иштерге катышканда сага кандай рух таасир этет?

▪ Алар канча убактыңды алат?

▪ Алар жашооңдо алдыңкы орунду ээлеп калышы мүмкүнбү?

▪ Рухий иштерге арнай турган убактыңды уурдап жаткан жокпу?

▪ Ал иштерге катышканда кандай адамдар менен пикирлешесиң?

▪ Сага ишенимдештериңе караганда алар менен болуу жагымдуураакпы?

ЖОГОРКУ БИЛИМ

▪ Эгер өзүңдү камсыз кылууга каражатың жетиштүү болсо, убактыңды, акчаңды, күч-аракетиңди жумшап, кошумча билим алуунун зарылдыгы барбы?

▪ Өзүңдү багыш үчүн сөзсүз жогорку окуу жайында окушуң керекпи?

▪ Бул жыйналыш жолугушууларына катышууга тоскоолдук кылбайбы?

▪ «Эмне маанилүүрөөк экенин баамдадыңбы»?

▪ Жахабанын сага кам көрүүгө кудуреттүү экенине болгон ишенимиңди бекемдешиң керекпи?

ЖУМУШ

▪ Тандаган жумушуң сага кубанууга жана эмгегиңдин үзүрүн көрүүгө өбөлгө түзөбү?

▪ Жумушуңдан кийин үй-бүлөңдөгү жоопкерчиликтериңди, рухий иштерди аткарууга дарманың калбай калбайбы?

▪ Үй-бүлөң менен пикир алышууга жетиштүү убакыт бөлүп жатасыңбы?

▪ Эси-дартыңдын баары эле жумуш болуп калгандыктан, рухий иштер көмүскөдө калып калган жокпу?

▪ Жумушуң жыйналыштан алган тапшырмаларыңдын сапатына таасирин тийгизген жокпу?

[30-беттеги сүрөт]

Жахаба Барухка өз кызыкчылыгын көздөбөшү керектигин эскерткен