Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сүйүүнүн Кудайы берген белек

Сүйүүнүн Кудайы берген белек

Сүйүүнүн Кудайы берген белек

«Ырайым... түбөлүк өмүргө жеткире турган адилдик жолунда падыша катары бийлик кылат» (РИМ. 5:21).

1, 2. Кайсы белекти көптөр баалуу деп эсептешет? Бирок кайсы белек андан алда канча баалуу?

«РИМДИКТЕРДИН мыйзамдары жана ошол мыйзамдарга ылайык жашоо керек деген түшүнүгү алардын... кийинки муундарга калтырган эң чоң мурасы болгон» (Дейвид Ж. Уильямс, Австралиядагы Мельбурн университетинин профессору). Бирок алардын мурасы канчалык баалуу болбосун, андан алда канча баалуу мурас же белек бар. Ал белек — Кудайдын ага жагышыбыз, анын алдында адил деп эсептелишибиз үчүн жана келечекте куткарылып, түбөлүк өмүргө ээ болушубуз үчүн караштырган чарасы.

2 Кудайдын ал белекти кандай жол менен бергенинен анын адилеттүүлүгү көрүнүп турат. Римдиктер китебинин 5-бөлүмүндө элчи Пабыл муну мыйзамдардын узун тизмесин келтирип, супсак эле түшүндүрүп койгон эмес. Ал сөзүн: «Ишенимибиздин негизинде адил деп жарыялангандыктан Мырзабыз Иса Машаяк аркылуу Кудай менен тынчтыкта бололу»,— деген жүрөк толкуткан сөздөр менен баштаган. Кудайдын сүйүү менен берген белегин алгандар ага сүйүү менен жооп кайтарууга түрткү алышкан. Алардын арасында Пабыл да болгон. Ал: «Кудайдын сүйүүсү бизге берилген ыйык рух аркылуу жүрөгүбүзгө төгүлгөн»,— деп жазган (Рим. 5:1, 5).

3. Кандай суроолор туулат?

3 Бирок эмнеден улам ошол белекке болгон муктаждык пайда болгон? Кудай кандайча ал белекти адилеттүү түрдө жана бүт адамдар пайда алгыдай кылып тартуулаган? Ал белек берилиши үчүн, адамдардан эмне талап кылынган? Келгиле, бул суроолорго канааттандырарлык жооп алып, ал жооптордо Кудайдын сүйүүсү кандайча баса белгиленгенин карап көрөлү.

Күнөө жана Кудайдын сүйүүсү

4, 5. а) Жахаба эбегейсиз зор сүйүүсүн кантип көрсөткөн? б) Эмнени билүү бизге Римдиктер 5:12ни түшүнүүгө көмөк кылат?

4 Эбегейсиз зор сүйүүсүнөн улам Жахаба адамзаттын жыргалчылыгы үчүн өзүнүн жалгыз Уулун жерге жиберген. Бул жөнүндө Пабыл: «Машаяк болсо биз үчүн күнөөкөр кезибизде эле өлгөн. Бул аркылуу Кудай бизге сүйүүсүн көрсөткөн»,— деген (Рим. 5:8). «Күнөөкөр кезибизде эле» деген сөздөр жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Бүт адамзаттын кантип күнөөкөр болуп калганын бардык адамдар билиши керек.

5 Пабыл муну: «Бир киши аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген, өлүм болсо бардык адамдарга өткөн, себеби баары күнөө кетирген»,— деп түшүндүргөн (Рим. 5:12). Кудай адамзаттын жашоосу кантип башталганын жаздырып койгондуктан, биз бул аяттагы сөздөрдүн маанисин түшүнө алабыз. Жахаба эки кишини, Адам ата менен Обо энени, жараткан. Жараткан жеткилең болгондуктан, анын колунан бүткөн биринчи адамдар, түпкү ата-энебиз, да жеткилең болгон. Ал аларга бир осуят берип, аны бузушса, өлүм жазасына тартыларын эскерткен (Башт. 2:17). Тилекке каршы, алар Кудайдын аткарууга кыйын болбогон ошол осуятын бузуп, каргашага алып бара турган иш кылышкан, ошентип Мыйзам Чыгаруучуну жана Эгедер Теңирди четке кагышкан (Мыйз. 32:4, 5).

6. а) Эмне үчүн Адам атанын урпактары Мусанын мыйзамы берилгенге чейин да, андан кийин да өлүшкөн? б) Гемофилия сыяктуу оору менен эмнени сүрөттөөгө болот?

6 Адам ата күнөө кетиргенден кийин гана балалуу болгон, ошондуктан күнөө менен анын кесепеттери урпактарынын баарына өткөн. Албетте, алар Кудайдын мыйзамын Адам атага окшоп атайылап бузушпагандыктан, аныкындай күнөө үчүн жазага тартылышкан эмес. Аларга эч кандай мыйзам да берилген эмес (Башт. 2:17). Ошентсе да алар күнөөнү мурасташкан. Ошентип, күнөө менен өлүм Кудай ысрайылдыктарга алардын күнөөкөр экенин көрсөткөн мыйзам жыйнагын бергенге чейин эле бийлик кылып келген (Оку: Римдиктер 5:13, 14). Тукум кууп өткөн күнөөнүн кесепетин Жер ортолук деңиз анемиясы же гемофилия сыяктуу тукум куума дарттардын кесепетине салыштырса болот. Силер орус падышасы Николай II менен Александранын уулу Алексейге кандын көп агышы менен мүнөздөлгөн гемофилия оорусу тукум кууп өткөнүн окугандырсыңар. Албетте, ошондой үй-бүлөлөрдө төрөлгөн айрым балдар андай оору менен оорубашы мүмкүн, анткен менен анын вирусун алып жүрүшү ыктымал. Бирок күнөө тууралуу минтип айтууга болбойт. Адам атадан өткөн күнөөнүн кесепетинен эч ким качып кутула албайт. Анын айынан азап чекпеген бир да киши жок. Ал сөзсүз өлүмгө дуушар кылат. Ошондой эле балдардын баарына өтөт. Андан арылуу мүмкүнбү?

Кудай Иса Машаяк аркылуу эмнени караштырган?

7, 8. Эки жеткилең кишинин кылган ишинин натыйжасы кандайча ар башка болгон?

7 Жахаба сүйүүсүнөн улам адамзатты тукум кууп өткөн күнөөдөн арылтуу үчүн чара көргөн. Пабыл Кудайдын муну кийинчерээк төрөлгөн жеткилең киши, экинчи Адам, аркылуу мүмкүн кылганын түшүндүргөн (1 Кор. 15:45). Ал эки жеткилең кишинин кылган ишинин натыйжасы эки башка болгон. Кандайча? (Оку: Римдиктер 5:15, 16).

8 «Кудайдын белегинин натыйжасы кылмыштын натыйжасындай эмес»,— деп жазган Пабыл. Адам ата кылмыш кылып, адилеттүү түрдө катуу жазага — өлүм жазасына — тартылган. Бирок өлүмгө ал эле дуушар болгон эмес. Ыйык Китептен: «Бир адамдын кылмышынан улам көптөр өлүмгө дуушар болушкан»,— дегенди окуйбуз. Кудайдын адилеттүүлүк нормаларына ылайык, Адам атанын ишинин натыйжасында анын жеткилеңсиз укум-тукумунун баары, анын ичинде биз да аныкындай жазага тартылмакпыз. Бирок жеткилең киши Исанын кылган ишинин натыйжасы таптакыр башкача болорун билүү бизди жубатат. Анын ишинин натыйжасы кандай болот? Мунун жообу Пабылдын: «Бардык адамдар өмүргө ээ болуу үчүн адил деп жарыяланышат»,— деген сөздөрүндө камтылган (Рим. 5:18).

9. Кудайдын, Римдиктер 5:15, 18де айтылгандай, адамдарды адил деп жарыялаганы эмнени билдирет?

9 «Адил деп жарыяланышат» деген грек сөздөрүн кандай түшүнүүгө болот? Ыйык Китепти которгон бир котормочу анын мааниси жөнүндө мындай деп жазган: «Ал — юридикалык маанини да камтып кеткен метафора. Ал адамдын жүрөгүнүн өзгөргөнүн эмес, Кудайдын алдындагы абалынын өзгөргөнүн көрсөтүп турат... Ал метафора Кудайды күнөөкөрдүн, мындайча айтканда, адил эмес деп айыпталып, анын сот тактысынын алдына алынып барган кишинин пайдасына чечим чыгарган сот катары сүрөттөп турат. Кудай айыпталган кишини актайт».

10. Адамдардын адил деп жарыяланышына негиз түзүлүшү үчүн, Иса эмне кылган?

10 Бүт жер жүзүнүн адилеттүү Соту адил эмес кишини эмненин негизинде актайт? (Башт. 18:25). Буга негиз түзүлүшү үчүн, Кудай сүйүүсүн көрсөтүп, өзүнүн жалгыз Уулун жерге жиберген. Иса азгырыктарга кабылганына, мазакталганына жана кордук көргөнүнө карабай, Атасынын эркин жеткилең түрдө аткарган. Ал жаза устунунда өлгөнгө чейин актыгын сактаган (Эвр. 2:10). Өзүнүн жеткилең өмүрүн курмандыкка берүү менен Иса Адам атанын урпактарын күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан куткаруу үчүн төлөнүшү керек болгон кунду тартуу кылган (Мт. 20:28; Рим. 5:6—8).

11. Кун кандай мааниде ылайыктуу болгон?

11 Башка катында Пабыл муну «ылайыктуу кун» деп атаган (1 Тим. 2:6). Ал кандай мааниде ылайыктуу болгон? Адам атадан анын бүт урпактарына, миллиарддаган адамдарга, жеткилеңсиздик менен өлүм тукум кууп өткөн. Ал эми Иса жеткилең киши катары миллиарддаган жеткилең адамдардын атасы боло алмак *. Ошондуктан Исанын өмүрү менен анын болочок урпактарынын өмүрү биригип Адам ата менен анын жеткилеңсиз урпактарынын өмүрүнө барабар курмандыкты түзгөн деп түшүнүп келгенбиз. Бирок Ыйык Китепте Исанын болочок урпактары кундун бөлүгүн түзгөнү айтылбайт. Тескерисинче, Римдиктер 5:15—19-аяттарда «бир [эле] адамдын» өлүмү куткарылууга жол ачканы белгиленет. Ооба, Исанын жеткилең өмүрү Адам атаныкына ылайык келген. Андыктан кундун төлөнүшүнө Иса Машаяктын гана катыштыгы бар. Анын «акталууга жол ачкан бир иши», башкача айтканда, өлгөнгө чейин тил алчаак болуп, актыгын сактаганы бүт адамзаттын адил деп жарыялануу белегин жана өмүр алышына шарт түзгөн (2 Кор. 5:14, 15; 1 Пет. 3:18). Бул эмненин аркасында ишке ашкан?

Кундун негизинде акталуу

12, 13. Эмне үчүн Кудай адамдарды ырайымы менен сүйүүсүнөн улам адил деп жарыялайт деп айтууга болот?

12 Жахаба Кудай Уулу тартуулаган курмандыкты кабыл алган (Эвр. 9:24; 10:10, 12). Ошентсе да Исанын жердеги шакирттери, анын ичинде ишенимдүү элчилери жеткилеңсиз бойдон кала беришкен. Алар туура эмес иш кылбоого канчалык аракет кылышпасын, бул жагынан дайыма эле ийгиликке жете беришкен эмес. Эмне үчүн? Анткени аларда тукум кууп өткөн күнөө бар болчу (Рим. 7:18—20). Бирок Кудай буга карата чара көргөн: ал «ылайыктуу кунду» кабыл алып, аны өзүнүн кызматчыларынын пайдасына даярдуулук менен колдонгон.

13 Кудай кунду элчилердин жана башка кишилердин жыргалчылыгына алар жакшы иштерди кылышкандыктан эмес, өзүнүн ырайымдуулугу менен зор сүйүүсүнөн улам колдонгон. Ал аларды тукум кууп өткөн күнөөсү кечирилген кишилер катары көрүп, аларга чыгарылган өкүмдөн бошотууну, актоону, туура көргөн. Пабыл муну айкын көрсөтүп: «Силер ошол ырайымдын негизинде ишенимиңер аркылуу куткарылдыңар. Буга өзүңөр жеткен жоксуңар, муну силерге Кудай белек кылды»,— деген (Эф. 2:8).

14, 15. Кудай адил деп жарыялагандар кандай сыйлык алышат, бирок алардан эмне талап кылынган?

14 Кудуреттүү Кудайдын адамдын тукум кууп өткөн күнөөсүн да, кетирген каталарын да кечиргени кандай чоң белек экенин ойлоп көрсөңөр! Исанын жолдоочусу болгонго чейин адамдын канча күнөө кетиргенин эсептөө мүмкүн эмес, бирок Кудай кундун негизинде алардын баарын кечирет. Пабыл: «Көп кылмыштан улам берилген белек адил деп жарыяланууга алып келди»,— деп жазган (Рим. 5:16). Сүйүү менен берилген бул белекти (адил деп жарыялануу белегин) алган элчилерден жана башкалардан чыныгы Кудайга ишеним менен кызмат кыла берүү талап кылынган. Ошондо алар кандай сыйлык алышмак? «Мол ырайым менен адилдик белегин алгандардын бир адам аркылуу — Иса Машаяк аркылуу — жашап, падышалык кылышары... шексиз». Ооба, Адам атанын кылмышы өлүмгө алып барса, адилдик белеги өмүргө ээ кылат (Рим. 5:17; оку: Лука 22:28—30).

15 Адил деп жарыялануу белегин алган ал кишилер Кудайдын рухий уулдары болушат. Алар Кудайдын рухий уулдары катары асманга тирилтилип, Иса Машаяктын мурасташтары катары аны менен бирге «падышалык кылышат» (Оку: Римдиктер 8:15—17, 23).

Кудай сүйүүсүн башкаларга да көрсөткөн

16. Жерде түбөлүк жашоого үмүттөнгөндөр кандай белек ала алышат?

16 Кудайга ишеним көрсөтүп, ага берилгендик менен кызмат кылгандардын баары эле асманда Машаяк менен бирге «падыша катары бийлик» кыла бербейт. Көптөр Кудайдын Иса жерде кызмат кылганга чейин жашаган кызматчыларыныкындай үмүткө ээ. Алар бейишке айланган жерде түбөлүк жашоого үмүттөнүшөт. Жерде жашоого үмүттөнгөндөр азыр эле Кудайдан адил деп жарыялануу белегин ала алышабы? Пабылдын римдиктерге жазган катынын негизинде «ооба» деп ишенимдүү түрдө айта алабыз!

17, 18. а) Кудай Ыбрайымды ишеним көрсөткөнү үчүн кандай киши катары көргөн? б) Жахаба Ыбрайымды эмненин негизинде адил деп эсептеген?

17 Пабыл Жахабанын ишеними күчтүү кызматчысы Ыбрайымды мисал кылган. Ал ысрайыл элине мыйзам жыйнагы берилгенге чейин жана Машаяк асманда жашоого жол ачкандан жүздөгөн жылдар мурун жашаган (Эвр. 10:19, 20). Ыйык Китепте: «Ыбрайымга жана анын тукумуна дүйнөнү мурастай турганы жөнүндөгү убада мыйзамды аткарганы үчүн эмес, ишеними аркылуу ээ болгон адилдиги үчүн берилген»,— деп жазылган (Рим. 4:13; Жкп. 2:23, 24). Демек, Кудай ишенимдүү Ыбрайымды адил деп эсептеген (Оку: Римдиктер 4:20—22).

18 Бул анын Жахабага ондогон жылдар бою кызмат кылып жүргөнүндө таптакыр күнөө кетирбегенин билдирбейт. Ал андай мааниде адил болгон эмес (Рим. 3:10, 23). Ошентсе да чексиз акылман Жахаба Ыбрайымдын күчтүү ишенимин жана анын аркасында кылган иштерин көз жаздымында калтырган эмес. Ыбрайым, айрыкча, өзүнүн урпактарынан чыга турган убадаланган «тукумга» ишенген. Ал Тукум Машаяк болгон (Башт. 15:6; 22:15—18). Демек, Иса Машаяк төлөй турган кундун негизинде Улуу Сот байыркы учурда жашаган адамдардын күнөөлөрүн кечирген. Андыктан Ыбрайым, ошондой эле Иса жерге келгенге чейин жашаган башка ишенимдүү кишилер тирилүүгө үмүттөнө алышкан (Оку: Римдиктер 3:24, 25; Заб. 31:1, 2).

Азыр адил деп эсептелүүдөн кубаныч ал

19. Кудайдын Ыбрайымды адил деп эсептегени эмне үчүн бүгүнкү күндө көптөрдү бекемдеп, кубандырат?

19 Сүйүүнүн Кудайынын Ыбрайымды адил деп эсептегени бүгүнкү күндөгү Исанын чыныгы жолдоочуларын бекемдеп, кубаныч берет. Жахаба аларды да адил деп жарыялайт, бирок алардын адил деп жарыяланганы «Машаяк менен мурасташ» болушу үчүн ыйык рух менен майланган адамдардыкынан айырмаланат. Кудай тандаган ал майлангандар «ыйык болууга чакырылып», «Кудайдын уулдары» катары кабыл алынышат (Рим. 1:7; 8:14, 17, 33). Ыбрайым болсо «Жахабанын досу» деп аталган; ал кезде куткаруу курмандыгы төлөнө элек болчу (Жкп. 2:23; Ыш. 41:8). Анда Исанын Бейишке айланган жерде жашоого үмүттөнгөн чыныгы жолдоочулары жөнүндө эмне айтууга болот?

20. Ыбрайымдай болуп адил деп эсептелгендерден Кудай эмнени күтөт?

20 Алар «адилдик белегин» «Иса Машаяк төлөгөн кундун негизинде эркиндикке чыгып», асманда жашаш үчүн алышпайт (Рим. 3:24; 5:15, 17). Ошентсе да Кудайга жана ал караштырган кунга терең ишеним көрсөтүп, аны жакшы иштери менен далилдешет. Андай иштердин бири — «Кудайдын падышалыгы жөнүндө кабар айтуу» жана «Мырзабыз Иса Машаяк тууралуу... окутуу» (Элч. 28:31). Ошондуктан Жахаба аларды Ыбрайымды адил деп эсептегендей мааниде адил деп эсептейт. Алар Кудайдын досу болуу белегин алышат. Бул белек майлангандар алган «белектен» айырмаланса да, алар аны терең ыраазычылык менен кабыл алышат.

21. Жахабанын сүйүүсү менен адилеттүүлүгүнөн кандай пайда алабыз?

21 Адам баласынын башкаруучулары көп нерсе убадалашканы менен, түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүт бере алышпайт. Түбөлүк жашоого болгон үмүт Ааламдын Эгедеринин кереметтүү ой-ниетине негизделген. Жахаба ой-ниетин ишке ашыруу үчүн ар кандай чараларды көрүп келет жана ал чаралар чыныгы адилеттүүлүктү чагылдырат. Андан тышкары, алар Кудайдын зор сүйүүсүн айгинелейт. Ырас, Пабыл: «Машаяк болсо биз үчүн күнөөкөр кезибизде эле өлгөн. Бул аркылуу Кудай бизге сүйүүсүн көрсөткөн»,— деп таамай айткан (Рим. 5:8).

[Шилтеме]

^ 11-абз. Мисалы, урпактарга байланышкан мындай түшүнүк «Жазманы түшүнүү» (англ.) китебинин 2-томунун 736-бетинин 4, 5-абзацтарында жана «Күзөт мунарасынын» (ор.) 2000-жылдын 15-мартындагы санынын 4-бетинин 4-абзацында кездешет.

Эсиңердеби?

• Адам атанын урпактарына эмне тукум кууп өткөн жана анын натыйжасы кандай болгон?

• Ылайыктуу кун кантип тартуу кылынган жана ал кандай мааниде ылайыктуу болгон?

• Адил деп жарыялануу белеги сага кандай үмүт берет?

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги сүрөт]

Жеткилең киши Адам ата күнөө кылган. Жеткилең киши Иса «ылайыктуу кун» төлөгөн

[15-беттеги сүрөт]

Иса аркылуу адил деп жарыяланарыбыз, чынында эле, жакшы кабар!