Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Түрмөктөрдү, айрыкча, булгаарыдан жасалгандарын ала кел»

«Түрмөктөрдү, айрыкча, булгаарыдан жасалгандарын ала кел»

«Түрмөктөрдү, айрыкча, булгаарыдан жасалгандарын ала кел»

ЭЛЧИ Пабыл ушул сөздөрдү айтып, өзү менен чогуу миссионер болуп кызмат кылган Тиметейден айрым кол жазмаларды ала келүүсүн суранган. Ал кайсы түрмөктөр жөнүндө сөз кылган? Эмне үчүн ошондой өтүнүч менен кайрылган? Андан эмнеге үйрөнө алабыз?

Азыркы тапта 39 китепти камтыган Эврей Жазмалары б.з. 1-кылымынын орто ченинде, Пабыл жогорудагы сөздөрдү жазган убакта, 22 же 24 китептен турган. Алардын көбү бир нече түрмөктөн турган көрүнөт. Профессор Алан Миллард андай түрмөктөр кымбат болсо да, «аларды орто байлар да сатып ала алышканын» белгилеген. Кээ бирлеринде, жок эле дегенде, бирден түрмөк болгон. Алсак, Ыйык Китепте эфиопиялык төрөнүн «арабасында Ышая пайгамбардын китебин үн чыгара окуп баратканы» айтылат. Ал «кандакинин, эфиопиялыктардын ханышасынын, бүт казынасына жооптуу аксарай кызматчысы» болчу. Анда Ыйык Жазманын айрым бөлүктөрү болгонуна караганда, ал колунда бар киши болсо керек (Элч. 8:27, 28).

Пабыл Тиметейге: «Келатканыңда Троастагы Карпостукуна калтырып кеткен чапанымды, ошондой эле түрмөктөрдү, айрыкча, булгаарыдан жасалгандарын ала кел»,— деп жазган (2 Тим. 4:13). Мындан анын бир топ китеби болгону көрүнүп турат. Пабыл үчүн бардык китептеринин ичинен Кудай Сөзү өзгөчө баалуу болгон. Бул аяттагы «булгаарыдан жасалгандары» деген сөздөргө байланыштуу ыйык китептик окумуштуу А. Т. Робертсон: «Ошол түрмөктөр Байыркы Келишимдин китептеринин көчүрмөсү болсо керек. Булгаары түрмөктөр папирус түрмөктөргө караганда кымбат болгон»,— деп белгилеген. Жаш чагында Пабыл Мусанын мыйзамына окуткан, элдин баары урматтаган «Гамалеилдин өзүнөн билим алган». Ошондуктан Пабылда Кудай Сөзүнүн түрмөктөрү бар болгону таң калыштуу эмес (Элч. 5:34; 22:3).

Исанын жолдоочулары түрмөктөрдү колдонушкан

Бирок элдин көбүндө Ыйык Жазманын түрмөктөрү болгон эмес. Анда ошол убактагы Исанын жолдоочуларынын көбү Кудай Сөзүнөн кантип билим алышкан? Буга Пабылдын Тиметейге жазган биринчи катынан жооп таба алабыз. Ал: «Мен келгенге чейин, эл алдында окуганыңды... тырышчаактык менен уланта бер»,— деп жазган (1 Тим. 4:13). Эл алдында окуу Исанын жолдоочуларынын жыйналыш жолугушууларынын ажырагыс бөлүгү болчу. Ал Кудайдын элинин арасында Мусанын убагынан бери келаткан салт эле (Элч. 13:15; 15:21; 2 Кор. 3:15).

Аксакал катары Тиметей Ыйык Жазманы эл алдында окуп бере турган, мындан түрмөктөрү жок бир туугандар пайда алышса керек. Кудайдын Сөзү окулуп жатканда, баарынын бир да сөздү коё бербей, кунт коюп укканы жана ата-энелердин үйгө барганда балдары менен жолугушууда окулгандарды талкуулаганы шексиз.

Жалпыга белгилүү болгон Жансыз деңиздин жанынан табылган Ышая китебинин түрмөгүнүн узундугу дээрлик 7,3 метрге жетет. Эки учунан таякчага оролуп, жакшы сакталышы үчүн көп учурда сырт капка салынгандыктан түрмөк бир топ эле оор болгон көрүнөт. Андыктан кабар айтканда Исанын жолдоочуларынын басымдуу бөлүгү түрмөктөрдүн кээ бирлерин эле алып жүргөн деп болжолдосок болот. Ошондой эле Пабылда Ыйык Жазманын бир канча түрмөгү болсо да, миссионердик сапарында алардын баарын алып жүрбөсө керек. Кыязы, ал айрымдарын Троастагы Карпос деген досунукуна таштап кеткен.

Пабылдан эмнеге үйрөнө алабыз?

Ал кезде Пабыл Римде экинчи жолу камакта отурган эле. Тиметейден түрмөктөрдү алып келишин суранардан мурун: «Мен ийгиликтүү күрөштүм, жарыштын аягына чыктым... Ушул убактан тартып мен үчүн адилдик таажысы сакталып турат»,— деп жазган (2 Тим. 4:7, 8). Бул сөздөрдү ал болжол менен б.з. 65-жылы, император Нерон Исанын шакирттерин куугунтуктап жаткан убакта, жазган. Камакта отурган Пабылга ошол убакта өзгөчө оор болгон. Ал өзүнүн жазага тартылар убагы жакындап калганын сезип турган (2 Тим. 1:16; 4:6). Ошондуктан анын түрмөктөрүнүн колунда болушун эмне үчүн ушунчалык эңсегени түшүнүктүү. Ал ийгиликтүү күрөшүп, жарыштын аягына чыкканына ишенсе да, Кудайдын Сөзүн изилдеп, өзүн андан ары да рухий жактан бекемдей берүүнү каалаган.

Пабылдын катын алганда Тиметей, сыягы, дагы эле Эфесте жүргөн (1 Тим. 1:3). Эфестен Троас аркылуу Римге барыш үчүн 1 600 километрдей жол жүрүүгө туура келмек. Ошол эле катында Пабыл Тиметейден: «Кышка чейин келиш үчүн колуңдан келгендин баарын кыл»,— деп өтүнгөн (2 Тим. 4:21). Ыйык Китепте Тиметейдин Пабыл суранган убакта Римге барып калыш үчүн кеме таба алган-албаганы айтылбайт.

Пабылдын: «Түрмөктөрдү, айрыкча, булгаарыдан жасалгандарын ала кел»,— деп өтүнгөнүнөн эмнени биле алабыз? Ал жашоосунун эң оор учурунда да Кудай Сөзүн окуп-изилдөөнү абдан каалаган. Анын дайыма рухий жактан сергек, жигердүү, ошондой эле көптөр үчүн бекемдөөнүн булагы болгонунун сыры эмнеде экенин байкадыңбы?

Бүгүнкү күндө өз Ыйык Китебибиздин болгону кандай чоң бата! Атүгүл кээ бирлерибизде Ыйык Китептин бир нече нускасы жана ар кандай басылмалары бар. Биз да, Пабылга окшоп, Ыйык Жазманы терең түшүнүүгө күчтүү каалоо өрчүтүшүбүз керек. Пабыл Ыйык Жазмадагы 14 катты жазуу сыймыгына ээ болгон; Тиметейге жазган экинчи каты акыркысы болгон. Анын түрмөктөргө байланышкан суранычы ошол катынын аягында кездешет. Ооба, Пабылдын: «Түрмөктөрдү, айрыкча, булгаарыдан жасалгандарын ала кел»,— деген өтүнүчү жашоосундагы акыркы өтүнүчтөрүнүн бири болчу.

Сен да, Пабылга окшоп, ийгиликтүү күрөшүп, жарыштын аягына чыгууну каалайсыңбы? Рухий жактан сергек болуп, Мырзабыз каалагандай, күбөлөндүрүү ишине аягына чейин ынталуу катышууга дилгирсиңби? Анда, Пабыл Исанын жолдоочуларын үндөгөндөй, «өзүңө жана окутууңа дайыма көңүл буруп», бүгүнкү күндө көп адамдар ээ боло ала турган, түрмөктөрдөн алда канча ыңгайлуу Ыйык Китепти үзгүлтүксүз, ынтызарлык менен изилде (1 Тим. 4:16).

[18, 19-беттердеги карта/сүрөттөр]

(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)

Эфес

Троас

Рим