Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чынында эле Ыбрайымдын төөлөрү болгонбу?

Чынында эле Ыбрайымдын төөлөрү болгонбу?

Чынында эле Ыбрайымдын төөлөрү болгонбу?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ фараондун Ыбрайымга берген үй жаныбарларынын арасында төөлөрдүн да болгону айтылат (Башт. 12:16). Ошондой эле анда Ыбрайымдын кулунун алыскы Месопотамияга сапарга чыгарда «мырзасынын төөлөрүнөн он төө алганы» жазылган. Демек, Ыйык Китепке ылайык, болжол менен б.з.ч. 2000-жылдын башында эле Ыбрайымдын төөлөрү болгон (Башт. 24:10).

Бирок буга кошулбагандар да бар. Бир эмгекте мындай делет: «Окумуштуулар төөлөр жөнүндөгү ал билдирүүлөрдүн тарыхый жактан так экенин талашка салып келишет, анткени алардын көбү төөлөрдүн Ыбрайым жашаган убактан бир топ убакыт өткөндөн кийин, болжол менен б.з.ч. 1200-жылдары гана, колго үйрөтүлө баштаган деп эсептешет» («The New International Version Archaeological Study Bible»). Эгер бул тыянакка таяна турган болсок, Ыйык Китептеги төөлөр жөнүндөгү алгачкы билдирүүлөрдүн баары анахронизм, башкача айтканда, жыл санакка төп келбеген маалымат катары каралып калмак.

Анткен менен башка окумуштуулар б.з.ч. 2000-жылдардын аягында төөлөрдү колго үйрөтүүгө өзгөчө маани бериле баштаса да, бул алардын андан мурун колдонулбаганын билдирбей турганын айтышат. «Байыркы Жакынкы Чыгыштын цивилизациялары» деген китепте мындай делет: «Жакын арада жүргүзүлгөн изилдөөлөрдөн төөлөрдүн Аравиянын түштүк-чыгышында [б.з.ч.] 3000-жылдары эле колго үйрөтүлө баштаганы белгилүү болду. Алгач аларды сүтүн, жүнүн, терисин жана этин алыш үчүн багышкан, бирок көп өтпөй эле адамдар аларды жүк ташуучу жаныбар катары колдонсо болорун түшүнүшкөн көрүнөт». Ыбрайымга чейинки убакты көрсөткөн мындай маалыматтын ишенүүгө татыктуу экенин, кыязы, сөөктөрдүн калдыктары жана башка археологиялык табылгалар бышыктап турат.

Буга жазуу түрүндөгү далилдер да бар. Ошол эле эмгекте мындай деп жазылган: «Месопотамияда табылган ал жаныбарлар [төөлөр] жөнүндөгү шынаа жазуулары жана алардын сүрөтү чегилген мөөрлөр ал жаныбарлардын Месопотамияга, чамасы, б.з.ч. 2000-жылдардын башында эле алынып барганын тастыктап турат». Бул Ыбрайым жашаган убакка дал келет.

Айрым изилдөөчүлөр Түштүк Аравиянын соодагерлери жыпар жыттуу заттарын төөлөргө артып алып, чөл аркылуу түндүктү көздөй жол тартып, тээ Мисир, Сирия сыяктуу жерлерге дейре барышканын, ошентип, ал жерлерге төөлөрдүн жетишине шарт түзүшкөнүн ырасташат. Андай соода иши, калыбы, б.з.ч. 2000-жылдарга чейин эле кеңири кулач жайган. Кызыктуусу, Башталыш китебинин Башталыш 37:25—28-аяттарында Ыбрайымдын убагынан жүз жылдай өткөндөн кийин Ысмайылдын уулдарынан болгон соодагерлердин жыпар жыттуу заттарын Мисир жерине төөлөр менен ташыганы айтылат.

Балким, төөлөр байыркы Жакынкы Чыгышта б.з.ч. 2000-жылдардын башында кеңири колдонулбагандыр. Бирок, далилдер тастыктап тургандай, алар ошол убакта таптакыр колдонулбаган жаныбар болгон эмес. Мисалы, бир энциклопедияда: «Уруу башчылары жөнүндөгү билдирүүлөрдөгү төөлөр тууралуу айтылгандарды жыл санакка төп келбеген маалымат катары кароого болбойт, себеби төөлөрдүн уруу башчылары жашаган убакка чейин эле колго үйрөтүлгөнүн бышыктаган археологиялык далилдер арбын»,— деп жазылган («The International Standard Bible Encyclopedia»).